, 02.12.08 - 5-бет:
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
"Аяз Атага кат" конкурсу уланууда
"Аяз Атага кат" аттуу конкурс өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө. Каттарды кабыл алуу 20-декабрга чейин уланат. Иш-чараны "Айданек" жана "Заман Кыргызстан" гезиттери, "Кыргызпочтасы" уюштурууда. Конкурска 5-14 жашка чейинки балдар катышууга мүмкүнчүлүк алат. Анын жыйынтыгы 2009 -жылдын 10- январында жарыяланат . Эң мыкты каттар "Айданек","Заман Кыргызстан" гезиттерине басылып, мыкты тартылган сүрөттөр "Кулунчак" журналына чыгарылат. Конкурска катышууну каалагандар каттарын атайын аймактарда жайгашкан почта аркылуу Бишкек шаары, Чүй проспектиси 227, "Аяз Атага кат" дарегине жөнөтө алышат.

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли түшүп жатат
"Электр станциялар" акционердик коому тараткан маалымат боюнча, 1-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 950 миллион куб метрди түздү. Өткөн жылдын ушул күнү анын көлөмү 12 миллиарддан ашык болчу. Суунун деңгээли болсо 856 метр болуп, куйган суунун көлөмү секундасына 159ду түзүүдө. Ал эми агып чыккан суу секундасына 299 куб метр болууда.

Тууганбай Абдиев көз жумду
Кыргыздын залкар төкмө акындарынын бири Тууганбай Абдиев 71 жаш курагында кечээ эртең менен оо дүйнө кетти. Ал 1937-жылы азыркы Токтогул районундагы Ичке-Сай айылында туулган. Өткөн жылдан бери ден соолугу начарлап, онкологиялык ооруканада дарыланган. Ушул жылдын күзүнөн бери Улуттук филармониядагы ырчылык ишин токтоткон.

Нарын облусунда карышкыр күч алды
Ат-Башы районунда карышкыр күч алып, мал жайлоодон келгенден бери райондун аймагынан жети баш жылкыга, он чактыдан ашык майда жандыктарга, мал ээлерине жүз миңдеген сом өлчөмүндө зыян кылды. Жергиликтүү мергенчилер бир айласын көрүшүп мылтык атып, капкан салып кашабаңдын сары изине түшүүдө. Ак-Муздук егерлер Болотакунов Жумабай, Төлөгөн уулу Жаки, Кара-Суу айылынан Шаршеков Талантбек экиден карышкыр атышты.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна Сузак району 1 млн. сом которду
Сузак районунун жашоочулары Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна 1 млн. сом топтоп которгонун райондун акими Жусупбек Максуталиев билдирди. Бул каражат негизинен райондо иштеген кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысынан жана ишкерлердин колдоосу аркылуу топтолгон. "Бул элдик курулуш. Ошондуктан эл өз ыктыяры менен колдоп жатат", - дейт Ж.Максуталиев. Ж.Максуталиев ошондой эле Алай районундагы Нура айылындагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге да 800 миң сом каражат жөнөткөндүгүн кошумчалады.

СПИДдин ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны эки миңге жакындады
Республикалык СПИД бирикмесинин башчысынын орун басары Айгүл Исмаилованын билдиргенине караганда, ушул айдын башына карата өлкөдө бул илдетке кабылгандардын расмий эсеби 1931 адамга жетти. "А чынында атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып айтсак, катталбай жүргөндөрдү кошкондо мындай дартка кабылгандардын саны беш жарым миңди түзүшү ыктымал", - дейт Айгүл Исмаилова.

Ишенбай Кадырбековдун соту 3-декабрда уланат
Бул тууралуу анын адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтуусунда сотто күбөлөрдү суроо уланмакчы. 28-ноябрда башталган сот жараянында жыйырмага чукул күбө Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго тагылып жаткан айыптоолордун бир эпизоду боюнча көрсөтмө беришти. КР курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен тогуз эпизод боюнча кылмыш иши козголуп, 25-апрелде камакка алынган.

Нарында зордук-зомбулукка каршы акция өтүүдө
Нарын шаарындагы маалымат борборунда бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын "Зордук-зомбулуксуз 16 күн" аталышында тегерек үстөл болду. Анда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан зордук-зомбулукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүчү акциянын багыттары жөнүндө сөз жүрдү. Алдыда белгиленүүчү 16 күндүк акцияда шаарда, райондордун аймактарында, мектептерде, окуу жайларда "Менин тандоом зордук-зомбулуксуз жашоо" деген бир катар темаларда кароо-сынак өткөрүлмөкчү. Нарын шаарындагы карылар үйүндөгү 13 адамга жылуу кийим берилип, музыкалык мектептин окуучулары концерттик программаны тартуулашмакчы.




Аалам алкагында
Электр энергиясы Борбор Азия боюнча өчүрүлө баштайт
Мындай чечимди Борбор Азиянын Энергетика боюнча координациялык кеңеши кыштан жакшы чыгуу жана электр тармактарында зарыл кубаттуулукту кармап туруу үчүн кабыл алды. "Электр станциялар" коому тараткан билдирүү боюнча, ал региондун бирдиктүү энергетикалык тармагы менен КМШнын энергетикалык системасын байланыштырып турган 530 киловатт сааттык электр энергиясы ташылчу жогорку чыңалуудагы тармактын үзгүлтүккө учурабашы үчүн жасалды. Анткени, коңшу мамлекеттерде электр энергиясын ашыра пайдалануудан улам Кыргызстандын аймагындагы 110 киловаттык жогорку чыңалуудагы "Кара-Балта" подстанциясы жекшемби күнү 3 жолу токтоп калды.

Казак жазуучулары Айтматовдун кечесин өткөрөт
Казакстандагы жазуучулар союзу кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин 12-декабрда Алматада уюштурмакчы. 25-декабрда Мухтар Ауэзов атындагы драма театрда Ч.Айтматовдун чыгармасына жазылган "Көктөбөдөгү жолугушуу" аттуу спекталь көрсөтүлөт. Бул тууралуу казак Маданият жана маалымат министри Мухтар Кул-Мухаммед Казакстандагы кыргыз элчиси Жаныш Рүстөнбеков менен жолукканда билдирди. М.Кул-Мухаммед аталган министрлик жакында Ч. Айтматовдун китеби чыгарылганы жатканын, улуу жазуучунун "Кош бол, Гүлсары" аттуу чыгармасына тартылган тасма декабрда жалпы казак коомчулугуна тартууланарын маалымдады.

Францияда Кыргызстандын туризм тармагына арналган жыйын өттү
Франциянын Гренобль шаарында 29-ноябрда өткөн бул жыйында кыргыз туризмине байланышкан бир нече олуттуу жагдайлар каралды. Анда туристтердин агымын көбөйтүүдө Евробиримдиктин жарандары үчүн визалык төлөмдөрдү жокко чыгаруунун зарылдыгы боюнча маселе жандуу талкууну жаратты. Туризм жаатында Борбор Азия менен Франциянын ортосундагы алакаларды чыңдоого багытталган бул конференция, "Кыргыз-француз кызматташтык ассоциациясынын" демилгеси менен Пьер Мендес Франс атындагы Гренобль университетинин колдоосунда өттү.

Австралияда 150 кит мерт болду
Алар жээкке сүрүлүп ташталганынан улам кырылган. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, аларды суунун тереңине кайтарып, сактап калуу боюнча баардык аракеттер эч натыйжа берген жок. Куткаруучулар киттер кырылган жерге андан жакынкы аралыкта сүзүп жүргөн дагы 30дайын киргизишпеди. Австралиянын алыскы жээктерине киттер сүрүлүп калганын абадан учкуч байкаган. Киттер жээкке эмне себептен чыгып каларынын себептери илимде аныкталган эмес.

ЖКнын 4 депутаты Таиланддагы талаштан чыга албай жатышат
Жогорку Кеңештин Азиядагы мамлекеттер ассамблеясынын 3-пленардык жыйынына катышкан төрт депутаты Малазиядан кайтып келе албай жатышат. Алардын бири Бегалы Наргозуевдин айтымында, буга Таиланддагы саясый кризис кедерги болууда. Анткени, оппозициячыл күчтөр Бангкоктогу "Суварнабхуми" аэропортун басып алып, депутаттар учуп келе турган "Тай авиажолдорунун" Алматы багыты токтотулган. Бангкоктогу аэропортту 26-ноябрда премьер-министринин кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткан оппозициячыл "Демократия үчүн элдик альянс" деген тобу ээлеп алган. Ушундан улам учуулар токтоп, ал жерде 4 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар кете албай турушат.

ЮНЕСКО КМШ өлкөлөрүндө кызматташтыгын кеңейтет
Өткөн аптада ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңеши Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин 8 өлкөсүн бириктирген Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондусу (МФГС) менен расмий кызматташтыкты орнотуу боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында эки уюм өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул туурасында Кыргызстан донорлор коомчулугу билдирди. Белгилей кетсек, Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондусу 2007-жылы түзүлүп, анын мүчөлөрү Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан болуп эсептелет. Аталган фонддун милдети КМШда бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти түзүү, билим берүү, илим, маданият, коммуникация, спорт, туризм жана жаштар менен иш алып баруу аркылуу туруктуу өнүгүү жана маданий диалогду жаратуу болуп саналат.

"Самопал" арак ирандыктарды да соо койгон жок
Иранда колго жасалган арактан 12 киши ууланып өлдү. Дагы ондогон кишинин көзү көрбөй калды. Иранда мусулмандарга алкоголь ичүүгө тыюу салынган. Курмандыктардын диний ишеними кабарланган жок.

Булганыч газдар бүт дүйнөнүн кесепети
Польшада климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун сүйлөшүүсү башталууда. Познан шаарындагы жарым айлык жыйында булганыч газдардын абага ташталышын азайтуу боюнча 2009-жылдын аягына чейин жаңы келишим түзүү маселеси такууланат.