Билим

БГУнун арышы кенен, билими терең
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев менен маек
- Абдылда Инаятович, мезгил өткөн сайын жаңы талаптардын коюла берери белгилүү. Учурдагы университет кандай болууга тийиш?
- Бүгүнкү күндө жогорку билим берүүнүн негизги максаты - өндүрүш үчүн чебер кадрларды даярдоо жана терең билим берүү. Ошондуктан ааламдаштыруунун, экономикалык түзүмдүк кайра куруунун жана керектөөлөрдүн өсүшүнүн жаңы шарттарында жогорку билим берүүнүн ролу күндөн-күнгө өсүүдө. Учурда ар бир университет өзүнүн өнүгүүсүнүн кыска жана узак мөөнөттөгү стратегиясынын негизинде өзүнүн билим берүү моделин так аныктоого тийиш. Адабиятта белгиленгендей, университеттердин концептуалдык моделдери бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Аларга классикалык, изилдөөчүлүк, ачык, аймактык, долбоорлук-багыттоочулук, инновациялык жана ишкерлик моделдери кирет.
- Сиз жетектеген Бишкек гуманитардык университети кайсы моделге кирет?
- Бишкек гуманитардык университети - республикабыздагы гуманитардык билим берүүнүн лидери. Бүгүнкү күндө окуу жайыбыз классикалык моделдеги университет катары студенттерге сапаттуу билим берүүнүн аракетинде.
Бүгүнкү күндө 35 кафедра жана 9 факультет студенттерге билим берүүнү жүзөгө ашырууда. Университеттин түзүмүндө гуманитардык илимдердин илимий-изилдөө институту, үзгүлтүксүз билим берүү институту жана лицей, ошондой эле 14 билим берүү борбору ийгиликтүү иштеп жатат.
- Университеттин приоритеттерине токтолуп өтсөңүз?
- Менин оюмча анчалык деле көп приоритеттин болуусу кажет эмес. Ал эми биздин окуу жайыбыз болсо билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жогорку кесиптик билим берүүнүн программасын өркүндөтүү, учурдагы билим берүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жүзөгө ашыруу, илимий-изилдөө ишмерчилигин активдештирүү, окутуучулар менен студенттердин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулуу өңдүү приоритеттерди аныктаган.
Учурда университеттин алдына коюлган башкы милдет - бүгүнкү күндүн гана эмес, ошондой эле адамдын, коомдун жана мамлекеттин келечектеги керектөөлөрүнө да ылайыктуу билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу. Болон процессинин документтеринде "Сапатты камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик ар бир жогорку окуу жайына жүктөлгөн" деп өзгөчө баса белгиленип турат эмеспи. Дүйнөлүк биргелештиктин бул багытта ишмерчилик тажрыйбасы бар экендиги белгилүү.
Университет студенттердин билим сапатына баа берүүдө Россия Федерациясынын улуттук аккредитациялык агенттигинин жогорку кесипчилик билим берүү чөйрөсүндөгү федералдык Интернет-сынакты тандап алды. Интернет-сынак БГУнун билим берүү сапатынын кепилдигинин ички системасынын түзүмүндөгү зарыл звенодон болуп калды.
- Интернет-сынактын кандай пайдасы бар?
- Эң башкысы бул ректоратка Россиянын жогорку окуу жайлары менен ГОСтун талаптарын өздөштүрүүнүн көрсөткүчтөрүн салыштырууга, ал эми студенттерге топтогу, адистиктеги, жогорку окуу жайындагы рейтингдик көрсөткүчтөрдү салыштырууга мүмкүндүк түзөт.
Биздин окуу жайыбыз 2006-2007- жана 2007-2008-окуу жылдарында Интернет-сынактарга ийгиликтүү катышты. Биринчи жолу тестирлөөгө бардык факультеттердин 3-курстардын жалпы студенттери катыштырылды. Ал эми экинчи жолу болсо бардык факультеттердин 1-2- жана 3-курстарынын студенттери, жалпысынан болуп 4217 студент катышты. Ал эми 2008-жылдын жазында болсо биздин колдообуз менен И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети менен Бишкек финансы-экономикалык академиясы Интернет-сынакка катышты. Учурдан пайдаланып, өлкөбүздүн башка жогорку окуу жайларын да Интернет-сынакка катышуга чакырып кетер элем.
- Университеттин эл аралык кызматташтык боюнча байланыштарынын абалы кандай?
- Университет көптөгөн чет өлкөдөгү окуу жайлар менен тыгыз байланышта болуп келет. Окуу жайында окутуучулардын эл аралык илимий-билим берүү кесипчилик ассоциациялардын ишине активдүү катышуусу үчүн ойдогудай шарттар түзүлгөн. Мисалга кайрылсак, университеттин окумуштууларынын демилгеси боюнча түзүлгөн кытай, япон жана корей таануучулардын ассоциациялары үчүн атайын бөлмөлөр бөлүнүп берилип, алар учурдагы маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар менен жабдылган. Бул бөлмөлөрдө окумуштуулардын, адистердин, маданият ишмерлеринин жолугушуулары, илимий конференциялар, тегерек үстөлдөр, семинарлар жана симпозиумдар өткөрүлөт.
Бишкек гуманитардык университетинин 9 факультетинде 500дөн ашуун чет элдик жарандар билим алышып, ыраакы чет өлкөлөрдөн 35 окутуучу иштеп жатса, башка өлкөлөрдүн көптөгөн өнөктөш жогорку окуу жайларында биздин 85 студент стажировкадан өтүшүп, 12 окутуучу өздөрүнүн кесипчилик чеберчиликтерин жогорулатуунун үстүндө. Жыл сайын лекция окуу үчүн АКШдан, Польшадан, Германиядан, Улуу Британиядан, Япониядан, Түштүк Кореядан, Түркиядан, Кытайдан жана Россиядан адистер чакырылууда. Биз үчүн университетибиздин профессору Ишенбай Абдуразаковго Япониянын императору тарабынан Күн чыгыш өлкөсүнүн эң даражалуу орденинин тапшырылышы сыймык болуп калды.
- Гуманитардык университетте илимий иштерге да өзгөчө көңүл бурулса керек?
- Албетте, учурда гуманитардык илимдин ондон ашуун багыттары боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын көпчүлүгү сабактар аралык мүнөзгө ээ болуп, аларга кадыр-барктуу окумуштуулар жетекчилик кылышат. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер арбын, ошондуктан алардын кээлерине токтолуп кетсек, үстүбүздөгү жылы биздин университеттин окутуучулары Россия Федерациясынын илимдер академиясынын социология институтунун окумуштуулары менен бирдикте коомду трансформациялоо проблемалары боюнча изилдөө иштерин жүргүзүштү. Ал эми Франциянын илимий-изилдөө институтунун улуттук борборунда көчмөнчүлүк проблемасы боюнча биргелешкен изилдөө жүзөгө ашырылды. Анын жыйынтыктары Францияда жана Россияда жарык көргөн илимий журналдарга жарыяланды. Жакында эле АКШнын Гарвард университетинин окумуштууларынан "Борбордук Азиядагы ислам" илимий долбоорун жүзөгө ашырууга катышуу сунушу түштү.
Азыркы мезгилде университеттин аспирантурасында Кытай, Иран жана Түркия өңдүү өлкөлөрдөн 21 чет элдик жаран окуп жатышат. Өткөн он жылдын ичинде Бишкек гуманитардык университетинде алты чет элдик жаран кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташты.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




Айтматовдун чыгармалары бөбөктөр дүйнөсүндө
Орто-Сай айылында жайгашкан Президенттин иш башкармасынын № 172 "Арген" балдар бакчасында улуу жазуучунун 80 жылдыгына арналган кече болуп өттү.
Аталган балдар мекемесинде Айтматовдун чыгармаларын кенже балдарга таанытуу, көркөм образдар аркылуу өсүп келе жаткан бөбөктөрдүн акыл-сезимдерин, жашоого жана бири-бирине, мекенге болгон сүйүүсүн калыптандыруу максатында тарбиячылар бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоодо. Алардын иш тажрыйбасы менен таанышуу максатында бул жолку иш-чарага шаардагы бала бакчалардын тарбиячылары, бөлүм башчылары, андан сырткары ата-энелер чогулушту. Ошондой эле кеченин эң ардактуу меймандары катары Роза Айтматова, Аскар Айтматов, Бексултан Жакиев, Токтосун Самудинов чакырылган.
№172 бала бакчанын бөлүм башчысы Күлүйпа Сагынбаеванын айтуусуна караганда Нургазы, Маңкурт, Бугу эне, Акбара тууралуу окулган үзүндүлөр балдардын таза сезимдерин кайдыгер калтырган жок. Ушул образдар кичинекей балдарды тарбиялоодо кызматы чоң жана алардын чыгармачылык кызыгууларын жаратуусуна шек жок.
Кечеге залкар сүрөткердин чыгармалары боюнча балдардын колу менен жасалган кичинекей буюмдардын көргөзмөсү уюштурулган. Жасалган кейипкерлерди карап отуруп, Айтматовдун чыгармалары кичинекей балдарга канчалык таасирин тийгизгенин баамдаса болот. Мисалы, түстүү кагаздан жасалган турналардын сүрөттөрү, же болбосо таштын алдында Акбараны аңдып жаткан мергенчи, көлдүн толкунунда каалгып бара жаткан Ак кеме кездемеден жасалган. Ал эми ар кандай таштардан табылган окшоштуктар, кийизден, пластилинден жасалган каармандардын элестери кичинекей автордун чындап эле окуяга берилгендигин, табигат менен адамдын бир бүтүн экенин жана ал өзү да жаратылыштын ажырагыс бөлүгү экенин баамдап калганын көргөзүп турат.
Ал эми балдардын каармандарга айланып, образ жарата алышы алардын чыгармага карата түшүнүгү бар экенин дагы бир жолу айгинелейт.
Мындай ойду кеченин коногу Роза Айтматова да билдирди.
Ж.ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Сүрөттө: кечеден бир ирмемдер.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan