, 05.12.08 - 5-бет: Күндарек
Ала-Тоо аймагында
Акимдердин эң начары ээрден шыпырылды
"Кыргыз Туусу" гезити окурмандардын арасында акимдердин мыктысы менен чабалын аныктоо үчүн сурамжылоосун улантууда. Өткөн жумада акимдердин эң начар иштеп жатканы деп Жайыл районунун акими Эркин Сакебаевдин аты аталган эле. Бир жума өтпөй ал Президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды. Ал эми мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө окурмандар тарабынан алсыздыгы аныкталган Токтогул районунун акими Таалайбек Чотоев азырынча өз ордунда. Мыкты иштеген акимдердин тизмесин Аксы районунун акими Аскербек Алиев толуктады. Ал эми алсыздардын тизмесине Балыкчы шаар башчысы Талантбек Өмүркулов ишенимдүү киргенин сурамжылоонун жыйынтыгы көргөзүүдө.

Кыргыздыын атактуу адамдарынын сүрөттөрү өрттөндү
Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун өнөр өргөөсү 3-декабрда кечке маал өрттөнүп кетти. Өрттүн арасында анын көркөм дүйнөсүнөн жаралган 30дан ашуун мыкты портреттик чыгармасы жана башка сары майдай сактаган эмгектери кошо күлгө айланды. Кыргыздын мыкты инсандарынын сүрөттөрүн тартып, атайын көргөзмө уюштурсам деген сүрөтчүнүн аруу тилеги аткарылбай калды. Өрттүн чыгыш себебин Асан Турсункулов каршылашкан тараптан көрсө, өрт өчүргүчтөр иликтөөнүн жыйынтыгы аныктайт дешет.

Мыктыны билсең "Замандашка" айт
Заман жүгүн көтөрүп, 5 жыл бою жарык көрүп келе жаткан "Замандаш" жалпы улуттук журналы салтка айланып калгандай 2008-жылдагы калк камын ойлогон, элине ак кызматын өтөп жаткан Ата-Журтубуздун мыкты инсандарын, эл турмушунун жакшырышына чоң салым кошуп жаткан мыкты ишкана-мекемелерин аныктоону баштады. Жылдын мыктыларын тандоо ачык-айкын жүргүзүлүп, Бишкекте жана жети облустун борборлорунда добуш берүү жүргүзүлгөн. Мындан ары талапкерлерге добуш берүүнүн электрондук версиясы www.zpress.kg маалымат сайты аркылуу жүргүзүлүүдө. Жыл мыктысын тандоого активдүү катышыңыз, замандаш!

Пенсия 15%га көтөрүлөт
Кыргызстанда орточо пенсия 1700 сом. Ал эми эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 330 сомду түзүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов билдирди. Анын айтымында, пенсионердин минималдык керектөө корзинасы 3115 сомду түзөт. Орточо пенсия керектөө корзинасынын 45-46%ын гана жаба алат. Келерки жылы пенсиянын өлчөмүн 15%га көтөрүү каралууда. Ал үчүн Соцфонд кошумча 656 миллион сом сарптайт.

Турак-жайдын баасы түшөт
Жазында турак-жай баалары ылдыйлашы ыктымал .Бул тууралуу "Риэлторлор" уюмунун жетекчиси Елена Николаева билдирди. Анын айтымында, ушул тапта турак-жай баалары былтыркыга салыштырмалуу отуз пайыз түштү. Бирок, үйлөр арзандаганы менен алуучулар жокко эсе. Кыймылсыз мүлк рыногундагы абал өтө начар. Мунун себеби - ипотекалык жана дүйнөлүк каржы кризиси. Кризистин айынан жазында турак-жай баалары кырк, 50%га чейин арзандашы мүмкүн.

Азия өнүктүрүү банкы мектептерди жабдууда
Азия өнүктүрүү банкы финансылаган "Билим берүүнүн экинчи долбоорунун" "Билим берүүнүн сапатын жана айылдык мектептерде окууга катышууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын 33 мектебине жана 3 облустук методикалык борборго компьютердик жана лингафондук жабдуулар жеткирилип орнотулду. Алардын жалпы суммасы 760 миң АКШ доллары. Азия өнүктүрүү банкынын коомчулукка маалымдоо боюнча координатору М.Осмоналиеванын айтуусунда азыр Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын мектептери да компьютердик жана лингафондук жабдууларга ээ болуп жатышат.

Өткөн авиакырсык Итэк-эйрди ойлонтпойбу?!
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормоновдун билдирүүсүнө караганда, 22-ноябрда Ош аба майданына Итэк-эйр компаниясынын учагы авариялык шартта конгон. Ага учактын башкаруу системасынын жакшы иштебей калышы себеп болгон. Учактагы жүргүнчүлөр авариялык шартта жерге түшүрүлгөндөн кийин учак жаңы каттамдарды аткаруу үчүн кайра учуп кеткен. Бул жоопкерсиздик деп атаган Ормонов, жай айларында Итэк-эйр компаниясынын учагы кырсыкка учурап, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келгенин эскертти.

Жаңы министр коркунучту жашырбады
Ушул жылдын 10 айында Бишкектеги энергетикалык коромжулуктар 1 млрд. 60 млн. кВт саатты түздү. Бул туурасында Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш дүйнөнүн бир да өлкөсүнөн байкалбайт. Көп өлкөлөрдө коммерциялык коромжулуктар деген түшүнүк жок. "Эгерде быйылкы жылы энергетикалык коромжулуктарды 30 пайызга чейин азайтпасак, ар түрдүү кесепеттер болуп кетиши мүмкүн", - деп белгиледи И.Давыдов.

Майрам күндөрү жарык өчпөйт
Курман айтта жана жаңы жылдык майрам күндөрү электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул маалыматты өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги таратты. Ага чейин чектөөлөр улантыла берет. Үстүбүздөгү жылдын биринчи декабрына карата өлкө аймагында электр кубатына болгон чек 34,083 млн. кВт. саат болсо, электр энергиясын пайдалануу 24,924 млн. кВт. саатты түзгөн. Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. куб.метрден бир аз ашыгыраак болууда. Адистер мындай жагдай менен февраль айына жетпей эле Токтогул ГЭСи ишин токтотууга аргасыз болорун эскертип жатышат.

Жер титирөөдөн кийин Чүйдөгү айрым мектептер ишин токтоткон
Бул туурасында Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин мугалими Бакытжан Тажыбаева билдирди. Анын айтымына караганда райондук бийлик мектептердеги сабактарды убактылуу токтотууну буйрук кылып, окуучулар үчүнчү сааттан кийин үйлөрүнө кетишкен. Бирок түштөн кийин район акими Самарбек Күчүков мектептердин ишин бир күнгө токтотуу туурасында эч кандай буйрук бербегенин билдирди. Ал эми Кара- Балта шаарындагы бир катар мектептерде болсо жер титирөөдөн кийин окуучулар тарап кетишкен. КРнын Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматы боюнча шаршембиде эртең мененки болгон жер силкинүүнүн күчү Кара-Балтада 4-4,5 жана Кайыңдыда 4,5 баллга жеткен. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда эч кандай кыйроолор болгон жок.




Аалам алкагында
НАТО Орусия менен кылдат мамиле кылууда
Мындай чечим альянстын шаршембидеги жыйынында кабыл алынды. Мындан тышкары НАТОнун тышкы иштер министрлери Грузия жана Украина НАТОго акыры кабыл алынаарын айтып, аларга тийиштүү жардам көрсөтүүгө макулдашышты. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2-декабрда Лондондо сүйлөгөн сөзүндө НАТО Орусия менен мамилелеринде кылдат болушу керектигин эскерткен эле.

Арабдар Грузиядан порт сатып алышты
Бириккен Араб Эмираттарынын RAK Investment Authority компаниясы "Поти соода порту" АКсынын акцияларынын жүз пайызынын ээси болуп калды. Бул туурасында Грузиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин басма сөз-кызматына таянуу менен Новости РИАсы билдирген. RAK Investment Authority порттун калган 49 пайызын 65 миллион долларга сатып алган. Мурда 2008-жылдын апрелинде араб фирмасы АКнын баалуу кагаздарынын 50 пайызын сатып алгандыгы, ал эми мамлекетке зарыл чечилиштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган "алтын акцияны" чиновниктер өзүлөрүнө калтырышкандыгы билдирилген. Бардыгы болуп порт үчүн RAK Investment Authority 155 миллион доллар төлөгөн.

Пакистандын Мумбайдагы терактыларга катышы барбы?
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари шейшембиде CNN телеканалынын түз эфиринде сүйлөп, анын өлкөсүнүн Мумбайдагы терактыларга катышы бар экендигине Индиянын айыптоолорун төгүндүккө чыгарды. Зардари ошондой эле индиялыктар тарабынан камакка алынган жалгыз террорчу Азам Амир Касабдын Пакистандын жараны экендигине шектенгендигин билдирди. Зардари Мумбайга кол салуунун артында жарандыгы жок жашыруун террорчулар турушкандыгын жана терактыларды иликтөөдө Индия менен кызматташууга даяр экендигин айтты.

Азербайжан чет элдик үналгыларга тыюу салды
Европанын адам укуктарын тейлеген кеңешинин баш катчысы Терри Давис Баку калаасында болуп, 1-январдан баштап күчүнө кирип жаткан жаңы мыйзам Би-Би-Си, Америка Добушу жана Эркин Европа/Азаттык үналгыларына да тиешелүү болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Октябрь айында Азербайжан өкмөтү чет элдик үналгылар жергиликтүү жыштыктардан чыгууну токтотууга тийиштиги тууралуу мыйзам чыгарган.

Украин тили теле аркылуу жарнамаланат
Украина маданият министрлиги украин тилин кеңири жайылтуу боюнча социалдык жарнамалык кампания өткөрөт. Акция "Биздин тилибиз" деп аталат. Украин тилин пропагандалоо үчүн 36 видеороликтер тартылат. Алар борбордук жана региондук украин телеканалдары аркылуу көрсөтүлөт.

Уурдалып кеткен Д.Эгрето бошотулду
Ооганстанда бир ай мурда уурдалып кеткен Франциянын жараны Даниэл Эгрето бошотулду. Кайрымдуулук уюмунун кызматкери болуп иштеп жүргөн Даниэл Эгретону Кабулда ноябрдын башында куралчан согушкерлер уурдап кетишкен. Даниэл Эгрето билим берүү программалары менен иш алып барган бейөкмөт уюмда иштечү. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Земарай Башары Даниэл Эгрето Франция элчилигине жеткирилгенин тастыктады.

Европа Орусия газына көз карандылыгын азайтуу аракетинде
Евробиримдик "Набукко" газ куурунун курулушун тездетүүнү көксөйт. Бул тууралуу Евробиримдиктин атайын өкүлү Пьер Морел Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов менен жолугушкандан кийин билдирди. Морел август айындагы орус-грузин чатагы долбоорду ишке ашырууну тездетүү керектигин дагы бир ирээт далилдегенин баса белгиледи. Орто Азиядан Европага Орусияны кыйгап өткөн "Набукко" газ кууру Европанын Орусия газына көз карандылыгын азайтат.