, 12.12.08 - 19-бет: Биринчи байлык- Денсоолук
Кыш келгенде сасык тумоо башталат
Сасык тумоонун - грипптин алдын-алуу үчүн эмне кылуу керек?
Кыш келди. Эми суук тийүүдөн, сасык тумоодон - грипптен адамдар жабыр тартышат. Ошол себептен суук тийүүнүн алдын-алуу үчүн эң жөнөкөй жана көп акча талап кылынбай турган рецептерди сунуш кылабыз. Ал эми пияз суук тийүүнүн алдын-алууда эң сонун жардам берет. Ошондуктан сасык тумоо - грипп маалында чийки пиязды көп жесе грипптин кандай гана вирусу болбосун өлөт.

"Пияз чайы"
Тазаланып жана тууралган пияздын үстүнө кайнак суу куюп, 3 минут коң туруп, анан сүзүп алат. Бул чайды дароо ичиш керек, анткени ысык суудан витамин таасирин тез жоготот. Даамдуу болсун десеңиздер ага бал кошуп алыңыздар.
Бул рецепт бронхит менен ооругандарга да жарайт, себеби пияз жөтөлдү жумшартып, какырыкты чыгарганга өбөлгө болот. Чайды кечинде демдеген жакшы, ал нерв системасын тынчтандырып, жакшы уктоого шарт түзөт.

Черңмуха жана пияз
Суук тийгенде жана ангинада черңмуханын ( жыттуу ак гүлдүү жана кара жемиштүү бак) гүлү жана пияз абдан шыпаа. Аны мындай жол менен даярдаш керек: черңмуханын үстүнө тегерете ысык суу куюп, жылуу жерде демдеп, үстүн сөзсүз түрдө капкак менен жаап коюш керек. 20 минуттан кийин пияздын кайнатылган маңызы кошулат. Бул аралашма менен оозду чайкап, анча-мынчасын жутуш керек.

Бронхитте
Суук тийүү көп учурда бронхитке алып келери белгилүү. А пияз анын алдын алуу жана күрөшүү үчүн табылгыс каражат. Бронхит болгон учурда мындай рецепти колдонуңуздар: сүргүчтөн өткөрүлгөн пиязды шекер менен аралаштырып ( бир баш пияз, 1 аш кашык кумшекер), 1 аш кашыктан күн бою ар 2 саатта ичүү керек. Дарылоо курсу - 7 күн.
Дагы бир рецепт. 1 баш пияз, 1 аш кашык алтейдин тамыры, 1 стакан суу.
Сууну кайнатып, аны алтейдин тамырына куят. Муну 20 минут коң туруп, ага сүргүчтөн өткөрүлгөн пиязды кошот. Бул каражатты күнүнө 1 аш кашыктан 3-4 жолудан ичсе болот.
Мындан да оңой рецепт. Табада майды ысытып, ага шакекче тууралган пиязды кызарганча кууруйт. Муну эртең менен да, кечинде да тамактын алдында жеш керек. Сүткө бышырылган пияз да ушундай касиетке ээ.

Хрен жана бал
Суук тийүүнүн алдын-алуу үчүн мындай элдик каражатты да колдонсо болот: 200 г. ашкана хренин (дүкөндө сатылат) ушундай эле өлчөмдө бал менен аралаштырып, 1 чай кашыктан кечинде ичет.

Жаңгактын дарылыгы
Жаңгакта 15,4 пайыз белок заты, 63 пайыз май заты, 10 пайыз көмүртек суу бирикмеси жана кальций, фосфор, темир ж.б. витаминдер бар. Демек белок менен май заттары башка кургак жемиштерге караганда жаңгакта басымдуу болуп, ал адамды семиртип булчуң эттерин жумшартат, чачтын өз калыбында болушуна жардам берет, адамдын тамактануусун жана дааратын жакшыртат. Бөйрөктүн иштешине жардам берип, өпкөдө пайда болгон кээ бир зыяндуу ашык заттарды өзүнө сиңирип, дем алуусун жакшыртат. Кээ бир орто жашаган жана карыган адамдардын бөйрөгүнүн иштеши начарлап, мындан кулагы начарлап, бел жана бут ооруга чалдыгат. Өпкөсү да начарлап, андан жөтөлүп, адамдын деми кысылып, көкүрөгүнөн какырык чыгат. Бул дарттарга жаңгак өтө эле пайдалуу болот. Мындай оорулардан алдын-ала сактаныш үчүн ар бир адам эртели-кеч 14,5 г.дан жаңгак жеп туруш керек.




  Дары өсүмдүк

Бака жалбырак
Бака жалбырак көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагын июнь-июль айларында кол менен үзүп жыйнап алат. Калемчесин кошпой жыйнаган жакшы, болбосо кургаардын алдында аларды алып салууга туура келет. Аны жыйнап аларда тамырына зыян келтирбей , өсүмдүктү талкалап албоого аракет кылыш керек. Бака жалбыракты көлөкөдө жайып кургатып, күнүнө бир маал аңтарып турат.
Жалбырагынан жасалган маңыз какырык чыгаруучу каражат катары пайдаланылат. 20-30 тамчыдан күнүнө 3-4 маал ичиш керек. 30 грамм майдаланган кургак жалбырагын 1 стакан кайнак сууда ширелентип, 1-2 аш кашыктан ар 2 саатта ичсе болот.
Жалбырактын маңызы жана жаңы ширеси менен катуу кармаган ичеги-карын ооруларын, ашказан жана ичеги жарасын, суук тийген табарсык ооруларын ж.б. энурез, геморрой жана денеге бүдүр-бүдүр кызыл нерселер чыкканда дарылашат.
Элдик медицинада бака жалбырагын колдонуунун дагы мындай рецептери бар: жуулуп, жаңы майдаланган жалбырагынан эки аш кашык алып, аны дакиге оройт. Дененин суук тийген, урунуудан көгөрүп калган жерине басат.
l Бака жалбырактын жаңы жалбырагын майдалап, маңызын чыгарып, 1 аш кашыкты жарым стакан сууга аралаштырып ичүү керек. Бул кислоттуулугу төмөн гастритте сунуш кылынат.




"Ден соолуктун" кат куржунунан
Урматтуу редакция!
Гезит бетинде "Ден соолук" атайын бетин ачканыңарды колдойбуз. Ден соолук боюнча көп кеңештерди окуп жатабыз. Жакында чач түшкөндө кандай каражатты пайдалануу керектигин окуп калдым. А менин чачым төбөмдөн тегерек-тегерек, көлөмү беш тыйындай болуп башкача түшүп жатат. Айыл жеринде жашагандыктан райондун борборуна барып келүүм кыйын. Догдурдан кеңеш сурап, же элдик дарыгерчиликтен гезитке кеңеш жазып жиберсеңер жакшы болор эле.
Жийдегүл. Ош облусу.
Урматтуу Жийдегүл, Сиздин өтүнүчүңүз менен тийиштүү догдурларга кайрылып кеңеш сурадык. Алар Сизди адегенде тери ооруларын кароочу врачка көрүнүүңүздү айтышты. Чачтын түшүүсү витаминдердин жетишсиздигинен, стресстен, капалануудан, жугуштуу оорулардан ж.б. себептерден улам да болуусу мүмкүн экен. Ал эми элдик дарыгерчилик төмөнкүдөй каражаттарды колдонууга кеңеш берет:

Сарымсак (чеснок),арак жана калемпир
*Бир баш кызыл ачуу кызыл калемпирди майда туурап, ага 100 г. арак кошот. Бир күн коң туруп, аны менен башты сүртөт.
*Сарымсактын бир тишчесин алып, шире чыккандай учунан кичине кесип коңт. Муну менен чач түшкөн жерди жана чачтын түптөрүн сүйкөйт. Эки жумадан кийин чач чыга баштайт.

Мурундан кан акса
1. Лимон ширесинен бир нече тамчы.
2. Тегерек баш чөп (тысячилетник) же чалкан жана бака жалбырактын кургатылып, майдаланган жалбырагы.
3. Перекис водороддун 1-2 тамчысы.
Буурчак (көк маш)
Майда буурчактын даамы таттуу, табияты суук болот. Ал денедеги ысыктыкты айдоого, ууланганда, сыныкты ордуна келтирүүгө, шишикти кайтарууга, ысыкта, аптап болуп турган учурда денени сергитүүгө, суусундукту кандырууга жана башка өзгөчөлүктөргө ээ.
Жайдын ысыгында, күн үп болуп турганда майда буурчакты кайнатып, анын суусун суусундук катарында ичсе, адам баласына ысык өтпөйт да, суусабайт. Эгерде адамдын денеси бир жерге урулуп кан уюп калса, майда буурчакты ун катары майдалап, жумуртканын агы менен аралаштырып туруп жаратка таңып койсо жакшы болот. Ошондой эле майда буурчак төмөндөгүлөргө пайдалуу:
- киши тумоолоп калганда 30 г. майда буурчакка 9 г. чалкан чөбүн кошуп сууга кайнатып ичкенде денеден тер чыгып, киши тумоодон айыгат;
- ысык өткөндөн сактаныш үчүн 60 г. майда буурчакты сууга кайнатып ичсе пайдалуу;
- кишинин кузгусу келип жүрөгү айланса 100 г. майда буурчакты 10 г. мурчка майдалап кошуп, сууга кайнатып, анан муздатып бүт бойдон ичсе, же болбосо 16 г. майда буурчакты 16 г. набат менен кайнатып ичсе жакшы;
- заара чыккан жер сезгенгенде 500 г. майда буурчактын өндүрмөсүн даярдап, аны шекерге аралаштырып, кайнатып ичсе жардамы тиет;
- темирөткү жарасы пайда болуп андан суу чыгып турса, анда майда буурчакты ундай кылып майдалап, андан кийин муз менен бирге жараттын үстүнө бир күндө эки жолудан бир нече күн кайталаса жарат айыгат;
- бала эмизген аялдардын сүтү азайган учурда, майда буурчакка шекер кошуп чай катарында кайнатып ичсе сүт ордуна келет.
Эчкинин сүтүнүн
пайдасы
Окумуштуулар эчкинин сүтүндө бактерияга каршы өзгөчө табигый элемент бар экенин айтышат. Аны өпкөнүн сезгенүүсүнө жана башка дем алуу органдарындагы жугуштуу ооруларды айыктырууда өтө пайдалуу экендиги жана ага чоң таасир берерлигин илимий түрдө аныкташкан.

Даярдаган Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу"