, 12.12.08 - 17-бет:
  АКШда 120дан ашык шаар-кыштакка Вашингтондун ысмы берилген. Биз бир көчөгө Ч.Айтматовдун атын коё албай жатабыз

Чыңгыз Айтматов менен туулган жылыбыз, күнүбүз бир
Мен Кимсанбай ажы
Абдыразак уулу, Жараткан Алла Тааланын Кыргыз Республикасынын баатыры жана дүйнөгө көрүнүктүү ардактуу жазуучусу урматтуу Чыңгыз Айтматов экөөбүзгө уккан адам таң каларлык абдан сонун окшоштукту насип кылганына ак
дилимден сыймыктанамын.
Ал кандайча дегенде: экөө-
бүздүн тең кесибибиз зоотехник, кесиптешпиз, жылыбыз балык, туулган жылыбыз - 1928-жыл, туулган айыбыз декабрь, жашыбыз быйыл 80ге келди.
Ушундай сонун окшоштугун бизге Кудай тартуулап, бизди достоштуруп отурат.
Мен 2003-жылы 14-август күнү "Чыңгыз чакырат" деген жарнаманы угуп, Чыңгыздын 75 жылдыгына Бишкекке барып, филармониянын залында өзүнө жолугуп, кол кармашып, ыр менен куттуктап келгемин.
Ошондон бери дагы 5 жыл өтүп, Чыңгыз 80 жашка келди. Бул бактылуу карылыктын келгени, биринчиден, өзүнүн сыймыгы, экинчиден, элинин сыймыгы деп эсептейм.
Кут болсун 80 курагың
Күч-кубат берсин Кудайым.
Кыргыздын чыгаан шумкары,
Кылымдап жансын чырагың!
Жараткан өзү жар болуп,
Ооматты берди кыргызга.
Дүйнөгө даңкын чыгарып,
Жазуучу залкар Чыңгызга.

Кут даарыган кыргыздын,
Кутманы сенсиң Чыңгызым!
Татыктуу болдуң баарына,
"Нобелден" башка сыйлыктын.

Зор салым коштуң бу күндө,
Маданият жаатына.
Кинолор бир топ тартылып,
Көп элге болду жарыя.

Кыргыз деп жаны күйгөндөн,
Сен чыктың Айтмат бүлөдөн.
Унутулбайт эмгегиң,
Өтсө да көзүң дүйнөдөн!

Чет элдер укса Чыңгызды,
Четинен тааныйт кыргызды.
Чыныгы эмгек атантты,
Чыңгыз чын кыргыз жылдызы.

Өз элдер укса Чыңгызды,
Өзөктүн түптүү уңгусу,
Өз элдин даңкын ашырган,
Өзгөчө баалайт Чыңгызды!

Чыкса экен дагы кыргыздан,
Чыңгыздай жүздөп Чыңгыздар!
Ыроолоп ыйман-ынтымак,
Өркүндөп өссүн кыргыздар!!!
Кимсанбай ажы
АБДЫРАЗАК уулу,
Өзгөн району, Саламалик айыл өкүмөтү, Кызыл Байрак айылы, согуштун жана
эмгектин ардагери




Ак кеме сени
сагындым!..
(Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестинен баланын монологу, комуздун коштоосунда ырдалат)

Ээн-эркин үйдө басалбай,
Негедир турам айбыгып.
Дөңсөөгө чыгып отурам,
Эрте-кеч аны жай кылып.
Санаага абдан батамын,
Энемден тирүү айрылып.
Тилеймин атам келсе деп,
Ойлоймун аны кайгырып.
Ак кеме келсе болбойбу,
Көгүлтүр көлдө жай жылып.

Таенем мени тилдесе,
Башымды жерге катамын.
Күнү-түн ойлоп атамды,
Санаадан санга батамын.
Бир күнү атам келет деп,
Тынымсыз күтүп жатамын.
Көзүмөн жашым буурчактайт,
Кабарын билбей атамын.
Ойлогон оюм ишке ашып,
Атама качан эркелеп,
Жыргалдын даамын татамын.

Арактан ичип күпүлдөп,
Орозкул жүрөт элире,
Акырын атын бастырбай,
Дайыма күчөп темине.
Мас болуп күчүн чыгарат,
Бекейди уруп кериле.
Азапка батып белчеден,
Ушунун баарын көргөнчө,
Төрөлбөй койсом эмине?..

Курбулар менен кудуңдап,
Адырдын гүлүн терсемчи.
Атаке, мени муңкантпай,
Ак кеме менен келсеңчи.
Ойлордон ойго батамын,
Күнүмдү ойлоп эртеңки.
Суранам сенден Бугу эне,
Муңкантпай Бекей эжени,
Бешиги менен бөлөнүү,
Апакай бала берсеңчи.
Бугу эне сенден өтүнөм,
Бекейге бөбөк берсеңчи.

Канатым болсо каргадай,
Отурбайт элем тушалып.
Күн сайын көрүп жаңжалды,
Денени бийлейт ызалык.
Эр жетким келет тезирээк,
Убакыт жылбайт узарып,
Атаке, күтүп өзүңдү,
Телмирип көлдү тиктеймин,
Денени бийлеп кусалык.

Көгүлтүр көлгө телмирип,
Түркүн ой менен арбашам.
Сүзсөмбү балык болуп деп,
Кыялым менен жалгашам.
Кемеге дароо жетмекмин,
Канатым болсо эгерде,
Кантемин уча албасам,
Эч кандай айла калбады,
Балыкка гана айланып,
Суу менен сүзүп барбасам.

Чоңойдум ушул кордондо,
Мээримин билбей эненин.
Музоого кирди чайнатып,
Уктум го жүзүн жеменин.
Тирүүлөй жетим кылбасын,
Эч кимди тагдыр эгерим.
Жүрөгүм сыздайт укканда,
Балдардын жетим дегенин.
Атаке, сени келсе деп,
Дөңсөөгө чыгып шашпастан,
Караанын издейм кеменин.

Урбаса экен Бекейди,
Деген ой менен көп жолу,
Орозкулга жагындым,
Берсе экен ага бала деп,
Бугу эне сага жалындым.
Тагдырын ойлоп Бекейдин,
Көөдөнгө кайгы тагындым.
Кайгыга мени таштабай,
Ак кеме менен келсеңчи,
Атаке, сени сагындым.
Атамды салып келет деп,
Ак кеме сени сагындым!..
Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"




Жарыяланганга кайрылабыз
Дагы бир жолу Чыңгыз Айтматов менен Турдакун Усубалиев жөнүндө
Гезитибиздин ушул жылдын 18-апрелиндеги № 28-санына жарыяланган "Биринчи май, Свердлов бизге Т.Усубалиев менен Ч.Айтматовдон да кымбатпы?" деген макалада борбор калаабыздагы төрт райондун тең мурдагы системанын символдорунун аталыштарын алып жүргөндүгү азыркы замандын реалийлерине ылайык келбей калгандыгы, ошондук-
тан аларды кайра карап, айрымдарына, маселен, Биринчи Май менен Свердловдун ордуларына Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун ысымдарын берүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн болчу. Ырасын айтуу керек, макалага үн кошуу катарында түшүп, гезитке жарыяланган материалдардын арасынан бир гана макалада "тирүү адамдардын ысымдарын жер, суу аттарына берүүнүн моралдык жагы кандай болот, анын зарылчылыгы барбы?" дегендей шектенүү айтылбаса, калган онго жакын материалдын авторлорунун бардыгы макалада көтөрүлгөн демилгени колдошкон. Тарых илимдеринин доктору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Турду Жыргалбеков 25-апрелде жарыяланган макаласында демилгени "тарыхый сунуш" катарында бааласа, Маданият жана маалымат министрлигинин бөлүм башчысы Асан Токтогулов 29-апрелдеги, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Москвадагы Жеңиш параддын катышуучусу, эмгектин ардагери Сатымкул Садыков 9-майдагы "Усуба-лиевдин ысымы бир районго
коюлганга татыктуу", ак-талаалык Өмүрбек Дөлөев 16-майдагы "Үч районго ысымдары ыйгарылса", таластык С.Токтогазиев жана
Ш.Орозалиев деген авторлор 16-майдагы "Адам эмгеги туура бааланса..." деген макалаларында демилгени колдошуп, өздөрү да бир катар кошумча сунуштарды киргизишкен. Ал эми Баткендик Рахматилла Жумабаев деген автор "Кошуналарыбыздан үлгү алсак" деген макаласында Тажикстандын мурдагы жетекчилери Бабажан Гафуров менен Жаббар Расуловдун ысымдары Согди облусундагы бирден районго, Тажик адабиятынын классиктери Садриддин Айни менен Турсун Заденин ысымдары бир чоң кыштакка жана
шаарга коюлгандыгын жазган. Өзбекстанда Шараф Рашидовдун ысмын Ташкент шаарындагы жана Жизак облусундагы эки район алып жүрөт. Бул республикада Ю.Ахунбаев менен А.Икрамовдун аттарына бирден район коюлса, дагы бир мамлекеттик ишмер Осмон Юсуповдун ысмы чоң Фергана каналына берилген. Булар ирилери гана. Жогоруда аталган мамлекеттик ишмерлердин жана улуттук адабий классиктердин ысымдарында канча мектеп, көчө, чарба, китепкана бардыгын Тажикстан менен Өзбекстанда жашагандардын өздөрү да так билишпейт болушу керек. Ал эми Ж.Расулов, Б.Гафуров, Ю.Ахунбаев, А.Икрамов, О.Юсупов, Ш.Рашидов ж.б. биздеги А.Орозбеков, Т.Кулатов, И.Раззаков, Т.Усубалиев сыяктуу эле, ошолордун деңгээлиндеги эле мамлекеттик ишмерлерден болушкан. Чыңгыз Айтматовго болсо Борбордук Азияда советтик мезгилде жашап өткөн адабияттын жана искусствонун бир да ишмери тең келе албайт. Турдакун Усубалиевдей өз республикасын чейрек кылым башкарып, экономикасын, социалдык чөйрөсүн жана маданиятын өнүктүрүүгө аябагандай чоң салым кошкон жетекчилер мурдагы союзда эсептелүү эле болгон. Алар Д.Ку-наев, Ш.Рашидов, Ж.Расулов, анан Башкыртстанды Сталиндин мезгилинен Горбачевдун кайра куруусуна чейин башкарган Шакиров, Азербайжандын мурдагы президенти Г.Алиев.
Биз өз макалабызда айрым оппоненттер айтышкандай (жазуучулар союзундагылар ошентип чыгышкан) жер-сууга эмес, административдик бирдиктерге аттарын берүү жөнүндө маселе көтөргөн болчубуз. Жер, суу менен административдик бирдик деген таптакыр эки башка түшүнүк. Алсак, Уралдагы эң чоң шаардын аты Екатеринбург, ал эми облустун аталышы Свердлов, мурдагы Ленинград
шаары азыр Санкт-Петербург деп аталса, облустун аталышы Ленинград бойдон калган. Биздин оюбузча азыркы Токтогул шаарчасы Кетмен-Төбө деп аталып, райондун аталышы Токтогул бойдон калса эң туура болмок.
Биздеги дагы бир парадокс, көздөрү тирүү адамдардын ысымдары эч жерге коюлбаш керек деген түшүнүк. Бул боюнча өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда Өкмөт атайын токтом чыгарып, бардык мамадминистрацияларда тийиштүү комиссияларды да түзгөн. Бул маселе боюнча жакында Президенттин жарлыгы да чыгарылды. Бирок, өзүңүздөр карап көрүңүздөр, азыр республикадагы мектептердин 10%дын тегерегиндегилери тирүү эле адамдардын ысымдарын алып жүрүшөт. Мен билгенден Аксы менен Ала-Букада эле тирүү адамдардын аттары коюлган ондон ашык мектеп бар. Көчөлөрдү айтпай эле коёлу. Т.Садыковдун, М.Миррахимов менен М.Мамакеевдин ысымдары деле өздөрү жетектеген мекемелерге көздөрү барында эле коюлду го. Өкмөттүн токтому менен Президенттин жарлыгы мурдагы директорлорго, чарба жетекчилерине, майда партиялык, советтик кызматкерлерге калганда таптакыр күчсүз экен да, анан Ч.Айтматов менен Т.Усубалиевдей үлкөн инсандарга келгенде иштеп калганы туурабы? Бул эч кандай логикага ылайык келбеген парадокс эмей эмне?
Анан дагы биздин интеллигенттерибиздин бир бөлүгүндө "жер-сууларга таптакыр адамдардын ысымдары берилбеш керек. Цивилдүү дүйнөдө ошондой" деген көз караш бар. Алар өздөрү компетенттүү болбогон мындай нерселерди айтышып, башкаларды да адаштырып, неге баштарын оорутушат?
Фактыларга кайрылсак, башка улуу адамдарын айтпай эле коёлу, АКШда Дж.Вашингтондун ысымындагы 120дан ашык шаарлар жана кыштактар, бир штат, жети тоо, сегиз дарыя, он көл, 33 федералдык округ жана 9 колледж бар. Бул мындан туптуура 35 жыл мурдагы маалыматтар. Андан бери АКШнын биринчи президентинин ысмын алып жүргөн жер-суулар, субъекттер дагы көбөйгөн болуш керек, бирок азайбагандыр. Анткени, алар Дж.Вашингтондун туулган күнү болгон сайын бир субъектиге анын ысмын ыйгарып турушат. Ал эми бизде мурдагы советтик мезгилде деле дарыяларга, өзөндөргө, көлдөргө адамдардын ысымдары берилген эмес. Бул жагынан биз америкалыктарга жеке адамга сыйынуу деген мезгилде да тең келе алган эмеспиз.
Дүйнөдөгү цивилдүү элдердин баары чыгаан жазуучу, көрүнүктүү ойчул жана коомдук ишмер катарында тааныган Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүп кетти. Ал оо дүйнөгө кеткенден кийин ысмы Талас университетине берилди. Биздин оюбузча анын аты көзү барында эле борбор калаадагы бир районго, анан чоң көчөлөрдүн бирине берилсе туура болмок. Ал андай сыйга бардык жагынан татыктуу инсан болгондугу эч кимде шек туудурбайт. Эгерде Айтматов өзбек же тажик болгондо анын ысмын бир шаарга же чоң районго ыйгарып, эстелигин да тургузуп салышмак. Бирок, дагы деле кеч эмес.
Бүгүн улуу жазуучубуздун 80 жылдыгы белгиленип жатат. Анын ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралар ушул датага карата аткарылбаса деги качан аткарылат. Россиянын президенти Дмитрий Медведев А.Солженицын өлгөндөн эки күндөн кийин эле өзүнүн жарлыгы менен анын ысмын коё турган жерлерге коюп салды го!
Ырасын айтыш керек, биздин борбор калаабызда Киевская, Московская, Донецкая, Ден Сяопин, Чапаев, Сухе Батор, Жаш Гвардия деген сыяктуу аталыштарды сактап туруунун кандай зарылчылыгы бар экендигин түшүнбөймүн. Бул көчөлөрдүн, бульвардын аталыштары да Биринчи май, Свердлов дегендердин улуттук тарыхка тыгыз байланышкан Барсбек, Тагай бий, Нүсүп миңбашы, Жеңижок, Т.Усубалиев, Чыңгыз Айтматов деген сыяктуу аталыштар менен алмаштырылуусу керек. Башка республикалардын борборлору түгүл, перифериялык элдүү пункттарында да жогорудагыдай аталыштар калган эмес. Биринчи май менен Свердлов деген аталыштар Москва менен Санкт-Петербургда калбагандан кийин аларды бизде сактап туруунун кандай кажети бар?
Биздин оюбузча Бишкектеги бир районго Ч.Айтматовдун, экинчисине Т.Усуба-лиевдин, үчүнчүсүнө жердешибиз М.Фрунзенин ысымдары берилсе эң туура болмок. Т.Усубалиев келерки жылы токсонго чыгат, ал эми М.Фрунзе эмне деген менен жердешибиз, кыргыздарга жаман мамиле жасаган эмес, борбор калаабыз да көп жылдар бою ошонун ысмы менен аталып келген. Дегинкисинде биз легендарлуу аскер башы жердешибиз М.Фрунзеге карата гана эмес, Кыргыз Республикасын түптөп, калыптандырууга чоң салым кошушкан Каменский, Аммосов, Вагов, Шахрай сыяктуу башка улуттардын өкүлдөрүнө деле адилеттүү мамиле жасабай жатабыз.
Жыйынтыктап айтканда, В.Лениндин ысмындагысынан башкасы жаңы реалийлердин тутумунан кайра каралып, көз карандысыз өлкөнүн тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрүнө, улуттук кызыкчылыктарына ылайык келтирилсе эң туура болмок.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"