, 02.12.08 - 14-бет: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПАТЕНТ КЫЗМАТЫ
административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө
сынак жарыялайт
УКУК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН
БАШЧЫЛЫГЫНА
Квалификациялык талаптар:
- жогорку юридикалык билиминин болушу;
- мамлекеттик кызматтардын улук кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы мыйзамдарды, граждандык укуктук актыларды, Сот системасын билүүсү;
- мүмкүн болушунча англис тилин билүүсу;
- компьютерде иштей билүүсү талап этилет.

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын улук кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- англис тилин билүүсү (жазуу жүзүндө жана оозеки) сөзсүз түрдө, француз тилин билгендерге артыкчылык берилет;
- компьютерде иштей билүүсү талап этилет.

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР
БӨЛҮМҮНҮН АДИСТИГИНЕ
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- англис тилин билүүсү (жазуу жүзүндө жана оозеки) сөзсүз түрдө, француз тилин билгендерге артыкчылык берилет;
- компьютерде иштей билүүсү талап этилет.

МААЛЫМАТ КАМСЫЗДОО ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРЛЕР БАШКАРМАЛЫГЫНА:
КӨРГӨЗМӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИШКЕ
АШЫРУУ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- интеллектуалдык менчикти коргоо жана көргөзмө ишмердүүлүгүн ишке ашыруу тармагындагы мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мүмкүн болушунча чет тилдерин билүүсү талап этилет.
- компьютерде иштей билүүсү талап этилет.

КӨРГӨЗМӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ИШКЕ
АШЫРУУ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСТИГИНЕ
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- интеллектуалдык менчикти коргоо жана көргөзмө ишмердүүлүгүн ишке ашыруу тармагындагы мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мүмкүн болушунча чет тилдерин билүүсү талап этилет.

МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР
БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСТИГИНЕ
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- интеллектуалдык менчикти коргоо жана көргөзмө ишмердүүлүгүн ишке ашыруу тармагындагы мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- мүмкүн болушунча чет тилдерин билүүсү талап этилет.

МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРЛЕР ЖАНА
ЛИЦЕНЗИЯЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ КАТТОО БӨЛҮМҮНҮН АДИСТИГИНЕ
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билими;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- чет тилдерин билгендерге артыкчылык берилет,
- компьютерде иштей билүүсү талап этилет.
КАДРЛАР ЖАНА ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСТИГИНЕ
Квалификациялык талаптар:
- жогорку билиминин болушу;
- мамлекеттик кызматтардын кенже кызмат орундарында 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажысынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин, Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамын жана башка эмгектик мамилелер тармагындагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
- компьютерде иштей билүүсү, автоматташтырылган системалар, маалымат базалары менен иштей билүүсү;
- мүмкүн болушунча чет тилдерди билүүсү талап этилет.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылышы зарыл:
- талапкердин өзүнүн арызы;
- кадрларды каттоо боюнча барак (сүрөтү жана резюмеси менен);
- иштеген жеринен алынган сунуштар;
- керектүү кесиптик билимин, иш стажысын жана квалификациясын ырастоочу документтер (билими жана стажысы жөнүндө документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү);
- паспорттун же ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (түпнуска сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Документтер ушул кулактандыруу
жарыяланган учурдан
тартып 15 күндүн ичинде:
Бишкек ш., Москва көчөсү, 62,
Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү
бөлүмүнө (конвертке салынып, чапталып)
тапшырылышы зарыл.
Тел.: 68-18-37; 68-08-19.

Талапкерлер Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик патент кызматынын
аттестациялык-сынак комиссиясына
(тестирлөөдөн жана
маектешүүдөн өтүү үчүн) чакырылат.