, 19.12.08 - 10-бет:
  АДАБИЯТ

Акын Токтогулдун адеп-ахлак дүйнөсү
(Башталышы гезиттин
№94 санында)
Бирок, кантсе да, чымчыктын
ичер суусу, көрөр күнү бар экен, оңдой берди болуп, ары жакта жүргөн койчу жүгүрүп келип, торгой кургурду арачалап куткарып калат.
Аман калган торгой койчуга алкышын айтып түгөтө албайт. Беш балам жетим калбасын деп жалынса да карабай, кайра төш этин чокуп сугунган жырткыч Турумтай Сибирдин азаптуу жолдорунда Токтогул жалбарып суранса да, кылчалык кайыр кылбай, кайра камчы менен сабаган падышачылыктын таш боор полицайларын көзгө элестетет. Торгойду өлүмдөн куткарган койчу жакшылыктын, адамгерчиликтин, боорукерликтин символу катары көрүнөт.
Жыйынтыктап айтканда, Токтогулдун аталган эки ырынын жана башка чыгармаларынын мазмундук логикасынан сызылып чыккан нравалык жыйынтык буга келип такалат: Эгерде адам зулум болсо, таш боор, кайыры жок кара мүртөз болсо, адамдардын кайгы-муңуна кайдыгер, жакшылыгы жок бир макулук болсо, анда анын айбан жаныбардан айырмасы деле жок. Адам болуунун жолу жан-дүйнөнүн боорукерлигинде, кайрымдуулукта, күйүмдүүлүктө, бей-бечарага караштуу гумандуулукта, акылдуу боорукер жүрөктө. Дал ушундай Токтогулдун моралдык философиясы бүгүнкү жеке менчикти туу кылган, акча, акча, пайда, пайда деп араанын ачкан капиталисттик заманда, адамдардын өз ара мамилелери көбүрөөк эсепке негизделип, нарк-насилден улам оолактап бараткан мезгилде биз үчүн аба менен суудай керек дөөлөт. Боорукерликтин зарылдыгын Токтогулчасынан түшүнгөн тереңдик жана аны Токтогулчасынан көөдөнүндө көтөрүп жүргөн руханий этика адеп-ахлак бийиктигинин өрнөгү.
Акындын кайраты, күчтүү эрки урпактарга улуу сабак
Токтогулдун этикалык дүй-
нөсүнөн биз үйрөнө турган дагы бир нравалык сабак бар. Бул таалим сабак жөнүндө дароо кепке өтүүдөн мурда XX кылымдын 60-жылдарында маданий-театралдык турмушта болуп өткөн бир окуя-эпизодду эске түшүрүүгө туура келет.
Актёр жана белгилүү драматург, маркум Бакы Өмүралиевдин төмөнкүдөй деп эскергени бар. Борбордогу кыргыз драма театрында Токтогул жөнүндө "Акындын үмүтү" аттуу драма коюлуп, Токтогулдун ролун ал кездеги жаш актер Бакы Өмүралиев аткарат. Б.Өмүралиевдин өзүнө сөз берели:
"Бөтөнчө мен Токтогулдун Сибирден качып келип, азиз болуп калган энеси Бурмага жолуккан жеринде толкунданып, жаш чыгарып, чыны менен эле толук берилип аткардым. Ал эми эл чогулуп, уулу Топчубайдын өлгөнүн угузганда, токтоно албай, ого бетер шолоктоп ыйладым. Көрүүчүлөр үн чыгарбай дымып отурушат. Спектакль бүттү. Театрга келген эл актёрлордун ойногонуна ыраазычылык билдирип, көпкө кол чабышты. Башкы каарман, эл акыны Токтогулдун ролун ойногонго эдиреңдеп, кубанычым ичиме батпайт.
Кийинип сыртка чыксам, Муратбек Рыскулов ары-бери басып турган экен, ээрчишип Дзержинский бульварын аралап бастык.
- Ии, оюңда кыйраттым деп турасың го,-деди Мукем.
Мен дароо сууй түштүм.
- Эмне, коломтосунун башынан карыш жылбаган жаман кишилерче, бырбыктап ыйлайсың?.. Сенин ыйың кимге керек?.. Ыйлап койсоңор эле кыйын актёрбуз деп жүрсөңөр керек, деги ыйлаак актёрлор көбөйүп кетти. Токтогул эл-жер көрүп бышып, чыйралып, ааламдагы саясый чоң окуяларга каныгып келген адам. Текстинде:
"Кейибеймин кеткенге,
Өкүнбөймүн өткөнгө.
Мен ыраазы болоюн,
Эл журтума жеткенге", -
деп жатпайбы, Токтогулдай элдик адам эл көзүнчө ыйлабайт. Ошондой шартта көзүңдөн салаа-салаа жаш чыгаргандын ордуна, ичиңден түтөп, сезимиңе эрк бербей, өзүңдү бекем кармап, чымырканып турсаң көрүүчүлөргө, ыйлаганыңдан алда канча күчтүү таасир бермек. Трагедия, драматизм көз жашта эмес, ролдун мазмунунда"
(Китепте: М.Рыскулов 53-54 бет, 1980-ж.).
Бул эскерүү - мисалдан улам айталы дегенибиз эмне? Айталы дегенибиз, улуу актёр Муратбек Рыскулов өзүнүн жаш актёрго айткан сынында сахнадан көзүнүн жашын агызып ыйлаган жашык Токтогулду эмес, духу, эрки күчтүү, кайраттуу Токтогулду көрсөтүүнүн чындыкка туура келерин баса белгилеген. Ал эми жаш актёр болсо, сынды туура кабыл алып, Токтогулду бошураак, жашыгыраак кишидей кылып ойноо жөндүү болбостугун ичинен туюнуп, өзүнчө жыйынтык чыгарган.
Чындыгында эле Токтогул реалдуу жашоодо Муратбек Рыскулов айткандай, өмүрүндө чоң саясый окуяларга аралашып, турмуштун катаал кыйын кезең мектебинен өтүп, бышып чыйралган, жердигинде ичинен таштай бекем, эр адамдын көктүгү бар, эрки чымыр, кайраттуу инсан болгон экен. Эгерде ушундай мүнөздөгү адам болбосо, Токтогул жанагыдай Сибирдин каторгасынын киши баласы чыдагыс, өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу дегендей азап-тозокторду, уруп-сабоолорду, моралдык басынтууларды, качып келе жаткан узак жолдогу көргөн кордуктарды, жалгыз баласы Топчубайдын өлүп калышына, аялынын башка эрге тийип кетишине жана жалган жалааларга байланышкан оор психологиялык күйүттөрдү жана каардуу тагдыр соккуларын көтөрө албай өлүп калышы да мүмкүн эле.
Токтогул менен бирге Сибирге айдалган далай кыргыздар азапка чыдабай өлүп тынышкан. "Бирге келген жолдоштор, боз топурак басып жоголду" - ("Жолдош болбо жаттарга" ырынан). Акын туткун замандын, бийликтин адилетсиздигине, ырайымсыздыгына туталанып, кээде буркурап ыйласа да, баары бир ичинен бекем, өжөр, багына турган түрү жок. Түрмөдө колу-бутундагы кишенди шалдыратып отурган Токтогулдун өзүнүн сөзүн тыңшап көрөлүчү:
Аркан салып мойнума,
Кара дарын курса да,
Кайран тилим жаңылбайт,
Падышаң карап турса да,
Каптатып дайра бурса да,
Төрөңдү төрө дебесмин,
Бешенемде турса да,
Баш ийбеймин өлгөнчө,
Бетимди тилип урса да.
Карайды жаным ушундай,
Каныма тоюп жутса да.
Мына ушинтип, Токтогул өзүн төбөсүнөн баскан жамандыкка карата ичинен бекем тиштенип, көгөрүп, тырыша кармашып, намыстана тикесинен турган.




  Сандан-санга

Нурмолдонун кылым карыткан арбагынын алдында арууланганыбыз жөн
(Башталышы гезиттин
№94 санында)
Факты - өжөр нерсе дейт эмеспи. Эски Жаңы-Жол районунун аймагындагы Ак-Суудан тартып, Касан, Жаңы-Коргон шаарларынан өтүп, Сыр-Дарыянын кылда жээгинде турган Аксикенти шаарына чейин Аксы же Аксы багыты экенин ким билбейт. Билбесек билип, көрбөсөк көрүү парз экен. Аны кечээ аталган Аксы районунун чегине куушуруп, жерчилдик кеселдин кесепетинен керилген кулачты нукумга айландырып, Нурмолдону колтукта турган Кош-Терекке ыраа көрбөй, жасалма жол менен жакындатмак болуу, бери болгондо көчмөнчүлүктөн космос заманына келип калганын сезбеген түркөйлүктү гана түшүндүрөт. Демек, акыйкат сөзгө келгенде Нурмолдонун өмүр баянына байланыштуу Калмурат Рыскулов аксакалдын айткандарынан алыстай албайт экенбиз. Акындын алгачкы киндик каны тамган жерге келгенде гана азыр 82 жаш курагында күүлүү отурган Кош-Алма айылынын тургуну Балтагулов Атамурза аксакалдын сөзүнө жалгай Калмурат аке Рыскуловдун жазгандарына кошумча киргизе кетүүгө туура келет экен. Нурмолдо Наркул уулу Кош-Терек кыштагында эмес, Баймак айылында туулуп, 15-16 жаш курагында бир ак сакал адам менен Кашмирге кетип, андан Мекке, Мединага барып, он жылга жакын четте жүрүп келгенден кийин гана Кош-Теректеги чике багыш туугандарына көчүп барып, калган өмүрүн 82 ге чыкканча ошол жерде өткөрүп, сөөгү да ошол жерге коюлган экен. Анын сөөгү жаткан жерге жердештери асмандаган зор күмбөз тургузуптур, биз барганда жанында токой болуп турган жаңгактары бышып төгүлүп туруптур, ырым кылып бир уучтан чөнтөгүбүзгө сала да келдик.
Азыр Баймак аталган кыштактын пайда болушу да жергиликтүүлөрдүн айтымында Нурмолдонун ата-бабаларына барып такалат экен, алардын бири бай киши болуп, суусу мол, жайыты жакшы ушул жерге конуп, Касан шаарындагы тааныштары аркылуу алгачкы көчөттү отургузуп, бара-бара бакка айландырыптыр. Ал жерди адамдар "байдын багы" деп, анан кыскарта "бай бак" деп айтып жүрүшүп, аягында Баймак болуп кетиптир. Бул кыштактын да көпчүлүгү Нурмолдонун уруулаштары - чике багыштар болот экен.
Кош-Терек болсо илгери чоң шаарлардын бири болгон дешет. Нурмолдо базар күндөрү дайыма ошол жерден чыгып, Кербендин (Каравандын) базарына барып (анда Кербендин базары ошол аймактагы эң зор базар болгон дешет) тааныш-тамырларына жолугуп, элге ырдап турчу экен. Атамурза аксакал: "Кербендиктер менен
жаңыжолдуктар акынды ошол жерден көрүшсө керек, мен ал чөлкөмдөрдө көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштедим, бирок, Кош-Теректик Нурмолдодон башканын болгонун жергиликтүү элдерден уккан эмесмин,"-дейт. Жогоруда аталган топтогулар эл билбеген дагы бир Нурмолдону кайдан таап алышканы белгисиз. Ошол аксуулук белгилүү журналист жана акын Анаш Сооронбаев да К.Камбарбековго андай акын тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан экен (Нурмолдонун "Чыгармалар" аттуу китебиндеги "Нурмолдонун урпактары" деген макаланы караңыздар!). Ал эми Аксы районунун кулуну, азыркы атанган тарыхчылардын бири, акын Абдыракман Алымбаев (Баяс Турал) да менин өзүмө телефондон Ак-Сууда андай акын болгонун укпагандыгын айтканы бар.
Мейли, көзү өткөн ырчылардын республикалык тизмесинде болбогон менен Аксы районунун бир бурчунда Нурмолдо деген жамакчы же ырчы жашаган экен дейли, бирок, чет элде өткөн беш-он жылдык өмүрү, зор диний илими бар, шакирттери Жеңижок, Токтогул, Эшмамбеттерден бир топ улуу (чейрек кылымдан ашык), академик А.Эркебаевдин сөзү менен айтканда улуттун улуу акыны Нурмолдо Наркул уулун тигил эл-журтка белгисиз жамакчынын деңгээлине түшүрүп, адабий мурастарына күмөндүү кароого таптакыр акылары жок болчу. Баарынан да А.Эралиев менен С.Мырзабаевдердин Нурмолдо Жеңижокту: "Шакиртим деп төмөн коюптур", - деп күнөөлөшкөнү таң каларлык. Жалпак тил менен түшүнүктүү кылып айтканда "Устаттан шакирт өтөт" деген элдик макалды билбегендик же анын маңызын түшүнбөгөндүк гана болушу мүмкүн. Негизи классик жазуучубуз Мукай Элебаев:
"Бир көтөргөн адамды
Алды-кийинин карабай
Асмандаткан март жаман.
Бир эңкейткен адамды
Өлөрүнө карабай
Жампайта баскан шарт жаман"- деп өтө таамай белгилегендей, Жеңижокту асмандатыш үчүн (ага анын зарылдыгы деле жок) Нурмолдону жампайта паска тартуунун зарылдыгы бар беле? Жок. Тескерисинче Токтогул, Жеңижоктордун улуу ырчылардан болушуна Нурмолдонун шариаттан үйрөтүп, акыл-насааттарын айтып, тазалыкка чакырып, атүгүл сабаттуу кылып көзүн ачканы (Жеңижок китеп окуп, жаза да билгенге жетишкен экен) зор таасирин тийгизген чыгар. Бардык учурда тереңдете изилдеп, фактыларды тактап алып анан айткан ынанымдуу болот, башкалардын беделине да шек бербейт.
Философия илимдеринин кандидаты Мелис Курманалы уулу Абдылдаев түзгөн "Мурас" (Ф., "Кыргызстан",1990-ж.) китебинде да тактабагандыктын кесепетинен Кадамжайлык атактуу жазма акын Молдо Нияз Эрназар уулун чүйлүк Ниязалы Молдо Эсенгул уулу деп чаташтыра атап, элдин башын айланткан жайы бар, андай баш аламандыктан араңдан зорго арылтканбыз, эми дагы жок Нурмолдону "таап", атактуу акын, айтылуу агартуучу (Агартуучулугу туурасында Филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин атайын изилдеген эмгектери бар) жана дин исламдын кыргыз жергесиндеги ири өкүлдөрүнүн бири Кош-Теректик Нурмолдо Наркул уулу жөнүндөгү эл ишенимин ылайлап, 1995-жылдан бери китеп бетинен ("Замана" аттуу жыйнагын эске алып атам) окуп келаткан чыгармаларына кыянаттык кылып, шек келтиребизби? Жок. Коомчулук андайга жол бербеши керек. А.Жусупбеков, А.Кадыров, А.Эралиев, С.Мырзабаев жана башкалар башка акын табышкан болсо, улуу акын Нурмолдо Наркул уулуна жармаштырбай, шек келтирбей өзүнчө иликтеп, чыгармаларын өзүнчө жарыялай беришкени ыманга жуук болот. Нурмолдонун кылым карыткан арбагынын алдында аруу туруп, көзү өткөндөрдү жайына коюп, жылуу эскергенибиз жөн эмеспи.
О.СООРОНСОПУ