email • архив • редакция  



  Парламентке жыл толду, ишинде ийгиликтер мол болду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Айтибай ТАГАЕВ:
"Биздин бактыбыз - биримдик менен ынтымакта"
Мындан туура бир жыл мурда парламенттин азыркы депутаттары элге ишенимдүү кызмат кылуу боюнча ант беришкен эле. Өтүп бараткан жылда кыргыз парламенти элге кандай пайда алып келди, эмнелерге жетишти, антты анттай аткара алыштыбы? - деген суроолордун алкагында КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Айтибай Тагаев "Кыргыз Туусунун" парламенттик кабарчысынын суроолоруна берген жообун окурмандарга сунуштайбыз.
- Айтибай Султанович, Сиз спикер болуп шайлангандан кийин эле депутаттарга кайрылуу жасап, алардын баарын: "Кандай фракцияга таандык экендигине карабай, Мекендин кызыкчылыгы үчүн бириктирүүгө аракет кылам", деп убада бердиңиз эле. Убаданы аткара алдыңызбы?
- Бул маселени кандайдыр убакыт менен чектөөгө болбойт. Ушул принципти ар дайым кармануу керек го. Мага ар бир депутат кире алат. Мен кандай болбосун маселени талкуулоого дайыма даярмын. Кабинетимдин эшиги ар дайым кесиптештерим үчүн ачык. Алардын кайсы фракцияга таандык экендигине, же болбосо айрым бир мыйзам долбоору болобу, өндүрүштүк, уюштуруучулук же чарбалык иштер боюнча болобу, койгон маселелердин татаалдыгына карабастан, ачык-айрым аңгемелешүүгө умтулам. Албетте, ар бир депутаттын каралып жаткан мыйзам долбоор, же болбосо башка маселелер боюнча өз пикири бар. Көп учурларда пикирлер корпоративдик мүнөздө болот жана бүтүндөй бир фракциянын ой-туюмун чагылдырат. Бирок, эреже катарында, акыр аягында фракциялар жалпы чечимге келишет. Анткени, менин бардык кесиптештерим - депутаттар, биринчи кезекте патриоттор деп эсептөөгө акым бар. Алар ириде жалпы мекендештерибиздин камы үчүн коюп келаткан маселелерине өзүңүздөр күбөсүздөр.
- Мамлекеттик бийликтин үч бутагынын ичинен дал ушул Жогорку Кеңештин иши коомчулук үчүн кыйла ачык экенинде талаш жок. Аны чагылдырууга көптөгөн журналисттер аккредиттелдик. Биз комитеттердин жана фракциялардын дээрлик бардык жыйналыштарына катышып келатабыз. Ошентсе да, ушул жылы Жогорку Кеңешке карата болгон кызыгуу төмөндөгөндөй туюлат, муну өзүңүз деле байкап жатсаңыз керек. Себеби, парламенттин иш-аракети элге алдын ала эле белгилүү болуп жаткандыгынан уламбы деп ойлойм?
- Мен Жогорку Кеңешке болгон кызыгуу төмөндөдү дегенге кошула албайм. Бул жерде кеп башкада. Биринчиден, өзүңүз айткандай парламенттин эшиги журналисттер үчүн ачык. Бардык мыйзам долбоорлору комитеттерде, алардан кийин фракцияларда каралат. Комитеттердин, фракциялардын жыйналыштарына эркин эле кирүүгө болот. Аларга катышкан журналисттер, өзүңүз белгилегендей, кайсы долбоорлор колдоого алына тургандыгын, кайсылары колдоого алынбашын алдын ала божомолдоого мүмкүнчүлүгү бар.
Экинчиден, азыркы учурда мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери бир арабага чегилген күлүктөрдөй бирдиктүү иштеп жаткандыгын белгилөө керек. Ушул максатта өткөн жылы конституциялык реформа жүргүзүү талап кылынды. Бүгүнкү күндө бардык күч-аракеттер өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталууда. Биргелешкен иш-аракет өз жемишин бере баштады. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору депутаттардын колдоосуна ээ болуп жатат. Бул болсо экономикалык жана башка маселелерди чечүүдө оң таасирин көрсөтүүдө.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин веб-сайты олуттуу түрдө жакшы жагына өзгөртүлдү. Мунун натыйжасында көптөгөн журналисттер жыйналыштарга тикелей катышпай эле, сайттын бөлүктөрүнөн өздөрү кызыккан маалыматтарды, айталы, мыйзам долбоорунун мазмуну, колдонуудагы мыйзамдарга салыштырмалуу өзгөрүүлөр, долбоордун комитеттерде жана фракцияларда каралышы тууралуу маалыматтарды толук ала алышат. Менимче ушул жагдайлар Жогорку Кеңештин жыйналыштарына тикелей катышкан журналисттердин санынын азайышына түрткү болду.
Акырында, азыркы Жогорку Кеңештин иш-аракетинде негизги басым парламенттин өзүнүн тикелей милдетин аткаруусуна - мыйзам долбоорлорун кароого
коюлуп жатат. Азыр Жогорку Кеңештин ичинде мурдагыдай саясый интригалар, саясый спектаклдер жокко эсе.
- 2009-жылдын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга карата бюджет божомолу боюнча жакында өткөрүлгөн ачык парламенттик угуу болду. Анда Улуттук банктын экс-төрагасы Улан Сарбанов парламентарийлерге мындай бир долбоорду экинчи
окууда, кароодо негизги мак-роэкономикалык көрсөткүчтөргө кайра кайрылып, аларды кайра карап чыгуу керек деген кеңешин айтты.
(Уландысы 4-бетте)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan