, 19.12.08 - 4-бет:
  Азыркы учурда КРСУда 10 миң студент
45 адистик боюнча билим алышууда

Курманбек Бакиев:
"КРСУ- академиялык тазалыктын эң татыктуу үлгүсү"
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык славян университетинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта Президент К.Бакиев: "Академиялык тазалык - бул жөн гана сөз эмес. Ал студенттерди тарбиялоонун өзөгү болууга тийиш. Окутуучу жогорку моралдык стандарттарды алып жүргөн адам болуусу керек. ЖОЖдор мектептер менен бирдикте жаштардын чынчыл жана демократиялуу ой жүгүртүүсүн калыптанды-руусу жана өнүктүрүүсү зарыл. Бул жагынан алганда КРСУ эң татыктуу үлгү боло алат",- деп айтты.
Мамлекет башчысы филармониянын фойесинде уюштурулган КРСУнун ишмердүүлүгүнө арналган көргөзмөнү көрүп чыккандан кийин салтанатка катышуучулардын алдында сөз сүйлөдү. Президент сөзүндө КРСУ Кыргызстанда ЖОЖдун алдыңкы сабында тураарын, ошондой эле улуу орус тилин жана адабиятын, маданиятын жайылтуучу рухий борбору, эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштын символу, постсоветтик мейкиндиктеги уникалдуу мамлекеттер аралык жогорку окуу жайы болуп калганын баса белгиледи. "Мен университеттин калыптануусунда Россия Федерациясынын мамлекеттик колдоосу чечүүчү ролду ойногонун белгилеп коюуга тийишмин. Бул билим берүүдө жогорку стандарттарга негиз болуп берди", - деди мамлекет башчысы.
Президент келечекте билим берүү түзүмүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолгондо 5 милдетти баса белгилеп айтты. Биринчиси, баштапкы билим берүүдөн тартып, ЖОЖго чейинки жана андан кийинки бирдиктүү билим берүү түзүмүн куруу керек. Мындайча айтканда мектепке чейинки, мектептеги, ЖОЖ, ЖОЖдон кийинки билим берүүнүн үзгүлтүксүз байланышынын так тутуму болушу зарыл. Экинчиси, атайын окуу жайларынын тутумун кайра түзүү, жөндөмдүү жаштарды таап, алардын таланттарынын ачылышына шарттарды түзүп, колдоо көрсөтүү керек. Үчүнчүсү, жогорку технологиялардын заманында билим бат эскирет, ошондуктан университеттерде ар кандай курактагы кишилер билим алуучу борборлор болууга тийиш. Муну менен бирге окутуучулардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу тутумун кайра түзүү керек. Төртүнчүсү, дүйнөлүк билим берүү процессине андан ары интеграциялашып, билим берүү сапаты эл аралык стандарттарга туура келгендей деңгээлге умтулуу зарыл. Бешинчиси, билим берүү региондун, дүйнөнүн келечектеги өнүгүүсүнө карай аныкталышы керек. Атаандашууга жөндөмдүү студенттер, атаандашууга жөндөмдүү университеттердин болушуна жетишүү негизги максат болууга тийиш.
Мамлекет башчысы билим берүү тутумунда коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жөнүндө айтканда "Академиялык тазалык - бул жөн гана сөз эмес. Ал студенттерди тарбиялоонун негизи болууга тийиш", - деп баса белгилеп, бул жаатта КРСУ эң татыктуу үлгү боло аларын билдирди.
Салтанаттын соңунда мамлекет башчысы КРСУнун калыптануусуна жана өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон окутуучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрдө: КРСУнун ишмердүүлүгүнө арналган көргөзмөдө; сыйлангандардын бир тобу. Тарткан Э.БОЛЖУРОВ

- жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимге ылайык жана эки мамлекеттин Өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде ачылган КРСУ республикабызда биринчи мамлекеттер аралык билим берүү мекемеси болуп калды. Азыркы учурда университетте 45 адистик боюнча 10 миң студент билим алышууда. 15 жылдын ичинде университет Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын билим берүү боюнча стандарттарына төп келген 8 миңден ашык дипломдуу адистерди даярдап чыгарды. КРСУда 80 кафедра, 6 илимий-изилдөө институттары, 15 илимий-билим берүү борборлору, 4 лаборатория, аспирантура жана докторантура, 10 диссертациялык кеңеш, юридикалык клиника, медициналык борбор ж.б. бар.
Бул окуу жайдын эки мамлекеттин билим берүү мейкиндигинде салмагын көрсөтүп турат. Окуу жайда окутуучулардын 60 пайызы илимдин кандидаттары жана докторлору болуп саналышат. Мамлекеттер аралык жогорку окуу жайы болгон университет ошол эле кезде олуттуу тышкы саясый миссияны да аткаруу менен кыргыз-россиялык мамилелердин өнүгүшүнө бараандуу салым да кошуп келүүдө.





Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, илим жана билим берүү жагынан Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн "Данакер" ордени менен Россия Федерациясынын билим берүү жана илим министри Фурсенко Андрей Александрович сыйланды.
Ошондой эле, "Даңк" медалы менен Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Булаев Николай Иванович сыйланды.
* * *
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Көп жылдык педагогикалык иши, жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн медицина факультетинин деканы, профессор Зарифьян Анэс Гургенович "Данакер" ордени менен сыйланды.
"Даңк" медалы менен төмөнкүлөр сыйланды: Кумскова Наиля Хасановна - экономикалык теория кафедрасынын башчысы, профессор; Орусбаев Абдыкадыр - гуманитардык факультеттин деканы, профессор.
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө берилди: Бектенова Дамира Чотуевнага - финансы жана кредит кафедрасынын башчысы, профессор; Гайдамако Виктор Корнеевичке - экономика факультетинин деканы, доцент.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен өз алдынча хирургиялык сабактар кафедрасынын башчысы, доцент Чернецова Галина Степановна сыйланды.




Бошотуулар
Премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Галикеев Эмиль Шамилевич ээлеген кызматынан бошотулду.


Жаңы монеталар жүгүртүүгө чыгарылат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий билдирүүсүнө караганда, 2000-жылдын 18-декабрынан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында "Кыргызстан Улуу Жибек жолунда" сериясындагы 10 сом номиналындагы "Бурана" күмүш монетасы жана жез-никелден жасалган 1 сом номиналындагы, "Бурана", "Таш-Рабат", "Өзгөн архитектуралык комплекси" монеталары , ошондой эле "Евр АзЭШ өлкөлөрүнүн борборлору" сериясындагы 10 сом номиналындагы "Бишкек" күмүш монетасы жүгүртүүгө чыгарылат.
"Кыргызстан Улуу Жибек жолунда" сериясындагы коллекциялык эстелик монеталар Улуу Жибек жолундагы байыркы эстеликтерге- Кыргызстандын аймагында жайгашкан Бурана мунарасына, Таш-Рабат, Өзгөн архитектуралык комплекстерине арналып жасалган. Улуу Жибек жолунун чыйыры азыркы Кыргызстандын картасына да түшүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын герби бул монеталардын арткы бетинин негизги мотиви болуп саналат.
"ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн борборлору" сериясындагы коллекциялык "Бишкек" эстелик монетасы ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн баалуу металлдарынан коллекциялык монеталарды жасатуу жана сатып өткөрүү боюнча Эл аралык программанын чегинде чыгарылган. ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын бардык сериясын бириктирген негизги элемент болуп, аларга түшүрүлгөн ЕврАзЭШтин эмблемасы саналат.
Н.АКЫЛБЕКОВА




Орозалиев Керимкул Кенжеевич
Кыргыз Республикасынын коомчулугу оор жоготууга учурады. 17-декабрда 97 жаш курагында белгилүү коомдук-саясый ишмер, Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Орозалиев Керимкул Кенжеевич дүйнөдөн кайтты.

Орозалиев Керимкул Кенжеевич 1912-жылы Кант районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. 1926-1929-жылдары Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, 1929-1931-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумунда окуган. Андан соң жогорку окуу жайларга даярдоо курсун бүтүрүп, 1934-1937-жылдары Москвадагы тарых-архив институтунда билим алган. Институтту аяктагандан кийин 1937-1944-жылдары советтик-партиялык жетекчилик кызматтарда: Кыргыз мамлекеттик басмасында редактордун, радиокомитетинде төраганын орун басарынын, Кыргызстан КП БКнын басма секторунун башчысынын, Фрунзе обкомунун катчысынын милдеттерин аткарган.
1944-1946-жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, 1947-1952-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болгон. 1953-1955-жылдары КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасынан окуган. 1956-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун директору болуп дайындалып, ал кызматта 1977-жылга
чейин иштеген. 1974-жылы ал Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына корреспондент-мүчө болуп шайланган. 1977-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарыхы институтун жетектеген.
Керимкул Кенжеевич Орозалиев 80ден ашуун илимий эмгектердин автору. Ал "Советтик Кыргызстандагы тарых илиминин тарыхынын очерктери", "СССРдеги улуттук-мамлекеттик курулуштун тарыхы", "Көп улуттуу совет мамлекети" сыяктуу көптөгөн монографиялардын авторлорунун бири. "Кыргыз ССРинин тарыхы" деген көп томдуу жалпылоочу эмгек үчүн Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле Кыргызстандын илимпоздорунун атынан чыгыштаануучулардын Москвадагы эл аралык конгресси, этнография жана антропология илимдеринин эл аралык конгресси, Кушан маданиятынын тарыхынын эл аралык симпозиуму сыяктуу эл аралык илимий-конференция, сессия, симпозиумдарга жигердүү катышып, мазмундуу баяндамаларын жасаган.
Керимкул Орозалиев илимий иштер менен бирге коомдук иштерге жигердүү катышкан. Ал Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин, Фрунзе облустук жана шаардык Кеңештеринин депутаты болуп шайланган. Ошондой эле республикалык Азия жана Африка өлкөлөрү менен кызматташтык комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикалык тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо коомунун төрагасынын орун басары, СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комис-
сиясынын мүчөсү, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын редколлегиясынын мүчөсү болгон.
Анын талыкпаган илимий жана коомдук ишмердүүлүгү жогору бааланып, жогорку мамлекеттик сыйлыктарды алган. Ал Ленин, "Ардак белгиси", "Элдердин достугу" ордендери жана көптөгөн медалдар, үч жолу Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ири илимпоз жана
коомдук ишмер Керимкул Кенжеевич Орозалиевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат.

К.С.Бакиев, Нур уулу Досбол, М.Ч.Садыркулов, И.В.Чудинов, И.Р.Айдаралиев, Э.С.Ибраимова, М.А.Исмаилов, М.С.Сатыбеков, Э.О.Карабаев,
И.С.Болжурова, С.А.Раев, М.А.Суталинов, Т.О.Турдумамбетов, Ж.Ж.Жоробекова, А.А.Бөрүбаев, В.М.Плоских, Д.К.Кудаяров, Т.Т.Оморов, И.А.Ашимов, Б.О. Орузбаева, К.-Г.К.Каракеев, Т.К.Койчуев, А.А.Салиев, А.Ч.Какеев, В.И.Нифадьев, Ж.Ж.Жунушалиев, М.А.Мамакеев, А.Б.Бедель-баев.