, 19.12.08 - 12-13-бет:
 22-декабрь Кыргыз Республикасынын энергетика кызматкерлеринин күнү!

"Ош электр" ААКнын жамааты колдоого да, коргоого да муктаж..."
БЕКМУРЗАЕВ Доскул Жумагулович
Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун катардагы электр монтерлугунан баштап, мастер, башкы инженер, РЭСте начальник, "Ош электрде" башкы директордун биринчи орун басары, Бишкек шаардык соода-сатык кызматында начальниктин орун басары, "Түндүкэлектрде" коммерциялык директордун орун басары, Аламүдүн районунда Энергия сатуу ишканасынын начальниги, 2007-жылдын августунан 2008-жылдын апрелине чейин "Ош электр" ачык
акционердик коомунда башкы директордун биринчи орун басары, 2008-жылдын апрель айынан бери башкы директор. Үй-бүлөлүү, төрт баланы тарбиялап өстүрүүдө.

- Доскул Жумагулович, "Ош электр" ачык акционердик коомуна татаал мезгилде жетекчи болуп келдиңиз. Бушайман болгон күндөрүңүз болдубу? Деги эле сиз жетектеп турган ишкананын азыркы абалы тууралуу өз оозуңуздан уксак…
- Туура, мен Талас жергесинде туулуп өскөм. Бирок менин ата-энем Ош облусунун Ноокат районунда мугалим болуп, кыргыздын белгилүү инсаны, маркум Насирдин Исановго билим берген адам болгон. Демек, Ош жергеси мен үчүн бөтөн эмес. Өзүм болсо эмгек жолумду катардагы электр монтерлугунан баштап, электр тармагынын бардык тепкичтерин басып келдим. Мен "Ош электрге" ушундай кыйын мезгилде жетекчи болгонума бушайман болбойм, атам: "канчалык кыйынчылык болсо ошончолук чыңаласың, такшаласың",- деп айтар эле. Мен эки ГЭСибиздин курулушу тезирээк бүтүп, эл кыйналбай калса болот эле деп бушайман болом. Анан эми биздин "Ош электр" ачык акционердик коому негизинен Ош, Баткен облустарын, анан Ош шаарын электр кубаты менен камсыз кылабыз. 13 РЭСибиз бар.
- Электр энергиясын пайдалануучулардын карызы да, арызы да көптүр?
- Бүгүнкү күндө 1 млрд. 281 млн. 900 сом карыз бар. Арыздан болсо көз ачылбайт.
- Анда жагдай дагы деле жеңил эмес экен да?
- Жеңил эмес. Биринчиден, "Ош электрди" өзүнүн Уставы боюнча ишкана акционердик коом болгон соң өзүбүздүн күнүмдүк жан сактоо тиричилигибиз үчүн өзүбүз иштеп тапкан акчанын 30%ы бизге, 50%ы электр станцияларына, 20%ы улуттук электр тармактарына бөлүштүрүлөт. Ошол 30%дан айлык, салык, соц.фонд, күйүүчү, майлоочу майлар, электр жабдыктары, кагаз жана башка бардык керектөөлөрүбүзгө жеткирүүбүз керек.
- Былтыртан бери "лимит" деген чыгып, электр энергиясын үнөмдөө элдин көкөйүнө көк таштай тийди көрүнөт. Адис катары айтыңызчы, бул жагдайдан качан чыгабыз?
- "Лимитти" кимдир бирөө атайын ойлоп чыгарган нерсе эмес экенин эл-журт түшүнүп турат. Табигаттын эч кимге баш ийбей турган табышмагы болот турбайбы. Болбосо ар дайым мелмилдеп турган суу сактагычта суунун азайып кетишине кимди күнөөлөйбүз? Эгер, биз электр энергиясын бүгүн үнөмдөө менен пайдаланбасак, эртең кыштын кыроо чилдесинде электр энергиясыз калышыбыз мүмкүн. Болбосо мына биз деле былтыркы жылга салыштырмалуу электр энергиясын 50%га аз сатып жатабыз. Канчалык көбүрөөк сатсак, көбүрөөк пайда түшөт эле да. Бирок, баарыбыздын башыбызга түшүп турган жагдайды жалпы көтөрүүбүз керек. Биздин үмүтүбүз Камбар-Ата
ГЭСинде турат. Камбар-Ата1, 2 ГЭСтери курулуп бүтүп калса, Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде негизги ролду ойноого мүмкүнчүлүгү болот. Анткени ХХI кылымдын орчундуу проблемасы суу болот. Президентибиз бизге жакшы багытты түзүп берди, Камбар-Атаны өзүбүз куруп жатабыз. Буйруса, бул ГЭСтер бүтсө бардык маселелерибиз чечилет. Пакистан, Кытайга чейин электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк болот эле.
- "Түндүк электрден" келгенде эмгек жамааты сизди кандай кабыл алды?
- Башында жактырышпаганын, көп ишене беришпегенин сезип жүрдүм. Иштегениме 1,5 жыл болуп калды. Бүгүнкү күндө эмгек жамааты менен тил табышып иштеп калдык. Себеби, эмгек акыларын өз убагында ала башташты. Жумушка кие турган жылуу
кийимдерин, бут кийимдеринен бери алып бердик. Биринчиден, ар кимиси өз иши менен алек болуп, интрига үчүн эч кимдин колу бошобой калды. Экинчиден, жетекчи катары ишенип да калышты.
- "Ош электрде" эмгек акысын жылдар бою алалбагандар бар деп укканым бар?
- Мындай маселе болгон экен. Мен жетекчи болуп келгенде эмгек акыдан 42 млн. сом карызыбыз бар эле. Бүгүнкү күндө бул сан 33 млн. сомго түштү. Андан сырткары октябрь айында трансформаторлор үчүн бир вагон май сатып алдык. Акырындап келишим менен жаңы трансформаторлорду сатып алуудабыз. Кыскасы, маселелерди чечүүнүн аракетиндебиз жана кышка даярбыз деп тайсалдабай айта алабыз.
Алыс барбайлы, Ош шаарынын ичинде эң көйгөйлүү район болуп келген Черемушка кичи районун электр энергиясы менен толук камсыздоону жолго салдык. Жаңы щиттерди, жаңы эсептегичтерди сатып алып коюп бердик. Үйлөрдөгү электр түзүмдөрүн алмаштырдык. Азыр бул
райондо кыйынчылык жок. Электр энергиясы да, кабелдер да уурдалбай калды. Белгилеп кете турган жагдай, ушул жылы 547 даана 1 фазалык жана 3 фазалык эсептөө аппараттары алынып келинип, орнотулуп, жалпы баасы 447 миң 600 сомду түздү.
- Төлөмдөр кандай болууда?
- Биз азыркы мезгилде өткөн жылга салыштырганда 206 млн. 100 миң кВт саат электр энергиясын аз алуудабыз. Бирок ошого карабастан былтыркы жылга салыштырмалуу 60 млн. 600 сом көп чогулттук. Албетте, төлөмдөр дебитордук карыздардын эсебинен да кетүүдө. Мисалы, жылдын башында "Сүлүктү көмүр" 7 млн. сомдон ашык карыз эле, өчүрүп, талашып жүрүп, азыр алар алдын ала төлөп иштөөгө өтүштү. Кадамжай сурьма комбинаты 17 млн. сом төлөгөнү турат. Алардын дебитордук карызы бүтөт, жылуулук тармагынын карызы 36 млн. сом эле, азыр 23 млн. сому калды. Кыскасы, жылыштар бар.
- Элдин карызы кантти?
- Эл да төлөгөнгө көнүп калды. Былтыр эл бул мезгилде 305 млн. сом төлөгөн болсо, быйыл 360 млн. сом төлөштү. Башкача айтканда, 54 млн. 880 миң сомго же 18%га былтыркыдан көп чогулттук.
- Кыйынчылык көппү?
- Эң чоң кыйынчылык кадр маселеси. Тажрыйбалуу, мыкты адистер кетип бүтүшкөн. Үйрөтүп алалы десең жаш адистер да жок. Бизге ишке киргендер эки-үч ай иштеп күбөлүктү алып, бир нерсе үйрөнө баштаганда эле Россияга кетип калышат. Алынбай калган эмгек китепчелери толуп кеткен. Экинчи бир маселе - өзүбүздүн арабызда энергетиктердин көбүнүн жумушка кайдигер мамилеси. Көбү эле "жейли, ичели" деп келишет. Ушул жерди өнүктүрөйүн, изденейин деген адам чанда гана. Адистердин көбү мажирөө, тажрыйбасы жетишсиз, текшерүү келсе качып кетип калышат.
Анан эң чоң көйгөй - бул биздин трансформатордук кичи станциялардын, тизимдердин эскилиги. Ошолордун баарын жаңыртышыбыз керек. Инвестиция тартуубуз керек деп ойлойм. Учурдан пайдаланып Ош облусунун губернатору А.Карашевге, Баткен облусунун губернатору М.Жумабековго, Ош шаарынын мэри Ж.Исаковго ыраазылык билдирип кетмекчимин. Анткени, өздөрү энергетик болбосо да, энергетика тармагы боюнча Президент койгон милдеттерди аткарышып, бизге чоң жардам беришүүдө.
- "Ош электрде" эмгектенгендердин иши жарык жаркырап күйүп турганда эле кыйын болчу. Азыр андан бетер болгондур дейм?
- Азыр бизде 2156 адам эмгектенет. Сиз айтмакчы, 3 фазалык үйгө кире турган зымдардын баарын кырктык. Кафе, ресторандарда тамак жасоого, имараттын ичин жылытканга электр энергиясын бербей жатабыз. Жакында 4 кафе менен болгон техникалык келишимди буздук. Тынбай рейддерди өткөрүп, уруксатсыз улап алгандарды таптакыр кыркып салуудабыз. Сауналардын баарын кыркып салдык. Башта эсептегичи жок 2359 абонентке эсептегичтерди койдук. 22152 эсептегич алмаштырылды. 4325 эсептегич көрүнүктүү жерлерге жайгаштырылды. 18880 даана бир ирээт пайдаланылуучу пломбулар коюлду. Карызы көптөрдүн үйлөрүн кыркып жатабыз. Анан биздин кызматкерлерди жакшы көрмөк беле. Кээ бир жерлерде токмоктоп, бычак сайып, итке талаткан учурлар болууда. Караңгыда чогулуп тепкилеп кеткендер да болду.
Учурдан пайдаланып, ошол 2156 адам деле бирөөнүн атасы, бирөөнүн иниси, бирөөнүн баласы экенин, аларды да үйлөрүндө балдары күтүп отурушканын, ошолор ушул облуста жарык болсун деп жүгүрүп жүрүшкөнүн, эл кызматында жүргөндөргө андай мыкаачылык кылууну токтотууну өтүнмөкчүмүн. Ушундай оор мезгилде биз элге колубуздан келишинче жарык берүүгө аракет кылып жатабыз.Биздин электриктер кээде түнү менен иштеген учурлар болууда. Ушунун баары, албетте, эл үчүн болгонун белгилегим келет жана биз сиздердин колдооңуздарга муктаж экендигибизди айтмакчымын.
- Электр энергиясын уурдагандарга кандай чара көрүп жатасыздар?
- Электр энергиясын уурдаган 45 абонент тарабынан келтирилген 10 млн. 204 миң 100 сомдук доо өндүрүү иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, "Ош электр" ачык акционердик коомуна он абоненттен 164 миң 200 сом өндүрүлгөн. Беш абоненттен 26 миң 300 сомдук доо иши сот аркылуу өндүрүлүп берилип, үч абоненттен 15 миң 500 сом түшүрүлгөн. Мындай тизмени айта берсек санак узара берет.
- Карыздарын төлөбөгөндөрдүн ишин да укук коргоо органдарына өткөрөсүздөрбү?
- Антпесек болбой жатат. Быйыл эле 180 абоненттин 17 млн. 768 миң 700 сомдук доо иштери укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мындай укук коргоо органдары аркылуу карыздарыбызды өндүргөн учурларыбыз көп.
- Жакында бир көп кабаттуу үйдүн капталдагы дубалынан "Силердин карызыңар…..сом" деген чоң көрнөктү окудум. Аны да сиздер илдиңиздерби?
- Азыр ошондой кылып жатабыз. Мисалы, Ош шаарында тогуз үй жылуулуктан баш тартышкан. Бирок, жарыкка да төлөшпөйт. Көбүнчө көп кабаттуу үй-бүлөлүк жатаканаларда ушундай болууда. Мындай үйлөргө чоң тактайга жазып туруп, айрып, тыта албагыдай бийик илип коюп жатабыз. Төлөбөсө өчүрүү мөөнөтү да жазылууда. Айрым ошондой жатаканалардын карызы 13 млн. сомго чыккан учурлар болууда.
- Канча абонентиңиздер бар?
- 310 миң тиричилик багытындагы, 17 миңге жакын тиричилик багытындагы эмес абоненттерибиз бар.
- 22-декабрь кесиптик майрамыңыздар экен, ушул күнгө карата мыкты иштегендерди атабайсызбы?
- Биринчиден, кесиптештеримди, эмгек жамаатымды кесиптик майрамыбыз менен куттуктайм. Ден соолугуңуздар чың, өмүрүңүздөр узун болсун. Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди кааламакчымын. Анан эми бизде демилге менен, чыгармачылык менен жанын аябай мыкты иштегендер көп. Баарын айтып отурсам тизме көбөйүп кетиши мүмкүн, бирок Лейлек РЭСинин, Чоң-Алай РЭСинин, Ош РЭСтеринин, Ош сатуу ишканасынын иштерин белгилөөгө арзыйт деп эсептейм.
- Кандай максаттар бар?
- Максат көп, негизгилеринен жоготууну азайтуу боюнча 2009-жыл үчүн комплекстүү план иштелип чыгылууда. Жыл башынан баштап жоготууну 30%дан ашырбообуз керек. Эсептегичи жок абоненттердин бардыгына эсептегич коюуга жетишүүбүз зарыл. Техникалык жоготууларды азайтуунун жолдорун табуубуз керек. Эскирген трансформаторлорду алмаштырабыз. Эң негизгиси, эмгек жамаатынын эмгек акыны өз убагында алуусуна жетишүүбүз керек. Мыкты адистерди кетирбей алып калуунун механизмин иштеп чыгуубуз зарыл. Анан албетте, элдин саны көбөйүп, жаңы конуштар түшүп жаткан
райондорду трансформатор менен жеткиликтүү камсыз кылуу, кабелдерди жаңылоо маселелерин да көз жаздымда калтырбоого тийишпиз.
- Ийгиликтерге да токтолуп кетпейсизби?
- Бүгүн минтип энергетикалык кризис бууп турганда мактана албайбыз го. Ошентсе да айтып кетүүгө арзыйт деген ойлорум, пикирим бар. Мына кыш келди, трансформаторлор тынбай күйүп кетүүдө. Эмнеге күйүп кетип жатат деп эч ким сурабайт. Жаңы конуштар жазгы козу карындай көбөйүүдө. Бирок трансформаторлор баягы эле трансформаторлор. Жаңы конуштарга өзүнчө трансформаторлор коюлуш керек эле. А бизде баары чогулуп эле бир трансформатордо. Ушул жагдай каралбай жатат. Анан биздин тизимдер үйлөрдү жылытканга эсептелген эмес. Биздикилер үйлөрүнө бир-экиден электр жылыткычтарды сайып алышууда. Анан, албетте, трансформаторлорубуз чыдабайт да…
- Эл ичинде болгондо айтып калышат, "өзүбүз трансформатор сатып алып иштетип жаттык эле, эми бузулуп калса "Ош электр" ремонт кылбай, өз балансына албай жатат" дешет, ушул туурабы, а эмнеге антесиздер?
- Бул туура эмес. Эгерде эл өзү же жанагы депутаттыкка талапкерлер же АРИС программасы аркылуу элге трансформатор коюп берилген учурлар болсо, "Ош электрдин" алардын баарын өзүнө сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер алар өз ыктыяры менен трансформаторду бекер өткөрөбүз дешсе эксплуатациялоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок ал трансформатордун документтерин тууралаш керек. Мисалы архитектура тарабынан жер бөлүнгөндүгү боюнча ИПЗ, АПЗ деген документтер берилет. Ушул нормативдик документтерди бүткөрүү керек. Документтерин бүткөрүп бергиле десең болду, ошол бойдон качып кетишет. Документтердин артынан чуркаган адам жок. А бизде ар бир трансформаторго чыгым боюнча каражат бөлүнөт. Биздин балансыбызда жок трансформаторго чыгым кыла албайбыз. Эгер чыгым кылсак эртең жооп беришибиз керек.
- Адистер өндүрүмдүү иштөө үчүн аларга камкордук, шарт керек. Сиз жетекчи болгондон бери кызматкерлериңизге ушундай камкордук көрө алдыңызбы?
- Кандай жетекчи болбосун ишти ошол эмгек жамаатынан баштоо керек деп эсептейм. Адис көңүлдөнүп, дилин коюп иштөө үчүн эмгек акысын өз убагында алыш керек, отурган жери жылуу болсун. Иштегенге мүмкүнчүлүк болсун. Ушул жагдайларды эске алып "Ош электрде", Ош РЭСинде жана Ош энергия сатууда кабинеттерге пластикалык эшик, терезелерди койдурдук. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн жылуулук казандарын көмүргө өткөрдүк. Кызматкерлердин өндүрүмдүү иштөөсү үчүн 17 компьютер, 20 принтер, факс сыяктуу орг. техникаларды сатып алдык. 2008-жылы "Ош электрдин" кызматкерлери арасында кесиптик чеберчилик боюнча сынак уюштурулуп, Кара-Суу РЭСи биринчи орунду жеңип автомобиль, Сүлүктү РЭСи компьютер, Лейлек РЭСи көчүп жүрүүчү радио станция менен сыйланышты.
- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
- Ачыгын айтсам, акыркы убакта бош убактым деле болбой калды. Себеби, күн-түн тынымсыз иштеген күндөрүбүз болууда. А негизи спортко, футболго, күрөшкө, аңчылыкка бала кезимден эле кызыгам.
Маектешкен
Жыпара АКУНОВА,
Сүрөттөрдө
"Ош электр" ААКнын жамааты