, 02.12.08 - 8-бет:
  Министрге кулак кагыш

Мыйзам буйлалаган төө эмес
"Кыргыз Туусу" гезитинин 12-15-сентябрдагы №68 санына жарыяланган "Таланган лифтинин тагдыры талкууланууда" деген КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Мамбетовдун макаласынан улам ушул катты жазууга туура келүүдө.

Ал гезитке 27-30-июнь, 2008-
жылы чыккан "Лифтини сатса директор болобу?" деген макалага жооп берген экен. Рахмат, К.Мамбетовго, 4 айдан кийин эптеп жооп жазса да. Бирок, жооп чындыкка төп келбейт.
Биринчиден, бул лифтилердин тагдыры эч жерде талкууланып жаткан жери жок. 2 лифтини ордуна коюп иштетүүгө Панфилов районунун бюджетинин эч кандай мүмкүнчүлүгү жок, ал эми райондун акими Самарбек Күчүковдун оюна гана эмес, түшүнө да кирбейт. Оорулууларды 4-кабатка жонуңарга көтөрүп чыккыла деген ойдобу?
Экинчиден, лифтилердин тетиктерин уурдап кеткен деп түзгөн протоколдору калп. Бул ооруканада суткасына оорулар жана медперсоналды кошкондо 100дөн кем эмес киши жатат жана иштешет, айлык алып иштеген Мамырбаевдин таекеси турат күзөттө. Эгерде лифтилерди чын эле уурдап кетсе эмне үчүн милицияга кабар бербейт Мамырбаев? Лифтилер Кыргызстан чыгарган кир жуугуч машинабы, тетиктерин бөлүп чыгарып баштыкка салып көтөрүп кеткендей? Лифтилерди жерден 4-кабатка чейин көтөрүп чыгууга төрт бурчуна шахтанын жогорку сапаттагы болоттон жасалган столбалары орнотулат. Ошондой жогорку сапаттагы болоттон жасалган тростор болот, 4-5 кишини 4-кабатка чейин көтөргөн. Ар бир тростун өзү эле узундугу 30 же 40 метрге жакын, салмагы 70-80 килодон кем эмес. Жалпы жонунан алганда 2 лифтинин тетиктери эле 3-4 тонна салмакта болот.
Үчүнчүдөн, Мамбетовдун лифтилер 1992-жылы жер титирөөдөн иштебей калган деген шылтоосу жалган. Бул жөнүндө "Кыргызлифтинин" директору Г.М.Непомнящийден сурасак: "Бир да лифти иштен чыккан эмес. Кыргызстан боюнча кандай эле силердин лифти иштебей калат?", - деп таң калат.
1997-жылы Чүй облкеңешинин ошол кездеги төрагасы Т.Рахманов бүткүл республикалык айыл өкмөттөрүнүн кеңешин өткөргөн. Мына ошол семинарда Панфилов айыл өкмөтү ушул оорукананын 2 палатасын шефтикке алып ичине 2 муздаткыч, 2 телевизор коюп, полуна килем төшөп, согуштун жана эмгектин ардагерлерине белек кылган. Мына ошондо 2 лифт тең эң сонун иштеп турган. Лифтилердин иштеп турганына семинарга катышкандар күбө.
Эгерде министр М.Мамбетов менен статс-катчы К.Мамбетов чын эле эл жөнүндө ойлошсо, биз Панфилов айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан ушул жылдын январь айында ОП-№139/от 09.01.08ж.-3/ОП номери менен катталган лифтилерди орнотууга жардам бергиле деп 15 пенсионер кайрылганбыз, ал катыбызга ушул күнгө чейин жооп жок (пенсионерлердин эң жашы 1939-жылы, эң улуусу 1924-жылы туулган).
Мамырбаев профсоюздун чогулушун биринчи жолу 2000-жылы 12-августта, экинчи жолу 2004-жылы 30-августта өткөздүм деп токтом токуйт. Бирок, токтомдо аты аталган кишилер биз андай чогулушка катышкан эмеспиз деп түшүнүк берип жатышат. Бирок, бул түшүнүктөргө министр М.Мамбетов, райондун акими С.Күчүков көңүл буруп да коюшпайт.
Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн №130, 22.01.2008-жылдагы лифтини профсоюздун чогулушунда карап сатууга Мамырбаевдин укугу бар беле деген суроосуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети төмөндөгүдөй жооп берди. Ушул катка жооптун көчүрмөсүн тиркеймин. Анда: "Кыргыз Республикасынын мыйзамынын саламаттыкты сактоону уюштуруу жөнүндө" КРнын Мыйзамынын 25-статьясына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдары аларга бекитилип берилген мүлктү жана мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен алынган мүлктү берүүгө же башкача жол менен башкарууга укуктуу эмес. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгү процессинде алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Алар уюштуруучулардын (менчик ээлеринин) макулдугусуз берүүгө же башкача жол менен башкарууга укуксуз" деп жазылган.
Эми мыйзамдын талаптарын министр же статс-катчы билбесе, же аны карабаса, анда башкалардан эмнени күтүүгө болот?
Т.ЭГИМБАЕВ,
Панфилов району,
Панфилов айылы




  Мүнүшкөрлүк

Кремлде эки ителги кызмат өтөйт
Кыргыз элинин жоголуп бараткан өнөрүнүн бири - мүнүшкөрлүк.
Кушту туура таптап, ууга чыгуу - өзгөчө чеберчиликти талап кылган өнөр. Анын өзүнчө философиясы бар. Кээ бирлер мергенчиликти гумансыз деп эсептешет. Курал колдонбой куш салуу бул анын бир гумандуу жолу десек
жаңылбасак керек.

Азыркы учурда куш салуу
өнөрү ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк маданий кенч катарына киргизилген. Мүнүшкөр бул жалпысынан жырткыч канаттууну таптаган жана аны менен аң уулоого чыккан адам. Бирок, ошол эле учурда мүнүшкөр деп бүркүт салган адамды көбүрөөк аташат. Ителги, куш салган адамга кушчу деген атты көбүрөөк ыйгарып келишет. Ал эми жырткыч канаттууну кармоого тор жайган адамды
саятчы деп аташат.
Тарыхый барак беттериндеги Орто Азияга биринчи кадам таштаган орус саякатчыларынын, кыргыз мүнүшкөрлөрү тууралуу таң калуу менен өзгөчө белгилеп жазып кеткен саптары, ошол учурдагы кыргыз мүнүшкөрлөрүнүн артыкчылыгын белгилеп келет. Орус окумуштуусу В.Е.Флинттин жана Г.П.Деменьтевдин китептеринде дагы кыргыз мүнүшкөрлөрү тууралуу артыкча баса белгиленген.
Мүнүшкөрлүк атадан балага мурас катары өтчү өнөр. Баласы атасына кичинесинен жардам берип саятчылык кылууда, канаттууну багууда жана таптап салууда чогуу жүрүп өнөрдү дасыга үйрөнүп, анан улантып калчу. Кыйын саятчы, мүнүшкөрлөр катаал убакта айылын ачарчылыктан чыгууга жардам берген. Жакшы куш же бүркүт жергиликтүү байларга тогуздап малга алмашылчу. Ал эле эмес алыскы хандарга белекке берилип, эки элдин мамилесин оңдоого жардам берчү.
Кушту уясынан алуу этикалык жактан эпсиз иш болгону менен кыргыз мүнүшкөрлөрү өнөр үчүн ал ишке барып турушкан. Алынган куштун саны аз өлчөмдө болуп, жаратылышка агытып турушчу. Тоолуу аймакта жашаган кыргыз элинин маданиятынын бир өзгөчө белгиси болуп калган мүнүшкөрлүк акыркы убакта жоголуп бараткан өнөргө айланды. Анын башкы себебинин бири-цивилизациянын өнүгүшүнө жана чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болсо керек. Экинчи бир себеби - мамлекетибиздин экономикалык шартына байланыштуу.
Акыркы 20 жылда контрабандалык зооэкспорт кескин түрдө күч алып, ителги анын башкы бир объектисине айланган. Араб өлкөлөрүнө болгон ителги экспорту учурда басаңдаганы менен толук токтой элек. Өз өнөрүн жогору билген мүнүшкөрлөрдүн катарынан сатармандар чыгып, көз карашы өзгөргөн. Айыл жергесиндеги жумушсуздук, кыйналган элди кошумча каражат булактарын издөөгө түрткөн. Тоо-түздөрдүн баарында эле ителгиге торлор жайылып, уялары каракталып тонолуп, натыйжада көптөгөн жырткыч канаттуулардын саны кыска мөөнөттө кескин азайган. Бул көрүнүш бизде эле эмес, коңшу Кытайда, Казакстан менен Өзбекстанда дагы кеңири таралган.
Учурда Кыргызстандын авифаунасында күндүзгү жырткыч канаттуулардын 35 түрү, ал эми түнкү жырткыч канаттуулардын он түрү катталган. Булардын кээ бири өтө сейрек кызыл китепке кирген түрлөр болуп эсептелет. Жырткыч канаттууларга тор жаюу жана торду түнкүсүн көзөмөлсүз калтыруу түнкү жырткыч канаттуулардын (үкүлөрдүн) санын дагы кескин
азайткан.
ХХ кылымда адамдын жаратылышка болгон мамилеси кескин өзгөрүп, экологиялык кризиске туш болдук. Учурдагы БУУ тарабынан маанилүү деп табылган глобалдык экологиялык проблемалардын бири бул "биоартүрдүүлүктү сактоо". Биоартүрдүүлүктүн сакталышы бул адамзаттын, дегеле жашоонун сакталып калышынын жалгыз бир мүмкүн болгон жолу. Жашоо, түрдүүлүк гана жашоого шарт түзөт. Азыр ителгиге болгон контрабандалык зооэкспорт жана бул ишке барган адамдардын саны азайып калды, бирок, токтоло элек. Дагы деле болсо көнгөн каналдар менен кара жолдор аркылуу жашыруун экспорт жүрүп жатат. Бул иштин жолун өркүндөтүп алып бизнес кылгандар дагы бар.
Учурда кызыл китепке кирген канаттууну кармап багууга мыйзам тарабынан жол берилбейт. Ал үчүн кармаган адам мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Бирок, ансыз маданиятыбыздын бир көрүнүктүү бөлүгү уланып сакталбайт. Мына ушундай дилеммада эки жакты эске алган туура жолду тандашыбыз керек. Учурда мүнүшкөрлөрдүн санын алып, аларга көзөмөл кылган бир жооптуу уюм жок. Бул максатты көздөп түзүлгөн кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар каражат жоктугунан иш жүргүзбөй келет.
Чет өлкөлөрдө учурда көптөгөн жырткыч канаттууларды сүйүүчүлөр тобу уюшулган. Алар майрамдарда атайын шоуларды уюштуруу менен бирге элге экологиялык түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүп келишет. Жаш окуучуларга акча төлөп окутуу ийримдери уюшулган. Учурда Араб өлкөлөрүндө ителгини колдо аргындаштыруу ыкмасы кеңири колдонулуп баштады. Мындай шартта бир ургаачы ителгиден бир жылда 13-15 жумуртка алууга жана инкубатордо бастырууга шарт түзүлөт. Ушунун өзү ителгиге четтен болгон суроо-талапты кыскартууга жардам бериши керек.
Уялоо учурунда жырткыч канаттуулардын уялары катуу көзөмөлгө алынса жакшы болоор эле. Каражат болсо бул ишти жергиликтүү мүнүшкөрлөрдүн жардамы аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Учурдагы эң бир зарыл иш бул мамлекеттеги чыныгы кесипкөй мүнүшкөрлөр коомун уюштуруу жана мүнүшкөрлөрдүн тизмесин түзүү. Андан кийин алардын жардамы менен жырткыч канаттуулардын уялоо картасын түзүү жана элек-трондук картографиялоо керек. Бул карта аркылуу уялоо сезонунда илимий мониторинг жүргүзүүгө болот. Атайын кушчуларга арналган журналдар, китептер көбөйтүлүп таратылып туруусу зарыл. Бул жаш кушчулардын чеберчилигин арттырууга эң жакшы шарт түзмөк.
Учурда көптөгөн өлкөлөрдүн аэропортторунда учуу линияларын жана жакын аба мейкиндигинде куштарды үркүтүп туруу кызматтары уюшулган. Бул коопсуздук кызматында жырткыч канаттууларды колдонуу кеңири пайдаланылып келет. Асманга көтөрүлүп же конууга төмөндөп келе жаткан учактардын канаттуулар менен кагылышып, кырсыктарга алып келген учурлар бар. Мына ушундай кырсыктардын алдын алуу үчүн көптөгөн чет элдик аэропорттордо кушчулар иштеп келет. Алар жырткыч куштары менен чыгып, канаттууларды куудуруп алдырып, аэропорт аймагын канаттуулардан арылтып, эң натыйжалуу биологиялык коргонуу ыкмасын колдонуп келишет.
Москвадагы Кремлдин штатында жети жылдан бери Якутиянын питомнигинен алынып келген эки ителги жоокерлер менен кошо кызмат өтөйт. Кремлдин алтын жалатылган куполдорун каргалардан таза кармаш үчүн солдаттар да кушчу өнөрүн үйрөнүшкөн. Аянтта мылтык атып үркүтүү же куполдорду тынбай жууп тазалап туруудан көрө биокоргонуу жумушу бир канча эптүү жана натыйжалуу.
Питомник тууралуу айтсак Ысык-Көлдүн түштүгүндө Оттук айылында өткөн кылымдын 80-жылдарында жырткыч канаттуулардын питомниги уюшулган. Бул питомникте Кыргызстанда болгон жырткыч канаттуулардын түрлөрү багылып, жергиликтүү атактуу бүркүтчү Ашырбай
Бээрманов менен
Г.А.Деменчук экөө алгачкылардан иш башташкан. СССРде биринчи болуп колдо ителги уялап балапан басып чыгарган. Иш аябагандай кызуу жүрүп, бирок, ал кишилердин көзү өтүп кетиши менен экономикалык шартка байланыштуу учурда иш токтоп калды.
Учурда биздин кошуна Өзбекстан менен Казакстанда, Россияда жырткыч куштардын питомниктери ачылып, мамлекетке экономикалык пайда алып келүүдө. Булардан алынган балапандарды жапайы жаратылышка агытуу илимий сынактары жүргүзүлүп келатат. Бул ишти бизде өздөштүрүү - кечиктирилгис иш. Аны алып баруу үчүн атайын бир илимий негиздеги программа түзүлүп, ишке ашырылышы кажет.
Кубанычбек ЖУМАБАЙ уулу,
Норвегия, Жашоо илимдери университети