, 28.11.08 - 2-бет:
  Президенттин кабыл алуулары

Чүйдө күздүк көп эгилди
26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйдановду кабыл алды.
Чүй облусунун губернатору мамлекет башчысына облустун он айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле алдыдагы кыш мезгилине байланыштуу милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Губернатордун айтымында, азыр 112 миң гектар аянтка күздүк айдалды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 20 миң гектарга көп. Аба ырайынын жылуу болушунан улам, күздүк айдоо иштери дале уланууда. Дүйнөлүк кризистин өлкөбүздүн экономикасына тийгизген терс таасиринен улам түзүлгөн татаал кырдаалга карабастан, он айдын ичинде облус боюнча өнөр жай продукциясы мурда белгиленген пландын көлөмүндө өндүрүлдү.
Президент Курманбек Бакиев социалдык-маданий объектилерди кыш мезгилине даярдоону камсыз кылуу маселесине, ошондой эле, айыл-чарба иштерине такай көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.




Ашыкча чыгымдарга бөгөт, ак ниет салык төлөөчүлөргө урмат
27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев республиканын каржы жана фискалдык органдарынын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов, Каржы полициясы кызматынын төрагасы Акимжан Муйбиллаев, Каржы министри Тажикан Калимбетова, Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков, Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнестин ишкер активдүүлүгүн колдоо, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана жалпы каржы жана фискалдык органдардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы тарабынан конкреттүү тапшырмалар берилип, бул жылга, ошондой эле 2009-жылга карата милдеттер коюлду. Атап айтканда, республиканын бюджетин аткаруу, мамлекеттик органдардын чыгымын кыскартуу жана бюджеттик-каржылык тартипти чыңдоо боюнча катуу чараларды көрүү, ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүү аркылуу натыйжалуу салык жана бажы администрациялоосун камсыздоо, жалган ишкерликке каршы күрөштү активдештирүү, Эсеп палатасы тарабынан фискалдык органдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле салык кызматын модернизациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун турмушка ашырууну тездетүү тапшырылды.
Президент Курманбек Бакиев ошондой эле коюлган милдеттерди чечүүгө системалуу мамиле кылуунун, биргеликте макулдашып иштөөнүн, мамлекеттик ведомстволордо тартипти чыңдоонун зарылдыгына көңүлдү бурду.


Ийкемдүү экономикалык мыйзамдар керек
26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Тагаев мамлекет башчысына парламенттин акыркы мезгилдеги мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Спикердин айтымында, азыр Жогорку Кеңештин депутаттары өз округдарында калк менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Парламенттин кезектеги пленардык кеңешмеси декабрдын башында болот. Жогорку Кеңештин кароосуна баары болуп 60 мыйзам долбоору түшкөн, анын 17си экономикалык мүнөздө. Алар биринчи кезекте каралат. Жогорку Кеңештин кароосуна жалаң сапаттуу мыйзам долбоорлорун чыгаруу максатында парламенттин профилдик комитеттеринин ишмердүүлүгү активдештирилүүдө.
Президент Курманбек Бакиев спикер Айтибай Тагаевдин көңүлүн 24-ноябрда болуп өткөн Өкмөт мүчөлөрү, бизнес-ассоциациялардын, донордук өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешменин жүрүшүндө экономикалык мүнөздөгү мыйзамдарга оперативдүү түрдө өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүүнүн, ошондой эле, дүйнөлүк экономикалык кризиске байланыштуу проблемаларга адекваттуу мамиле жасоо максатында жаңы сапаттуу мыйзамдарды кабыл алуунун зарылдыгы белгиленгендигине бурду.
Мамлекет башчысы ошондой эле Өкмөттүн курамына Өкмөттүн атынан жооптуу чечимдерди кыска мөөнөттө кабыл алууга жөндөмдүү Өкмөттүн Президиумун түзүү жолу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине басым жасады. Президент А.Тагаевге экономикалык блокко тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароону тездетүүнү тапшырды.


Пенсия 10%га эмес 29%га көбөйдү
26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Социалдык фонддун төрагасы Марат Султановду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө М.Султанов мамлекет башчысына Социалдык фонддун ишмердүүлүгү жөнундө маалымат берди. Анын айтымында, "Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына жыйым бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Президенттин Жарлыгын аткаруу үчүн пенсиялык жыйым системасын киргизүүгө кошумча каражат издеп табылды жана тиешелүү иш планы бекитилди.
Бул жылы пенсияларды пландаштырылган 10%дын ордуна 28,8%га көбөйтүүгө мүмкүндүк болду, компенсациялык төлөмдөрдү эсепке албаганда, орточо пенсиянын көбөйүшү 29,5%ды түздү.
Акыркы он айда камсыздандыруучу мүчөлүк акылардын жыйналышы 108,9%га ашыра аткарылды. Жалпы жонунан киреше боюнча бекитилген бюджет аткарылды. Жылдын акырына чейин 7995,2 млн.сом жыйноо пландаштырылууда.
М.Султанов ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Каржылык санкцияларды, айыптарды жана пеняларды кечүү боюнча иш чаралардын жүргүзүлүшү 50-60 млн.сом өлчөмүндөгү кошумча каражаттын түшүшүн камсыз кылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле ведомствонун ишмердүүлүгүн жакшыртууга байланышкан башка маселелер да талкууланды.


Р.Шаботоев менен Б.Амиржановду издөө күчөтүлөт
26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчысына ушул жылдын он айындагы республиканын аймагындагы криминогендик абал, ошондой эле ИИМдин коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
М.Конгантиевдин айтымында, акыркы жылдарда жасалган оор кылмыштардын дээрлик баарынын бети ачылып, сотко өткөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиржановдун дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу козголгон кылмыш ишине токтолуп, министр иликтөө улантылып, кылмыштын ар кандай версиялары каралып жаткандыгын билдирди.
Президент Курманбек Бакиев бул кылмыш иштери анын жеке көзөмөлүндө экендигин министрдин эсине салып, иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө өз учурунда маалымат берип турууну тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга байланышкан кээ бир маселелер талкуланды.


"Үгүт кербени" улантылат
26-ноябрда Президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досболду кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекеттик катчы өлкө башчысына Чыңгыз Айтматов жылынын алкагындагы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Андан соң, Нур уулу Досбол Президентке маданият кызматкерлеринин Нарын жана Баткен облустарында жүргүзгөн "Үгүт кербени" кампаниясы жөнүндө маалымат берди. Досбол Нур уулунун айтымында, үгүт кербенинин курамына Кыргызстандын чыгармачыл жамааттары, белгилүү артисттер, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары киргизилип, ал аймактын калкына белгилүү мада-ният ишмерлери, депутаттар менен жолугушуп, бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери жөнүндө пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүү максатын койгон болчу.
Бул кампаниянын жыйынтыгына арналган кеңешмеде "үгүт кербенинин" ишин республиканын бардык аймактарында улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Анын курамына чыгармачыл жамааттардан, артисттерден сырткары, ЖКнын депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун өз тармагынын маселелерин жакшы билген башкы адистери, ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери киргизилмекчи.
Кампаниянын катышуучуларынын айтымында, жер-жерлерде эл аларды жакшы кабыл алышкан, жолугушуу учурунда көйгөйлүү маселелер талкууланып, каалоо-тилектер айтылган. Атап айтканда, эл "Үгүт кербени" райондун, облустун борборлоруна гана эмес, алыскы айылдарга да барса жакшы болот эле деген каалоолорун билдирген.
Мусулмандардын жыл сайын болуучу ажылык сапары жөнүндөгү маселеге токтолуп, Нур уулу Досбол сапарга баруу ниетин билдирген 4,5 миң кыргызстандык мусулмандардын 3 миң 700ү Меккеге жиберилгендигин, калгандары 1-декабрга чейин жөнөп кетишээрин маалымдады. Ошондой эле алардын өз Мекенине 2009-жылдын 1-январына чейин кайтып келүүсүнүн так графиги түзүлгөн. Калк тарабынан ажылыкты уюштуруу боюнча өзгөчө даттануулар, арыздар түшө элек.
Президент Курманбек Бакиев үгүт кербендерин уюштуруу демилгесин колдоорун билдирип, алардын ишин улантуунун зарылдыгын белгиледи. Мында элге өлкөдөгү азыркы абал, дүйнөлүк кризистин республикабыздын экономикасына терс таасирин төмөндөтүү, энергетика секторундагы абалды жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле башка көйгөйлүү маселелер
боюнча объективдүү маалымат берилишине басым жасалууга тийиш.




Шаарда чечилбеген маселе жок, бардыгы шар чечилет
26-ноябрда Президент Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевди кабыл алды.
Бишкектин мэри мамлекет башчысына шаар чарбасын жүргүзүү боюнча мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштер, энергияны керектөөнү кыскартуу, ишкерликти өнүктүрүүнү колдоо жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Н.Түлеевдин айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасы аткарылып, Бишкек ТЭЦинин жана шаардыктардын керектөөсү үчүн борборго зарыл өлчөмдөгү көмүрдү алып келүү толугу менен камсыздалды. Көмүр кампаларындагы сатык баасын төмөндөтүү жана калкка көмүр сатып алуунун зарылдыгы жөнүндө маалымат берүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. 24-ноябрга карата шаардыктар тарабынан 75,6 миң тонна көмүр камдалды. 4219 үй бүлө көмүрдү жеңилдетилген баада - 1550 сомдон сатып алышты. Жалпы билим берүүчү 92 мектептин 15и "Бишкекжылуулукэнергонун" көмүр менен иштөөчү буу казандары аркылуу жылытылат, мектептер үчүн борбордук кампаларга 12,1 миң тонна көмүр камдалды.
Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү маселесине токтолуп, Н.Тү-леев 1-ноябрга карата шаарда 74,7 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер катталганын маалымдады. Мэрия тарабынан ишкерликке шарт түзүүнү жакшыртууга багытталган иштер дайыма жүргүзүлүүдө.
Ушул жылдын августунда муниципиалдык жер участогуна убактылуу пайдалануу укугун үчүнчү кишиге берүүгө мораторий алынып салынды. Өкмөттүн жана мэриянын токтомдоруна жер участогунан пайдалануу укугун башка бирөөгө берүү, акча каражатын тартуу максатында аны каржы мекемесине күрөөгө коюу, ошондой эле мурда убактылуу пайдаланууга берилип, колдонулбай турган жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караган түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Ишкерлик субъектилерин мыйзамсыз текшерүү маселесине токтолуп, Н.Түлеев кичи жана орто бизнестин 737 объектиси иликтөөдөн өткөрүлүп, анын жүрүшүндө көзөмөлдөөчү органдар тарабынан 184 мыйзам талабын бузган учурлар аныкталганын кабарлады.
Андан ары мэр шаардык курулуш маселесине көңүлдү буруп, бул жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 45 квартиралуу муниципиалдык турак үйдүн курулушу бүткөрүлгөндүгүн, эки үйдүн курулушу башталып, дагы экөө курулуп бүтүп калганын айтты. "Полиграфкомбинаттын" административдик-турмуш-тиричилик корпусун реконструкциялап, 142 квартиралуу турак үйгө айлантуу иши жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын турак-жай массивдериндеги инженердик жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө 352 млн. сом жумшалды. Учкун, Арча-Бешик, Орок, Ак-Бата турак-жай масссивдеринде мектептер, Жеңиш,Тынчтык, Арча-Бешик жаңы конуштарында амбулаториялар пайдаланууга берилип жана ремонттон өткөрүлдү.
Н.Түлеев социалдык чөйрө маселесине токтолуп, мамлекет башчысынын борбор шаарды муниципиалдык транспорт менен камсыздоо боюнча тапшырмасы аткарылгандыгын билдирди. 200 автобус сатып алынып, алар 1-октябрдан бери 9 шаардык каттам боюнча жүрүп жатат.
Н.Түлеев ушул жылдын январынан октябрына чейинки аралыкта объективдүү себептерге байланышкан кээ бир кыйынчылыктарга карабастан, шаардын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жалпы жонунан аткарылганын билдирди. 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкекке 243, 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү түз инвестициялар тартылды, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн эки эсеге көптүк кылат.

Өз маалыматыбыз,
Сүрөтү Э.БОЛЖУРОВдуку