, 12.12.08 - 16-бет:
  Ч.Айтматовдун негизги темасы -
зомбулук менен эркиндик

Кыргыздын канында Теңирим берген талант бар
1989-жылы, апрель айында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов СССР Жогорку Советине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлүп, жер-жерлерде шайлоочулар менен кездешүү өнөктүгү өтө баштаган эле.

Чыңгыз Айтматов эл менен кездешкени келип калды, ишенимдүү адамы Арсен Умуралиев экен, мындай сөз сүйлөдү: "Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүр баянын, чыгармачылык жолун, коомдук иштерин кеңири айтып беришим керек, бирок, сиздер аны айттырбай эле толук билесиздер, ошондуктан, сиздердин бир жердешиңердин Чыңгыз Төрөкуловичке арнап жазган ыры бар экен. Ошону эле окуп берсем кыскача баяндама жетиштүү болчудай". Ырды окуп бүттү, эл дүркүрөтө кол чаап токтогондо, Чыңгыз Төрөкулович ордунан туруп ыраазычылыгын билгизип: "Автору ким экен?",- деди. Залдан бирөө: "Ал ырдын автору жаныңыздарда президиумда отурган Абен Казыбаев - профсоюздун төрагасы",- деди. Президиумда отургандар күлүшүп, залда отургандар дагы бир жолу кол чабышты.
Чыңгыз Төрөкуловичти Кочкор районунун эли менен кездештирүүнү уюштурдук. Шайлоочулар менен жолугушуу райондун борборунда өттү. Эл Айтматовдун депутаттыкка болгон талапкерлигин толук колдошуп, ой-тилек, каалооло-рун айтышты. Партиянын Кочкор райкомунун биринчи катчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров чогулуштан кийин сый тамакка чакырды. Отурушта Чыңгыз Айтматов менден сурап калды: "Сиздин жазган чыгармаларыңыз, ырларыңыз барбы?",- деп. Мен айттым, Чыңгыз Төрөкулович, менин чыгармачылык талантым жок, эч качан ыр жазган эмесмин. Бул менин биринчи жолку жазган ырым, сиздин 60 жылдык мааракеңизге арнап, гезитке жиберсем чыгып калыптыр.
Чыңгыз Төрөкулович калбаат, коңур үнү менен сөз сүйлөп отурду. "Бу кыргыздын канында жараткан берген талант бар, "Манас"-эпосун кыргыз гана жарата алат", - деди.
Жогорудагы айткан ырым бул:

Чыңгыз Айтматовго
Кыргыз эли байыркы,
кылымдарды карытып,
орун алган тарыхтан.
Айкөл Манас бабабыз,
Ала-Тоо, Алтай аймагын,
каганат куруп тааныткан.
Чыңгыз - сенсиң азыркы,
академик, жазуучу,
орошон ойчул даанышман.
Адам аруу дүйнөсүн:
акыйкат, ыйман, чындыкты,
акыл калчап байыткан.
Өлбөс-өчпөс, суктандырып
дүйнө элин,
сыйлык берип баалаган.
Адамзаттын уулусуң,
Ата Журтуң кыргызың,
Ыйык тутуп кармаган.
Эне тили элдик тил,
бардык жерге таанымал,
бир сырдуу да, миң кырдуу.
Эчен кылым өтсө да,
тартылып кино, роман,
Жаңырат кайра чыгармаң.
Мен, 1988-жылдын 29-ноябрындагы бул ырымды гезитке кайра сунуш кылган себебим, улуу жазуучу Айтматовдун сексен жылдыгы белгиленип жаткан учурда, ар бир атуул эскерип, урунттуу күндөрдөн баян айтышуусу абзел, тарых ошон үчүн кызык.

Абен КАЗЫБАЕВ,
Кыргыз ССР Жогорку Советинин, СССР Жогорку Советинин мурунку депутаты, Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, персоналдык пенсионер




"ЖАШОО- бул жашоону даңазалаган трагедия"
Мыслитель и художник никогда не будут спокойно сидеть на олимпийских высотах. Мыслитель и художник должны страдать вместе с людьми для того, чтобы найти спасение или утешение. Кроме того, он страдает еще потому, что он всегда, вечно в тревоге и волнений: он мог сказать то, что дал бы благо людям, избавило бы их от страдания, дало бы утешение, а он не так сказал, не так изобразил, как надо: он вовсе не решил и не сказал, а завтра, может, будет поздно - он умрет. И потому страдание и самоотвержение всегда будет уделом мыслителя и художника.
Лев ТОЛСТОЙ

Парадокспу же парадигмабы?
Ч.Айтматов дүйнөгө белгилүү чыгаан жазуучу гана эмес, Лев Толстой, Альбер Камю, Жан Поль Сартр өңдүү атайын философиялык эмгектерди жазбаса да Томас Манн, Леонид Леонов ж.б. сыяктуу түбөлүктүү маселелер жөнүндө көркөм каражаттар аркылуу гана эмес, өзүнүн публицистикалык, эпистолярдык чыгармаларында философиялык, моралдык, этикалык өңүттөрдө көп ой жүгүрткөн улуу ойчул да болуп саналат. Анын бул жааттарда адамзаттын ой казынасына кошкон салымдары: экологиялык этиканын деңгээлин дагы бир тепкичке көтөрдү. Коомдук аң-сезимге планетардык ой жүгүртүү, жаңыча ой жүгүртүү деген категорияларды, моралдык деградациянын эң төмөнкү чеги болгон манкуртчулук жөнүндөгү диагноз-символду киргизди.
Улуу ойчулубуз, булардан сырткары өзүнүн акыркы макалаларынын биринде: "Жашоо - бул жашоону даңазалаган трагедия" ("Жизнь - это жизнеутверждающая трагедия") деп да философиялык жыйынтык жасаган. Аны адеп окуганда же укканда, албетте, кимде болбосун алгач рефлекстик деңгээлде "жарык дүйнөдө адам баласына мүмкүн болгон жакшы нерселердин бардыгына жетишкен улуу жазуучуга жашоо трагедия катарында кабылданса, анда биздин жашоону эмне деп айтса, кандай нерселерге кошсо болот?",- дегендей ойлор пайда болбой койбойт.
Айрымдарга бул "тирүү өлүк" деген парадокстой кабылданышы да мүмкүн. Бирок, алгачкы примитивдүү рефлекстик реакциядан бошонуп, улуу ойчулдун мындай философиялык жыйынтыгын анын көркөм чыгармаларынын, публицистикалык, эпистолярдык мурастарынын, көп жылдык коомдук ишмердигинин жана тарыхый маданий процесстердин тутумдарынан караганда ал башка бир катар улуу гуманист-сүрөткерлердикиндей эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын да квинтэссенциясын түзө тургандыгына, "жашоо - бул жашоону даңазалаган трагедия"-деген сүйлөм тиркеми синтаксистик парадокс эмей эле философиялык парадигмалардын биринен экендигине ишенесиз.

Улуу жазуучунун
негизги темасы
Жашоонун, прогресстин негизги кыймылдаткычтары - негизги төрт инстинкт, муктаждык болуп саналат. Алар - курсак тойгузуу, тукумдап көбөйүү, коркунуч, бийликке жана байлыкка умтулуу. Адамдардын мына ошолорго жетүүгө болгон аракеттери мазмуну боюнча зомбулук жана эркиндик (орусча "добро и зло") деп экиге эле бөлүнөт. Аталган философиялык түшүнүктөрдү орусчадан сөзмө сөз которгондо "жакшылык жана жамандык" болуп чыгат, бирок, мындай алганда түшүнүктүн алкагы өтө эле кеңейип, эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгын так аңдап-түшүнүүгө мүмкүн болбой калат. Биздин оюбузча аны эркиндик жана зомбулук деп алган эле туура болот.
Цивилизациянын азыркыдай деңгээлге жетүүсүндө зомбулуктун да, эркиндиктин да ролдору чоң. Экөөнүн кошкон салымдары бирдей десе болот. Эгерде зомбулук болбосо мамлекеттер түгүл, этностор деле түзүлмөк эмес. Элдер бир уруу башка урууларды күчкө салып кошуп алгандан түзүлсө, мамлекеттер элдерди күч менен бириктиргенден пайда болгон. Алмустактан азыркы мезгилге чейин адамзат коомуна бардык прогрессивдүү нерселер күч менен киргизилүүдө. Башкаларды айтпай эле коёлу, өзүбүздүн жакынкы тарыхка эле кайрылсак, Октябрь төңкөрүшү да, кыргыздарды жамаатташтырып, айылдаштырып, шаарлаштырып, кат-сабаттарын жоюп, окумал кадрларды даярдоо да, колхоз-совхоздорду жана заводдорду, фабрикаларды, каналдарды ж.б. куруу да, кала берсе жакынкы рыноктук экономикалык мамилелерге өтүү да чыныгы зомбулук аркылуу ишке ашырылган.
Бир сөз менен айтканда, турмушту жаратып, адамзатты азыркыдай цивилдүүлүккө жеткирген да, ошол эле мезгилде келечеги үчүн чоң коркунучтарды жараткан да зомбулук болуп саналат. Байыркы мезгилдерде зомбулуктун примитивдүү гана же башкалардын мүлктөрүн тартып алуу, өмүрлөрүн кыюу, мажбурлоо, коркутуу, эркиндиктерин чектөө сыяктуу ж.б. түрлөрү болсо, азыр зомбулуктун түрлөрү мурда болуп көрбөгөндөй көбөйдү, анын саясый-экономикалык, аскердик, социалдык, финансылык, психологиялык, маданияттык, маалыматтык деген ж.б. формалары пайда болду. Ал эми зомбулуктун башкы максаты - бул адамдын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, кеңейтүү.
Согушсуз көз карандысыздыкка, экономикалык, финансылык зомбулуктарсыз өнүгүп-өсүүгө жетишкен мамлекеттер аз. Жокко эсе десек болот. Мындагы эң чоң парадокс - зомбулуксуз же күч колдонуусуз эркиндикти, жакшылыкты коргоп сактап, камсыз кылууга да мүмкүн эмес. Күчкө таянбаган эркиндиктин, жакшылыктын кумдан тургузулган мунарадан айырмасы болбойт.
Мына ушул чечилгис дилемма эзелтеден улуу ойчулдардын, гуманисттердин негизги темаларынан болуп келген, байыркы дүйнөнүн (античный) философторунан тартып, азыркы мезгилдин гуманисттерине, коомдук, мамлекеттик институттарына чейин мына ушул бир жагынан алганда антогонисттик, экинчи жагынан кокустук менен зарылчылыктай ажырагыс көрүнүштөрдүн ортосундагы мамилелерди жумшартууга, зомбулукту азайтып, анын ордуна макулдашууну киргизүүгө, эркиндикти кеңейтип, анын тутумунда симпатиялуу сүйүү сезимдерин (жыныстык эле эмес) көбөйтүүгө аракеттенип келатышат. Бул багытта өткөн кылымда 70 миллиондон ашык адамдын өмүрлөрүн алып кеткен эки дүйнөлүк согуштан, көптөгөн социалдык эксперименттерден кийин сезилерлик прогресске жетишилген менен зомбулуктук терроризм, эл аралык терроризм, маалыматтык, коомдук пикирдик, биотехнологиялык сыяктуу жаңы түрлөрү да пайда болду.
Кеңири пландан алганда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын квинтэссенциясын, же жалпак тилге салып айтканда өзөгүн мына ушул дилемманын ортосундагы күрөштөр түзөт. Айтматов эмнелерди жазбасын, айтпасын, мейли ал согуш, андан кийинки мезгил, алыскы кордондогу жана бекеттеги, океандын жээгиндеги оор турмуш, Чыңгызхандын ак булуту, сүйүү же массалык манкуртташтыруу жөнүндө болобу, айтор, эмне жөнүндө көркөм ой жүгүртпөсүн, кандай публицистикаларды жарыялабасын, алардын бардыгы келип, мына ушул жогорудагы өзөктүү негизги маселени гана тереңирээк ачып берүүгө багындырылган.

Жашоонун
трагедиялуулугу эмнеде?
Элестүү айтканда, эгерде зордук жана зомбулукту көөдөй караңгы түн деп алсак, сүйүү - бул анын азыраак бөлүгүнө шоола түшүргөн шам чырак. Жашоонун бир трагедиясы ушунда, зордук-зомбулук түбөлүктүү, ал белгилүү өлчөмдө табигый көрүнүш. Анткени, ал жер бетинде тирүүчүлүк жаралганда эле кошо пайда болгон. Сүйүү, эркиндик - бул прогресстин, цивилизациянын гана жемиши, туундусу. Ал канчалык прогресске жетишпесин, бирок, эч качан зордук менен зомбулукту жеңе албайт. Дайыма анын курмандыгы болот. Адабиятта, искусстводо ага мисалдар толтура. Убагы келгенде зомбулук сүйүүнү гана жеңбестен, буга чейин айрым окумуштуулардын пикирлери боюнча төрт ирет техногендүү кыямат кайым болгондой, тирүүлүккө да биротоло чек коюп салуусу мүмкүн.
Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармаларында апокалиптикалык маанайдын өзгөчө басымдуулук кылып кеткендиги да мына ошондон. Бул дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок, түбөлүктүү дегендерибиздин бардыгы салыштырмалуу. Сүйүү да, күйүү да, касташуу да, достошуу да, байлык да, бийлик да убактылуу. Адамдардын колдорунан, ойлорунан бүткөндөрдүн бардыгы убагы келгенде урандыларга, күлгө, минералдарга айланат. Прогресс, техногендүү цивилизация эмне деген түпкү жыйынтыкка алып келерин эч ким билбейт, эч ким билбеген соң, демек, ал анча деле маанилүү эмес. Маанилүүсү - түпкү жыйынтык мыкты натыйжаларга алып келет, дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй гармониялуу, гумандуу, байгерчиликке баткан Ямбулдун аралыгындагыдай, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бейиштегидей коом курулат деген ишеним, аны көздөй жетелеген баш аягы көрүнбөгөн узак жол, алыста азгырган мираж. Ал мираж жоголбойт, жер бетинде тирүүлүк өчсө да, ал космостук аң-сезимдин бир түпкүрүндө кайсы бир убактарда кайрадан материалдык, руханий формаларына ээ болуу үчүн түбөлүккө жашай берет. Ал кийинки көрүнүштөрүндө улам күчтөнүп, ареалын, таасирин кеңейтип, геотектоникалык мааниге ээ боло баштайбы же мурдагы эле варианттарын кайталайбы, ага биздин акылыбыз да, билимибиз да жетпейт. Бирок, бизде эмпирикалык эмес, мистикалык, эсхатологиялык интуицияга негизделген бүткүл дүйнө бүлүнсө да ал өлбөйт деген ишеним гана жашайт. Бул тууралуу орустун XIX кылымдагы Н.Минский деген акынынын өзгөчө философиялык тереңдикте жазылган ыры бар. Ушул ыры үчүн болсо да ал мезгил-мезгили менен эскерип турууга арзыйт.

Как сон, пройдут дела и помыслы людей,
Забудется герой, истлеет мавзолей.
И вместе в общий прах сольются,
И мудрость, и любовь, и знанья, и права,
Как с аспидной доски ненужные слова,
Рукой неведомой сотрутся.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
И потому не тот бессмертен на земле,
Кто превзошел других в добре или во зле,
Кто славы хрупкие скрижали
Наполнил повестью, бесцельною, как сон,
Пред кем толпы людей - такой же прах, как он,
Благоговели иль дрожали, -
Но всех бессмертней тот, кому сквозь прах земли,
Какой-то новый мир мерещится в дали -
Несушествующий и вечный,
Кто цели неземной так жаждал и страдал,
Что силой жажды сам мираж себе создал,
Среди пустыни бесконечной.

Ооба, жашоо реалдуу болгон менен анын алкагындагы нерселердин көпчүлүгү мираж. Жарык дүйнөгө жаралгандардын бардыгы анын туткунунда, жеңиштердин баары утурумдук. Бирок, аны көрүп, түшүнүп туруп, адамзаттын мыкты өкүлдөрү ондогон кылымдардан бери туңгуюк менен эрегишип, илим жана искусствонун мыкты үлгүлөрү аркылуу миражды жакындатып, аны реалдуулукка айландырууга тынбай умтулуп келатышат. Прогресс дегенибиз түпкү максат эмес, мына ошол улуу максатка карата чубалган жолдогу түйшүк, мээнет, аздан болсо да өзүңүздү да, айланадагыларды да моралдык, нравалык жактан өркүндөтүп, жакшыртуу, мына ушул багыттагы Сизифтикиндей эмгекти талап кылган чыгармачылык.
Өмүрүн, бүткүл жөндөмүн бул жолго арнагандар өмүр бою гумандуулук, кайрымдуулук иштерин жасаган ыйыктардай эле адамзаттын эстеринде калат. Аны Чыңгыз агабыз өз чыгармачылыгы, коомдук иштери аркылуу ырастады. Дүйнөлүк маданияттын тарыхына улуу жазуучу гана эмес, улуу ойчул катарында да кирип калган агабыз "жашоо - бул жашоону даңазалаган трагедия" - деген философиялык жыйынтыгы аркылуу жогоруда айтылгандарды ырастагысы келген деп ойлойбуз.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"