, 16.12.08 - 13-бет:
  ВИЧ инфекциясы боюнча Кыргызстан
Борбордук Азияда 3-орунда турат

Оштогу №2 шаардык оорукананын филиалынын башкы дарыгери Мырза Стамбековго суроолор менен кайрылдык.
"Оорулуу энеден дени сак наристе төрөлгөн учур болот"
- Мырза Стамбекович, Сиз жетектеген төрөт үйүндө СПИД борборунда каттоодо турган аялдар келип төрөгөн учурлар болдубу?
- Көп эмес, жылына бирден, экиден болуп турат.
- ВИЧ/СПИД менен ооруган аялдарды кантип төрөтөсүздөр? Алардан сөзсүз ВИЧ- инфекциясы бар балдар төрөлүшөбү?
- Мындай оору келгенде Ош облустук СПИД борборунан бир врач кошо келип, төрөт учурунда катышат. Адис төрөт үйүндөгү медицина кызматкерлерин жана башка оорулууларга ВИЧ инфекциясы жугуп калбашы үчүн көрсөтмө берип турат. Мындай оорулуу үчүн медициналык аспаптар өзүнчө коюлат. Төрөт учурунда, же болбосо кесарево жасалса, медицина кызматкерлери көз айнек тагынып, баш кийими кулагын жаап турууга тийиш. Халаттын сыртынан атайын фартук киебиз. Анан операция бүткөндөн кийин мээлейден баштап, пайдаланылган система, маска, фартук, бардыгы өрттөлүп, жок кылынат. Аспаптарды башка аспаптарга кошпой тазалап, атайын дезинфекциялай турган суюктукка чылап, андан соң автоклавда жогорку температурада кармоо менен вирустар жок кылынат. Ушул процесстердин бардыгына СПИД борборунун адиси катышып, аспаптар толук тазаланып бүткөнчө көзөмөлдөп турат.
- СПИД менен ооруган аялдардан ден соолугу таза балдар төрөлгөн учурлар болдубу?
- Мындай энелерден төрөлгөн балдардын анализин ошол СПИД борборунан келген адистер өздөрү алышат. Бирок дени сак балдар төрөлдү деп жүргөндөрүн билем.
- ВИЧ-инфекциясы бар аялдардын балдары башка балдар сыяктуу эле алардын жандарында болобу?
- Жандарында болот.
- Эмиздире бересиздерби?
- Биз инфекциянын бала үчүн канчалык коркунучтуу экенин түшүндүрүп, эмизем десеңиздер өзүңүздөр билиңиздер дейбиз. Дээрлик бардыгы эле макул болуп эмизишпейт. Биз аларга башка эненин сүтүнө жакын, жасалма сүттөрдү беребиз.
- Мындай аялдар канча күндө үйлөрүнө кайтышат?
- Кадимки, башка төрөгөн аялдардай эле 3-4 күндөн кийин үйлөрүнө чыгарабыз. Эгер кесарово (операция) болуп төрөшсө 6-7 күн жатышат. СПИД борбордун адиси күндө келип көзөмөлдөп, медицина кызматкерлерине же башка ооруларга бул дарт жугуп калбаш үчүн эмне кылуу зарылдыгын түшүндүрүп, жаныңда карап турат.
Жазып алган
С.КАДЫРОВА




ВИЧ/СПИД кандай учурда жугат?
l кан аркылуу, атайын тазалоодон өткөрүлбөгөн медициналык аспаптардан, бир шприц менен бир идишти колдонуп баңги заттарын кан тамырга сайынуу учурунда;
l жыныстык жол аркылуу;
l ВИЧти жугузуп алган энеден балага кош бойлуу мезгилинде, төрөт жана эмизүү учурунда жугат;




Кайсы учурда
ВИЧ-инфекциясы жукпайт?
· кол алышканда жана кучакташканда;
· жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;
· үй айбандары аркылуу;
· чымын-чиркей ж.б. чакканда;
· идиш-аякты чогуу колдонгондо;
· турмуш-тиричилик буюмдары аркылуу;
· бассейнге, душка чогуу түшкөндө, компьютерди, телефонду, спорт буюмдарын колдонгондо, коомдук транспортто жукпайт.




Бул кандай дарт?
СПИД - иммун жетишсиздигинин синдрому, бул ВИЧ-инфекциясынын акыркы стадиясы. ВИЧ - адамдын иммунжетишсиздик вирусу. Ал адамдын организминен орун алат. Бул бактерия болбогондуктан, аны антибиотиктер өлтүрө албайт. Иммунжетишсиздик вирусу адамдан адамга гана берилет. Бул вирус адамдын CD4 клеткаларын, адамдын иммундук системасын (коргоо системасын) бузат.
Адамдын коргоо (иммундук) системасы организмди ар түрдүү инфекцияларга болгон каршылыгына жооп берет. ВИЧ менен жашаган адамдар көп жылдар бою ( 5-7 жылдан 15 жылга чейин) өзүн жакшы сезип жана сак адамдай көрүнөт. Бирок, ушул убакта алар башка адамдарга жуктурушу мүмкүн.
Жугузуп алган учурдан баштап, бир нече жылдан кийин вирус тез көбөйө баштайт. Ич өтөт, өпкө кагынат, кургак учук, рак шишиктери, кем акылдык ж.б. пайда болот. ВИЧ-инфекциясынын алгачкы белгилери көптөгөн башка оорулардын белгилерин элестетет. Алар: лимфа бездеринин чоңоюшу, жөтөлүү, дененин ысышы, ичтин өтүүсү ж.б. СПИДдин өзгөчөлүгү адам ар кыл оорулар менен ооруп, кээ бир мезгилдерде көптөгөн оорулар менен бир эле учурда ооруп калат. Бул оорулар дарылоого өтө кыйын болгондуктан, өлүмгө тез алып келет. Ошондуктан, "Сактансаң сактайм" деген накылды эске бекем тутуп, коркунучтуу дартты жуктуруп албаш үчүн ар ким өзү сак болуусу керек.




СПИД байларды да, атактууларды да ылгабайт
Бул жаман дарттан дүйнөлүк жылдыздар да жашоо менен эрте кош айтышып келишет. Анын көчүн биринчи баштаган америкалык кинонун эң белгилүү актерлорунун бири , 50-жылдардын жылдызы Рок Хадсон болгон. Ал 1985-жылы дүйнөдөн өтүп, ВИЧ-инфекциясы пайда кылган дарттан каза тапкан биринчи атактуу адам болуп калды.
Ё Ё Ё
1987-жылы жайдын ысык күндөрүнүн биринде толуп-ташып турган 44 жаш курагында СПИДден белгилүү бродвейлик режиссер Майкл Беннет көз жумган. Өз убагында ал мюзикл жанрында оюндарды коюу жагынан атагы таш жарган адам эле.
Ё Ё Ё
1991-жылдын ноябрында 63 жаш курагында СПИДен кинорежиссер, "Оскар" сыйлыгынын ээси Тони Ричардсон келбес жайга кеткен.
Ё Ё Ё
Ушул эле жылдын ушул айында дагы бир жылдыз Фредди Меркюри журналистке берген маегинде СПИД менен оорурун жашырбай айтып, эртеси эле аркы дүйнөгө аттанып кеткени көптөрдү "шок" кылган.
Ё Ё Ё
1993-жылдын 6-январында СПИДден атактуу бийчи Рудольф Нуриевдин каза болгону белгилүү. СПИД дарты анын жүрөгүн ооруга чырмаптыр.
Ё Ё Ё
Кийинки жылы 44 жашында муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону Джон Карри жарыкчылык менен кош айтышат. Ага себеп да СПИД болгон.
Ё Ё Ё
Нельсон Манделанын улуу уулу да бул коркунучтуу дарттан каза тапкан.
Тилекке каршы бул тизмени уланта берсе болот. Көрүнүп тургандай жөнөкөй адамдар эле эмес, атак-даңктуулар да, акчалуулар да СПИДдин курмандыгы болушууда. Анткени, алар бул жаман дарттан коргонуу жолдорун тутунушкан эмес.
Кийинки кездерде ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү үчүн шоу-бизнестин жана спорттун өкүлдөрү активдүү киришүүдө. Алардын катарында Ричард Гир, Барбара Стрейзанд, Сьюзан Сэрандон, Вупи Голдберг, Ваннеса Редгрейв, Линда Евангелиста ж.б. бар. Ал турсун Элтон Джонго СПИДге каршы күрөшүүдө активдүүлүктү көрсөткөнү үчүн "Бамби" сыйлыгы да ыйгарылган. СПИДге каршы кампанияны уюштуруу үчүн ал 1992-жылдан тарта 50 миллиондон ашык доллар жыйноого жетишкен. Ал эми Ричард Гир бул коркунучтуу дартка каршы багытта иш жүргүзгөн уюмдун көптөн берки демөөрчүсү.




  Бир собол

Маалыматты күчөтүүнүн кандай жолдору бар деп ойлойсуз?
Гүлнура Сманбекова,
Улуттук радиодо кабарчы:
- Кыргызстан ВИЧ инфекциясынын жайылышы боюнча Борбордук Азияда Өзбекстан, Казакстандан кийинки 3-орунда турат экен. Эмнегедир, СПИДдин алдын алуу боюнча канчалаган маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлбөсүн, өлкө жаштарынын көбү ВИЧтен коргонуу ыкмалары жөнүндө түркөй калышууда. Жаштардын ар нерсеге анчейин маани беришпегендеринен улам, бул дарт так ушул жаштардын арасында күч алууда. Ошондой эле жаштар арасында мурдагыдай ийне аркылуу эмес, жыныстык катнаш аркылуу жугуп жатканын адистер белгилешүүдө. Албетте, СПИД коркунучтуу дарт болгондуктан, ага капыстан кабылган адамдарга анын дабасы бар экенин ишендире билип, дарыланып жакшы болуп кетүүлөрүнө жардам беришибиз керек.
Алтынбек Мешкенов,
Бишкек шаарынын тургуну
- СПИД жөнүндө маалыматтарды жаштарга таратууда, аларга жеткиликтүү, түшүнүктүү жана кызыктуу болгон жеңилирээк жолдорун издеп табуу зарыл. Азыр деле көптөгөн китепчелерди таратып, ЖМКлар аркылуу жарыялап жатышат. Бирок, айрымдар мындай ыкмаларга көңүл бурушпайт. Ошондуктан кызыктыруучу акцияларды өткөрүп турушса жаман болбос беле. Менин дагы бир жеке пикирим, жаштарга ВИЧ/СПИД боюнча маалыматты жайылтууда кадыр-барктуу, белгилүү адамдарды тартып, алар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсө балким, натыйжалуу болоор. Буга мисалы, жаш ырчылар, актерлор бар дегендей.
Съездбек Искеналиев, ырчы:
- Азыркы учурдун актуалдуу проблемаларынын бири ушул ВИЧ/СПИД. Мен жакында эле "Азаттык" радиосунда түз эфирде болдум. Ал жакта да так ушул маселени көтөрүшкөн экен. Абдан керектүү, тийиштүү так маалыматтар айтылды. Кызуу маек жүрдү. СПИДди алдын алуу боюнча атайын адистер көптөгөн аракеттердин үстүндө иштешүүдө. Башкача айтканда бул илдеттин массалык түрдө жайылбашына көзөмөл бар. Ошондой болсо да улам жакшы нерселерди ойлоп таап, жаңы рекламалык роликтерди иштеп чыгып, кыска метраждуу фильм тартып, балким музыка аркылуу, балким, бир көрүп эсте кала тургандай рекламалык щиттерге сүрөттөрдү берсек болобу деп ойлойм. Дагы бир нерсени айткым келип жатат, бул дарт көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу жугуп жатпайбы. Андыктан эркектерге айтаарым, 5 мүнөттүк кумардан баш тартып, өзүңөр билбеген, тааныбаган адам менен бир болууга жол бербесеңер жана эң башкысы сак болуу керек.
Айпери Кубик кызы, ырчы:
- Учурда өлкө ичинде болуп жаткан ар кандай окуяларды чагылдырып кино тартып жатышат. Бул бир чети абдан туура деп ойлойм. Анткени, тиричилик менен алп урушкан эл бирде болбосо бирде эс алганы кандай кино болду экен деп кызыгып келип көрүшү мүмкүн. Ошол сыяктуу эле көлөмдүү чоң бир китеп чыгарып койгондун ордуна, бир сааттык кино тартса аны көрүшөт. Анда СПИДди түшүндүрүү иши да бир кыйла жеңилирээк болот го. Театрга келген 100 кишинин жок дегенде 30у таалим-тарбия, сабак алышы мүмкүн.
Суроо салган Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"