Талаштан тактык жаралат

Тарыхка тайкы эмес, так мамиле жасалса
Бул макаланы жазып, сиздердин редакцияга жөнөтүшүмө гезитиңиздердин 11-ноябрдагы санына жарыяланган Кусеин Исаевдин "ачык каты" түрткү болду.Себеби мударистин ачык катындагы Манап бий, Шабдан баатыр, "манапчылык" жөнүндөгү пикирдин окуу китептериндеги жазылгандарга дал келбей жаткандыгын тактоо үчүн студенттер бизге кайрыла башташты. Ушундан улам тарыхчы - педагог катары ачык катка үн кошууну туура таптым.

Мен убагында Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетин бүтүргөм. Кыргызстандын тарыхы, этнография сабактары боюнча С. Аттокуров, Б. Чокушев, Ж. Бактыгулов өңдүү күчтүү тарыхчылардан билим алганыма сыймыктанам. Ошолордун ичинен биз студенттер Сабыр Аттокуровдун лекцияларын өтө жогору баалап, тамшануу менен укчу элек. Ушундан уламбы Сабыр агайдын басмадан чыккан китептерин сатып алып окуп, педагогдук ишимде пайдаланып келем.
"Ачык кат" жарыяланган соң жогоруда аталган тарыхый инсандардын таржымалын тактоо үчүн кыргыз санжырасын илимий негизде изилдөөдө эң мыкты адис катары коомчулукка кеңири таанылган С.Аттокуров агайдын китептерин кайрадан барактап, анын Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу эмгегине берген баасын көңүл коюп кайрадан окудум.
Эмесе сөздү узартпай Сабыр Аттокуровдун жазгандарына окурмандардын көңүлүн бурууну туура көрдүм. Бул К. Исаев талкууга койгон Манап бий жана "манапчылык" башкаруу системасы жөнүндөгү пикирине жооп болот деген ойдомун.
Сабыр Аттокуров 1996- жылы чыккан "Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы" - деп аталган эмгегинде Белек Солтоноев жана анын "Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу эмгеги жөнүндө мындай деп жазат: "Белек Солтоноев кыргыз тарых наамасын Г.Е. Грумм-Гржимайлодон, В.В. Бартольддон кийин элибиздин тарыхын системалуу түрдө баяндаган биринчи кыргыз. Анын тарых боюнча системалуу билими жоктугун, кыргыз коомунда илимий изилдөө жаңы эле башталганын эске алсак, бул жарандык эрдик болгон. Өзүнүн тарых жөнүндө өтө күмөндүү түшүнүгү болгонуна карабастан аны жазууга бел байлаган. Тарых жазма булактарга таяна тургандыгын жана ал булактарды ар тараптуу сын көз караштан өткөргөндөн кийин гана пайдаланууга болорун билген эмес. Ал тарыхка санжыра, болумуш катары мамиле жасаган". (караңыз Сабыр Аттокуров "Кыргыз этнографиясынын тарых наамасы". - Б, 1996. - 101 бет). С.Аттокуров бул пикирди Б.Солтоноевдин китебинин мааниси төмөндүгү үчүн айтпагандыгын, ал китеп чыккан доордун өзгөчө, талабына ылайык жазылганын баса көрсөтөт. XVIII-XIX кылымдардагы болгон окуялар, - деп жазат С. Аттокуров, - инсандар жөнүндөгү баяндамалардан ачык көрүнүп тургандай, материал жыйноосу революцияга чейин башталса да аны жыйынтыктоо Совет дооруна туш келген. Белек Солтоной уулу, коммунисттик партиянын идеологиялык фронтунун аскери. Өкмөт алдындагы илимий комиссиянын мүчөсү. Ал марксизм-ленинизм окуусун, коммунисттик партиянын доктринасын кабылдаган. Бул анын кыргыз элинин көрүнүктүү инсандары - хандарына, бийлерине, даткаларына, бектерине берген бир жактуу бааларынан байкалат. Ал алардын жасаган иштерине оң баа бербейт. Алар кан ичер, кан соргуч жана эзүүчү. Бирок мындай бир беткей каралоо, ал кездеги таптык көз карашка дал келген. Ошол себептүү ага кыргыз тарыхын жазуу бекеринен тапшырылган эмес. (караңыз С.Аттокуров аталган эмгек, 100-бет).
Совет доорунда Кыргызстанда тарых илими өнүктү, окумуштуу тарыхчылардын, тарыхчы мугалимдердин бир нече муундары даярдалып бул илимдин өнүгүшүнө, кеңири тарашына салым кошушту. Бирок аталган доордо Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө жана жайылтуу ишинде коммунисттик идеологиянын көзөмөлү күчтүү болду. Тарыхый инсандарды эзүүчү таптын же букара калктын өкүлү деп эки топко бөлүп, эл-жери үчүн күйүп- жанган өмүрүн арнаган хандардын, бийлердин, баатырлардын көбүн эзүүчү таптын өкүлү катары бир беткей каралоо иши үстөмдүк кылды. Алардын аттарын атоого да тыюу салынды.
Ушундан улам таптык идеология, тоталитардык режим күчөп,репрессия кылычын ойнотуп турган доордо жазылган Б.Солтоноевдин китебиндеги тыянактарды аксиома катары кабыл алган К. Исаевдин тарыхый инсан Манап бий жана манапчылык башкаруу системасы жөнүндөгү жазгандары да каяша айтууну талап кылат. Бул маселеге өз учурунда академик Б. Жамгырчинов көп жолу кайрылып, "XVIII кылымда Кыргызстандын Түндүгүндөгү бийлик өзгөчө социалдык катмар болуп эсептелген манаптардын колуна өткөн. Натыйжада буга чейинки бийлердин негизги иш - милдети манаптарга өтүп, бийлер адатка таяп соттун милдетин гана аткарып калышкан. Манаптар бийлерден көз карашынын жаңылыгы, өздөрүнүн жаштыгы жана чечкиндүүлүгү менен айырмаланышкан. Ошентип манапчылыкты кыргыз коомундагы башкаруу системасынын жаңырышы, реформаланышы катары кароого болот". - деп баса белгилеген (караңыз Б. Жамгырчинов "Очерки политической истории Киргизии XIX в." - М., 1966. 148 с.). Бул маселе боюнча А. Жумагулов совет доорунда эле илимий диссертация жазып, бир катар макалаларды жарыялаган. Булардын эмгектеринин биринен да Манап, деген манек, семиз деген сөздөрдөн алынган, "манапчылык" башкаруу системасы байыркы доордо же орто кылымдарда пайда болгон - деп такыр жазылган эмес. С. Аттокуров адамга "Манап" деген аттын коюлушун кыргыздарга ислам дининин жана маданиятынын тарашына байланыштырат. Анткени ислам маданияты тараган элдердин баарында араб ысымдары кеңири тараган. Ал эми Аравиядагы Манаф деген ат кеңири коюлган ысым болгон. Себеби ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбардын кубары (5 - атасы) Манаф деген адам болгон. Чындыгында эле XVI к. баштап кыргыз төбөлдөрү ислам динин кеңири кабылдап өздөрүнө араб ысымдарын кошумча ат катары кабыл алышып, балдарына араб ысымдарын кыргыз тилине ылайыкталып коюу салты күчөгөн. Ошол доордо кыргыздарды бириктирген Тагай бийге да Мухаммед - Кыргыз деген ылакап ат берилгени тарыхта белгилүү. Тагай бийдин небереси Дөөлөс баатырдын уулуна да арабдардагы Манаф ысымы Манап делип өзгөртүлүп коюлган деген пикир чындыкка жакын.
К. Исаев Манап жана манапчылык жөнүндө жазуудан мурда өзү таянып аткан Б. Солтоноевдин китебин жакшылап талдап, толук окуп чыкса болмок. Аткени Б. Солтоноевдин китебинде эле Дөөлөс баатырдын уулуна Манап деген аттын коюлушунун эки божомолун чечмелеп берген. Өз китебинин "Манап тарыхы" деген бөлүмүнүн башында эле Б. Солтоноев: "300 жылдан бери эле Кыргызстандын түндүгүндөгү бийлик Манаптын урпактарынын колунда болгон" - деп жазат. Ушундан эле "манапчылыктын" тарыхы Манап бийден башталганы көрүнүп турат. Кайрадан С.Аттокуровдун пикирине кайрылалы. "Сарыбагыш, бугу, солто урууларынын башкаруучулары, - деп жазат ал, - өздөрүнүн ысымына "манап" деген атты кошо башташы XVIII кылымга дал келет. Бул кошумча ат уруунун жогорку жетекчилигине ыйгарылган. Анын биринчи жолку ээси Дөөлөстүн уулу Манап болгон. Анан бара-бара бул ысым титул катары анын балдарына, туугандарына тараган. Манаптар XVIII - XIX кылымдарда Жети- Сууда жана Олуя-Атада жашаган кыргыздардын жеке бийлөөчүлөрү болгон. Ч.Валихановдун ою боюнча ал орустун "дворян" деген катмары менен бир катарда турган. Кийин шайланган жана шайланбаган хандар да ушулардын ичинен чыккан.
(Уландысы бар)




1916 -жылы Кытайга качып байыр алган кыргыз жашоосунан
(Башталышы гезиттин
№91 санында)

Эжелерибиз кайсы улутка тийсе ошол улуттун тилин, салтын үйрөнүп, төркүндөрү менен катышып, жээндери, таякелери менен тааныштырып катышып жүрүштү. Бечара эжелер кантсин, алар колунан келишинче тамак-ашын берип жүрүштү. Алар да бирөөнүн көзүн карагандыктан, ашыкча жардам берүүгө чамасы келбейт да.
Кайрымдуу адамдар
Кыргыздар жаша-
ган бир бөлмөлүүдөн турган узатасынан кеткен короодогу тамдарды Турсун деген колунда бардар киши атайы соопчулук үчүн салдырган экен. Ошондуктан бул үйдө жашоочулар ижара акысын төлөчү эмес. Кийин ал үйлөргө каңша (каң)4 салдырып берди. Биз каңда жатканыбызда астыбыздан ысык өтүп, жыргап уктап калчубуз. Жыл өткөн сайын кыргыздар орок оргонго, чөп чапканга, кырман тепкенге маш болуп, алардын кардарлары көбөйө баштады. Жайкысын дыйканчылык менен алектенсе, кышкысын бозо сала баштады. Айрыкча бозо сала баштагандан кийин кыргыздар бат эле оңолуп, турмушу илгерилей баштады. Жууркан-төшөктөрү жаңыланып, идиш-аяктары көбөйүп, жеген-ичкени кеңири болуп тоюна баштады.
Үркүн унутулбайт
Шинжаңдын Иле өрөөнүн-
дөгү Текес районуна отуракташкан кыргыздардын дээрлик көпчүлүгү үркүндө качып баргандар. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей 2016-жылы үркүнгө жүз жыл толот. Текестеги үркүндө кеткен элдин урпактары ата-бабаларынын туулган жерлерин эстеп, үркүн жөнүндө жазгандары да жок эмес. Буга мисал катары Ысмаил Абылкабектин "1916-жыл" деген дастанынан айрым саптарды алып көрөлү:
Бак-таалайдын мекени,
Байыртан кыргыз жергеси
Айтылуу жерим Теңир Тоо
Ак калпак элдин энеси
Ырдап өткөн жер эле,
Ысык-Көл жылдын текеси
Атадан калган балага,
Айланайын өскөн жер
Ак бата тилеп атакем,
Энекем белин бууган жер.
Сенсиз менин күнүм жок,
Сенсиз менин күлкүм жок.
Эл кадырын билбесем,
Жер кадырын билбесем,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тузуңду бербе өлөйүн.
Алыста жүрсөм маанайым,
Жаныңда жүрсөм таалайым.
Карызың турат мойнумда,
Актаймын качан актаймын.
Ала-Тоо башын карасам,
Атамбы деп караймын.
Алардын баскан жолу деп,
Арчасын, ташын жыттаймын.
Кыйкырып зоока жаңырса,
Кыргыз көчүн уккансыйм.
Кылымда болгон кыргынды,
Кыялдап сезип тургансыйм.
Кечээки тарых элде көп,
Кечээки тарых жерде көп, - деп жазат. Автор өзү ошол жерде туулуп-өскөн да, ата-бабасынын арзуу тилегине мураскордук сезимин туюндуруп, ыр саптары аркылуу билдирүүгө аракеттенген. Ал ырын дагы улантып:
Кылымда болбос кыямат,
Кыргызым өлүп түткөн жыл.
Кызыгы жок, ойну жок,
Кырсыкты көздөй түрткөн жыл.
Жарашыгы жок, жары жок,
Жаккан оту күйбөс жыл.
Мүңкүрөп кайран эл-журтум,
Мүшкүлү башка түшкөн жыл.
Касиет-кайгы жармашып,
Кайгыны башка үйгөн жыл.
"Чоң үркүн" деп алиге,
Эл оозуна бүткөн жыл, - деп жазат. Ушул жазылган дастандагы саптардан ата-энелеринин айткандары урпактардын дилинде уюп калгандыгы байкалат. Автор ошол кездеги айрым тобокелчиликти да жашырбай ыр аркылуу чагылдырган:
Топ жаргандай үйүрдү,
Түптүү белек дүбүрдү.
Алапкө болгон жигиттер,
Алапайын табабы,
Алаңгазар басканы,
Казатка мына чыгам дейт,
Кагышып найза урам дейт.
Өрттөп салып эгинин,
Орусту жерден кууйм дейт.
Ошондо Кыдыр кеп айткан,
Көргөнүн болжоп эп айткан.
Он баланы он аял,
Төрөп коёр деп айткан.
"Канга каршы чаппайлы,
Каарына кандын
калбайлы,
Толкубасын көлүбүз,
Чачылбасын элибиз.
Обу жок кылык кылбайлы,
Оруска бүлүк салбайлы.
Кумурскадай көп элдин,
Куугунуна калбайлы.
Кыргызда кайсыл курал бар,
Кыйып алган союл бар.
Кырылып кетет элибиз,
Кызыл кан болот жерибиз.
Ээн баш эркек жоо күсөйт,
Ээн баш катын көч күсөйт.
Кубатым элим токтоо бер,
Курмандык болуп кетпейли,
Кулак жан тынч тилейли,
Кырк жыл кыргын болсо да,
Ажалы жеткен пенде өлөт.
Берсе бала берели,
Тийбесин кандын кесеби.
Согуштун түбү соо болбос,
Тийбесин элге кесели" -
деп ушинтип чоң Кыдыр,
Кыйла бир айтып сыздаган,
Кыргызым деп ыйлаган.
Кыжыры келген болуштар,
Кыязы кызыл ажыдаар.
Тынымчы сөзүн укпаган,
Кылчайып моюн бурбаган.
Көп сөздү Кыдыр койгун дейт,
Көп болсо балаң тойгун дейт.
Көтөрүлдү көп кыргыз,
Көрүшөбүз болду дейт.
Кыдырмын кыргыз баласы,
Кыргыздын тийген батасы.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan