, 12.12.08 - 9-бет:
  Сөз кезеги келип турат

"Кыргыз Туусу" гезитининн 2008-жылдын 5-декабрындагы №92 санына чыккан "Архив болгон боло бермекчи" деген менин дарегиме арналган макалага "басма сөздө
кайым айтышуу жаратпайлы" деп ойлоп жооп жазбай койсом деле болмок.

Каяшага да кубанган учур болот
Бирок "Сөз келгенде айтпаса сөз атасы өлөт" деген эмеспи, учуру келгенде айтылчу сөз көөдөндү кытыгылап туруп алды. Чынын айтайын "каяшанын" чыкканына кубандым. Себеби, бүгүн республикадагы архив абалы жөнүндө өтө көп, керек болсо күн сайын үзбөй сөз кылуучу, талашып-тартышып ызылдоочу, коомчулуктун да, бийликтин да көңүлүн буруучу, архив деген да тармак бар экенин билдирүүчү мезгил келди. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт кыргыз. Архивдеги абалды жашырып-жаап "баары сонун" дешке болбойт. Раматылыгы болгур Салижан аганын "безге саймай" бир адаты бар эле. Биз: "Кыргыз улут катары 500 жылда жок болот экен" деп жазып чыксак, ал киши: "О кокуй, 500 жыл эмес, 100 жылга жетпей жок болот. Кыргыздын эң жалкоо, баарына кайдыгер эл экендиги аны ушуга чейин жеткирди" деп, дагы далай кыргыз атпайдын чучугуна жеткире, жанын күйгүзгөн сөздөрдү айтканы эсимде. Ошондо "улутчулбуз" дегендер "өлбөгөн жерде калышып", "Кыргыз тили" кыймылын ачып, канча иштер жасалды эле. Көрсө, айрым учурда жарага сээп жиберген туздай ачуу сөздөр да керек тура.
Кайрадан архив жөнүндө.
"Түзүлбөгөн шарттын негизинен жабыр тарткан райондордогу архив документтерине райондук жетекчилер күнөөлүү. Биз - архивисттер күнөөбүз жок" деп четке чыга берсек болобу?
Республикалык эки чоң архив: Борбордук мамлекеттик архив жана Борбордук саясый документтерди сактаган архивдерде бүгүнкү күнгө чейин өрт коркунучуна каршы системанын жоктугуна, жок дегенде өтө уникалдуу документтерди сактаган архив сактооочу жайларга температуралык режимдик шарт түзүлбөй, кышкы 25 градус суукта ал жерде 30 градус суук болуп ным тартып, жайкы 30 градус ысыкта ал жер 35 градус ысык болуп бууланып, документтер өзүнөн өзү чирүү процесине кабылып жатканын кимден жашырабыз. Канча чычаласак да ушундай болуп жатпайбы. Архив деген атты алыш үчүн эң башкы төмөнкү үч шарттын сөзсүз болушу зарыл:
ЁӨрт коркунучунан сактануучу;
ЁТемпературалык, нымдуулук режимди сактоочу;
ЁӨтө сейрек жана баалуу документтердин көчүрмөсүн өзүнчө башка шаарда сактоочу.
Тилекке каршы, ушул үчөө тең бизде жок болуп жатканы калппы?
Имаратыбыз тар болуп сактоочу жай жетишпейт. Өтө керектүү 50 миңден ашык документтерди ала албай ыйлап жүргөнүбүзгө карабай, Борбордук саясый документтер архивинин имаратынын жарымысын ресторан кылып менчиктештирип жибергенибизди, Союздун учурунда башталып, жер төлөсү бүткөн 12 кабат имарат курулуучу жерибизди Танаевдин учурунда ит бекер сатып жибергенибизди кимге айтып ыйлайбыз?
Борбордук архив имаратынын короосуна "брусчатка" чыгарган цех ачып, архив сактоочу жайлардагы документтерди цементтин, курулуш материалдардын чаңы басканына кайыл болгонубузду, бүгүн аны токтотуп койсок, айрымдар "түтөп, күйүп" жүргөнүн, архив жөнүндөгү бүт мыйзамдар тебеленип, ушундай иштердин болгонун жашыралыбы? Мен атаган бул иштер анын бир чети. Толук чындык кайда экенин мага "каяша" түрүндө кат жолдогон ардагерлер өзүңүздөр жакшы билесиздер. Архивдин келечегине балта чаап карайлатып, бүгүнкү абалга жеткирген иштер жасалып жатканда, ушундай чырылдаган макалалар гезиттерге чыкса, аттиң бүгүн мен сиздерди чычалатпайт элем. Балким 12 кабат имаратыбыз курулуп бүтүп калат беле. Жок дегенде менчикке сатылбай жерибиз турса, эртедир-кечтир курулушту баштайт болчубуз.
Эми менин "архив жок" деген сөзүмдүн түбү кайда жатканы түшүнүктүү болду го дейм? Бул бир көөдөн түпкүрүнөн чыккан ачуу чаңырык го. Ал эми 4 миллионго жакын архив документтери архив тармактарында жыйылып, бирок ар бир документи өзү үчүн чыныгы архив деген сөзгө татыктуу мамиле күтүп турганы чындык эмеспи. Мени кубандырганы архив жөнүндө сөз чыкса, жок дегенде чычалап
коёрлордун бардыгы. Андай да жок, кайдыгерлик болсо кантет элек? Архив кызматкерлерин, айрыкча албетте ардагерлерди урматтайбыз. Алар менен акылдашып иш кылалы деп жатканыбыз да ырас. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жасоо үчүн Архив кызматкерлеринин мурда болбогон "ардагерлер кеңешин" түзүп жатабыз. Анын Жобосу иштелип бүтүп, калган документтери даярдалууда. Кадырыңыздар жан болсун, бардык архив ардагерлерин урматтоо менен
Ч.Абыкеев,
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигине караштуу архив агенттигинин
директору




ОАО "Кыргызалтын"
объявляет тендер методом НТ. Лот №1 - Аммонит 6ЖВ-120 тн. Окончательный срок подачи ТЗ-15.01.09г. до 14.00 часов. Место, время и дата вскрытия: г.Бишкек, ул.Абдумомунова, 195 в 15.01.09 г. в 14.00 часов. Лот №1 - Помольные шары ф-80 мм. - 200 тн. ГОСТ 7524-89. Окончательный срок подачи ТЗ-19.01.09 г. до 14.00 часов. Место, время и дата вскрытия: г.Бишкек, ул.Абдумомунова, 195 в 19.01.09 г. в 14.00 часов. Лот №1. -Диз. топливо (летнее)- 250000 л. Окончательный срок подачи ТЗ-21.01.09 г. до 14-00 часов. Место, время и дата вскрытия: г.Бишкек, ул.Абдумомунова, 195 в 21.01.09 г. в 14.00 часов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк региондор аралык кесиптик техникалык билим берүү башкармалыгы
төмөнкүдөй бош орундарга конкурс жарыялайт.
- Ош облусу боюнча: 1 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, бир 1-категориядагы адис (иш оруну Ош шаарында);
- Баткен облусу боюнча: бир 1-категориядагы адис (иш оруну Баткен шаарында);
Документтерди кабыл алуу сымал жарыяланган күндөн тартып башталат, аны төмөнкү дарек менен тапшырсаңыздар болот: Ош шаары, Ленин көчөсү - 205, кадрлар бөлүмү.
Эскертүү: Талапкерлердин инженердик-педагогикалык же экономикалык адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес эмгек стажысы болушу, кыргыз жана орус тилинде жаза билүүсү жана компьютер менен иштей билүүлөрү зарыл.
Маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (03222) 5 9365, (03222) 24735,0550 000 352.




Сессия сүртүмдөрү


Чет жерден
Республика боюнча таза сууга муктаж аймактар али аз эмес. Таза сууну чыгарууга кеткен электр энергиясынын баасын арзандатуу тууралуу маселени депутат Махаммаджан Мамасаидов кыйладан бери көтөрүп келатат. Ал С.Балкибеков Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигин жетектеп турганда анын дарегине депутаттык суроо талабын жөнөткөн болчу. Бирок, андагы министрдин бүгүнкү күнү келген жообу боюнча андай мүмкүнчүлүк жок экен. Каражаты аз айылдарда түтүктөр орнотулганы менен суу жетпей жатат. Элибиздин келечегине, атүгүл генефондуна таасирин тийгизчү бул маселени кайдыгер кароо туура эмес. Депутат таза сууга чыгымдалуучу электр энергиясынын баасын бери дегенде 50 пайызга төмөндөтүү сунушун киргизди.

Камбар Ата 2 ГЭСинде
иштеген жумушчу кадрлардын айлык акысы төмөн. Сапаты талапка туура келбесе да ашканасындагы тамагы кымбат. Иштеп тапкан айлык акынын үчтөн бири тамактанууга чыгымдалып жатат. Эмгек акысынын аздыгынан кадрлардын тартыштыгы сезилип, кеткендер да аз эмес. Өлкөнүн улуттук курулушу катары энергетиканын эртеңки келечеги боло турган мындагы абалга мамлекеттик мамиле керек. Бул тууралуу депутат Турдукан Жумабекова сессияда бир нече маселелерди көтөрүп, сунуштарын берди.
Дыйкандарга Өкмөт тарабынан жер семирткичтер, күйүүчү майлоочу майлар, айыл чарба техникалары жеткирилип, жакшы жардамдар көрүлүп жатат. Бирок, өндүргөн продукцияларын сатып өткөрүүгө шарт түзүп берүү солгун. Маселен, өстүргөн кызылчасын кайда иштетээрин билбей карайлап жүргөн дыйкандар арбын. Пахта, тамеки өстүргөндөр ушундай эле чыгым тартышууда. Келерки жылдын жазынын камын азыр көрүүгө туура келет. Айыл чарба азыктарын дыйкандар канча көлөмдө өстүрүү керек жана аны мамлекет сатып өткөрүүгө жардам бере алабы? Мына ушул маселеде мамлекет аларга бирдиктүү багыт берүүсү кажет. "Дүйнөлүк кризистин таасири Кыргызстанга тийбей койбойт. Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн атуулдарыбыз мекенге кайра кайтышса, алар бери дегенде дыйканчылык менен күн көрүүсүнө азыртадан мамлекет тарабынан камкордук көрүлүүсү кажет", - деди Зиядин Жамалдинов кечээки сессияда.
Улуу муундар тууралуу улуттук концепцияны кабыл алуу боюнча депутат Гүлнара Дербишева көптөн бери маселе көтөрүп келе жатат. Улгайган адамдарга камкордук көрүү боюнча атайын мыйзамдын иштеши бүгүнкү кымбатчылык кырдаалында өзгөчө керек болчу. Бирок, учурда каражаттын жетишсиздигинен мамлекеттин ага мүмкүнчүлүгү жетпейт. Пенсия базалык жана камсыздандыруу каражаттарынан куралары белгилүү. Пенсиянын базалык бөлүгүн республикалык бюджетке өткөрүү зарылчылыгы келип чыгууда. Бүгүнкү күндө финансылоонун жетишсиздигинен пенсиянын базалык бөлүгү атуулдардын камсыздандыруудан түшкөн салымдарынын эсебинен төлөнүп жатат. Бул мыйзамга каршы келет. Пенсиянын базалык бөлүгү республикалык бюджеттен финансыланышы керек эмеспи. "Эгер биз пенсиянын базалык бөлүгүн республикалык бюджеттен төлөнүшүн камсыз кыла алсак, анда бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 7 пайызын түзүп, ага келерки жылы 3 млрд. сом керектелет. Мындай жагдайда пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүнүн көлөмү көбөйөт. Муну менен биз эмгекти уюштуруунун эл аралык стандарттарына туура келүүчү деңгээлине жетебиз. Тактап айтканда пенсиянын көлөмү кыйла көтөрүлүүгө тийиш", деген сунушун билдирди Г.Дербишева.
Аксы районунун Кербен шаарында мектептер жетишпей жатат. Балдарды үч нөөмөттө окуткан мектептер бар. Ошол эле учурда Кербендеги мурдагы бала бакчага тийиштүү имарат азыр болгону 15 20 чегара кызматкерлери үчүн колдонууга берилген. Аталган имаратты натыйжалуу пайдалануу максатында мектеп окуучуларына ыйгарылса деген маселени жергиликтүү эл Өкмөттөн суранып турган кези. Шайлоочуларынын өтүнүчүн депутат Абдырайым Кулбаев тийиштүү бийлик органдарына жолдоду.
Парламенттин бейшемби күнкү сессиясында ондон ашык мыйзам долбоорлору каралып, Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин тогуз ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн маалыматы уктурулду. Өлкө аймагындагы жайыттарды пайдалануу боюнча КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин мыйзам долбоору талкууга коюлуп, андан башка дагы бир нече маселелер каралды.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"