, 23.12.08 - 14-бет:
  Кабарчыбыз кайрадан Нурадагы элден кабар алды

Россиялык кыргыздардан - Нурага автоунаа
Жумушта олтурсам телефон шыңгырап калды. Алар Челябинск шаарындагы кыргыздардын "Ата Мекен" коомдук бирикменин жетекчиси Камбар Пусуров менен Екатеринбург шаарындагы Свердлов облусунун мечитинин имам- хазраты Жаркынбай Сатыбеков экен, экөө бир топко чейин сүйлөштү.
Алар Россиянын Новосибирск, Омск жана Чита облустарында иштеп жана жашап жаткан кыргыздар чогулткан акчасын өздөрүнүн өкүлү Жаркынбай Тойтуковго табыштап, ал бул акчага Нура айылындагы дарыгерлер үчүн жеңил машина сатып алгандыгын, эртең менен Нурага жөнөй турушкандыгын айтып, Нурага чогуу барууну суранып калышты.
Гүлчөгө эртең менен саат сегизге калбай эле барып калдык. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Алмазбек Осмонов иш ордунда экен. Ал нуралыктар үчүн жылуу үйлөр курулгандыгын, азык-түлүк, көмүр жетишерлик экендигин билдирип, азыркы учурда Нура айылында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга ар тараптан жардам келип жаткандыгын, нуралыктар үчүн ачылган эсепке которулган акча 45 млн. сомго жакындап калгандыгын, анын ичинде Россияда иштеп жана жашап жүргөн мекендештерибизден келген жардам да сезилерлик экендигине токтолду. Анын 100 миң сому Якутия жана Красноярскидеги кыргыздардыкы экендигин, Свердлов, Челябинск облустарындагы кыргыздардын салымы 168 миң сом болгондугун маалымдады. "Аны өз көзүңүздөр менен көрсөңүздөр, биздин айтканыбызга ынанасыздар. Сиздерди акимчиликтин өкүлү Ибраим Токторбаев коштоп барат", - деп бизди узатып чыкты.
Маңдайында жана капталында "Жер титирөөдөн жабыр арткан нуралык туугандарга Новосибирск, Омск, Чита облустарындагы жашаган кыргыздардан жардам" деген жазуусу бар чет өлкөлүк маркадагы жеңил автоунаанын ачкычын Жаркынбай Тойтуков ФАПтын айдоочусуна салтанаттуу тапшырганда, келининен жана эки небересинен айрылып, орду толгус оор кайгы ийинин басып турса да айыл аксакалы Шарип Сулайманов боордоштордун бул жардамын "миңдеген чакырым алыскы аймактарда жүрсө да жүрөгү "Кыргызстан" деп соккон азаматтардын адамгерчилиги" деп баалап, аларга толкундануу менен батасын берди.
Биз нуралыктар үчүн түзүлгөн шарт менен таанышып чыктык. Элдин айтуусунда көмүр, азык-түлүк, жылуу кийим жетиштүү. Электр жарыгы үзгүлтүксүз жанып турат. Уюлдук байланыш уланган, бирок эки күндөн бери иштебей калыптыр. Нуралыктардын көпчүлүгү өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан даярдалган мобилдүү үйлөргө кирген.
Кызыл-Кыя цемент заводу тарабынан тургузулган узундугу 52, туурасы 7 метр келген ар бири 15 квартиралуу 4 чогултулуучу панелдүү үйдүн бүткөрүлүшү менен турак жай проблемасы толугу менен чечилгени турат. Нуранын Алипбек Жороев сыяктуу бир нече тургундары жергиликтүү комиссия ушул 4 үйдүн 60 бөлмөсүн бөлүштүрүүдө калыстыктан тайгандыгын айтып даттанышса да, таң аткандан тартып түнкү саат 10-11 ге чейин иштеген Ж.Мама-диев башында турган кызылкыялык 25 куруучунун дарегине жылуу сөздөрүн аянышкан жок.
Россиядан келгендер жер титирөө болгон күнү алгачкылардан болуп жардамга келген Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин № 5 тараза тартуучу жана көзөмөлдөөчү пункттун кызматкерлери менен пикир алышты. Пункттун жетекчиси Абдымомун Апышовдун айтуусунда ошол күнү нөөмөттө турган Иса Кадырбеков баш болгон пункттун 4 кызматкери нуралыктарга биринчилерден болуп жардамга келишкен. Алар 26 адамды урандынын алдынан казып чыкканга үлгүргөн. Жаш балдарды жана боюнда бар аялдарды өздөрү жашаган үйлөргө алып келишип, жылуу кийим, тамак-аш берип турушкан.
- Учурдан пайдаланып, - дейт И.Кадырбеков, - Кытай Эл Республикасынын жүк ташуучу 50 машинасынын айдоочуларынын жардамын айта кетпесек болбойт. Алардын баары чаң болуп туман баскан, көзгө сайса караңгы Нуранын жолсуз көчөлөрүнө бирден бөлүнүшүп, фаралары менен айылдын ичин жарык кылып турушту. Бул кулап калган үйлөрдү казып жаткандарга чоң көмөк болду.
Коноктор Эркечтамдагы Андрей Бесценный атындагы чегара заставасында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери менен да маектешип кайтышты. Сержант Медер Ибраев менен катардагы жоокер Курсантбек уулу Каныбектин айтууларында ошол күнү комендатуранын жана заставанын жоокерлери топ топко бөлүнүп, түнү менен урандылардын алдынан көптөгөн тирүү жана каза болгон адамдарды алып чыгышкан. Жаш жоокерлердин ичинен корккондор да болгон. Бирок, " жардамга, жардамга" деген аянычтуу үндөр алардын атуулдук парзын ойготуп, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгенче чарчагандарына карабастан кулаган үйлөрдү казып, андан адамдарды алып чыга беришкен…
Учурдан пайдаланып баса белгилеп кетүүчү жагдай, алгачкы жардам көргөзгөндөрдүн арасында бажы кызматкерлеринин да салымы өзгөчө. Алардын нөөмөткө чыккан тобу Нура айылына жеткен учурда зилзала болуп, жарык жалп эте өчүп, алаамат окуя башталган. Алгачкы жардамды, Бишкек шаары менен байланышты мына ошолор баштаган.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Эл башы болгуча, суу башы бол

Суу жагдайы Борбордук Азияга чуу салат же туңгуюктан чыгарат
(Башталышы гезиттин
№95 санында)
Бул маселе боюнча И.Кари-
мов Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго ультиматумдук талап коюп, бир канча убакытка чейин газ берүүсүн да токтоткон. Бирок, Тажикстандын лидери Өзбекстан кандай аракеттерге барбасын долбоорлонгон ГЭСтер курула тургандыгын чечкиндүү түрдө билдиргенден
кийин өз позициясынан чегинүүгө аргасыз болгон.
Эксперттер Өзбекстандын уюмдан чыкканы жаткандыгына анын Казакстандын лидери менен болгон өтө салкын мамилеси да өз таасирин тийгизди, Н.Назарбаев суу-энергетикалык маселелери боюнча И.Каримовдун сунуштарынын көпчүлүгүн колдогон эмес, эми ал сунуштарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө жардамды Батыштагылардан издейт, АКШнын жаңы администрациясы менен тыгызыраак кызматташууга бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт, Евросоюз ушул жылдын 13-октябрында Анжиян окуяларына байланыштуу киргизген санкцияларынын көбүн алып салгандан кийин расмий Ташкент КМШдагыларга эмес, Батыштагыларга жагууга аракеттене баштады дешүүдө. Демек, аймактагы суу-энергетикалык маселелерин чечүүдө Өзбекстандын жетекчилигинен дагы деле ар кандай сюрприздерди күтсө болот.
Суу сактагычтарда суунун көлөмү неге азаюуда?
Кыргызстандын жана Тажикстандын тоо тилкелериндеги мөңгүлөрдө дүйнөдөгү таза суунун корунун 6 пайызга жакыны сакталып келсе, парниктик эффект күчөп, Цельсийдин шкаласы боюнча дүйнөлүк температура 1 градуска жакын жогорулагандан улам Гренландиядагы муз тоолордой эле биздин тоолордогу муздар да тездик менен эрий баштады. Өткөн ХХ кылымдагы эң ысык делген 10 жылдын сегизи 1980-2000-жылдарга туура келди. ХХI кылымдын алгачкы он жылдыгы да мурда болуп көрбөгөндөй ысыктыгы менен айырмаланып жаткандыгына өзүбүз күбө болуудабыз. Ошол эле мезгилде тоолордо нымды сактап, карлардын эришин, булактардын агымын жөнгө салып туруучу бадал, токой тилкелеринин аянттары кыскарууда. Алсак, Кыргызстанда 1920-1970-жылдардын ичинде токой аянттары 50 пайызга азайды. Азыр токойлуу жерлерибиз жалпы республиканын аянтынын 4,5 пайызын гана түзөт. Мына ушундай себептерден улам Кыргызстандын тоолорундагы мөңгүлөрдүн аянты 1957-2000-жылдардын ичинде 25 пайызга азайды. Оксфорд жана Гумбольдт университеттеринин окумуштуулары Түндүк Тянь-Шандын мөңгүлөрү 1955-2000-жылдардын арасында жыл сайын 2 кубкилометрден азайып тургандыгын аныкташкан.
Мөңгүлөрдүн мындай интенсивдүү эриши 1973-2000-жылдарда Кыргызстандагы суулардын көлөмүн 6,3 пайызга көбөйтсө, акыркы жылдарда тескерисинче азайтууда. Мөңгүлөрдүн аянты 25-30 пайызга кыскарса, алардан жарала турган суулардын да ошончого азаюусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Суу сактагычтардагы суулардын көлөмүнүн кескин азайып кетүүсүнүн негизги себеби ушунда. Парниктик эффектинин натыйжасында күндүн орточо жылуулугу азыркыдай жогорулай бере турган болсо, жакынкы 25-30 жылдын ичинде Кыргызстандагы гана эмес, жалпы Борбордук Азиядагы таза суулардын көлөмү дагы 30-35 пайызга азаюусу мүмкүн. Ошол эле мезгилде таза сууларга болгон муктаждык 1,8-2 эсеге артат, анткени аймактагы калктын саны эки эсеге жакын көбөйөт, ишканалардын сандары да ошого жараша өсөт, сугат аянттардын көлөмү да кеңейбей койбойт. Таза суу маселеси - мына ошондо чындап Борбордук Азиядагы негизги маселеге айланып, коңшу өлкөлөрдүн ортосунда айыгышкан саясый, экономикалык чыр чатактарды пайда кылуусу мүмкүн болууда.
Кошумчалай кетчү нерсе, мындай көрүнүш Борбордук Азияда жашагандарга гана мүнөздүү эмес. Азыр дүйнөнүн калкынын 1 миллиарддан ашыгынын түздөн-түз таза сууга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү жок, дагы 2,5 миллиарддай адам пайдаланган суу санитардык талаптарга толук жооп бербейт. Дагы 25-30 жылдан кийин андай адамдардын саны дагы 1,5-2 эсеге көбөйгөнү турат.
Мындай кризистик көрүнүштөрдөн чыгуунун жолдору эмнеде?
Адегенде белгилей кетчү нерсе, кээде адистердин божомолдору ырасталбай тескерисинче чыгып калган учурлары да болот. Алсак, мындан чейрек кылымдан ашыгыраак мурдараакта бир катар адистер, окумуштуулар "Ысык-Көл соолуп баратат" деп чуу көтөрүшүп, алардын сунуштары боюнча көлдү оптималдуу деңгээлде кармап туруу үчүн Өкмөттө Сары-Жаз суусунун бир бөлүгүн буруп келип, Ысык-Көлгө куйдуруу боюнча долбоор да карала баштаган. Бирок, Ысык-Көл соолгон эткен деле жок. Тескерисинче, эки-үч жылдан кийин деңгээли көтөрүлүп, мурдагы чегинен да жогорулап кетти.
Каспийди соолуп баратат деп чуу көтөрүшүп, суунун баары ушул жакка кетип жатат дешип, Кара-Богаз булуңун дамба менен тостурушкан. Бирок, Каспийдин деңгээли кайра жогорулап, жээгине батпай баратканда дамбаны жардырууга аргасыз болушкан. Ошондо маркум Расул Гамзатов "Каспий тайыздабай эле айрым адамдар тайыздап баратышат" деп жазган эле. Бир жыл жаанчыл болсо, экинчи жыл кургакчыл келгендей эле беш-алты жыл суу ресурстары азайса, андан кийин кайра көбөйүп туруусу табийгаттын циклдик көрүнүштөрүнөн. Бирок, андай болот деп ойлогон күндө деле негизги таза суу ресурсу болгон мөңгүлөрдүн аянттарынын төрттөн бир эсеге азайып кетүүсү баары бир олуттуу маселелерди пайда кылбай койбойт. Андай маселелерди жеңилдетүү үчүн кандай чараларды көрүү керек?
Биринчи кезекте суу сактагычтарда топтолгон суулар керектөөчүлөр тарабынан товар катарында таанылып, анын укуктук базасы түзүлүп, келишимдик негизде сатып алынуусу керек. Ансыз сууга үнөмдүү мамиле калыптанбайт. Алсак, биздикинен да климаттык шарттары оор Израилде бир гектар жердин буудайын өстүрүп, түшүмүн жыйнап алганга чейин 3 миң кубометр суу сарпталып, ар гектарынан 70 центнерден түшүм алынса, бизде 1 гектарга 16 миң кубометр суу сарпталып, гектарынан 22-25 центнерден гана буудай жыйналат. Ал эми 1 гектар пахтага, шалыга мындан да бир нече эсе көп көлөмдөгү суу чыгымдалат. Өзбекстан, Түркмөнстан алган суулардын дээрлик жармысы кумга сиңип, курулай талааларга кетип жок болуп, ошондон улам аянттары ондогон чарчы километрге барабар шорлуу көлдөр, саздар пайда болууда. Эгерде аталган өлкөлөр ар 1 миң кубометр сууну (табийгый агымдан сырткары) келишимдик баада сатып алышса, сөзсүз ар кубометр сууну максаттуу, сарамжалдуу пайдаланганга аракеттенишмек.
Экинчиден, суу сактагычтарда топтолгон сууларды квоталаштырып бөлүштүрүү боюнча 1984-жылда бекитилип, 1992-жылда өзгөртүлүүсүз ырасталган норматив жаңы шарттарга ылайык кайра каралып, жаңы келишим түзүлүүгө тийиш. Анткени, электр энергиясын керектөө да, сугат сууларга болгон муктаждык да мурдагы убакыттарга салыштырганда бир канча эсе өскөндүгүнө байланыштуу алардын бардыгын бирдей аткарууга мүмкүн болбой калды. Ошондуктан сууну пайдалануунун режимдери жөнүндө бир пикирге келүү жылдан жылга кыйындоодо.
Үчүнчүдөн, айыл чарбасына дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндөгүдөй сугат сууларын үнөмдүү, кайтарымдуу пайдалануу боюнча алдыңкы технологиялар киргизилүүсү керек. Мурдагы совет мезгилинде дренаждык тамчылатып сугаруу, чачыратып сугаруу сыяктуу ыкмалар киргизиле баштаса, кийин алардын баары ташталды. Каналдар, арыктар оңолмоюнча үнөм маселеси чечилбейт. Борбордук Азияда суулардын көпчүлүгү сапатсыз каналдарда, арыктарда эле ар кай жактарга сиңип жок болууда.
Азыр аймакта суу-энергетикалык консорциумун түзүү жөнүндө маселе көтөрүлүүдө. Анын негизги демилгечиси Казакстан болууда. Бирок, биз андай сунуштарга өтө этияттык менен мамиле жасообуз, жакшылап анализдеп, талдап тастыктабастан андай уюмдарга кирүү аркылуу келечекте эң чоң саясый, экономикалык рычаг боло турган мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырап калбообуз керек.
Кыргызстан үчүн Токтогул электр энергияларын иштеп чыгуучу ГЭС катарында маанилүү болгон менен, суу сактагыч катарында анын бизге эч кандай пайдасы жок. Тескерисинче, 32 миң гектардан ашык мыкты жерлер суу алдында калгандыктан жыл сайын орто эсеп менен 6 миллион доллардан кем эмес өлчөмдө зыян тартуудабыз. Эгерде кошуна өлкөлөр анда топтолгон сууларды сатып алуудан баш тартышса, анда биз Камбар-Ата-1-2 ГЭСтери курулуп бүткөндөн кийин кошуналардын алдына Токтогул суу сактагычындагы сууну акырындап кое берип, асылдуу жерлерди бошотуу жөнүндө маселе коюшубуз керек. Бул белгилүү өлчөмдө өктөм талап болот, бирок Өзбекстан дайыма бизди газ менен шантаж кылып келатпайбы.
Жыйынтыктап айтканда, жакынкы келечекте Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү бириктирчү да, же чатакташтырчу да - бул суу ресурстары болуп калганы турат. Саясый, экономикалык мамилелерде суу ресурстары нефти менен газдан да таасирдүү факторго айланат. Ал мамилелерде биз улуттук кызыкчылыктарыбызга доо кетиргенге жол бербешибиз керек.
Ташманбет КЕНЕНСАРИЕВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор, ЖПМУнун
ректору
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
журналист