ЖОЖдор жол көргөзөт

Кыргызча билгиси келген чет элдик жаштардын арасында
Кыргыз Улуттук университетинин Эл аралык билим берүү институтунда чет элдик жарандарга тил үйрөтүү борбору иштейт. Борбордо негизинен кыргыз жана орус тилдери окутулганы менен, буга чейин чет элдиктердин басымдуу көпчүлүгү орус тилин үйрөнүшкөн.
Бирок, акыркы убак-тарда мамлекеттик тилге болгон ынтызарлык да көбөйүп барат, - дейт кыргыз тили мугалими Жыпар Алгожоева, - Бул багытта чет элдик жарандардын аракетин баалоо, колдоо керек. Жалаң гана орус тилинен түшкөн каражатка кызыгып, мамлекеттик тилди жайылтууга көңүл коштук кылуу - кайдыгерлик болор."
Ж.Алгожоева ушул эле маалыматында университетте студенттер аралык: "Кыргыз тили - достуктун тили" аттуу маектешүү өткөнүн билдирди. Бул маектешүүдө чет элдик жарандар кыргыз тилин эмне себептен өздөштүргүсү келгенин, бул тилдин башка тилдерден өзгөчөлүгүн жана ушул сыяктуу ойлорун айтышкан. Мисалы, бир студент Кыргызстан менен экономикалык багытта кызматташкысы келет. Ал эми экинчиси кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын билүүгө куштар. Дагы бири кыргыз элинин улуттук музыкасына, дагы бири кыргыздын асыл тукум жылкысына кызыгат экен. Мына ушундай кызыкчылыктардан улам, аларда тил үйрөнүүгө болгон зарылдык, кызыкчылык келип чыгууда.
Бул жолугушууда институттун жетекчилиги, окутуучулар чет элдик студенттерди угуп, өздөрү да кызыктуу маек куруп бергенине чет элдик тил күйөрмандары ыраазы экендиги айтылды.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Кыргыз тили жок болбойт деп ким кепилдик бере алат?
Конституциябызда кыргыз тили мамлекеттик тил экендиги жазылган. Демек, ал Кыргыз Республикасында улуттар аралык байланыштардын да тили болушу керек.
Ырас, бул багытта Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун бир катар алгылыктуу аракеттерин белгилеп кетүүгө болот. Ар кандай үгүт иштери, талап кылуулар менен кошо комиссия тарабынан сөздүктөр чыгарылып жатат. Бирок, бул жетишсиз. Анткени, союз убагында орус тилин "экинчи эне тилибиз", "улуттар аралык байланыштардын тили" деп келсек, эми Конституциябызга ылайык расмий тил дей баштадык.

Дегеле, "расмий тил" деген эмне? Кыргыздарда "расмий" деген сөз "сыйлуу", "урматтуу" дегенди түшүндүрөт. Анда кандайча орус тили "сыйлуу", "урматтуу" болуп калат?
Өткөн кылымдын 70-жылдарында Кыргызстан КП БКнын идеология боюнча катчысы Б.Мураталиев жана бир катар окумуштуулар республикадагы агитаторлор менен пропагандисттерге лекцияларды окушкан. Ошондо анын: "Орус тили - экинчи эне тилибиз", - дегенине, окумуштуу Асанбек Табалдиев адам баласында бир гана эне, а экинчиси өгөй эне болгон сыяктуу эле бир гана эне тили болорун айтканы катышуучулардын кубаттоосуна ээ болгон. Ал ошондой эле К. Маркс менен В.Лениндин 7-8 тил билишкендигин, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша тилдерди биле берүүсүн да айткан.
Азыр да кыргыздын көптөгөн улан-кыздары бир нече тилдерди өздөштүрүп алып жатышпайбы. Ошол эле учурда бизде туруктуу жашашкан башка улуттардын өкүлдөрү, өзүбүздүн эле кыргыздар, кыргыз тилин билбей келишүүдө. Бул уят нерсе. Аны эч нерсе менен актоого болбойт.
Мисалы, Шотландиядан келген Жанна Фео де Ла Кроа Токтогул районундагы Шамырканов атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп иштөө менен кыргыз тилин билип алган. Нарын шаарында мугалимдер күнү белгиленгенде Т.Байбураев атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп иштеп жаткан америкалык кыз (тилекке каршы, атын жазып албай калыптырмын) Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган Апас Жайнаковдун "Кыргыз жери" ырын автордон кем эмес аткарып берип элди таң калтырды.
Ал эми япон кызы Юмико Ишизака кыргыз тилин таптак билип, атүгүл "Маш ботойду" комузда ойнотуп бергеничи! Демек, тилди үйрөнүү адамдын каалоосунан эле.
А бизде азыр мектептерде мамлекеттик тилди окутуу кандай болууда? Окуучуларыбыз өз эне тилинде эркин ой жүгүртүп, сабаттуу жаза алышабы?
Бул суроолор кокусунан эмес. Анткени, азыр мектептерде чет тилдерди окутуу биринчи планга чыгып, эне тилин окутуу экинчи орунга сүрүлүп калган. Мисалы, окуу планына ылайык, чет тилдери 1 - 9-класстарда, эгерде окуучулардын саны класста 30 болуп, же андан ашса, эки топко, 10 - 11-класстарда 25тен ашса, эки топко бөлүнүп окутулат. Чет тилдери тереңдетилип окутулган мектептерде 8 - 10 окуучудан үч топко бөлүнөт. Ошол эле учурда мамлекеттик тил сүрмө топ менен окутулууда. Биз эмне, совет мезгилинде жашап жатабызбы?
Чет тилдерин тереңдетип окугусу келишкендер өз алдынча окуй беришсин. А мамлекеттик тилди тереңдетип, милдеттүү түрдө окутуу зарыл.
2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз тилинин жаңы орфография эрежелерин бекитүү боюнча токтом кабыл алды. Эми сабаттуу жаза баштайбызбы? Менин оюмча, жок! Анткени, азыр республикада чыгып жаткан гезиттердин, журналдардын ар бири өз алдынча эрежелер менен жазышат. Аларды көргөн окуучулар да ошентишет.
Мына ошондон улам, республикабызда кыргыз тилинде чыгуучу гезит-журналдардагы орфографиялык эрежелердин сакталышына көзөмөл керек. Аны мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жүргүзүшү зарыл. Ансыз бара-бара кыргыз тилинин жок болуп кетүүсү чындык болуп калмакчы.
Аман СМАНБАЕВ,
Кыргыз эл мугалими, Нарын облусу




  Келгиле, кеңешели

Эне тилибизди бычактын мизине такап койдукпу?
Эгерде жер үстүндө өз каада-салтын, дөөлөт-наркын, маданиятын, искусство, тарыхын сактаган эл катары жашообузду улам ары уланткыбыз келсе, эне тилибизди төбөбүзгө көтөрүп, жаныбыздай бапестеп сактайлы.
Тилдин мазмунунан дагы мааниси зор экендигин баарыбыз тең эле абдан жакшы түшүнүп жана көрүп деле турабыз. Гректер менен еврейлердин тилдери 3 жолу өзгөрүлүп, ушул азыр төртүнчү тилди колдонуп жүрүшөт. Себеби, буларды кимдер гана басып алып, кылымдар бою эзүүлөрдү жүргүзүшпөдү.
Ал эми Эне-Сай, Алтай, Якут тарапта жүзгө жакын түрк тилиндеги калктар өз эне тилин, каада-салт, үрп-адат, бүт улуттук нугунан кол жууп жоготуп жиберишип, орус эле болуп кетишпедиби. Биз тарыхта даңазалуу из калтырган элбиз, азыр аныбыздан тайып жарымыбыз чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүрөбүз. Ушундай кысталыш учурда тээ байыртан берки ата-бабаларыбыз өнүктүрүп келе жаткан эне тилибизди сактап калбасак, элүү эмес, жакынкы эле жылдары жоготуп алабызбы деп чочулайм.
Мамлекетибиздеги жашап жаткан элдерди кыргыз тилине үйрөтүү мындай турсун, өз балдарыбызды эне тилге үйрөтүүнү бычактын мизине, кыяматтын кыл көпүрөсүнө такап койгонубузга жол болсун.
Ач-жылаңач кала элекпиз жана калбайбыз, калдайган Ала-Тообуз, түбөлүк байлык толтура жерибиз турат. Өзүбүз өйдө карап иштеп, белди бекем бууп кайраттансак, баары болот, эгерде эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактасак жана мындан ары өнүктүрүп кете алсак.
Тээ жаралгандан бери түпкү ата-бабаларыбыз ушул мезгилге дейре сыпаттап, жеткире ийлеп, бийик даражага жеткирип келген тилибизди эми жерип, колдоно албай отурганыбызга өзүбүз уялбасак, башка элдер уялат беле?
Орустун улуу сынчыларынын бири Д.И.Писарев мындан 150 жыл мурда: "Бизде орус окумуштуулары жок, ал эми бирин-сериндери өз эмгектерин чет тилдеринде жазып жарыялоого мажбур", - деген. Ушул акыбал азыр кыргыз элине төп келишип турат. Кыргыз тилинде илимий-популярдуу жөнөкөй тил менен кызыктуу, жалпы окурмандарга, мектеп окуучуларына арналган эмгектер басылып китеп болуп чыкмак түгүл такыр эле жазылбайт. Окуу китептер же илимий-техникалык эмгектер жөнүндө ооз ачуу азыр эрте көрүнгөндөй, мындай китептер чыга элек.
Мамлекет, эл болуп тарыхта түбөлүккө кылымдар бою мындан ары дагы өсүп-өнүп бирибиз эки болуп жашагыбыз келсе, эне тилибизди турмушка аралаштырып кыргызча таза сүйлөп, туура жазгыбыз келсе, эне тилибизди өндүрүшкө киргизгибиз келсе жана өлкөбүздө жашаган башка элдер кыргызчаны үйрөнсүн десек, жогорку жана орто окуу жайлардын дээрлик бүт бардыгында окуулар улуттун эне тилинде окутулууга тийиш дейли. Айдоочубу, монтербу, мугалимби өз адистигинин терминдерин кыргыз тилинде окуп чыкса, анан өндүрүштү кыргыз тилинде жүргүзө алат эмеспи.
Бул маселе кечмелик кечип кетүү, белес ашуу эмес, абдан та-таал, чач агартуу менен маселелерди чече турган иш, бирок, колубуздан келет, жаштарыбызды окутуп да, иштетип да кете турган кадрлар элибизде жетиштүү, адам колунан келбеген иш болбойт эмеспи. Биз кыргыз эли шамдагай, шайырбыз, бир аз жалкоолугубузду эле таштап, ошондон арылсак.
Ырас, моюнга алуу абзел, ата-бабаларыбыз тоо этектеп атка, төөгө, эчкиге жүктөнүп көчүп жүрүп оокат кылгандыктан, илим-билим техникалардан артта калганбыз, азыр акыбал, шарт эмгектенүүнүн мүнөзү, жашоо ыкмалары башка. "Бир өлүмдөн башкасынын эрте болгону жакшы" - эмеспи, мына
быйылкы эле окуу жылынын 1-курсунун студенттерин кыргызча окутсак, анан улам ошентип отуруп, 5-6 жылдын ичинде бардык курстар кыргызчага өтүп окуп калышат.
Мындай бурулуш жасоо оңойго турбайт, өзгөчө биринчи жылдары азап эле болот: бардык окуу китептерин которуу, аларды басуу, мыкты адистерди мугалимдикке тартуу ж.б. Аракет кылсак берекет, чеке тердетпесең иш бүтпөйт да. Ар бир иштин оң, тетириси бар, эгер кыргызча окутсак, биздин дипломубузду чет өлкөлөр "тааныбайт" деген жоопту айткандар жаңылышат. Биз ириде дипломубузду эмес "өзүбүздү", кыргыз экенибизди таанытсак, жакшы иштесек, анан дипломубузду тааныганга аргасыз болушат. Мына Ньютонду таанып эле атпайбызбы.
Бул макала жеке пикир, талкуу иретинде жазылып отурат. Окумуштуу-илимпоздор, ЖОЖдордун жетекчилери, мамлекеттик ишмерлер, депутаттар же жалпы эле
коомчулук, өз ойлорун билдиришсе, кеңешсек, кыргыз бололубу же акырындап орус болуп кетелиби, кайсынысы жагат, ошону тандоочу мезгил жетти, туугандар.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Т.Жумагулов күйүп-бышып, бир кызарып бир бозоруп, болгон машакаттарды чечүүнү аракеттенет, бирок, чечүүгө маселелерге келгенде жооптуу адамдардын баары, жалпы журтчулугубуз жапа-тырмак сүңгүп, башыбызды сайып киришпесек, тилибизди, аны менен кошо кыргыз деген улуттугубузду, эли-жерибизди жоготуп аларыбызды унутпасак.
Жээнбек НИЯЗАЛЫ уулу,
Бишкек шаары




Жоготулган 3 тамга ордуна келеби?
1924-жылы алгачкы гезитибиз - "Эркин Тоо" араб ариби менен жарык көргөн эле. 1928-жылы араб алфавитинен латын алфавитине өткөнбүз. 1929-жылы алфавит эки жолу оңдолуп, акыркысы абдан туура кабыл алынган. Аны менен тыбыштар туптуура жазылчу.
Тилекке каршы, 1940-жылы бир катар союздук республикалар менен кошо биз да орус графикасына көчкөндө бизге керектүү болгон 3 тамгабыздан айрылдык. Алар: Qq (Кк), Jj (Жж), Gg (Гг). Бизден башка бардык түрк тилдүү калктар: казактар, өзбектер, кара калпактар, уйгурлар жана башкалар бул тамгаларга куйруктарды кошуп жазуу менен аларды сактап калышкан.
А бизде 3 тамганын ар бири экиден тыбышты билдирип калды. Ошондон улам, Кыргызстанда жашашкан башка улуттардын өкүлдөрү, чет элдиктер биздин сөздөрдү бузуп окуп келишет.
Кыргыз тилин оңдогубуз келсе, мына ушул 3 тамганы калыбына келтирүүдөн башташыбыз керек.
Сатымкул САДЫКОВ,
Жалал-Абад облусу, Ноокен району,
Масы айылы












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan