, 16.12.08 - 6-бет:
  Премьер-министрдин иш сапары

Кыйын кырдаалда Кыргызстанга Россия кол сунду. 2 млрд. доллар насыя бермей болду
"Россия өзүнүн эл аралык финансылык милдеттенмелерин толук көлөмдө орундатып, башка өлкөлөр менен бирге жалпы кризиске каршы аракеттерге катышмакчы. Эгерде керек болсо өнөктөштөрүнө эки тараптуу негизде колдоо көрсөтмөкчү. Биз азыр Кыргызстанга 2 млрд. доллар көлөмүндө насыя берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатабыз. Мунун ичинен 300 млн. доллары бюджетке колдоо көрсөтүүгө, 1 млрд. 700 млн. доллары ири инфратүзүмдүк долбоорлорго жумшалмакчы. Бул иш үстүбүздөгү жылдын акырына чейин аяктайт деп ойлойм", - деди Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Москва шаарында өткөн жыйында.
Москва шаарында Өкмөт башчыларынын деңгээлинде Евразия экономикалык биргелештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин 22-жыйынына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов катышты. Жыйында жыйырмадан ашуун маанилүү маселелер каралды.
Мамлекеттер аралык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Премьер-министр Игорь Чудинов алгачкылардан болуп соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын тең-төрагасы, Россия Федерациясынын энергетика министри Сергей Шматко менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, бул комиссиянын чегинде мурда кол коюлган келишимдердин натыйжалуулугун арттырууга байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары - финансы министри Алексей Кудрин менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу учурунда алар дүйнөлүк финансы рыногундагы учурдагы кырдаалга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга, ата мекендик рыноктордогу кыйынчылыктардын алдын алууга багытталган иш-чараларды координациялоого жана иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Саммит аяктагандан кийин Игорь Чудинов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин эң маанилүү жактарын талкуулашты. Жолугушуунун башталышында Игорь Чудинов жер титирөөдөн жапа чеккен Ош облусунун Алай районунун калкына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн Россиянын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. "Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында болуп өткөн биздин акыркы жолугушуудан кийин эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн бир катар иштердин аткарылгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Өзгөчө энергетика тармагындагы кызматташтык үзүрлүү болууда. Биз россиялык тарапка Сары-Жаз дарыясына ГЭСтердин каскадын жайгаштыруунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жана ал багытта жумуштарды аткаруу тууралуу маселени карап чыгууну сунуш кылаар элек. Россиялык "ГидроОГК" компаниясынын бул багытта иш тажрыйбасы арбын эмеспи", - деди Кыргызстандын Өкмөт башчысы.
Өз ара түшүнүшүү жана ишеним көрсөтүү кырдаалында өткөн маектешүүнүн жүрүшүндө ошондой эле уран жана башка калдыктарды сактоочу жайларды реабилитациялоо, Россиянын аймагындагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалы жана алардын бул өлкөдө андан ары болуусунун шарттары өңдүү маселелер да талкууланды.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Игорь Чудинов 2008-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында болуп өткөн Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын 7-жыйынынын ишине жогору баа берди. Жолугушуунун жыйынтыгын чыгаруу менен Премьер-министр И.Чудинов өз ара кызыгууну туудурган көптөгөн маселелер менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн маектешине ыраазычылыгын айтып, азыркы өтүп жаткан жолугушуу кыргыз-россиялык кызматташтыкты бекемдөө ишине кызмат кыла тургандыгына ишенгендигин билдирди.
Москва шаарында болгон учурунда Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Игорь Чудинов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Сечин менен да жолугушуп, өз ара кызыгууну туудурган бир катар маселелерди талкуулашты.
Каралган маселелердин ирилери Кыргызстанга тиешелүү болду
Бүгүнкү каралуучу маанилүү
маселелердин бири - бардык биздин мамлекеттердин кызыкчылыгын козгогон дүйнөлүк экономикадагы кыйын кырдаал. Азыркы убакта катышуучу ар бир өлкө кризиске каршы чаралар боюнча өздөрүнүн пландарын иштеп чыгышууда. Бул кризистин терс көрүнүштөрүн четтетүү боюнча биргелешкен аракеттенүүгө бардыгыбыздын даяр тургандыгыбыз өзгөчө маанилүү", - деди ЕврАзЭШтин мамлекеттер аралык кеңешинин 22-жыйынын ачып жатып В.Путин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри чыгып сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн кесиптештерине Кыргызстандын азыркы кездеги өнүгүшү тууралуу маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүштүн өнүгүү ыргагы байкалат. Ички дүң жыйымдын өсүшү 7,5%ды түздү. Өлкөдө бизнес, салык салуу, каржылоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө бир катар алгылыктуу иштер ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. И.Чудиновдун айтымында, акыркы кезде көпчүлүк мамлекеттер үчүн дүйнөлүк финансы кризиси бир топ кыйынчылыктарды алып келгендиги анык. Бул кризис Кыргыз Республикасын да кыйгап өткөн ок. Албетте, Кыргызстан бул татаал кырдаалга көз кырын салууда. Ачыгын айта турган болсок, анын кесепеттери азырынча акырына чейин ачык боло элек.
"Биринчи кезекте бизди биргелештикке кошулган мамлекеттердеги кризистик көрүнүштөрдүн натыйжасында кыргыз эмгек мигранттарынын жумуш орундарынын санынын аргасыз кыскарышы тынчсызданууну туудурбай койбойт. Жумуш орундарынын кыскарышы, ага ылайык чет мамлекеттерден акча каражаттарынын чегерилишинин азайышы коммерциялык банктардын депозиттик базасынын кыскарышына, калктын чыныгы кирешесинин азайышына, ошондой эле товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн ыргагынын жана инвестициянын көлөмүнүн жайлашына алып келери анык.
Чет элдик инвестицияларды ички инвестициялар менен алмаштыруу проблемасы чет элдик капиталдын азайышынын шарттарында башкы милдеттердин бири болуп саналат. Өлкөбүздө экономикалык туруктуу өсүштү 6-7%дык деңгээлде камсыз кылуу үчүн жыл сайын ички дүң жыйымдын 15-17% деңгээлинде чет элдик инвестициялардын түшүп туруусу зарыл. Божомолдор боюнча 2009-жылдын ички дүң жыйымга болгон тикелей инвестициялардын байланышы 10%ды түзмөкчү. Бул өлкөнүн экономикасына түшүүчү инвестициялардын жетишсиздигин айкындап турат", - деди И.Чудинов.
Ал өлкөнүн экономикасындагы кризистик көрүнүштөрдү чететтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жана 2009-жылдардагы негизги милдетинен болуп санала тургандыгын белгиледи. Бул максаттарда дүйнөлүк финансы жана экономикалык кризистердин таасирин четтетүү боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыккан.
ЕврАзЭШтин алкагындагы кызматташтык тууралуу баяндоо менен И.Чудинов Кыргыз Республикасынын чет элдик өнөктөштөр менен болгон товар жүгүртүүсүнүн тең жарымын ЕврАзЭШтин мүчө өлкөлөрү ээлей тургандыгын билдирди. Соода жүгүртүүнүн ыргагынын динамикалуу өскөндүгүнө карабастан, тилекке каршы, ЕврАзЭШ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына түшүүчү тикелей инвестициялардын көлө-
мү азырынча төмөнкү деңгээлде. Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттин бюджеттик таңсыктыгы, мамлекеттик карыз, инфляциянын деңгээли, узак мөөнөттүү насыялар боюнча ставкалар өңдүү негизги көрсөткүчтөр ЕврАзЭШтин мүчө мамлекеттеринин экономикасынын өнүгүшүнүн деңгээлинде бир катар өзгөчөлүктөрүн сактоосун улантууда.
"Буга байланыштуу ЕврАзЭШ мамлекеттеринин финансы-экономикалык саясат боюнча кеңеши түзүлгөн экономикалык кырдаалдан чыгуу боюнча чаралар жөнүндө таасын экономикалык документти эң кыска мөөнөттө иштеп чыгууну тездетүүгө тийиш. Учурдагы экономикалык дол-
боордун пайда болушу биздин экономикабыздын экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугу, глобалдык атаандаштыкка жарактуулугун камсыз кыла алмакчы", - деп Өкмөт башчысы баса белгиледи.
Өз сөзүндө И.Чудинов ошондой эле ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздук маселесин көтөрдү. Анын ою боюнча агрардык азыктарды өндүрүүнү өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу өтө маанилүү. Мына ошого байланыштуу жер семирткичтерди өндүрүү, айыл чарба технологиясын иликтөө жана өнүктүрүү тармагында кызматташууну күчөтүү зарыл. Ал жакын аралыкта айыл чарбасынын өздүк өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө ыңгайлуу шарт түзмөкчү.
Жакынкы мезгилде айыл чарба азыктарын кайра иштеткен жана айыл чарба техникаларын чыгарган бардык ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын толугу менен алып салуу пландаштырылып жаткандыгын И.Чудинов өз сөзүндө маалымдады. Анын айтымында ЕврАзЭШтин мүчө мамлекеттеринин азык-түлүк коопсуздук концепциясын иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү учурдун кечиктирилгис талабы.
Калкты азык-түлүк жана күндөлүк керектүү тамак-аш менен камсыз кылуу ар бир мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү милдеттерден болуп саналат эмеспи. Бул милдетти транзиттик потенциалды өнүктүрүүсүз жана ЕврАзЭШтин мүчө мамлекеттеринин транспорттук союзун калыптандыруусуз чечүүгө толук мүмкүн эмес. И.Чудинов азыркы мезгилде интеграциялык кызматташтыктан четте калган Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрүн түзүлүп жаткан бажы союзун калыптандыруу боюнча ишке катышуусунун варианттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттиктен жумушчу тобуна кошууну сунуш кылды.
"Бул өзгөчө натыйжалуу күн болду. Күн тартибиндеги 23 маселенин ичинен бир катар ири маселелер түздөн-түз Кыргызстанга байланыштуу. Бул, биринчи кезекте, бирдиктүү энергетикалык рынок, бирдиктүү суу-энергетикалык кызматташтык маселелери болду", - деди И.Чудинов россиялык "РосБизнесКонсалтинг" маалымат агенттигинде өткөн интернет-басма сөз конференциясында Евр-АзЭШтин жыйынынын жыйынтыгына түшүндүрмө берүү учурунда. Бул басма сөз жыйыны Москвада ЕврАзЭШтин жыйынынан кийин дароо И.Чудиновдун катышуусу менен өткөрүлдү.
Д.ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)