, 02.12.08 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ
Өмүр сабагы
Мына ушуну кудай
жалгап жаш кезимден байкадым да, өзүмдүн чыгармаларымды ойлоп, таламга жооп бергидей, ак дил, ак ой менен, калп айтып койбой, жаңылыш, каңырыш угуп алып калпыс иштеп койбой, мүмкүн катары турмуштун өзүн, чындыктын өзөгүн улап, укканга үлгү, окуганга таалим сабак болгудай, колдон келсе мурда болуп урпактарга калгыдай жагын эске алып жазып келдим. Эгер менин аздыр-көптүр ийгилигим болсо, ага мына ушулар себепкер.
Ё Ё Ё
Жок, жолдоштор, ар бир
элдин касиети - эне тили. Башканы даңкташ үчүн эне тилдин сыйкырын качырышка эч кимдин акысы жок. Күчү да жетпейт. Биз өзүбүздүн да, башканын да замандар бою жараткан асыл байлыгын акылмандуулук менен баалоого милдеттүүбүз. ТИЛ - ар бир элдин башкы байлыгы!
Ё Ё Ё
Эң аз сандуу калктын өзүнө
таандык өзгөчөлүгүн баалоо, барктоо керек го. Биздин ар бирибизге эң алгач улуттук ка-сиеттерибиз баалуу жана жакын, аянычтуу эмеспи. Тек орунсуз коңгуроолорду шылдыратып
"артта калгандык", "өз чөйрөсүнөн чыгалбагандык" деген сыяктуу жаман аттыны тага бериштин өзү арамзалык, терс көрүнүш эмеспи.
Акыйкаттык менен өз элин барктоо - эң жакшы иш. Өз калкын барктаган киши башка элдерди да барктайт, сыйлайт. Өз элин барктай албаган киши башка элдердин да кадыр-баркына жете албайт. Демек, андайлар эч убакта интернационалист боло албайт. Ошондой эле өз ата-энесин сыйлай албаган уул, кыз башка ата-энелерди да урматтабайт.
Ё Ё Ё
Ар бир тилдин өзүнө таандык
касиети, айтылыш ыргагы, күүсү-музыкалдуулугу өз эрежесине багынат. Өз эрежесинен чыккан сөз көп учурларда "калькага" айланып түшүнүксүз, угумсуз, тантык болору белгилүү.
Тил байлыгы - тилдин өзүндө экен. Ал ошо өзүндөгү корду кеңири изилдесе жана аны өнүктүрсө тил өзүн байыта бергидей. Ошондой эле өз корунда жок сөздөрдү башка тилдерден ооштуруп өз мыйзамына сыйдырса, анда ал четтен келген сөз төл сөзгө айланып, тилди жаңыртып анын ар бир татаал туюнмаларын айкындап туюндурууга жетише бергидей.
Адеп башы - тил деп Махмуд Кашкари баягыда, мындан миң жылдар мурда эле бабалардын тилге бийик баа бергендигин жазып кеткен тура. Адеп - жүрүш-туруштун илими, тартип-тарбиясы, адамгерчиликтин эң бийик жана ыйык салты. Көрсө, тилди сыйлаган, баалаган жана аны өзү так, таза сүйлөгөн киши адептүүлүккө эшик ачканы. Өзүнүн жүрүш-турушунун илимине жеткендиги. Тартиптүү, тарбиялуу, адамгерчиликтүү болгону.
Ё Ё Ё
Ааламдын байлыгын өзүнө
каткан сыйкырдуу кутуча
сыяктуу бир сүйлөмдүн ичине терең, күчтүү, эсте калар залкар ойду сыйдырган бийик сөз!
Учурдун эң күчтүү куралы менен салыштырганда сөз күчүн элибиз атомдун жарылышындай эсептеген десек жаңылышпайбыз. Чоң кылмыш иштеп өлүмгө тартылган киши жазаланар алдында, ал күчтүү сөз айтса, ошол сөзү үчүн анын күнөөсү кечирилчү. Аны менен кылмышкер өзү да экинчи жаман жакка баспас болот. Тек атылып жерге житкен октой жок болбостон, анын айткан сөзү да калк арасында лакап, нуска болуп тарап кетет. Ал тургай сөз күчү эр кунунан кечиртчү. Эки элдин ортосундагы чоң чабышты токтотчу. Ошентип, байыртан элибиздин салтында сөздөн күчтүү, сөздөн ыйык эч курал болгон эмес. Сөзгө баа жетпеген. Ал өтө кымбат".
"Эмесе, өз ордун таппаган курч сөз ташка тийген болоттой кетилип калат, ал курч маанисин жоюп, сезимге жетпейт. Өз түсүн таппаган боёк ал жашыл болсо, көзгө кара түс берип көрүнөт. Көркөм адабиятта бардык боёкту түсүн чыгарып бардык элести ачып көрсөтүүчү касиет ал - сөз! Жаштарыбыз өз эне тилин мейиздей татый билишпесе, сөздөрдүн маанисин, татымын, түсүн, каймана сырын ача, так көрүп, так сезе, так баамдай билишпесе, анда алар негизги куралынан ажырайт".
"Рас, бизден төл сөзүбүздө жок терминдерди, буюмдун аттары, кээ сөздөр биздин сөздүк тизмеге өтүү менен тилибизди байытары шексиз. Бирок, ошону менен бирге байыртан элибиз сүйлөп келаткан бай тилибиздин биз билбеген кеп-сөздөрүн изилдеп билип, тилибизди байытышка да биз милдеттүүбүз. Себеби, биздин улуттук маданиятыбыздын баштапкы булагы - биздин эне тилибиз! Өз тилин үйрөнүшкө анча көңүл бурбай коюп, башка тилди тамтуң үйрөнүп алганына мактаныч кылгандык бул - сыпайы айтканда алакөөдөндүк".
"Көркөм чыгарманын эң башкы касиети - тил! Тил байлыгы - жандуу сөздөрдө, элдик чыгармаларда. "Жылкы аласы - сыртында, киши аласы - ичинде" деген макалдан баштап "Манас" сыяктуу дастандар, жандуу сөздөр акын, жазуучуларыбыздын рухий дүнүйөсүнө, тилине пайда берер эле. Албетте, биз мында тек элдик чыгармалардан башканы билбе дебейбиз..."
Даярдаган
Кеңеш ЖУСУПОВ




  Шүкүрбек БЕЙШЕНАЛИЕВ 80 жашта

Ал дайыма эл менен болгон
Касиеттүү
Куртка жери
Шүкүрбек Бейшеналие-
вичти акыркы сапарга узатып жатып айтканым эсимде:
Кереметтүү Куртка өрөөнү кыргыз элине XVIII кылымда Тайлак баатырды, XIX кылымда улуу Тоголок Молдону, ХХ кылымда Шүкүрбек Бейшеналиевди берди.
Куртка жергеси чындыгында кереметтүү өрөөн. Куртка суусу, Куртка чеби, Тайлак баатырдын күмбөзү, Жамак тоо, Араптын бели, айтылуу Соң-Көл, андагы Манастын таш тулгасы, Ак-Куланын мамысы!
Калмак феодалдарынын талап-тоноосунан, Кокон хандыгынын запкысы, Атантай менен Тайлактын кол курап, душман беттеп, Мекенин коргогону - алардын ар бири өзүнчө дастан.
Тогуз жолдун тоому, Ала-Буга суусунун бою, жашыл тукаба жамынган жайыттар, карагай-чери, эчки-текеси, илбээсин, кушу...
Куртканын керемети көп жакшы адамдарды өзүнө тартып турган. Ал аркылуу Соң-Көлгө, Жумгалга, Тогуз-Торого барган. Куйручук, Калык, Муса, Молдобасан, Тоголок Молдонун таасири, андай эрте жетилген сезимтал балага күчтүү тийген.
Бала директор
Шүкүрбек Бейшеналиев
бала кезинен эле шыктуу, сезимтал, чыйрак, чоң адамдардай сүйлөгөн.
1943-жылы 8-классты бүтүрүп, Нарын шаарындагы беш айлык мугалимдер курсунан окуйт. Анан Ак-Талаа районундагы "Саз" толук эмес орто мектебинде мугалим жана директорлук кызматтарда эмгектенет.
1993-жылдын сентябрь айында райондогу "Коңорчок" айылында эки кабат орто мектеп курулуп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Насипа Жыргалбекованын ысымы ыйгарылды. Бул салтанатка Шүкүрбек Бейшеналиев баштаган республиканын, облустун, райондун жетекчилигинин өкүлдөрү, журналисттер, коомчулуктун өкүлдөрү келишти. Алар жазуучунун жаш кезинде ошол аймакта эмгектенгенин эскеришип: "Бала директор", - деп аташты.
Шүкү жасаган мамилесине карата менин жүрөгүмө жакын эле. Бала кезинде биз жакта мугалим, мектептин директору болуп иштеп, атам экөө биздин үйгө кирип калаар эле. Кийин мен окууга өткөндө атам: "Шүкүрбекке бар!", - дегени бүгүн да жадымда турат.
Москвага окууга барсам таап алып, жазуучулардын Москва алдындагы токойдогу эс алуу үйү "Поваровкага" чакырды. 1968-жылдан баштап борбор шаарыбызда бирге жашап, ага-ини катарында мамиле жасап, анын сыймыктуу өмүрүнүн аягына чейин бирге жүрдүк. Кубанычын да, кайгысын да бирге бөлүштүк.
Жолдоштору, достору көп болучу, бирок, алардын ичинен бирге окуган, бир пикирдегилери Карыбек Молдобаев, Жээнбек Муканбаев, Жумакадыр Эгембердиевге мамилеси өзгөчө болоор эле.
Анын калеминен жаралган прозалары, ырлары, пьесалары окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып турган. Ага күбө катарында "Студенттик кезимде" аттуу ырын алып көрөлү:
Жалындаган студенттик
кезимде,
Жаркыраган канат бүттү
сезимде.
Түбөлүккө ардакташып
жүрүүгө,
Түркүн достун түсү калды
эсимде.
Же болбосо "Мезгилге" аттуу ырында:
Мезгилдер кылчак
бурсачы,
Адамга моюн сунсачы.
Отуздан жашты өткөрбөй,
Ордунда жүз жыл турсачы.

Убакыт шашпай жылсачы,
Урпакка таазим кылсачы.
Кырктан жашты өткөрбөй,
Кылымга токтой турсачы.
Бул сыяктуу ырларына композиторлор нота жазып, обонго кошуп, ооздон-оозго жаштардын кечелеринде бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келе жатат. Айрыкча маркум Экия Мукамбетов өз обону менен жакшы аткарчу эле.
Баатыр пионер
Кычан.. .
Мен Кант районунда иштеп
жүргөндө Кычан Жакыповдун мектебине бардык. Мектепти, андагы музейди көрүп, окуучулар, мугалимдер менен жолугушуп, кызыктуу аңгеме куруп берди:
- Кычан жөнүндөгү биринчи маалыматты ошол кезде Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары Салмоорбек Табышалиевден алдым. Мына ошол күндөн баштап мен кыргыздын баатыр пионери Кычан Жакыповдун изине түшүп, изилдей баштадым. "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланган материалдарды, маркум Алыкул Осмоновдун "Кычан" аттуу ырын таптым. Элибиздин сыймыгы, чоң талант, чагылгандай жарк дей түшүп, көрүнбөй калган сыяктуу Алыкулдун бул темага кайрылуусу мага чоң демилге, ишенич берди, - деди жазуучу. Бардыгыбыз сүйлөдүк. Мектептин окуучулары, мугалимдер жамааты ыраазы болушту. Эстелик үчүн сүрөткө түштүк.
Арийне, элибиздин тарыхына үңүлүп, ошол доордогу Кычандай тайманбас баатыр бала тууралуу тарыхый окуяны чеберчилик менен көркөмдөп, адамдын аң-сезимине терең кирип, жүрөгүн толкундатып, катуу таасир берүүчү образды жаратты. Ошон үчүн "Кычан" повести чет тилдерде да сүйлөп жиберди. Кычандын биздин республиканын мектептеринде, пионер сарайларында, пионер отряддарында гана эмес, Москванын мектебинде аты коюлуп, эстеликтер орнотулуп, музейлер ачылды.
"Кычан" пьесасы кыргыз улуттук академиялык драма театрында угуучулардын зор кызыгуусу менен коюлуп турду жана мектептердин окуу программасына киргизилди.
50дөн ашык
өлкөнү аралаган "Мүйүздүү козу"
"Мүйүздүү козу" аттуу жазуучунун чебер калеминен жаралган балдар үчүн жазылган повести элүүгө жакын тилге которулуп, дүйнөгө тарап кеткен. Ал ийгилик жеке эле жазуучунун эмес, аны кастарлаган кыргыз улутунун сыймыгы болду. 1976-жылы балдар адабияты боюнча дүйнөлүк масштабдагы эл аралык кеңештин токтому менен бул чыгармасы үчүн Ш.Бейшеналиевге Ханс Кристиан Андерсон атындагы Ардак диплом ыйгарылып, 1982-жылы "Мүйүздүү козу" повести республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду.

(Уландысы бар)
Т.ЖЫРГАЛБЕКОВ,
профессор,
тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер