, 16.12.08 - 12-бет:
 "Жылдын мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна

Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн курамына Ак-Башат, Арал, Айдарбек жана Ново-Николаевка айылдары кирет. Калкынын саны 10350 адамды түзөт. Илгери союз мезгилинде бул айылдар "Ильич" атындагы колхозго биригишип, атагы район, республикага чейин белгилүү болуп, мал чарбасы, айыл чарбасы жана экономикасы дүркүрөп өнүгүп өскөн эң күчтүү чарба болгон. Кийин союздун таралышы менен банкротко коюлуп, азыр анын ордуна 1245 фермер-дыйкан чарбалары түзүлгөн.
Бул чарбалар азыр кадимкидей буттарына турушуп, өздөрүн гана бакпастан, айылдыктарды да азык-түлүк менен камсыз кылып келишет. Учурда элдин колунда 2555 ири мүйүздүү мал, 3000 баш кой, 400 баш эчки, 700 баш чочко, 300 жылкы, 1500 баш канаттуу куштар, 6192 гектар жерлери бар. Бул жерлерди иштетүү үчүн дыйкандардын колунда 40тан ашык айыл чарба техникалары, ондогон автоунаалары бар. Дыйкандар техника жагынан бирөөлөргө жардам берсе берет, асты бирөөлөрдөн жардам сурашпайт. Кыскасы техника жагы жетиштүү.

"Таза суу" программасы Ак-Башатта ишке ашат
Айыл өкмөтүнүн тарыхынан
Ак-Башат айыл өкмөтү Бишкек-Ташкент автожолунун боюнда жайгашкан. Борбору Ново-Николаевка айылы. Ал райондун борборунан, темир жол станциясынан, Кара-Балта шаарынан 4 км. чыгыш жактан орун алып, 1902-жылы негизделген. Ага чейин Ново-Нико-лаевка айылы Сүйөркул айылы болуп аталып келген. 1902-жылы бул аймакка орус калкы көп отурукташа баштагандан кийин ал айыл Ново-Николаевка айылы болуп аталып калган.
Ново-Николаевка айылы Бишкек-Ташкент жолунун боюнда жайгашкандыктан калктын терең катмары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 кесиптик окуу жайы, тегирмен, кафе-барлар, нан жабуучу, 3 май куюучу, 4 техникалык тейлөөчү жайлар жана мечит, медреселер айылдын борборунда жайгашкан. Бул жерде коммерция, соода жайлары, жеке ишкерлик жакшы өнүккөндүктөн, элдин жашоо турмуштары башкалардыкына салыштырмалуу ашса ашат, асты кемибей, жашоо шарттары жакшы.

Жергиликтүү бюджет
Айыл өкмөтүнүн айыл чарба, экономика, билим берүү, медицина, мада-ният жана спорт тармактарынын, деги эле калк турмушунун жакшырышы жергиликтүү салык жана жыйымдарынын өндүрүшүнө, ошондой эле бюджеттин аткарылышына келип такалат. Ал эми салыктын негизги киреше булактарын жер, автотранспорт, дыйкан чарбалар аренда ж.б. түзөт.
Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн салык адистери атайын иш-чараларды жүргүзүп, анын аткарылышына өз салымдарын кошуп келишет. Мындай иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында жер салыгы 102, транспорт салыгы 103, дыйкан чарбалар 112, аренда салыгы 146 пайызга өндүрүлгөн. Эгерде өткөн жыл менен салыштырып көрсөк 10 айда план 102,5% аткарылган болсо, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 111 пайызга аткарылган. Албетте, бул мактоого арзырлык.
Ал эми бюджеттин аткарылышын карап көрсөк, 2007-жылы 103 пайыз болсо, 2008-жылы 10 айда 105 пайызды түзгөн. Демек, жогоркудай сандык көрсөткүчтөр, бюджеттин аткарылышы калктын жашоо деңгээлинин жакшырганынан кабар берет.

Социалдык коргоо
Айыл өкмөтүндө 10350 адам жашайт дедик. Булардан 662 үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгондордун катарында паспорттоштурулуп, анын 506 үй-бүлөсү кедей (18%), 56 үй-бүлө өтө жакыр, 2%ды түзөт. Бул үй-бүлөлөргө жакырчылыктын катарынан чыгаруу боюнча мамлекет ар кандай уюмдар жана айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүп келет. Мисалы, мамлекет тарабынан 6 үй-бүлөнүн 20 баласынын ар бирине 113 сомдон 2250 сом пособие чектелген.
Улуу Британиянын "Балдарды сактагыла" долбоору аркылуу К.Жаминбаевдин жана Д.Тиленчиеванын үйүн оңдоого 12 миң сомдон акча жана З.Акматовага кунаажын алганга 10 миң сом акча берилген. Ал эми социалдык жардамга муктаж болгон 7 үй-бүлөгө, анын ичинен С.Мусаевге 10 миң, Кожоевага 5 миң, Н.Жильцовго 1500 сом ж.б. болуп бардыгы 21 миң сом акча каражаттары берилген. "Кызыл жарым ай" фонду тарабынан 400 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына мектептик форма жана окуу куралдары берилген.
Ал эми айрым үй-бүлөлөр коомчулуктун колдоосун күтүп отурбастан жакырчылыктан чыгуунун аракетин көрүп келишет. Үстүбүздөгү жылы мындай 52 үй-бүлө жер иштетүүнүн натыйжасында жакырчылыктан чыгышып, өз алдынча жашоо турмуштарын жакшыртып келишет.
Айыл өкмөтүндө кайрымдуу үй-бүлөлөрдүн катары да аз эмес. Мисалы, 15 үй-бүлө кароосуз калган, жетим 15 баланы асырап багышып, кайрымдуулукту көрсөтүшкөн. Ак-Башат айылынын жашоочусу Орозобаева Галина 1994-жылы туулган Саруубек уулу Канатбекти жана Ново-Николаевка айылынын жашоочусу В.Жукова 1996-жылы туулган Н.Ф.Подлипованы багып алып, алардын терең билим, жеткилең тарбия алышына шарт түзүп келишет.
Инвестицияны ишке тартуу боюнча АРИС долбоору аркылуу Ново-Николаевка айылы боюнча 340350 миң сомго клуб, 77500 сомго ресурстук информация борбору, 40 миң сомго малдарды жасалма уруктандыруучу ветеринардык аптека капиталдык ремонттон өткөрүлгөн жана 744320 сомго мектептин чатыры жабылган.
Арал, Айдарбек, Ак-Башат айылдарынын чордону болгон Ак-Башат
айылына инвестицияны тартуу боюнча АРИС долбоору аркылуу үстүбүздөгү жылы 20 орундуу мончо курулуп, 250 миң сомго бала бакча жана 413 миң сомго Ак-Башат айылынын клубу капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАПтар электрден көмүр менен жылытуу системасына которулду. 550 миң сомго Ак-Башат
айылынын жолдору оңдолуп, айылдыктар турмуш тиричилик кызматы үчүн ат арытып алыскы районго барышпай, айыл ичинен пайдаланышып, айылдыктардын абалы кадимкидей оңолуп калды.

Келечек пландар
Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Үмөталиев менен маектеше келсең келечек пландары, алардын аткарылышы, калк турмушунун жакшырышы, айыл чарбасында түшүмдүн жогорулашы, майда чарбалар ирилештирилип, ал аркылуу жердин асылдуулугун арттырып, түшүмдү жогорулатуу, өндүрүлгөн азык түлүктөрдү өз мезгилинде сатып өткөрүү, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү, тышкы жана ички инвестицияны тартуу менен калктын социалдык абалын жакшыртып, жакырчылыкты жоюу тууралуу толук кабардар болосуң. Ошондой эле "Таза суу" программасын ийине чейин жеткирип, ишке ашыруу, мисалы, Арал айылында Таалай Үмөталиев
келгенче "Таза суу" программасына кирип, суу түтүктөрү жаңыртылыптыр. Бирок, ошондой болсо да анын оңдой турган жерлери, суу чыккан жерлери бар. Аларды толук бүтүрүү керек. Ал эми Айдарбек, Ак-Башат айылдары "Таза суу" программасына кирген эмес. Бул айылдарга да Таалай Базаркуловичтин аркасында долбоорлор жазылып, буйруса 2009-жылдан баштап ишке ашса, бул айылдар да "Таза суу" программасы менен иштеп, суу түтүктөрү жаңыртылып, элдин сууга болгон талабы аткарылмак. Ошондой эле Таалайбектин дагы бир аракети Ак-Башат
айылына чач тарач жана бут кийим оңдоочу жайларды ачуу планы бар. "Ал боюнча мастер балдар, кыздарыбыз да бар. Аны ачканга бир аз акча каражаттары тартыш болуп турат. Быйыл үлгүрбөй калдык. Буйруса, 2009-жылдан баштайлы деп турабыз. Болбосо бул мезгилде бут кийим оңдотуу же чач алдыруу үчүн райборборго баруу эле канчалык оор. Ага барып-келиш үчүн эле 2-3 саат убакыт, 50-60 сом жол кире акысы кетет. Бул акчалар айылдыктардын чөнтөгүндө калса жаманбы? Ал эми убакыт менен акча алтынга тете. Кыш мезгилин болсо эл катары баштан кечирип жатабыз. Айыл өкмөтүндө 2685 түтүн эл бар. Азыр элибиз кышка карата отун-суу камдап, ар бир түтүн 3-5 тоннадан көмүр түшүрүп алышкан. Бир гана "Таза суу" программасын ишке ашыруу максатыбыз",- дейт.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрү автордуку




Айтматовго арналган кече
Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата Кара-Балта шаарынын Тамак-аш өнөр жай техникумунда салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Ага райондун мекеме ишканалары, айыл өкмөт жетекчилери, мектептердин мугалимдери, усулчулары жана окуу жайдын студенттери катышты. Кечеде окуу жайдын директору Тилек Түркмөн уулу жазуучунун чыгармалары мекенди сүйүүгө, жаратылышты коргоого, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого жана окурмандардын жан дүйнөсүнө рахат тартууларын белгилеп өттү.
Кеченин аягында окуу жайдын студенттери жана №10 мектептин окуучулары "Биринчи мугалим" жана "Бетме-бет" спектаклинен үзүндү көргөзүшүп, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыктуу болушту.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"




"Манаста" Ч.Айтматов атындагы адабий клуб түзүлдү
Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде эскерүү кечеси болуп, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын кыргыз жана дүйнө адабиятына, маданиятына, бүткүл адамзаттын руханий дүйнөсүнө кошкон салымы тууралуу баяндалды.
Ошондой эле университетте Ч.Айт-
матов атындагы адабий чыгармачылык клубу түзүлдү. Клубду түзүүнүн эң негизги максаты - билим алып жаткан таланттуу, көркөм чыгармачылыкка ышкыбоз студенттерге көмөк көрсөтүү, колдоо. Клубдун жетектөөчү тобу сунуштоо жана жалпы добуш берүү жолу менен шайланды. Бардык каалоочулар клубдун мүчөсү боло алышат.
Гүлзат АСКАРБЕКОВА




Министр айым Түркиядан сертификат менен кайтты
Жакында Түркиянын Анкара шаарында "Аялдар коомдук иштерде" деген эл аралык аялдар конгресси болуп өттү.
Түркиянын "Өнүгүү жана калыстык" аялдар партиясынын жетекчиси, Түрк улуттук ассамблеясынын мүчөсү Фатма Шахиндин чакыруусу боюнча ага Кыргызстандан эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ө.Абдуллаева катышып келди. Аталган конгресс Түркиянын өкмөтүнүн колдоосунда өткөн. Мында аялдардын социалдык-экономикалык абалы, гендердик теңчилик, коомдун өнүгүшүндө аялдардын укугу жана ролу, ошондой эле аялдардын аң-сезимин ар тараптан көтөрүү маселелери талкууланган.
Дүйнө мамлекеттеринен 500дөн ашык аялдар катышкан конгрессте Ө.Абдул-
лаева чыгып сүйлөп, түрк элдеринин ичинен кыргыз аялдары тээ илгертеден эле коомдук жана мамлекеттик иштерге активдүү катышып келгендигин, ошондой эле саясый маанилүү иштерди чечүүдө да орду жогору экендигин билдирди.
Бул сапарында Ө.Абдуллаева Түркиянын аялдар жана үй-бүлө министри Нимет Чубукчу айым жана Түркиянын эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда аз камсыз болгон аялдардын жана үй-бүлөлөрдүн шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү багытында социалдык-экономикалык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.
Конгресстин соңунда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ө.Абдуллаевага коомдук иштерди аткарууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн эл аралык аялдар конгрессинин сертификатын тапшырды.
Б.МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"