, 19.12.08 - 11-бет:
  Тарых күүсүндөгү инсан

Теке баатыр
(Башталышы гезиттин
№94 санында)
Баарынан да ал аштын соңунда өткөрүлгөн эр сайыштын опурталдуу беттешүүлөрү да көргөн элди дүрбөлөңгө салып, муундарды калтыраткан тура. Таластыктар алдын ала баамдашкандай эле, казак туугандар дубан сайышка даярданышкан. Атаандашкан ал мелдешке Теке баатырга өнөктөш болуп, Рыспек балбан аттанат. Каргашаны кайдан деп болжоо кыйын тура. Найзакерлердин алгачкы эле беттешүүсүндө, Рыспектин аты тепкенде тегиз жерден мүдүрүлүп... аттан кулап, жеңилдиге эсептелип калат. Теке баатырга ошентип, казак найзакерлери менен жалгыз беттешүүгө туура келет. Казактын "Чоң таман" (өз аты Сарден баатыр) баш болгон өнөктөштөр жалгыз калган Теке баатырды жекелөөдөн намыс көрүштүбү, айтор, Текеге алгач Рыспекти "мерттиндирген" найзакерин "шилтеген" тура. Ансыз да ызасына келип турган Теке баатыр да, дуу коюп, алгачкы эле беттешүүсүндө атаандашын ыргыта сайып түшүрүп, жекеме-жеке калган "Чоң таман" менен кумардан кана 5-6 найза ооштурушуп, алдыларындагы аргымактары да алдан кетип, кара тер басып, өздөрү да суй жыгылганча найза кезешкен дешет.
Мелдештин шарты боюнча дубан сайышта тең чыгуу деген болбойт тура. Беш-он мүнөт тыныгуу беришип, найзакерлерди эл ортосуна кайра чыгарышат. Теке баатыр да айыгышкан ал беттешүүсүндө Манас атабыздын арбагы деп... Чоң тамандын "боз чымынын" учуруп, ат саты менен "жер чийдирген" дешет!
"Теке баатыр кесеңди, Ыргыта сайды Чакенди", - деп Алымкул төкмөнүн унутулгус эки сап ыры, анан казак боордоштордун чакырыгына "көч башын тизгиндеп" барган Жанкороз бийдин калың элдин "кучагында" кемер курун мойнуна иле, кубанычтан көз жашын чайып, "Сени тууган энеңе да, таалим-тарбиясын берген атаңа да рахмат", - деп, кайра-кайра алкап... турмуштагы мындай сейрек тарта кезиге калчу окуя, көкүрөк уялап, күнү бүгүнкүдөй эсте келет.
Акыркы таймаш
Теке баатырдын акыркы таймашы Кыргызстандын жыйырма беш жылдык азем-тоюнда, Бишкек калаасында өтөт. Тагдыр буйруп, ал салтанат-майрамында жумгалдык айтылуу найзакер Козугул уулу Отор баатыр менен беттешет.
Кыргыз журтчулугунун ал салтанат-майрамына, улуттук оюн-зоок иштерине катыштырууну максат кылышып, жетекчилер эр эңишке мени, эр сайышка Теке баатырды алып барышкан эле, - деп сөзгө аралашат салабаттуу Дөөлөтаалы карыя.
Фрунзе калаасы да майрамдык шаңга бөлөнүп, гүлзарлардын кучагында экен. Калаанын ат майданында, көргөндүн көз жоосун алып, ак өргөөлөр тигилип... көрсө улуттук оюн-зоок иштеринин мерчемдүү бөлүгүн ушул жайда өткөрмөй болушкан тура. Таластыктар да ал салтанатка куру кол барышпай, үй көтөрүшүп, элдик азем-буюмдарыны көргөзмөсүн да уюштура барышат.
Ынтызарлуу элди дүрбөткөн улуттук оюндардын ортолоп калган маалында, эр сайышка аттангандарды (азем-салтанаттын уюштуруучулар тобунун жетекчиси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы Кулатов Төрөбай мырза эл ортосуна алып чыгып, баатырларга кайрылып, өткөн күндөрдүн "опурталдуу" жагын эстен чыгарып, эр сайыштын бүгүн Сиздер тек гана жол-жоболорун калың журтка көргөзүп бергиле. Бүйүрүңөр кызып кетип, бирөөңөрдү бирөөңөр майыптап коюп, уят болуп жүрбөйлү. Баатырлар да төраганын жүйөөлүү айткан кебине ынангандай болушат.
Беттешүү алдында найзакерлердин эр сайышка даярданган жол-жоболору, баарынан да алп денелүү найзакерлердин кийген зооттору, шарттуу жасалгалары, өйдө-төмөн камчы үрөп, ат туягын "женилдетип" найза кезешкендери, ынтызардуу, элди дүрбөтпөй койгон жок дешет. Анан, беттешүүгө белги берилгенде, баатырлар да аттарына оңду-солду камчы "шилешип", сунган найзалары кылкылдап, ат туяктарынан учкан даңкандар туш-тушка октой учуп...
Теке баатыр адатынча ителгидей шукшурулуп, жалтанып койбой, көз ирмебестен, томуктай түйүлүп, алга умтулат. Отор баатыр да ат тизгинине карабай, найзасын чарк имерип, ат үстүндө жар тирегендей болуп, көкүрөк керип, камчысын кесе тиштеп келет. Аттары жаа тарткандай арыш керет. Найзакерлер, кантсе да, бир серпишип өтүштү дейт. Экинчи жолку беттешүүгө кезек келгенде, төрага - "бүйүрүңөр кызып кетчүдөй..." - деп тең чыкты кылып бүтүрткөн экен.
Кыргыз журтчулугунун ал салтанат-майрамында, "улутубуздун унутулгус эр оюндарын өнүктүрүү ишине кошкон зор салымы үчүн" - деп, найзакер - баатырларга өкмөттүн Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыгы ыйгарылган тура.
Соңку кеп
Теке баатырдын үй бүлөлүк турмушунан, анын эки ата өткөн жакын тууганы Муратбек уулу Дилдебек карыя кеп салат.
- Айтылуу Теке баатырдын санжыралуу өткөн өмүр жолу, уккан-көргөн адамдарга, асыресе биздин келечек жаш муундарга кызыкдар тартаары да калетсиз.
Теке баатыр эр оюндарынын "төрөсү" - белгилүү найзакер гана болбостон, ар кыл өнөргө шыгы артылган атуулдардын биринен болучу. Өзгөчө элдик дарыгер-табыпчылык касиетине да эгедер эле. Ал санжыраны мүдөөсүнө келтире айткан сөзмөр адам болучу.
Сөз удулу келгенде айта кеткенибиз оң. Теке он жыл чамасында касиеттүү Манас бабабыздын күмбөзүнө шайык болуп, анын эстелик жайын оңдоп-түзөтүүгө, көрктөндүрүп-тартиптештирүүгө да көп салымын кошкон. Эл сыйына арзыган, кайран баатыр! Карый түшкөн маалында дале ал- күчтөн тайбай, азоо жылкыларды жалдан бурап, куйруктан силкип токтотуп, кара малдын "какшаал" жиликтерин барчалап сындырып, каны качкан билектей бутактарды сыгып "мөлтүрөтүп" суусун чыгараар эле.
Теке биринчи аялы - Калия айымдан балалуу болбой... экинчи аялы Керимден эки кыз, бир уулдуу болгон.
Баатыр жетимиш жаш курагында уулдуу болуп, атын Жетимиш койгон. Ал бир катар жылдары Чүй боорунда, ички иштер тармагында эмгек өтөп жүрүп келди. Жетимиштин сүмбөттөй болгон, биринен бири өткөн - Мелис, Эрнис, Марлис аттуу үч уулу, чоң атасын тартышып "үмүт" байлап өсүп келе жатышат.

Нуржан КАСЫМБЕКОВ,
Кыргызстан улуттук жазуучулар жана
журналисттер
кошундарынын мүчөсү




  Сандан-санга

Алаңдын аскасы же кыргыздын сабак болчу санжырасы
(Башталышы гезиттин №94 санында)
Жолдордун үстүнкү учун өзүңөр карайсыңар. Эки жолдун этегин Ордонун малын баккан адамдар кайтарып, күнү-түн көзөмөлгө алып турушат. Алаңдын үстүнө чыкканга аларга да уруксат жок. Керек учурда Ордого барып, тамак-аш, кийим-кече маселелерин өзүңөр чечип турасыңар".
"Улуу уулум - Арстанды силерге калтырып, Буканы өзүм менен Ордого алып кетем" дейт хан дагы сөзүн андан нары улантып. "Кийин өзүңөрчө Ордо тиксеңер, Арстанды, же анын тукумунан хан көтөрөсүңөр. Ага чейин ал силердин башчыңар болот. Андан башка, салт боюнча, Арстанга жана үч башчыга мен жаңы наам - ысым беремин, ал эми силерге ысымды билги болуп шайланган адам берет. Арстандын мындан наркы ысмы "Тубай" болсун, андан тараган тукум жортуулга чыкканда тууну алып жүрсүн, тынч күндөрү эл башкарып, төрүңөрдө отурсун" деди. Анан андан кийин кырк жигит Сайан хан айткандай, өздөрүнүн ичинен эң акылман бирөөсүн - "билги", эң баатыр экинчисин - "төрө", эң калыс үчүнчүсүн - "бий" кылып шайлашты. Анан билги наамын алган адам, кудай тарабынан берилген белгисине, касиетине, кылган өнөрүнө жараша калган жигиттердин ар бирине ысым ыйгарды. Ошондон кийин Алаңдын үстүндөгү чептин ичинде ак боз атты курмандыкка чалып: "Атыңар, наамыңар кут болсун, Көкө Теңир өзү колдосун! Тукумуңар өсүп-өнүп, бак карап, кыдыр даарыган эл болгула!" -деп Сайан хан бата берди. Кырк жигит, кырк кыз "айтканыңыз келсин" деп, Күндү тиктеп дуба кылышты.
Сайан хан дагы мындай деди: "Кокус душман капысынан басып, биз кыргынга учурасак, анан алар силердин дайыныңарды угуп, ушуерге чейин келсе, эгер эки жолдун бирин билип, силерге чыгып келүү коркунучу туулса, анда алар менен согушпастан, чепти калтырып, экинчи жол менен аскадан түшүп, тоо аралап кирип кеткиле. Өзүңөрчө эл-журт болуп көбөйгүчө эч кимге сырыңарды ачпагыла, эч ким менен согушпагыла. Тандалган элдин душманы көп болот. Бирөөлөр: "Элиңер ким?" деп сураса, элибиздин түпкү атын атап "Огуз"5 деп айткыла, урууңарды - "Кырк уул" дегиле. Качан айланаңардагы майда урууларды бириктирип, башка элдерди баш ийдиргенге күчүңөр жеткенде, Ордо тигип, анан элиңердин өз атын көтөрүп, дөөлөтүңөрдү "Кыргыз" деп атагыла".
"Эч качан уулуңарды да, кызыңарды да бошоң-борпоң кылып өстүрбөгүлө, коркок, мажүрөө кылып тарбиялабагыла" деди Сайан хан дагы. "Дайыма ат үстүндө жүргөн, сөзгө
маани берген, согуш өнөрүнө маш, баатыр, эр жүрөк жоокер кылып, курчутуп тургула. Анан эң негизгиси : кайда жүрсөңөр да, Кыргыз экениңерди билгиле. Акылмандардын, баатырлардын иштерин даңктап, атадан балага, ооздон оозго: "кыргыз жоокер эл" экенин эскертип жүргүлө. Качан болсо да, карыларды сыйлагыла, алардан ажырабагыла, алардын көңүлүн чөгөрүп, назарынан калбагыла. Алардын тажрыйбасын билгичтик менен колдонгула. Ошондуктан силерге акыл - насааттарын айтып, баш - көз болушу үчүн акылман Булан карыяны, санжыра айткан Атай, Манас айткан Сазанды дагы калтырам…"
** *
Уламыш негизинен ушуну
менен аяктайт. Мен таятам айткан уламыштын мазмунун бузган жокмун, бирок текстин көркөмдөп бердим.
Андан кийин, канча убакыт өткөнү белгисиз, Аксы аймагын кытай каптап, согуш болгону, Алаңдын үстүндөгү чеп ошондо кыйрап, талкаланганы тууралуу Аплатун хан жөнүндөгү уламышта айтылат. Анан санжырачылар: Саруу ичиндеги Тубай менен Кырк уул уруктарын ошол "кырк жигит менен кырк кыздан" тараган урпактар дешет.
"Уламыштын уругунда чындык бар" деп жүрүшөт изилдөөчүлөр. Жогоруда айтылгандар, биздин байыркы ата-бабалар малдын тукумун гана асылдандырбастан, элдин тукумун жакшыртуунун үстүндө да ойлонуп, иштеп келишкенинен кабар берип турат. Башка элдердин кандай тажрыйбалары болгонун биз билбейбиз, бирок биздин ата-бабалардын кээ бир "эски" салттарында менимче, улуттук интеллигенцияны жана анын алдыңкы өкүлдөрү болгон илимпоз адамдарды да ойго сала турган нерселер көп экенин жашым өйдөлөгөн сайын улам сезип келатам.