, 28.11.08 - 7-бет:
  Эки соттун үстүнөн кылмыш иши козголууда

Ачуу чындык ачык айтылды
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров КРнын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Осмоналиев, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармасынын муфтийи М. Жуманов, КРнын чек ара кызматынын төрагасы З.Молдошев, ички иштер министринин орун басары
Ж.Джакыповдун коштоосунда Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда болуп кайтты. Анын жүрүшүндө жергиликтүү эл менен жолугушуулар өткөрүлүп, кийинки жылдарда күчөп кеткен бир катар диний агымдардын өлкө-бүздүн улуттук коопсуздугуна зыян келтирчү иш-аракеттери талкууга алынды.

Ноокат районундагы 1-октябрда болгон тополоң боюнча укук коргоо органдары тарабынан 32 адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп сотко өткөрүлгөн. Өз ишине салкын мамиле жасап, мектеп окуучуларын диний уюмдардын таасирине калтырууга жол берген 3 мектептин директору кызматтан алынып, мектептерге хиджап жамынып келүүгө тыюу салууга, окуучулардын бирдей формасы менен жүрүүсүнө аракеттер көрүлүп жатат.
Бирок, диний экстремисттик маанайдагы "Хизбут-тахрири" уюмунун жүргүзгөн иши калкты дале тынчсыздандырып жаткандыгы жашыруун эмес. Жергиликтүү калктын пикири боюнча башкаларга сабак болсун үчүн ислам динине жамынуу менен Орозо айт күнү тополоң уюштургандардын башчылары жана анын катышуучулары күнөөлөрүнө жараша өз жазаларын алууга тийиш. Жогорку райондордогу жолугушууда сөз алган ардагерлер, катардагы адамдар укук коргоо органдары тарабынан өздөрүн "даватчыларбыз" деп аташкан адамдардын шектүү аракеттерин иликтөөгө алуу, алар тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн кыргыз жарандарынын максатын тактоо, өтө аша чаап кеткендердин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу маселеси бышып жетилгендигин баса белгилеп өтүштү.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жолугушуулардын жүрүшүндө бул регионго Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен келгендигин белгилеп, Кыргызстандын стабилдүү турушуна, анын калкынын тынчтыкта, ынтымакта жашашына каршы болгон күчтөрдүн бар экендигин жашырган жок. Диний экс-тремисттик "Хизбут-тахрири"
уюму башка өлкөлөрдүн мыйзамдары катуу болгондуктан биздин мамлекетти полигонго айландырууга аракет жасап жаткандыгы ачуу чындык. Кыргызстанда да диний уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгендигин жана тыюу салынган диний уюмдардын ишине катышкан жарандардын жоопкерчилиги жогорулагандыгын ачык айтты. Анын негизинде башка коңшулаш өлкөлөр сыяктуу эле бизде да бул багыттагы жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерине берилчү жаза күчөтүлөт. Мамлекеттин коопсуздугу азчылыкты түзгөн адамдардын кызыкчылыгынан алда канча жогору туруп, тополоңду уюштургандар сөзсүз өз жазаларын алууга тийиш. Мындан кийин республикадагы мечит, медреселердин баарын кайрадан каттоодон өткөрүү, казыларды, имамдарды аттестациялоо боюнча чечим кабыл алынды. Мечиттердеги имамдар, казылар ж.б. дин кызматкерлери каалагандай эмес, баары бирдей формада кийинүүсү жөнүндөгү маселеси каралып жатат.
Эл алдында чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармасынын муфтийи М. Жуманов ислам динине жамынуу менен ар кандай мыйзамга ылайык келбеген иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан диний экстремисттик "Хизбут-тахрири" уюмунун тарыхына токтолду. Ал мындан 56 жыл мурда Палестинада түзүлгөн, уюмдун жетекчилери азыр Лондондо турат. Анын ишмердүүлүгүнө көп мамлекеттерде тыюу салынган, алардын мамлекеттик түзүлүшкө каршы болгон иш-аракеттери шарият эрежелерине эч кандай ылайык келбейт. Эгер мечиттин имамдары, дин кызматкерлери "Хизбут-тахрири" уюмунун ишине көмөк көрсөткөн болсо муфтият аларды укук коргоо органдары жоопкерчиликке тартуусуна каршы эместигин билдирди.
Жолугушуулардын аягында Коопсуздук кеңешинин катчысы элдин коңшулаш өлкөлөр менен болгон чек ара маселеси, коррупцияны ооздуктоо, электр энергиясынын азыркы абалы, айрым учурда айлык акылардын кечигип жаткандыгынын себеби тууралуу суроолоруна жооп берди. Коопсуздук кеңешинин катчысынын элдин жана бийликтин ишениминен кеткен айрым соттордун Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ээлеген кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгы жөнүндө маалыматы элдин кол чабуулары менен коштолду. Мындан сырткары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ири пара алган 4 соттун иши текшерилип жаткандыгы да маалымдалды. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров башында турган расмий топтун ачык маанайда өткөргөн мындай жолугушуулары таасирдүү болуп, жалпы элдин колдоосуна ээ болду.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"
ЁЁЁ
Жалал-Абад шаарында өткөн облустук мамлекеттик администрациянын диний экстремизм боюнча координациялык кеңешмесине Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, КРнын Өкмөтүнүн дин иштери боюнча агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиев жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, бүгүнкү күндө диний экстремизм менен күрөшүү улам барган сайын орчундуу маселеге айланганын айтышты. Дин өкүлдөрү, имам, казы, аким, мэр, айыл өкмөттөрү катышкан бул кеңешмеде Хизбут-тахрири, Вахабия, Акрамия, Ахмедия, Салафия деген жаңы диний экстремисттик агымдардын таасири талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров учурдагы диний экс-тремизм, дават боюнча сүйлөп, Жалал-Абад облусунун аймагында диний-экстремисттик агымдар өз арекеттерин ачыктан ачык жүргүзүп, ал гана эмес, мамлекеттик саясый проблемаларга да кийлигишип жатканын белгилеп, мындай иш-аракеттерге мамлекет тарабынан аеосуз күрөш жүргүзүлөөрүн айтты. Экстремисттик агымдарды ооздуктоодо мыйзамдык базаны бир топ күчөтүү зарыл экендигин билдирди. Диний агымдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүп, уруксат бере турганына уруксат берип, калганына тыюу салып, дин эркиндиктерин тескеген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттин ролун бекемдеп, ал эми эл аралап диний маселелерди айтымыш болуп, иш жүзүндө ар кандай терс уюмдарга катышууга үгүт жүргүзгөн "даватчы" сыяктуу терс көрүнүштөргө биротоло чек коюу керектигин баса белгиледи. Мыйзам бузган экстремисттерди толук жазалабай жаткан соттордун ишин катуу сынга алды.
Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы Жуманов элдин арасындагы имамдардын деңгээли төмөн болуп, экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршы туруштук бере алышпай өз таламдарын алдырып коюп жатышкандыгын айтты.
Кеңешмеде облустук укук коргоо органдарынын диний экстремизм боюнча маалыматы угулуп, талкууланды.
Орозалы КАРАСАРТОВ




Ачык катка ачык жооп
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын
башкы катчысы И.И.Исаков мырзага
Урматтуу
Исмаил Исакович!
Сизге жолдогон ачык жообумда алгач, сиздин ачык катыңыздан улам көрүнүп тургандай, Кыргызстандын тагдырына сиздин 2005-2008-жылдар аралыгында өлкөнүн өнүгүү багытын аныктоодо белгилүү бир деңгээлде роль ойноп, министрлер кабинетиндеги жогорку кызматты ээлеп турганыңыздагы тынчсызданууңуз эмдигиче эч өзгөрбөгөндүгүнө ыраазычылыгымды билдире кетейин.
Ошондой болсо да, урматтуу Исмаил Исакович, сиздин ачык катыңызга ачык жооп берүүгө уруксат этиңиз.
Эң негизгиси, сиздин көңүлүңүздү өзгөчө буруп, сиздин жана жалпы кыргызстандыктардын эсине сала кетчү нерсе - алар (Өкмөт) тарабынан "энергетикалык кризис, кылмыштуулук менен коррупция күч алган" деп сынга алган КРнын Өкмөтүнүн курамына, Исаков Исмаил Исакович, сиз дагы киргенсиз. 2005-жылдын мартынан тарта түзүлгөн министрлер кабинетинин алгачкы күндөрүнөн баштап, 2008-жылдын октябрына чейин сиз бийликтин жогорку эшелонундагы чечүүчү добушка ээ коргоо министри катары жана КРнын Өкмөтүнүн мүчөсү катары жигердүү иш алып барган акыркы адам эмессиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу жана сизге карата менин терең урматтоом менен, сиздин "ачык талаптарыңызга" ачык жоопторумду төмөнкүчө тизмектегим келет:
1. Тактап бериңизчи - Жогорку Кеңеш курамына кирген "Ак Жол" элдик партиясы депутаттык фракциясы кайсы укуктук документтер менен уставдардын негизинде сиздин партияңыздын мүчөлөрүнүн астында отчет бериши керек? Сиз тараптан көтөрүлгөн талаптардан улам, тилекке каршы, сиздердин партиянын мүчөлөрү партиялык түзүлүштүн жана этиканын жөнөкөй эле талаптары менен тааныш эмес го деген жыйынтыкка келүүгө аргасыз болуп отурам.
Мындан сырткары, сиз тарап "Жаңы Кыргызстан" партиясынын колдоосунун натыйжасында "Ак Жол" элдик партиясы депутаттык фракциясы Жогорку Кеңеште артыкчылык орунду ээлеген деп көбүртүп-жабыртып келесиздер. "Ак Жол" элдик партиясы депутаттык фракциясынын ролу жана орду - жогоруда сиз белгилегендей эмес, Кыргызстан элинин тандоосунун жыйынтыгы.
2. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Өкмөттүн тарашы багытындагы талаптары боюнча - сиздерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мындай демилге менен эл ишенимине ээ болгон партия гана чыгууга укуктуу экенин эскерте кетейин. Тагыраак айтканда, шайлоо аркылуу Жогорку Кеңеш курамына кирген жана тиешелүү мандат алган партия гана укуктуу. КРнын Өкмөтүн түзүү укугу да аларга тийиштүү.
Ал эми энергетикалык кризис боюнча дал ушул "Ак Жол" элдик партиясы фракциясы бир катар парламенттик угууларды өткөрүп, энергетика чөйрөсүндө кыйчалыш абалды жараткан аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча маселени байма-бай көтөрүп келет.
3. Сиздин "ачык катыңыздын" үчүнчү пункту боюнча - азыркы учурда өлкө бийлиги укук коргоо органдары менен сот бийлик өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына, алардын мыйзамдуулук жана моралдык ченемдерди бузбашына жогорку деңгээлде талап коюу менен мамиле кылып жаткандыгын белгилеп кетким келет. Сизге КРнын Судьялар кеңешинин сунуштоосу аркылуу КРнын Президентинин Жарлыгы менен бир катар жергиликтүү соттордун судьялары кызматынан бошотулгандыгы эмдигиче белгисиз го дейм. Анда, алардын экөөнө кылмыш иши козголгондугун да айта кетели. Мындан сырткары, ички иштер органдарындагы бир катар кызматкерлер кызматтарынан бошотулуп, күч органдарынын дагы башка кызматкерлери боюнча көптөгөн фактылар ачыкка чыккан. Мына ушул сыяктуу иштер мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлө бере тургандыгына ишенебиз.
4. Сиз өз катыңыздын төртүнчү пунктунда "Өкмөттү кармоого бюджет каражаттарын кыскартуу жана аны натыйжалуу башкаруу максатында" "Жаңы Кыргызстан" партиясы сунуштай турган Өкмөт түзүмүн колдоп берүү милдетин да бизге таңуулагандыгыңызга жол болсун.
Тилекке каршы, кайрадан мен сизди тигил же бул кичи жана ири мамлекеттерде Өкмөттүн ырааттуу иштөөсүн камсыздаган министрликтер менен мекемелердин тизмеги болушу зарылдыгын эскертким келет. Азыркы Өкмөттүн түзүмүн сиздер дагы, биз дагы иштеп чыккан эмеспиз. Ал көптөгөн жылдарды ичине камтыган турмуштук сыноолордон өтүп, иштелип чыгып, өзүн өзү актагандыгын тастыктап келет. Өкмөт түзүмүн ашыкча кыскартып же көбөйтүп жиберүү терс жыйынтыктарга алып келери бышык. Мындай ачуу көрүнүштү көптөгөн мамлекеттер өз тажрыйбаларында башынан кечиргендиги жакшы маалым.
Ушу тапта кыргыз парламентинде социалдык-экономикалык жана саясый жактан өнүгүшү биздин республикага окшош мамлекеттердегидей Өкмөт курамынын түзүлүшүн түзүү багытындагы тажрыйбалары да изилденип жатат. КРнын Өкмөтү менен биргеликте мунун оңтойлуу вариантын караштырып жатабыз. Ушу жерде, дагы башка варианттар менен катар эле, биз сөзсүз сиз сунуштаган Өкмөт түзүлүшүн да
теңата вариант катары карашты-рууга кепилдик беребиз.
5. Сөз соңунда айта кетүүчү нерсе, 2009-жылдын 1-январынан тарта жарандардын айлык акыларын, пенсия, жөлөкпул өлчөмдөрүн көтөрүү боюнча республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү менен кабыл алууну сунуштаптырсыз.
Мени аталган олуттуу көйгөйдү чечүү боюнча азыркы бийликтин жасаган кадамдары менен көргөн чараларына сиздин көңүл бурбагандыгыңыз дагы бир ирет таңгалдырды. Балким, саясый ишмер катары - сиз акыркы жылдарда республикалык бюджетте (ал гана эмес бир жылда бир нече жолу) бюджет тармагында иштегендердин айлык акыларын жана жарандардын пенсия, жөлөкпул өлчөмдөрүн көтөрүү чечилип келе жаткандыгын көңүлдөн сырт өткөрүп жибергендигиңиз байкалып турат.
Бирок, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бул статьяларын кескин көтөрүү үчүн (сиз таңуулап жаткандай) анын киреше бөлүгүн дагы ошондой эле кескин көтөрүү зарыл да. Биз, "Ак Жол элдик партиясы депутаттык фракциясынын мүчөлөрү дагы, өзүбүз түзгөн КРнын Өкмөтү менен бирдикте дал ушул максатта аракет кылуудабыз. Ал эми "Жаңы Кыргызстан" партиясынын бул көйгөйлөргө тынчсыздангандыгы бизди деле кубандырат. Ошондуктан, Сиз тарабынан белгиленген көйгөйлөрдү чечүүгө багыттала турган республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү үчүн "Жаңы Кыргызстан" партиясынын иш жүзүндө эмнелерди жасап салгандыгы менен эмнелерди ойлоп таап жибергендиги бизди өтө кызыктырып турат, аны билип коюу да биз үчүн ашыкча болбос эле.
Ошентип, сизге менин дарегиме жолдогон "салам катыңыз" үчүн дагы бир жолу өз ыраазычылыгымды айтып, ошондой эле сизге болгон терең урматтоомду билдирем.
Азиз ТУРСУНБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
"Ак Жол" элдик партиясы депутаттык
фракциясынын жетекчиси