, 28.11.08 - 6-бет:
  Салтанаттагы салттуу сөз

Азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч түзүлбөйт
"Биз ушул жылы 800 миң тонна будай алууга тийиш болсок, 849 миң тонна кызыл данды кырманга бастырдык. Эми жакында 200 миң тоннадан ашуун кызыл дан Казакстан менен Россиядан ташылып келинет. Ушундан көрүнүп тургандай азык- түлүк коопсуздугунун коркунучу Кыргызстанда жок жана мындан ары болбойт", - деген бекем ынанымдуу сөз айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамынын салтанатында айтылды.

Агроөнөр жай комплекси республикабыздын экономикасынын бирден бир негизги тармагы болуп саналарына, элетте өлкөбүздүн калкынын 65 пайызы бүгүнкү күндө жашоо турмушун өткөрүп, азык түлүк коопсуздугун сактап келе жаткандыгына токтолгон Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри А.Ногоев мындай деди: "Бул тармакта жетишкендиктер менен бирге чечилбеген көйгөйлүү маселелер да жок эмес. Биздин бай маданиятыбызды, эмгекчилдигибизди эске алсак айыл чарбасында, тамак аш
жана кайра иштетүү тармагындагы кыйынчылыктарды тийиштүү деңгээлде жеңип чыгабыз деген ынаным бар. Мындай көйгөйлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Президенттин Кайрылуусунда коюлган милдеттер менен тапшырмаларды так атка-рууга тийишпис".
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев бул салтанатта кыскача сөз сүйлөп, эгемендүү, эркин Кыргызстан өнүгүп бараткан агрардык өлкө болуп саналарын, азык- түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Президент койгон тапшырманы аткаруу тикеден тике айыл, суу чарба, агроөнөр жай кызматкерлеринин жигердүү иштерине байланыштуу экендигин баса белгилеп, өлкөбүздүн агрардык секторунда эмгектенгендерди КРнын Президентинин, Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, мындай деди: "Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү биздин мамлекетибиздин социалдык-экономикалык саясатынын чордонун, өзөгүн түзөт. Ушуга байланыштуу курч
атаандаштыкка туруштук бере алган агроөнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоо биздин стратегиялык багытыбыздын негизи болуп саналат".
Мындан кийин И.Айдаралиев жетишкен ийгиликтер менен бирге алдыда турган кыйынчылыктарды жеңүү үчүн жасалуучу, аткарылуучу милдеттерге кеңири токтолду.
2008-жылдын он айынын ичинде эле республикабызда 101,8 миллиард сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 100,5 пайызды түздү. Өлкөбүздө эт, сүт, жүн, дан эгиндерин, мөмө-жемиштерди өндүрүү өткөн жылдагыга салыштырганда кыйла жогорулады.
Учурда Мамлекет башчысынын Кайрылуусу колдоого алынуу менен талкууланып жатат. Муну биринчи вице-премьер-министр стратегиялык мааниси чоң документ катары өтө жогору баалап, анда коюлган тапшырмаларга айыл чарба кызматкерлеринин көңүлүн бурду: "Бүгүнкү макроэкономикалык көрсөткүчтөр жаман эмес деп белгиледи КРнын Президенти К.Бакиев өз Кайрылуусунда. Экономиканын өсүшү 8 пайызды түздү. Мамлекеттик бюджеттин көлөмү 41 миллиард сомго жетип, 2005-жылга караганда 2 эседен ашык көбөйдү. Тышкы соода чөйрөсү жакшырып, экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүз артууда. Мамлекет башчыбыз белгилеген бул ийгиликтерге да айыл, суу чарба, тамак аш, кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин да кошкон салымы омоктуу.
Агрардык сектордогу реформанын жүрүшү, айыл элине жерлердин менчикке берилиши элет калкынын айыл жерине турукташып калышына, алардын массалык миграциясын төмөндөтүүгө чоң таасир этти. Эгемендик жылдардын ичинде мамлекетибизде 300 миңден ашык дыйкан-фермер чарбалары түзүлүп, жерди иштетүүнүн механизмдери өнүктүрүлө баштады. Ошол эле учурда майда товардык чарба жүргүзүү айыл чарбасында бир катар көйгөйлөрдү жаратты. Ошондуктан алдыда өндүрүштүк сервистик, кредиттик, кайра иштетүү кооперативдерин түзүү милдеттери турат.
Менин жеке көз карашымда ун комбинаттарын, кант жана спирт заводдору менен "Кыргыз тамекиси" акционердик коомдорун бириктирип, бир максатты көздөгөн, эриш-аркак иштеген агрохолдингдерди түзүү милдети бышып-жетилип калды. Ири долбоорлорду, каржылык колдоолорду көздөгөн мындай холдингдер Казакстанда, Россия Федерациясында жакшы иштеп жатышат".
Кайрылууда "айыл чарбасын башкаруунун принциптери жаңылоону талап кылат" деп Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин айтканынан улам келип чыккан милдеттерге И.Айдаралиев токтоло кетти. Азыркы учурда үзүрлүү иштей алуучу тармактык корпорацияларды түзүү зарылчылыктары пайда болду. Агроазык корпорациясынын ишин да жакшыртуу муктаждыгы жаралды. Ошондой эле бир түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн класстерин түзүү, айталык айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн үрөн чарбаларды, ун комбинаттарын, нан азыктарын чыгаруучу жана кондитердик ишканаларды бириктирген, акыркы продукцияны чыгарууга багытталган класстерди уюштуруу аракеттери жасалып жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кайрылуусунда айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууга да айрыкча маани берилген. Ошого байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүү милдети да коюлган. Мындай иштер пайдаланылбай жаткан жерлерди аныктоого, алардын себептерин тактоого көмөк көрсөтмөкчү. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги айыл чарбасындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин конкурстук негизде кызыкдар тарапка туура бере алса анда айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча улуттук ири буйрутмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Бул өз кезегинде ФПСтин жерлерин натыйжалуу пайдаланууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга оң таасирин тийгизет болчу.
"Айыл чарба жерлеринин керектен чыгышы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө 108 миң гектар айдоо жерлери пайдалануудан чыгып калган. Коллектордук-дренаждык системалардын иштен чыгышы, жерлердин суу басып,саздарга айланышы мунун негизги себептеринен. Айыл чарба өсүмдүктөрүн ар түрдүү зыянкечтерден сактоо, алардын түшүмдүүлүгүн арттыруу биздин алдыбыздагы негизги милдеттердин бири",- деп баса белгиледи Искендер Айдаралиев.
Мал чарбасы - агрардык сектордун өтө орчундуу тармагы. Жайыттарыбыз көп экендигин эске алып келечекте мал чарбасын өнүктүрүүбүз абзел. Асыл тукум малдарды четтен ташып келүүнү жоюш үчүн келечекте жеке менчик асыл тукум заводдорду түзүүгө күч-аракеттерди жумшашыбыз керек.
Бал чарбасы менен балыкчылык да ушундай эле артыкчылыктуу жагдайларда өнүктүрүлүүгө тийиш. Бул тармакта жеке менчиктик негизде ассоциацияларды уюштуруу, алардын укуктук -чендик базасын түзүү менен түзүлүштүк курамдарын уюштуруу иштери күчөтүлүшү зарыл.
"Кайра иштетүү өнөр жай агрардык секторду өнүктүрүүнүн негизи,- деп баса белгиледи биринчи вице-премьер министр. Анткени, бул тармак начар өнүктүрүлгөндүктөн республикабызда өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 10 - 15
пайызы гана иштетилип жатат. Тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын техникалык дең-гээлин жогорулатуу, алардын ички гана эмес тышкы рынокко да атаандашуучу товарларды сунушташына жетишүү үчүн кредиттик ресурстар менен инвестицияларды кеңири тартуучу иш- чараларды турмушка ашыруу муктаждыгы бар.
Иштелген продукциялардын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Продукцияларды ички жана тышкы рынокторго чыгарууда кездешип жаткан тос-коолдуктарды жоюу жаатында да олуттуу иш-чараларды жүзөгө ашырышыбыз керек."
Мындан кийин биринчи вице -премьер министр машина- техникалык станциялар менен кооперативдерди түзүү, ветеринария кызматы менен суу чарбасын өнүктүрүү проблемаларына токтолуп, жыйынга катышкандарды кесиптик майрамы менен куттуктады жана айыл чарба тармактарынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Маанилүү маек

Мамлекеттик жана коомдук ишмер
Кемел Ашыралиев:
"Талкаланган айыл-чарбасын калыбына келтирүү кыйынга турууда"
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
- Кемел Жакешович, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын бириктирип, ирелештирген кооперативдерди түзүү зарылчылыгы келип чыкканы мамлекеттик деңгээлде айтылууда. Сиздин бул боюнча пикириңизди угалы дедик.
Агрардык реформага шылтоолоп, рентабелдүү ири чарбаларга чейин тыптыйпыл кылып, жеке чарбаларга таратуу бүлдүргүч саясаттын бири болгон. Мен 1994 жылдан баштап Панфилов районунун админстрация башчысы болуп иштедим. Ошол жылдары колхоз совхоздор бүт жоюлуп, бир да техника, мал, жер калтырылбай баары таратылды. Мен рентабелдүү чарбаларды таратууга тикеден тике каршы чыккан жетекчилердин катарында болуп, мүмкүн эсиңиздедир, Президент А.Акаев кабыл албаган соң, телекөрсөтүүдөн, радио менен гезиттерден өз пикиримди тынбай билдирип турдум. Мен районду жетектеген 1996 жылы киши башына 1 тоннадан эгин өндүрүлгөн. Ошол кездеги статистиканы кызыгып караган киши, Панфилов районунда 50 000 ден ашык адам жашаса, ошончо тонна эгин алганыбыз далилденет. Ага карабай "Сен реформага каршысың" деп кызматтан алып ташташкан. Жыйынтыгында минтип агрардык тармактын анархиясына алып келди. Кыргызстан эми кайра кайра адашууларды көтөрө албайт. Ошондуктан бул тармакты ийне жибине чейин билген адистердин пикирин угуп, өз убагында жыйынтык чыгаруу кандай зарыл экени көрүнүп турбайбы. Ошондо, маселен, өмүрүндө техника менен иши жок адамга трактор берип коюп, ал жер иштетүүгө эмес, каз тамандуу тракторлорду курулушка, же жүк тарттырып, тезек ташытып жол чаңдатып жүргөнүн көрүп, далай ирет көңүлүбүз чөктү.
Мына, Бишкекте "Белорусь" тракторлорун чыгаруу
боюнча завод кайрадан модернизацияланып, ишке кирди. Анын кубаттуулугу артса, айыл чарба техникасы боюнча оптимизм пайда болот деп ойлойсузбу?
Албетте. Биздин механизатор кадрларыбыз дал ошол "Белорусь" тракторунун ар бир тетигин иштетип жүрүп өсүшкөн. Керек болсо, Союз учурунда механизатор кыздардын комсомолдук бригадалары түзүлүп, даңкы чыккан. Ал кыздардын алды ал кездеги Жогорку Советке депутат болуп, Кыргызстандын Борбордук Комитетине чейин кызматка көтөрүлүп отурган. Ош облусунда пахтачы "Он алты кыздын", Нарында механизатор кыздардын "Талаа жылдыздары" деген бригадалары уюшулган эмес беле. Ошентип, аялдарга чейин "Белорусь" тракторлорун аттай башкарышчу. Бирок, эми ошол чыгарылган тракторлордун баасы дыйкандарга оордук келтирбесе деген тилек. Антпесе, эч ким өз техникасын кооперативке бербейт. Аты бар, заты жок кооператив болуп калат. Кээ бирөө тракторду кредитке алган. Союз учурунан калган айыл чарба техникалары болсо небак эскилиги жеткен. Кооператив түзүүгө келсек, сунушум мындай. Ар бир айыл өкмөтүнүн аймагында кайра бөлүштүрүү жер фондусу бар. Ошонун баарын эмес, 20 пайызга чейин бөлүп берип, кооперативдерди түптөсө болот.
- Кемел Жакешович, агрардык тармакты өнүктүрүүдөгү жергиликтүү бийликтин ролу туурасында ой бөлүшсөңүз.
- Мен адегенде жайытты сарамжалдуу пайдалануудагы бийлик органдарынын иштерине азыраак токтолоюн. Маселен, өтө алыскы жайыттар облус губернаторунун, орто жайыттар райондун акиминин уруксаты менен пайдаланууга берилет. Ал эми айылга жакын жайыттар айыл өкмөтүнүн чечими менен берилип жатат. Эми облустук администрация аларды өз буйругу менен чектеп берип коюп, аны кандай пайдаланып жатканы менен такыр иши болбойт. Биз айыл өкмөтүнө бийликти биротоло берип, ага балкасынан чоң имараттарга чейин тейлөөгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Менин пикиримче, жакынкы алыскы жер, жайыттардын баарын айыл өкмөтү, айылдык кеңештин мүчөлөрү, аксакалдары менен чечилсе жакшы болмок. Аны айтып жатканым, облуска, районго, айыл өкмөтүнө эч тиешеси жок, өмүрү ал аймакта иштебеген бизнесмендердин малына жайыт берилип жаткандары бар. Алар эч бир жакка салык төлөбөй туруп, сандаган малын бактырып жатышат. Мындан эл ичинде нааразы болгондор арбын. Ушул учурда жайытты пайдалануу боюнча өтө актуалдуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда жатат.
- Мал багуу менен азыркы шартта өтө байыгандар барбы?
- Кыргызстанда мен билген 2000 топозу, 1000 ге жакын жылкысы, 10 000 ден ашык кой баккан, малдан бизнесин түптөгөн аксайлык адам бар. Мына ушундай адамдардан жергиликтүү салыкты мал түрүндө же акчалай алып, айылдагы карыларга, майыптарга, багары жок көп балалууларга ж.б. ушул сыяктууларга берилсе деген сунуш айтаар элем. Мындай байыгандар көп болбосо да ар бир аймакта кездешип жатканы кубанарлык көрүнүш. Мен айыл өкмөттөрүн жаш кадрлар жетектегенине каршылыгым жок. Бирок, аны мурда кийин айыл чарбасын башкарып жүргөн, тажрыйбалуу адамды алып баруу кажет эмеспи. Кээ бир аймактарда агрардык тармак менен эч иши жок мугалимди деле айыл өкмөтүн башкартып жатышат. Сөзүм кургак болбосун үчүн, Нарын районундагы Эмгек Талаа айыл өкмөтүн көп жылдан бери жетектеп келаткан 68 жаштагы Турсуналы Мамбетаитов деген аксакалды мисал келтирейин. Ал акыркы жылдары төрт ирет айыл өкмөтүнүн жетекчилигине шайланды. Турсуналы карыя жаш курагын айтып, баш тартканына карабай, эл өзү суранып жатып, айыл өкмөтүнө кайра алып келип отургузуп коюшат. Ушул эле райондо Дөбөлү деген айыл өкмөтүндө алтымыш жаштан ашкан Алтымыш Мамбетисаев деген адамды дагы үч ирет шайлап алышты. Себеби, Турсуналы Союз учурунда мурдагы партиянын Тянь Шань райкомунун биринчи секретары болгон, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин айыл чарба бөлүмүн жетектеп турган, айыл чарба тармагын жакшы билген кадр болгон. Карысы же жашы болобу мына ушундай кадрлар айыл өкмөттөрүн жетектеши кажет.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"