, 19.12.08 - 5-бет:
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
1-7-январь - дем алыш күндөрү
Премьер-министр Игорь Чудинов 2008-жылдын декабрында жана 2009-жылдын январында дем алыш жана жумуш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, эки дем алыш күнү бар беш күндүк жумуш жумалыгынын графиги боюнча иштешкен уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2009-жылдын 2-январындагы жумуш күнү 2008-жылдын 27-декабрына, 2009-жылдын 5- жана 6-январындагы жумуш күнү 2009-жылдын 10- жана 17-январына которулду. Ошентип, 2009-жылдын 1-7-январы дем алыш күндөрү болуп эсептелет.

Кычыраган кышта да курулуш токтобойт
"Нарынгидроэнергокурулуш" ААКсынын басма сөз катчысы Кубан Жакыпов күндүн сууктугуна карабастан "Камбар-Ата-2" ГЭСинде курулуш иштери интенсивдүү жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Анын маалыматына ылайык, учурда бардык негизги курулуштар жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчаларына керектүү бардык техника жеткирилген. Жумушчулар үчүн сутка бою тамак уюштурулган. К.Жакыповдун сөзүнө ылайык 2007-жылдын ноябрында курулуш жаңыртылгандан баштап, быйылкы жылдын ноябрына чейин ГЭСтин курулушуна 69 миң куб. метрге жакын бетон куюлуп, 111 миң куб. метр жер кыртышы тазаланган, 56 миң куб. метрге жакын кыртыш төшөлгөн, 627 тонна металл конструкциялары жыйналып, 195 тонна металл конструкциялары монтаждалган. ГЭСтин бир нече негизги курулуштарын куруу толук аяктаган.

Уран калдыктары коркунуч туудурууда
Кечээ Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгында Кыргызстанда жайгашкан уран жана башка уулуу калдыктарды сактоочу жайларга байланыштуу Эл аралык форумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында Өкмөт башчысы уран калдыктарын сактоочу жайлар жеке Кыргызстандын эмес, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын экологиясы жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зор коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи. ( Жыйында каралган маселелер тууралуу кийинки сандан кененирээк тааныша аласыздар ).

УТРКнын кызматкерлери ачкачылык акциясын токтотушту
Бул тууралуу ачкачылык жарыялаган журналист Бейшенбек Бекешов билдирди. Анын айтымында, Максим Горькийдин эстелигинин жанында ачкачылык жарыялап отурушкан улуттук каналдын беш кызматкерине президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев келип жолугушуп, өлкө башчысынын атынан бул маселени кысым көрсөтүү жолу менен эмес, кылдат иликтеп адилет чечим чыгарыларын айткан. "Мамлекет башчынын сөзүнө муюп ачкачылык акциясын токтотууга макул болдук",-дейт Бекешов. Ал ошондой эле Эшимканов Бейшенбек Бекешовду, Эркингүл Эшенкулованы, Жайнагүл Максимованы кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгарганын кошумчалады. Маалыматка караганда буга чейин журналисттер Шайыр Абдырахманов, Алтынбек Жумаев жана Ассоль Молдокматова кызматынан бошотулган.

Жогорку окуу жайына тапшыргандар азайды
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары жогорку окуу жайларына тапшырган жаштардын саны жөнү жок өсүп кеткен. Алардын көбү жогорку билимге ээ болгону менен иш таба алышкан эмес. Мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн Өкмөт бир канча иш-чараларды жасады. Мисалы, учурдун талабына ылайык, мыкты талаптанчу адистиктер иликтенип, ал адистиктерге ээ болууну каалагандар үчүн гранттар бөлүнгөн. Мындан тышкары орто кесиптик окуу жайлардын аброюн көтөрүү боюнча атайын программа иштелип чыкты. Ошондой эле Билим берүү министрлиги сырттан окуган студенттердин санын 20 пайызга кыскартуу тууралуу чечим чыгарган.

Кыргызстан курама командасы 158-орунда
ФИФАнын ноябрь айындагы рейтингинде Кыргызстан курама командасы 112 упай менен 158-орунда туруп, 4 позицияга ылдыйлады. Бул туурасында Эл аралык футбол ассоциациясынын расмий сайтында жарыяланган. Акыркы айдын жыйынтыгында алдыңкы үч команданын ичинде Испания (1663 упай), Германия (1381 упай) жана үчүнчүдө Голландия (1338 упай) курама командалары бар. Тизмеге жалпысынан 207 улуттук курама командалар кирген.

Кытайлык жаранды аткан адамдар кармалды
Мындай маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармасынан тастыктады. Учурда Нарын районунун Оттук айылынын 1983-жылы жана 1985-жылы туулган эки тургуну Нарын шаарындагы тергөө абагында кармалууда. Алар кылган кылмыштарын мойундарына алышкан жана алардан 16, 32-калибирлүү мылтыктар алынган. Быйылкы жылдын 21-ноябрында Торугарт-Бишкек жолундагы Долон ашуусунда кытайлык оор жүк тарткан автоунаанын айдоочусу белгисиз себептер менен автоунаанын ичинен каза болгон. Иликтөөдөн соң анын баш сөөгүнөн жана мээсинен сегиз чачма ок табылган.

Таластан Гоголдун
"Өлүү жандары" чыкты
Таласта ээлери кайтыш болгон же жок тамдарга энергетика боюнча карыздар жазылган. Мындай фактылар карызды Талас районунун айрым тургундары өздөрү иликтөө жүргүзүп көрүшкөндө аныкталган. Бул көйгөйлөр шейшембиде райондук администрация тарабынан өткөрүлгөн курултайда айтылды. "Түндүк электр" ишканасынын райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары мындай фактылардын үстүндө иш алып бараарын айтты. Мындан тышкары электр кубаттуулугун пайдаланууда майып адамдарга жеңилдиктер берилгенине карабастан алардан тегиз акча алынып жатканы тууралуу жергиликтүү тургун Бурхан Эркинбеков билдирди. Жыйындын соңунда Талас районунун акиминин орун басары Байрак Райканов 2009-жылдын январь айынан тартып электр кубаты күндүз өчпөй турганын элге жарыялады.

Кутурма өспүрүмдүн өмүрүн кыйып кетти
Ноокен районундагы Шайдан айлынын 12 жашар тургуну кутурма оорусунан дүйнөдөн кайтты. Жергиликтүү дарыгерлер аны сентябрь айында дейди ит каап алгандыгын, бала убагында медициналык жардам алуу үчүн доктурларга кайрылбагандыгын билдиришти. Айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу кутурманын алдын алуу максатында 657 кишини текшерүүдөн өткөрүштү. Мал доктурлар тарабынан айылдагы бодо мал менен кой-эчки жана ит-мышыктарга эмдөө жасалды. Жыл башынан бери буга дейре облустун эки тургуну, Базар-Коргон районунда бир кемпир менен бир мектеп окуучусу кутурма дартынан көз жумушкан болчу.




Аалам алкагында
Израилдеги автокыйроодон 24 россиялык каза болду
Эйлаттын жанында жүргүнчүлөр автобусунун апат болушунун кесепетинен Россиянын 24 жараны каза болгон, деп билдирди РФнын Израилдеги элчилигинин басма сөз атташесине таянуу менен Новости РИАсы. Мурда билдирилгендей, кыйроого дуушар болгон автобуста 49 россиялык жана Израилдин эки жараны болгон. Негизинен Санкт-Петербургдук турфирмалардын өкүлдөрү болушкан россиялыктар түшүп бараткан автобус дагы бир автобус менен жарышып баратып чукул бурулуштан трассадан чыгып, жардан кулап, бир нече жолу ала салып кеткен.

Британия Ирактан аскерлерин чыгарат
Британиялык жоокерлер Ирактан кийинки жылдын 31-майына чейин чыгарылат. Бул тууралуу Гордон Браун Иракка жасаган күтүүсүз сапары учурунда премьер-министри Нури ал-Малики менен жолугушуу учурунда айтты. Ушул тапта Иракта төрт миң британиялык жоокерлер жайгаштырылган. Анын аралыгында, Багдаддын борборунда эки жерде орнотулган бомбанын жарылуусунан бери дегенде 18 адам набыт болуп, элүүгө жакыны жаракат алган.

Бушка ыргытылган батинке 100 миң долларга бааланууда
Багдадда АКШнын президенти Бушту батинкеси менен чабууга аракет кылган 28 жаштагы журналист Мунтадар Заиди ага "итсиң" - деп кыйкырган. Заиди ыргыткан бут кийим Бушка тийген жок, ал буйтап кеткен. Ал эми көп арабдар Бушка ыргытылган бут кийимдин ордуна туфли сатып берүүнү каалагандыгын билдиришкен. Мындан тышкары, бүткүл Ирак боюнча журналистти бошотуу талабы менен Мунтадар Заидини колдогон демонстрациялар өткөн. Араб гезиттеринин билдирүүлөрүнө ылайык, футбол боюнча Ирандын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Аднан Хамад батинкелерди сатып алууга 100 миң доллар сунуш кылса, Сауд Аравиясынын бир жараны бүтүндөй 10 млн. доллар бермей болгон. Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин кызы Айшанын кайрымдуулук фондусу репортерду каармандыгы үчүн медаль менен сыйлай тургандыгын билдирип, анын иш-аракеттерин "адамзаттын укуктары үчүн жеңиш" деп атаган. Бушту батинкеси менен чапкан иран журналисти бир нече жолу барымтага алынып, запкы көргөн. Ал Саддам Хусейиндин учурунда деле куугунтукта жүргөн.

"Тайм" Обаманы тандады
"Тайм" журналы АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманы "Жылдын адамы" деп атады. Журналдын жазганына караганда, Барак Обама Америка элине "оор мезгилде дымактуу план сунуш кылуу менен көпчүлүктүн ишенимине ээ болду". Журнал "Барак Обама дүйнө жүзү боюнча өтө белгилүү боло алды" деп жазат.

Женевада орус-грузин сүйлөшүүлөрү жүрүүдө
Жолугушуу жабык эшик артында өтүүдө. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун, Евробиримдиктин, АКШнын, ЕККУнун, Түштүк Осетиянын жана Абхазиянын өкүлдөрү катышууда. Августта Орусия менен Грузия ортосундагы согуштан кийин эки тараптын мамилесин жакшыртууга арналган сүйлөшүүлөр ушуну менен үчүнчү ирет өтүп жатат. Бул жолку жолугушууда башкы тема - качкындардын тагдыры жана аймактагы коопсуздук маселелер.

Орусияда мэрди союп кетишти
Орусиянын Мурманск облусундагы Кандалакша шаарында шаар мэри Нина Варламованы белгисиз бирөөлөр мууздап кетишти. Азыр бир жергиликтүү тургунду кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген шек менен кармап турушат.

Түркия Ирактагы күрддөргө авиасокку урду
Түрк аскер самолёттору Ирактын түндүгүндөгү күрд объектилерин бомбалашкан, деп билдирди АФП. Армиянын өкүлдөрү Күрдистан Жумушчу партиясы (КЖП) тараптан жоготуулар жөнүндө билдиришкен эмес жана авиасоккулардын кесепетинен бейкут калк жапа чекпесине бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгилешүүдө. Анкара Ирактын түндүгүндөгү тоолордо КЖПнын эки миңге жакын согушчандары жашырынып жатышкандыгын ырастайт. Ноябрда Түркия, АКШ жана Ирак Күрдистан Жумушчу партиясынын экстремисттерине каршы күрөшүү боюнча биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө макулдашкан.

Босния Ирактан өз жоокерлерин чыгарып кетти
2005-жылдан бери Иракта босниялык 290 жоокер жана офицерлер кызмат өтөгөн. Босния НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын катышуучусу. Босниянын бийлиги кийинки жылы Ооганстанга НАТОнун кол алдындагы эл аралык аскер күчтөрүнүн курамында операцияларга катышуу үчүн жоокерлер жиберилерин билдирди.