, 12.12.08 - 8-бет:
  Бишкектеги "Автомаш-радиатор" ишканасы
"Белорус" тракторлорун чыгара баштады

Кыргызстан трактор чыгара баштады, алгачкылары элге таркатылды
Биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жакында 15 тракторду алдыңкы дыйкан-фермерлерге тапшырды. Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компаниясы тарабынан лизинг шартында берилип жаткан ушул айыл чарба техникаларын тапшырып жатып, биринчи вице-премьер-министр учурда тракторлор мурдагыга караганда кыйла эле жетиштүү болуп калгандыгын белгиледи.
Ошону менен бирге, ал, бул техникалар эл менен иштеше билген, элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгондорго берилип жаткандыгын баса көрсөттү. Анткени, жаңы трактор алган айрым дыйкандар өз жерин иштеткенден кийин аны бастырманын астына токтотуп коюп, элге жардамы тийбеген фактылар да жок эмес. Андай өзүмчүлдөр башкаларды да унутпашы зарыл.
Тракторлорду тапшыруу аземинде айтылгандай, мындай жаңы техникалар улам барган сайын көбөйө бермекчи. Ушул тракторлорду чыгарып жаткан "Автомаш-радиатор" жоопкерчилиги чектелген ишкананын директору Николай Токмактын айтымында, жыл аягына чейин "Белорус" маркасындагы дагы 70 трактор чыгарылмакчы. Ошондой эле, келерки жылдан баштап пахта терүүчү комбайн да чыгарыла баштайт.
Дыйкандарга жаңы тракторлорду лизинг шартында берип жаткан кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компаниянын башкы директору Каныш Шаршекееванын айтымында, компания иштей баштаган беш жыл аралыгында 2,4 млн. доллардык 366 лизингдик келишимдер ишке ашырылган.
Аталган компания тракторлордон тышкары комбайндарды, минералдык жер семирткич чачкычтарды, тоют даярдоочу техникаларды, эксковатор, бульдозерлерди да лизинг шартында насыяга берет. Анын үстөк акысы 16-20%га барабар. Жалпысынан алганда компания колдо болгон техникаларды лизинг шартында берүү менен эле чектелбестен, келечекте кредиттик союздардын башка кредиторлорун канааттандырууга ниеттүү.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
Шекербек САРТОВ (фото),
"Кыргыз Туусу"




А.Бекбалаев - ректордун милдетин аткаруучу
Вице-премьер-министр Э.Ибраимова Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында окуу жайдын профессор-окутуучуларына Амангелди Бекбалаев Президенттин жарлыгы менен КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын билдирди.
Өкүнүчтүүсү жогорку окуу жайлардын көч башы болгон Кыргыз улуттук университети кийинки кезде билим берүү жаатындагы даңкы менен эмес, ызы-чуусу менен көңүл бурдуруп калганы белгилүү. Башкасын айтпаганда да акыркы жылдарда тажрыйбасы ашып-ташкан, көрөңгөлүү 20дай профессор-окутуучулардын КУУдан кетип калышы окуу жайда жакшы эмес кырдаал түзүлгөнүн күбөлөп турат. Анын үстүнө быйыл Коррупциянын алдын-алуу боюнча улуттук агенттик жана Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип жүргүзгөн текшерүүдө бир топ кемчиликтердин бети ачылып, коррупцияга байланыштуу нерселер калкып чыкканы маалым болгон. Ушул жагдайга байланыштуу мурдагы ректору кызматтан алынганы белгилүү.
Элмира Ибраимова акыркы учурда университетте түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Президент К.Бакиевдин наамына профессор-окутуучулар курамынан жана студенттерден көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн билдирди. "Президент кырдаалды оңдоо максатында абал мыйзам менен жөнгө салынганга чейин өзүнүн Жарлыгы менен А.Бекбалаевди Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Амангелди Абдыжапаровичти өзгөчө тааныштырыштын деле зарылдыгы жок, сиздер аны жакшы билесиздер. Жаңы ректордун шайланышы менен университетте абал жакшырат деп ойлойм",- деди вице-премьер-министр.
Ректордун милдетин аткаруучу орунга отургандан кийин А.Бекбалаев журналисттерге берген кыска маегинде "Бирин кызматтан кетирип, бирин кызматка алган иштерди жасабайм. Негизи мен ишин мыкты иштеген кишилерди баалайм. Окуу жайда ынтымак чыңдалып, биримдик артышына бүткүл күчүмдү жумшамакчымын. Ошондой эле окуу процессинин жакшырышы үчүн бардык аракеттер көрүлөт", - деп оюн ачык айтты.
Окуу жайдын окутуучулары да ызы-чуу, тирешүү, араздашуу, соттошуу дегендей нерселерден аябай тажап бүтүшүптүр. "Бекбалаев иштин көзүн жакшы билет. Анткени, ал өзү бир кезде окуу жайды жетектеп иштеп кеткен. Өйдө-ылдый нерселерден жүдөп бүттүк. Эми тынчып иштейбиз го", - дешти айрым окутуучулар.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Үнөмчүл лампалар - өзүбүздөн
Кийинки кездери электр энергиясы тартыш боло баштаганына байланыштуу, электр энергиясын үнөмдөөчү лампалар пайда болууда. Аларды өзүбүздүн эле Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводубуз чыгарууда.
Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев билдирди. Аталган завод чыгарган электр лампалары азыркы биз пайдаланып жүргөн лампаларга караганда электр энергиясын 80%га үнөмдөйт. Анын чыдамдуулугу 6000 саатка эсептелген. Эгерде күнүнө беш саат күйгүзсөңүз, болжол менен 2,5-3 жыл бою анын жаңысын сатып албайсыз.
Маалымат жыйынына катышкан, аталган заводдун электр лампаларын жана айнек өндүрүү боюнча башчысынын орун басары Эмил Ахметовдун айтымында, мындай лампаларды өндүрүүгө өткөн жылы Өкмөт тарабынан тапшырма берилген экен. Ушуга байланыштуу, берилген тапшырма аткарылып, сыноодон өтүп, атайын сертификат алынды. Эми, аны массалык түрдө өндүрүп, республикалык керектөөсүн канааттандырып эле тим болбостон, экспортко да чыгарылмакчы.
Маалымат жыйынынын аягында, энергия үнөмдөөчү лампаларды бекер таратуу акциясы өткөрүлүп, биринчи иретте социалдык объекттерге берилди. Атап айтканда, кургак учук ооруканасы, энелерди жана балдарды коргоонун улуттук борбору, Нижне-Серафимовка айылындагы карылар үйү, Бишкектеги дүлөй балдардын №21 мектеби 100дөн электр лампаларын алышты.

Т.САРБАГЫШЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Мамлекет ишкерлерди колдоону улантууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыкка Кыргыз Республикасында ишкердик ишин жүргүзүү үчүн шарттарды андан ары өркүндөтүү, коррупцияны төмөндөтүү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкбаш функцияларын кыскартуу жана аткаруучулук тартибин жогорулатуу максатында кол коюлган.
1.Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ишкердик ишин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук базаны кайра карап чыкмакчы.
Мамлекеттик саясаттын ушул багытын жүзөгө ашыруу максатында:
- ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабынын башталышынан тартып бир айлык мөөнөттө ишкердик иш жүргүзүүгө лицензиялардын жана уруксаттардын түрлөрүн 30 пайызга кыскартуу жөнүндө сунуш даярдалат;
- ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабынын башталышынан тартып үч айлык мөөнөттө жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде ишкердик иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн калган 70 пайызына лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүн таркатуу зарылчылыгы жөнүндө негиздеме сунуш кылынат;
- 2009-жылдын төртүнчү кварталына карата лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмесин, ошондой эле тийиштүү мыйзамдарга лицензиялык-уруксат кылуу чөйрөсүн жөнгө салган түзөтүүлөрдү караган "Лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө" Мыйзамдын долбоору иштелет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды андан ары өнүктүрүү максатында:
- эки айлык мөөнөттө тобокелдиктерге баа берүү системасын киргизүүнү, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүн кыскартуунун жардамы менен текшерүүлөрдү тартипке салуу аркылуу алардын санын азайтууну, ошондой эле ишкердик ишин көзөмөлдөөчү органдардын санын 30 пайызга чейин азайтууну караган ишкердик ишин текшерүү системасын бюрократиядан арылтуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат;
- бир айлык мөөнөттө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында юридикалык жактарды каттоодо "бирдиктүү терезенин" ишин жөнгө салган ченемдердин сакталышын текшерет, ошондой эле коммерциялык юридикалык жактарды каттоону аймактык - райондук деңгээлге чейин жеткирүү үчүн чараларды иштеп чыгат;
- эки айлык мөөнөттө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо процессин өркүндөтүү максатында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, ошондой эле алар менен байланышкан бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жана мамлекеттик алымдарды алуунун жол-жоболорун, аткаруу мөөнөттөрүн жана наркын карап чыгат жана кыскартат;
- эки айлык мөөнөттө курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү системасын андан ары өркүндөтүү максатында курулушка уруксат кылуу документтерин, анын ичинде объекттерди инженердик тармактарга кошууга техникалык шарттарды берүү боюнча "бирдиктүү терезенин" ишин өркүндөтөт, уруксат берүү документтеринин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык жол-жоболорун, мөөнөттөрүн жана наркын андан ары карап чыгуу боюнча иш жүргүзөт;
- үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун биринчи этабына ылайык "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү жолу менен саламаттыкты сактоо системасында лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуш киргизет;
- үч айлык мөөнөттө экспорттук-импорттук операцияларды жөнөкөйлөштүрүүгө жана оптималдаштырууга багытталган бажы жол-жоболорун жөнгө салган өзгөртүүлөрдү иштеп чыгат жана ченемдик укуктук актыларына киргизет.
Жарлыктын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети КРнын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлдү.
Өз маалыматыбыз




70 жылдыкка 70 курулуш бүткөрүлгөн
Эгерде расмий маалыматтарга таянсак, жеке ишкерлердин саны жыл сайын көбөйүп, алар аркылуу калктын 60 пайызга жакыны иш менен камсыз болуп, алар өндүргөн продукция республиканын ички дүң жыйымынын 45 пайызын түзөт экен. Мисалы, Сокулук районунун жеке ишкерлери 8 айдын ичинде 9,6 млн. сомдук иш аткарышып, билим берүү, маданият жана социалдык жайларды курушуп, пайдаланууга беришкен. Мына ошондон улам жакында Сокулук районунун жеке ишкерлеринин жана ар кандай уюмдардын кошкон салымы аркылуу бүткөрүлгөн курулуш жайлары боюнча облустук семинар өткөрүлдү.

Ага КРнын билим берүү жана илим министри И.Болжурова, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Кумаров, Панфилов, Жайыл, Москва райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчи-адистери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Семинардын катышуучулары Фрунзе айыл өкмөтүнүн 190 орундуу башталгыч мектебинин, Төш-Булак орто мектебинин ашкана жана спорт залынын, М.Жангазиев атындагы №4 орто мектебинин курулуш иштери менен таанышты. Ошондой эле А.Жакшылыков атындагы №1 орто мектебиндеги компьютердик класстарда Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмөдө, Н.Крупская атындагы айыл өкмөтүндөгү "Жалын" социалдык үйүндө болушуп, социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө көрүлгөн иш-чаралар менен таанышып чыгышты.
Чүй облусу боюнча мындай семинардын Сокулук районунда өтүшүнүн жөнү бар. Үстүбүздөгү жылы райондун 70 жылдыгына карата 70 курулуш объектилери курула турган болсо, 8 айдын ичинде 70 объектилер курулуп, анын 28и билим берүү тармагы боюнча курулуп, бардыгы 38,83 млн. сомдук иш аткарылган. Семинардын катышуучулары билим берүү тармагындагы бул иш- чараларды бүгүн өз көздөрү менен көрүшүп, райондун жетекчилерине, ишкерлерине жана коомчулукка чоң ыраазычылык билдиришти.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"