, 12.12.08 - 3-бет:
  Диндик экстремисттик уюмдардын
30 очогунун бети ачылды

Өлкө башчысы Өкмөт жетекчисин кабыл алды
Алты кылмыштуу топ жок кылынды
8-декабрда Өкмөт үйүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, мамлекет башчысы социалдык төлөмдөр жана өлкөнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча тапшырмалардын, ошондой эле бажы жана салык төлөмдөрү планынын аткарылышына кызыкты.
Премьер-министр мамлекет башчысына белгиленген пландардын баары аткарылып жаткандыгын, бул маселелер Өкмөттүн такай көзөмөлүндө тургандыгын маалымдады.
Андан ары К.Бакиев жана И.Чудинов республиканын курулуш тармагынын абалы жөнүндөгү, атап айтканда, муктаж болгондор үчүн социалдык турак -жайларды куруу жана 2009-жылга бул тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мында Президент 2009-жылы социалдык турак-жайларды куруунун көлөмүн көбөйтүүгө көңүлдү бурду.
Маектешүүнүн жүрүшүндө 18-декабрда парламентте экинчи окууда каралууга тийиш болгон 2009-жылга республиканын бюджети жөнүндөгү маселе да талкууланды.
Д.ЧОЛПОНБАЕВ


Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев республиканын күч структураларынын жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында уюшулган кылмыш туулукка каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө маалымат угулду. ИИМдин маалыматына караганда , республика боюнча ИИМдин атайын каттоосунда 8 уюшулган кылмыштуу топ бар болчу, анын алтоо таратылып, жок кылынды. Ички иштер органдары тарабынан 420 даана ок атуучу куралдар, анын ичинде -7 автомат, 54 карабин жана револьверлер, ар кандай маркадагы 23 даана тапанча, 27 даана чолок мылтык табылып, тартылып алынды. Уюшулган кылмыштуу топтор тарабынан жасалган 6 бангизат кылмышынын бети ачылды.
Жолугушууда ошондой эле диний экстремизмге байланыштуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугуна өзгөчө олуттуу коопсуздук туудурган-бул диний экс-тремизм экени айтылды. Алсак, УКМК органдары тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын 30 ячейкасы ашкереленди. Республиканын ички иштер органдары тарабынан 2008-жылдын 11 айында 94 диний экстремизмди таратуу фактыларынын бети ачылды. Бул фактылар боюнча 121 киши кармалып, 39 кылмыш иши козголду, 4957 даана диний-экстремисттик адабияттар жана продукция тартып алынды. Быйыл баары болуп КРнын Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча (диний каршылаштыкты жаратуу) 65 адам, анын ичинде 2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокат окуясы боюнча 32 адам жоопко тартылды. Ошондой эле УКМК органдары тарабынан 41 адамга расмий эскертүү берилди.
Президент Курманбек Бакиев экстремисттердин өлкөдөгү кыр-даалды курчутууга жасаган аракетине каршы туруунун маанилүүлүгүн айтып, жаштарды мыйзамга каршы иштерден сактоонун зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул багыттагы ишмердүүлүктүн негизги натыйжасы - коомчулукта экстремизмдин, расалык жана диний каршылаштыктын ар кандай көрүнүштөрүн кабыл албоо кырдаалын түзүү болууга тийиш. Бул болсо өлкөдө Кыргыз Республикасынын калкына жат, чоочун идеялардын таралышына, кыртыш түзүлүүсүнө бөгөт болот. Мамлекет башчысы белгилегендей, кээ бир адамдар жана уюмдар динге жамынып алышып, өздөрүнүн укукка каршы ишмерчиликтерин жүргүзүшүп, коом менен мамлекетке гана эмес, диндин өзүнө да зыян келтиришүүдө.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Ишкерлерге шарт түзүү мамлекеттин милдети
Премьер-министр Игорь Чудинов лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкерчилик ишмердүүлүгүнүн нормалык укуктук базасын жөнгө салууну оптималдаштыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчысы маалымдагандай, "Ишкерчилик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун нормалык укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" мыйзамга Президент үстүбүздөгү жылы 5-апрелде кол койгон. Премьер-министр ошондой эле, бул маселени жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн, ишкерчилик ишмердүүлүктү жөнгө салуу жагынан мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча менчик укугун жана анын кол тийбестигин кор-
гоону күчөтүү жөнүндө Президенттин жарлыгы менен шайкеш келерин белгиледи. Анткени, нормалык укуктук базаны оптималдаштыруу бизнес жүргүзүүгө жана өлкөнүн экономикасына инвестиция тартууга жакшы шарт түзөт.
Аталган мыйзамда, бул маселени жүзөгө ашыруу үч этапта жүргүзүлөрү каралган, ошондой эле, тийиштүү иш-чаралар жана этаптардын мөөнөттөрү белгиленген. Биринчи этапты жүзөгө ашыра баштоонун мөөнөтүн аныктоо Кыргыз Өкмөтүнө тапшырылды.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда нормалык укуктук базаны оптималдаштырууну өткөрүү боюнча Өкмөттүн буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн жана комиссия жөнүндө Жобо бекитилген. Ал эми, комиссияга оптималдаштыруунун биринчи этабын баштоонун мөөнөтүн аныктоо боюнча сунушту жана иш-чаралардын планынын долбоорун Өкмөттүн ка-роосуна берүү тапшырылды.
Ошондой эле, аткаруучу бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аталган маселени кароо үчүн бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу тобун түзүү тапшырылды.
Кийинчерээк, 11-сентябрда бул маселе боюнча токтом кабыл алынып, жогоруда аталган мыйзамды жүзөгө ашыруунун план-иш-чаралары бекитилген жана оптималдаштыруунун биринчи этабын өткөрүү токтом күчүнө киргенден кийин 95 күн өткөндө башталары аныкталган.
Аталган документте, биринчи этап башталганга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде, Мамархкурулушта жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында оптималдаштыруу боюнча сыноо долбоорун өткөрүүнүн нормасы көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, Юстиция министрлигине Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө иштин механизмдерин жана принциптерин ачып көрсөткөн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.
Экономикалык өнүктүрүү боюнча министрликтин маалыматы боюнча, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жагынан ЮСАИД долбоору менен бирдикте алты күндүк семинар өткөрүлгөн. Бирок, кеңешмеде семинарга катышуу начар болгондугу баса белгиленди. Атүгүл, жумушчу топтун көпчүлүк мүчөсү жогоруда аталган мыйзамды билишпейт да экен.
Андан тышкары, Бишкек мэриясынын жумушчу тобунун жетекчиси түшүнүксүз себеп менен алмаштырылганы белгиленди. Ушундан улам, Игорь Чудинов жумушчу топторунун жетекчилерин кескин сынга алып, аларга тартиптик жаза берди.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Менчик таланбайт, тонолбойт, ал корголот
9-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Админис-трация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары менен салттуу жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол да катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Президент Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоо жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди. "Менчик ээсинин укуктарына кепилдик берүү менен биз республиканын бизнес чөйрөсүнүн жагымдуулугун гана арттырбастан , ошондой эле адам укуктарын коргоону камсыз кылабыз", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы менчикти коргоо жана ага кол тийбестик цивилизациялуу коомдун жана экономикалык өнүгүүнүн бирден бир негизи болуп саналаарын белгиледи. Менчигинин түрүнө карабастан, менчик укуктарын камсыз кылуу жана аны укукка каршы аракеттерден жана кол салуудан коргоо мамлекеттик саясаттын бирден бир маанилүү багыты деп аныкталды.
Жарлыкты аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө менчик ээсин мыйзамсыз алмаштырууга жана анын активдерге болгон укугуна кол салууга (рейдерчилик) каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тапшырылды. Атап айтканда, менчик ээсинин укуктарын коргоону толук камсыз кылууга жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган кылмыш-жаза, жарандык жана процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча милдет коюлду.
Президент ошондой эле менчик ээсин укукка каршы алмаштыруунун жана анын активдерге болгон укугуна кол салуунун (рейдерчилик) түрдүү формаларына каршы чечкиндүү күрөшүү, менчик ээсинин укугун коргоо маселесинде аракетсиздикке жана укукка каршы аракетке жол берген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата таасир этүүнүн катуу чараларын көрүү аркылуу менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу укук коргоо органдары үчүн иштин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп аныкталганын белгиледи.
Сот органдарына менчик укугун жөнгө салуу жаатында сот практикасына талдоо жүргүзүү жана соттор менен судьялар үчүн
тийиштүү түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу сунуш кылынды.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле уюштуруучулук мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.
Д.САНЖАРБЕКОВ




Менчикти коргоо күчөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыкка менчиктин түрлөрүнүн кепилденген ар түрдүүлүгүн жана аларды бирдей укуктук коргоону камсыз кылуу, менчикке кол тийбестик принцибин сактоо жана менчик ээлеринин укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында кол коюлган.
Жарлыкта менчиктин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын менчик укуктарын камсыз кылуу жана мыйзамга каршы аракеттерден жана кол салуулардан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.
Мамлекеттик саясаттын ушул багытынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- менчик ээсин мыйзамсыз алмаштырууга жана анын активдерине болгон укугуна кол салууларга каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат жана кабыл алат;
- менчик укуктарынын кепилденгендигине жана корголгондугуна карата ченемдик укуктук актыларды толук инвентаризациялоодон өткөрөт;
- айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун үч айлык мөөнөттө
даярдайт, аларда төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- корпоративдик талаш-тартыштарды жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз басып алууну кошо алганда, менчик ээсин мыйзамсыз алмаштыруу жана анын активдерине болгон укугуна кол салуу (рейдерчилик) түшүнүктөрү жөнүндө аныктама;
- акционердик коомдордун
реестрин жүргүзүү жана аларды жүргүзүүгө жоопкерчиликти жогорулатуу жол-жобосун өркүндөтүү, реестрлерди жана алар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүү;
- менчик ээсинин укуктарын коргоону толук камсыз кылууга (рейдерчиликке жол бербөөгө) багытталган кылмыш-жаза, жарандык жана процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүү маселелери.
Менчиктин мыйзамдуу укуктарына кол салган адамдар; мыйзамсыз администрациялык чечимдер кабыл алган жана менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын кысымга алган күнөөлүү кызмат адамдары, аракеттери жана аракетсиздиктери менчик ээсинин мыйзамдуу укуктарын бузууга алып келген же ага багытталган укук коргоо органдарынын кызматкерлери (рейдерчиликке көмөктөшүү); менчик укугу жагындагы маселелер боюнча мыйзамга ылайыксыз сот чечимин кабыл алган судьялар жоопкерчиликке тартылат.
Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети жана финансы полициясынын кызматы менчик ээсин мыйзамсыз алмаштыруунун жана анын активдерине болгон укугуна кол салуунун (рейдерчилик) түрдүү формаларына каршы чечкиндүү күрөшүү, менчик ээсинин укугун коргоо маселесинде аракетсиздикке жана мыйзамга каршы аракетке жол берген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата таасир этүүнүн катуу чараларын көрүү аркылуу менчик укугун коргоону камсыз кылууну өз ишинде бирден бир артыкчылыктуу багыт деп эсептеши керек.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна менчик укугун жөнгө салуу жаатында сот практикасына талдоо жүргүзүү жана ушул практика маселеси боюнча республиканын соттору жана судьялары үчүн тийиштүү түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу, Сот адилеттүүлүгү иштери боюнча Улуттук кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Судьялар
кеңешине менчик укуктарынын маселелери боюнча мыйзамга ылайык эмес сот чечимин кабыл алган судьяларга карата белгиленген тартипте адекваттуу мамиле кылуу сунушталды.
Жарлыктын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Администрациясынын жетекчисине жүктөлдү.
Өз маалыматыбыз