, 05.12.08 - 10-бет:
  Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 85 жылдыгына карата

Мен билген Жунай Мавлянов
Хан Тейиштей бар эле,
Кадыры артык жан эле.
Жунай Мавлянов көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок. Туптуура 80 жаш курагында инисине учурашам деп Аксыга бараткан жеринен автокырсыктан каза тапты. Эли-журту туу жыгылгандай аза күтүп, сөөгүн жер эненин кучагына бергенбиз. Андан бери көз ачып жумгандын ортосунда беш жыл өтүп кетиптир. Жүрүм турпаты ылайым козголбогон аска таш сыяктуу калбаат, кайраттуу, залкар инсандан айрылганбыз. Адабият майданында бирге кадам шилтедик. Кудурети күчтүү "Ачык асман" деген көркөм романы аркылуу эл-журтка таанылып, эң эле көптөгөн аңгеме, повесттердин автору боло алган. Алсак, анын повесттери "Чагылган", "Нан", "Турмуш", "Эне", "Кайрымсыз жылдар" жана "Аваз" деген бир томдук тандалмалары жарык көргөн. Жунай Мавлянов чыгармаларында өзүнчө көркөм дүйнө ачып, адабиятта жаңы сөз айта билген профессионал жазуучу. Ал адабиятыбызды дагы бир бийиктикке көтөрө алды. Жунай аке адам тагдырын кылдат изилдеген устат, жан дүйнөсү жаркын жазуучу эле. Анын бир кылка жазылган көркөм чыгармалары кыргыз рухунун өчпөс мурасы болуп кала алды. Жунай агабыздын чыгармаларына жана турпатына жарашып турган бир өзгөчө мүнөзү бар эле. Мисалы, ал мелтиреп өтө токтоо көрүнчү. Мындайча айтканда, бул ага бүткөн сырткы гана көрүнүш эле. Болбосо, анын адамдык касиети, таланты Нарын дайрасындай терең жана шар болчу. Бир караганда улуу дарыя үстү мелтиреп кылкылдап жай агат, а чынында анын түпкү тереңдиги, агымы үйдөй таштарды агызып кете берет. Жунайдын адамдык касиетин, талантын мен ушундай баалайм. Мен билгени Жунай Мавлянов бирөөнүн көңүлүн калтырбаган сыпаа, токтоо, уютулган чоюндай салмактуу боюнча көз алдымда калды. Ал эч качан бирөөгө акаарат айтып, үнүн
бийик көтөргөнүн уккан жокпуз. Каткырып катуу да күлчү эмес. Анда ички маданият өтө күчтүү боло турган. Ичинде кайнаган сыр, көркөм дүйнө жаткан адам ошондой оор салмактуу көрүнөт. Кезинде ой дүйнөсү өтө терең, адамгерчилиги бийик, чыныгы интеллигент деп айтаарлык айкөл инсандан ажырады кыргыз эли. Кимдир бирөөлөр жөнүндө ушак сөз тургай, тескери пикир айтчу эмес. Жунай акебиз менен сүйлөшүп отурган курдаштары андан айбыгып, сүрдөп отургандай сезилчү. Дегеле кимдир бирөөлөр анын көзүнчө одоно тамаша айтып жатса, көз кырын салып тыйып койчу. Өтө адептүү адам эле да. Өмүрү өткөнчө бирөөгө кылдай жамандык кылбай, бирөөдөн тескери пикир укпай, мырзалыгынан, манаптыгынан жазбай жүрүп кетти. Чыныгы адам Жукем аксакал катары, эр жигит катары кыргыз элинин ичинде үлгү болорлук өмүр сүрдү. Эгерде көзү тирүү турганда, ал жаңы демократиялык республикабыздын эл баатыры деген наамды биринчилерден болуп алмак. Ата Мекендик согушка катышып, майып болуп келгенине карабай, ар качан партия деп жүрүп өттү да, бир да жолу муңайып көрбөдү.
Мен бул асыл адамды жакшы билип, көп жолу сырдашып калгам. Билемин, Жуке туулуп-өскөн жери, он атасы өткөн ыйык Аксы өрөөнүн жанындай көрчү. Мен бул кооз, бейиштей көркөм дүйнөдө көп болгом, көп жолу эс алгам, эли-журтун да жакшы билем. Ал тургай кезегинде Сары-Челекте, Пачатада, Аркытта эс алып, кайтып келатканда Жунай акенин айылы Кербенди аралап жай бараткан машинаны дароо токтотуп, чогулган элге кайрылып Жунай акеге салам айтып койгула деп өтүнчүмүн. Себеп дегенде, адептүү эр жигит, салт билген инсан эч качан төбөсү көрүнгөн улуу адамдын айылынан чаап өтпөйт, машинасын зуулдатып айдабайт, бул өзү ошол айылдын аксакалына болгон ызаат. Мен Жунай агабызга ушундай
ызаат кылып жүрдүм. Анан дагы кээ бирде жатып алып Жунай акеге бул оор, мырза чалыш манап мүнөз каяктан бүткөн деп ойлочумун. Акыры жүрүп Жунай акенин мүнөзүнүн ачкычын да таптым. Жунай акенин уруусу Тагай бийдин эң кичүү уулу Карачоронун бир уулу көп багыштан тарайт. Багыш элинен чыккан жигиттер, эл башчылар ар дайым токтоо, коңур болушат. Анткени, акыркы беш жүз жылдык тарыхыбызда багыш эли кыргызга эки жолу хан берген. Мисалы, кыргыздын биринчи ханы Көкүм-багыш Эшим хан менен дос болуп жүрүп, Ташкент шаары менен Ташкент дубанын бийлеп жүрүп казактын Карабайтигинен уу жеп өлгөн. Анын аялы Сабыркан Эшим хандай султандын карындашы, Көкүм өлгөндө Сабыркан кичинекей уулу Тейишти койнуна катып качып келип, Сары-Челекти баш паанек кылган. Кийинчерээк Манап менен Чаа баштаган арканын бийлери Сабырканды Чүйгө көчүрүп кетишкен. Ал эми Сабыркандын уулу Тейиш эр Эшимге жээн болгондуктан, аны көк ордого алып кетишип, Эшим хан өзүнүн уулу Тооке султанга көкүлдөш кылып чоңойткон. Ошол жактан жүрүп чоңойгон Тейиш казак султанынын кызына үйлөнүп, Аккочкор жана Канкы деген эркек уулду болгон. 1670-жылдар ченде Таласка алып келишип, кыргыздын оңу, солу менен отуз уулдар баш болуп, Тейишти кыргызга расмий түрдө хан көтөрүшкөн. Тейишти хан көтөргөндө он уул ичкиликтер катышкан эмес. Ошондой эле какшаал жактагы көп нойгут жана эски катагандар дагы хан шайлоого келбей коюшкан. Хан Тейиш кыргызды он беш жылча башкарган. Акыры 1680-жылы жунгарлар селдей каптап киргенде, жунгар ханы Галдан Бошоктунун ташын талкан кылып эли, жеринен кууп чыккан. Экинчи жолу Галдан Бошокту хан үч жылдан кийин байкатпай Каркырадан бери көздөй кыргыздарга кол салып, акыры хан Тейиштин он миң колунун кырк миң колу бар Галдан Кичи-Кеминде тыптыйпыл кырылган. Ошондо хан Тейиш менен кошо анын эки уулу Аккочкор, Канкы каза болгон. Чөбөтөй, Семетей, Карагул баатырлар өлгөн. Талкандын баатыр уулу Байболот колго түшкөн. Хан Тейиштин сөөгүн кыргыздар Токмоктун үстүндөгү Кара-Тоого алып барып коюшкан дешет. Мындан бөлөк Тейиш кыргызга хан болгондо үйлөнгөн кыргыз аялынан
Тийеке, Чийеке деген уулдар төрөлүптүр. Ушу кезде Аксыда, Өзбекстандагы кыргыздардын арасында хан Тейиштин төрт уулунун тең урпактары бар. Кызык жери хан Тейиштин эң кичүү уулу Тийекенин урпактарын териштире келсек Аксыдагы Жунай акенин урук-туугандары болуп чыкты. Мен муну мындан бир жарым ай мурда Аксы элинде Жунай Мавляновдун 85 жылдык юби-лейине катышкан кезимде аксакалдар менен жолукканда, тактап алдым.
Мен азыр "Хан Тейиш же жунгар-ойрот жапырыгы" деген тарыхый романымдын акыркы бөлүмүн иштеп отурам. Менин романымда хан Тейиш жана Аккочкор, Канкы жөнүндө элдик ырлар бар. Мисалы, хан Тейиш жөнүндөгү эл оозундагы күүнүн ыры мындай.

Жети катар лөк өткөн,
Жети атасы бек өткөн.
Жерин коргоп кыргыздын,
Жетелүү Тейиш хан өткөн.

Алты катар лөк өткөн,
Алты атасы бек өткөн.
Арын коргоп кыргыздын,
Айтылуу Тейиш хан өткөн.

Ала-Тоо үстү мунарык,
Асманда булут кылайып.
Айтып ырдап, күү чертсек,
Акылман ханга ылайык.

Керме тоо үстү мунарык,
Керүүдө жойлойт кумайык,
Кейип ыйлап күү чертсек,
Кеменгер ханга ылайык.

Долононун укулу,
Толгон багыш тукуму.
Карагайдын укулу,
Карачоро тукуму,
Хан Тейишти ырдайлы,
Калкына сиңген кусуру.
Кызык жери, арка элинде айтылган ушул элдик ыр, Аксы, Ала-Бука жаатында да кенен айтылат экен. Эки башка чөлкөмдө ырдалган ырлардан мен көп айырма таппадым. Демек, канча кылым өтсө да хан Тейиш жөнүндөгү бул арман ыр, кыргыз элинен эси көөнүнөн өчпөй турганына көзүм жетти. Демек, улуу инсандын урпактарынын бири, хан Тейиштин тукуму, Жунай Мавляновдун арбагы, руху эч качан өчпөйт.
Биз артында калган замандаштары Жунай акенин арбагына башыбызды ийебиз.
Жаткан жериң жайлуу болсун, асыл ага.
Асанбек СТАМОВ,
Кыргыз эл жазуучусу




Шүкүрбек БЕЙШЕНАЛИЕВ 80 жашта
Ал дайыма эл менен болгон
(Башталышы гезиттин №91 санында)
Ыйык ысым
Тоголок Молдо-Байымбет Абдырахман уулу. Бул ысым Шүкүрбек Бейшеналиевич үчүн ыйык, ал ысым аны менен дайыма бирге жүргөн тарыхый инсан, акын-демократ кыргыз элинин "Манастан" баштап, оозеки чыгармаларын сактаган элдик казына эле.
Шүкүрбек Бейшеналиев Тоголок Молдонун чыгармачылыгына терең көңүл бөлүп, изилдеп көп актылуу драма жазган. "Болот калем" аттуу эки бөлүмдүү роман жазды.
Эгерде Чыңгыз Айтматов адабиятта океан болсо, Шүкүрбек Бейшеналиев чалкып жаткан деңизге окшош эле.
Өзүнүн кыска өмүрүндө элибиздин таланттуу акын, драматургу Жоомарт Бөкөнбаев улуу акын Токтогулдун чыгармачылыгын элге кеңири жеткирүүдө анын поэзиясынын чеберчилигин биринчи болуп изилдеп чыккан. Маркум Жоомарт Бөкөнбаев жазган "Токтогул" музыкалык драмасы Москвадагы декадага барып, бүгүнкү күнгө чейин негизги болуп келе жатат.
Шүкүрбек Бейшеналиев менен Тоголок Молдо жөнүндө дагы так ошондой айтуубуз керек. Ал гана эмес, кыргыз элинин таланттуу жазуучулары Ч.Айтматов, Ш.Бейшеналиев, акындары С.Жусуев, С.Эралиевдердин үйүнүн жанында чакан парк, анда улуу Тоголок Молдонун эстелиги, Тоголок Молдо көчөсүнүн болушу да символикалуу.

Чыгармачылык жана чиновниктик
Ш.Бейшеналиевдин башкалардан айырмачылыгы өндүрүш, турмуш, эл менен бирге иштөөнү чыгармачылык менен тыгыз байланышта алып жүрүүсү. Кандай иште иштебесин ага турмуштук, өндүрүштүк даярдык менен баруусу күчтүү болгон.
Башкасын айтпаганда дагы 1954-жылы Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары 1964-жылы республикалык "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору болуп иштеп туруп, бир мезгилде 1959-1966-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болгон. Бул ошол мезгилдеги сейрек учурай турган факт эле.
Ал өзүнүн чыгармачылыгында жогорудагыдай кызматтарда иштеп жүрүп, турмуштун күнүгө, айлап, жылдап өзгөрүп жаткандыгын туюп, эл менен бирге, турмуш менен бирге жүрүүдөн кубат алып, байып, руханий чоң канагаттанууга дуушар болгон.
Анын дагы бир чоң далили болуп, Шүкүрбек Бейшеналиев 1968-жылдан чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары, 1973-1985-жылдары анын төрагасы болуп иштеген иши мисал боло алат. Кыргыз Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен бирдикте 17 жыл убакыттын ичинде Кыргызстанды көп эл, мамлекеттер менен достук, бир туугандык мамилелерин чыңдоого зор салым кошту. Айрыкча көп жылдаган катуу күрөштөрдүн натыйжасында көз карандысыздыкты жеңип алышкан Африка өлкөлөрү менен байланышты чыңдоо маселесин эле мисалга келтирсек жетиштүү болоор.
Жүздөгөн партиялык, советтик ишмерлер, министрлер, Жогорку Советтин депутаттары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, жаштар бул коом аркылуу дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерге барып, достукту, бир туугандыкты чыңдоо боюнча маанилүү маселелерди талкуулашып, документтерге кол коюшуп келишкен.
Мына ушул мезгилдерде Ш.Бейшеналиевдин чыгармачылыгы эл аралык мааниге ээ болгон. Аны билбей жүргөндөр билип, туюп, "Урпактар үнү", "Таалай жолу", "Болот калем" романдары, "Мүйүздүү козу", "Кычан" аттуу повесттери ж.б. көп чыгармалары кайра-кайра басылып, чет өлкөлүк тилдерге которулган.
Ошол эмгектери эске алынып, Ш.Бейшеналиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин онунчу чакырылышынын (1980-1985-жж.) депутаттыгына шайланган, "Эл достугу" ордени менен сыйланган.

Кайрылуудан жооп күтүп турабыз
Убакыт тез эле өтөт экен. Жакында эле Шүкүрбек Бейшена-лиевичтин 80 жылдык мааракесин белгиледик. Чыгармаларына арналган көп такталар уюштурулду, фильмдер көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө, республиканын Маданият жана маалымат министрлигине, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын президиумуна кайрылуу кабыл алынды. Ага бул мааракеге катышкан аттуу-баштуу адамдардын баары кол коюшту. Анда Шүкүрбек Бейшеналиев жашаган үйдүн жанындагы парктагы улуу Тоголок Молдонун эстелигинин жанында эл жазуучуларынын, мамлекеттик көрүнүктүү ишмерлердин аллеясын ачып, Шүкүрбек Бейшеналиевдин эстелигин коюу, борборубуз Бишкек шаарынын бир чоң көчөсүнүн атын ага ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылдык. Жооп күтүп турабыз. Элибиз үчүн зор эмгеги бар мындай инсандардын элесин ошентип сактоо, анын миллиондогон күйөрмандарынын ыраазычылыгын гана билдирер эле.

(Уландысы бар)
Т.ЖЫРГАЛБЕКОВ,
профессор,
тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер