, 28.11.08 - 16-бет:
  Тегерек үстөл

"Бул оорунун кесепетин элге кеңири түшүндүрүү керек"
1-декабрда бүткүл дүйнөдө СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Анткени, жер жүзүндө бул оору катталбаган бир да өлкө калбагандыктан ВИЧ/СПИД дарты бүгүнкү күндүн эң эле талылуу маселесине айланган убак. Жыл сайын бул ооруга чалдыккандардын саны тездик менен өсүүдө. Бүгүн дүйнөдө ВИЧ-инфекциялуу 67 млн. адам жашайт. Күнүнө бул дартты 16 миңге жакын адам жуктуруп алары белгилүү болгон. Ушул күнгө чейин СПИДден 30 млн. адам өмүр менен кош айтышты. Ал эми ВИЧ-инфекциясы Кыргызстанда биринчи катталган 1996-жылдан бери ага чалдыккандардын саны 2008-жылдын 1-октябрына алганда 1871ге өсүп жетти жана өскөндүн гана үстүндө. Анын 1736сы биздин жарандар. Ошондуктан, СПИДге каршы күрөшүү эл аралык күнүнүн алдында "Кыргыз Туусунун" тегерек үстөлүнө Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди, республикалык "СПИД" бирикмесинин генералдык ди-ректорунун орун басары Айгүл Исмаилованы, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун коомдук байланыштар боюнча менеджери Эльден Калчакеевди чакырган элек.

- Урматтуу коноктор, адамзатты бейпайга салган ВИЧ/СПИД маселеси Кыргызстанда да олуттуу мүнөзгө өтүп баратат. Ошол себептен сөз учугун маселенин орчундуу жагына буруп, маектешүү суроо-жооп иретинде эркин болгону туура го. Айгүл Жапаргазиевна, бул жаатта бирден-бир иш алып барган мекеменин өкүлү катары алгач сөздү Сиз баштап берсеңиз.
- Бул маселе бүгүнкү күнү дүйнөдөгү өтө актуалдуу маселенин бири болуп калды. Себеби, ВИЧ/СПИДди каксыз айыктыруучу дары-дармек, вакциналар жок. Анын үстүнө бул ооруга жалаң жаштар чалдыгышууда. Бүгүн расмий түрдө 1871 адам катталды деп жатабыз, бирок жалпысынан 4-5 миң киши буга чалдыккан деген болжолдоо бар. Анткени, кырдаалды анализ жасап изилдейбиз, атайын программалар да бар, мына ушулардан алынган маалымат боюнча ушунча деп болжолдонуп жатат. Белгилей кетсек, бул оору лабораториялык жол менен гана аныкталат эмеспи. Ошол себептен айрым адамдар өз оорусун билбей жүрө бериши да мүмкүн.
Мен бир нерсени белгилеп кетишим керек. Бизде бул маселе жок кезде эле, 1996-жылы ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анда бул дарт менен республикада эки эле киши катталган болчу. Анын үстүнө алар чет алдик жарандар эле. Ал убактагы мыйзам
боюнча биздин өлкөбүздө бул дартка чалдыккан чет өлкөлүк жарандар аныкталса, мыйзам чегинде өз өлкөсүнө кайтарып же депортация кылып жиберчүбүз. Кийин мындай адамдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлгөн. Азыр ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны көбөйүп, чече турган маселелер арбыды. Ошол себептүү 2005-жылы ал мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Мыйзамга кошумча, алымчаларды киргизгенге көп юристтер, адистер катышты. Ошентсе да бүгүн бул мыйзамда бир аз өксүктөр болгондуктан, жыл сайын кошумчалар киргизилүүдө. Анткени, мыйзамды жыл сайын эле кабыл ала бербейт да. Ошондуктан, башка мыйзамдардын негизинде ал чийки жерлерди бышыктап келатабыз.
- Сөздүн нугу мыйзамдык базага бурулду. Чындыгында бардык нерсе мыйзам чегинде аткарылууга тийиш. Мыйзамдын кайсы жерине толуктоо же өзгөртүү киргизилиш керек деп ойлойсуз?
- Мисалы, адамдарды бул ооруга тестирлөө боюнча. Юристтер менен иштешкенибизде "биз демократиялык өлкөбүз, адамдарды мажбурлап тестирлөөдөн өткөрүү адам укугун бузгандык болот" деген сөздөр айтылып, өлкөбүздө бул ооруга текшерүү адамдардын өз ыктыяры менен болуп келатат. Азыр эми кырдаалга жараша сөзсүз түрдө тестирлөөдөн өткөрүү керек деген маселе чыгууда. Ал үчүн мыйзамга толуктоо киргизилиши керек.
Мындан сырткары бүгүнкү күнү республикабызда мамлекеттик программа иштеп жатат. Бул үчүнчү программа болуп эсептелет. Башка мамлекеттердеги мындай программаларга караганда Кыргызстанда кабыл алынган программа эл аралык уюмдар тарабынан эң жакшы деп бааланган. Албетте, мыйзамдын, программанын аткарылышына мамлекет чоң көңүл буруп жатат. Мындай көңүл бөлгөндүк программанын аткарылганына тете. Анан бардык эле нерсе учурда каржыга барып такалууда. Мамлекет көп нерсеге каржылык жактан жардам бере албагандыктан, бүгүнкү күнү эл аралык уюмдардан жардам суроого туура келип жатат. Мисалы, СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонду Кыргызстанда ВИЧ/СПИДдин алдын-алуу боюнча иштерге 17 млн. АКШ долларын жумшоодо. Бул долбоор келаткан жылдын февраль айында аяктайт. Сүйүнүчтүүсү экинчи долбоорго да кол коюлду, буюрса 28 млн. АКШ доллары чыгымдала турган бул долбоор республикабызда ВИЧ-инфекциясынын жайылышын токтотуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин уланышына чоң өбөлгө түзмөкчү.
- Осмонбек Мамбетжанович, Айгүл Жапаргазиевна азыр эле 2005-жылда кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөгү" мыйзамда бир аз өксүктөр болуп жатканын айта кетти. Сиз ушул мыйзамды иштеп чыккан автор катары бул тууралуу эмне айтар элеңиз?
О.А. - Айгүл Жапаргазивна, мыйзамдагы ошол чийки жерлерди так атап бересизби, анан мен жооп берейин.
А.И. - Мисалы, мыйзамдагы "ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдардын эмгегин пайдаланууга жол берилбей турган адистиктердин жана кызмат орундарынын атайын тизмеси" дегенде чийкилик бар. Өткөндө Ош облусунда сот иши болбодубу. Постто турган медсестралар ийне сайганга, иштегенге акысы бар. Бирок, эмне үчүн ошол медсестраны жумушка киргиздиңер деп башкы врач соттолду…
О.А: - Тактап алалычы, ал медсестра ооруну алып жүрүүчү бекен?
А.И: - Ооба.
О.А: - Оору балдарга ошол медсестрадан жуктубу?
А.И: - Жок, ал медсестрадан жуккан эмес. Биз акушер-гинекологияда, гематологияда андай адамдардын иштешине уруксат бербейбиз. Бирок, алардын укугу бузулбашы керек, ошондуктан ошондой айлык акыдагы башка ишке которууга милдеттүүбүз. Мына ушул боюнча мыйзамда так эместик бар. Ушундан улам жогоруда атаган медсестра боюнча карама-каршы пикирлер чыкты. Прокурор "иштегенге акысы жок" десе, биз "акысы бар" дейбиз.
О.А: - Бул боюнча Жогорку Кеңештеги атайын комитетке расмий кат жазып кайрылсаңыздар, алар мыйзамды кандай түшүнүш керектигин ийне-жибине чейин түшүндүрүп беришет.
Бул жерде мыйзамга кошумча, алымчалар деп сөз болуп жатат. Бирок, 2005-жылдагы мыйзамды 100 пайыз жаңы мыйзам катары кабыл алганбыз. Мен бул мыйзамдын автору болуп башында тургам. Сиз айткандай, мыйзамдын үстүндө бир топ эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдардын, өкмөттүк тузүмдөрдүн өкүлдөрү да иштеп, абдан талкуулап, ийине жеткирилип иштелип чыккан. Жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган мыйзамдарга караганда жогорку деңгээлдеги мыйзам деп туура айттыңыз. Анын негизинде акыркы убакта ишке ашырылып жаткан программалардын бардыгы ушул мыйзамга байланыштуу. Азыр 17 млн. 28 млн. доллар алып жатканыбыз эл аралык стандартка туура келген мыйзам кабыл алганыбызда деп ойлойм. Экинчиден, мыйзамга кошумча-алымчалар болушу мүмкүн. Себеби, мыйзам иш жүзүнө ашырылып жатканда кемчилиги сөзсүз табылат. Аны түзөп койсок болот. Бул боюнча бизге кайрылсаңыздар, мыйзамдын автору катары мен буга киришкенге даярмын. Үчүнчүдөн, мыйзамдын иштеши боюнча сөз кылсак, бул жерде ким кандай иш аткарыш керек, Өкмөттүн милдети, врачтардын милдети, ооруга чалдыккандардын укуктары, кандай социалдык жардамдарды ала алат, бардыгы жазылган.
Мыйзам толук кандуу иштеши аткаруу бийлигинин ишине байланыштуу. Азыр мыйзам толук кандуу иштеп жатат дегенге кошула албайм, себеби мыйзамда жазылгандар ошондой деңгээлде аткарылган жок. Ошондуктан, ВИЧ-инфекциясына чалдыккандар болжолдонгон 5 эседен, балким он эсе көптүр? Не дегенде изилдөөлөр ар бир жерде жүргүзүлгөн жок. Ушундан улам ар бир адам сөзсүз тест анализинен өткөрүлүшү керек. Ансыз бул оорунун масштабын, канчалык деңгээлде экенин так биле албайбыз. Бул өтө маанилүү маселе. Дагы бир чоң маселе ВИЧ/СПИД тууралуу калкка маалымат берүү жагы. Көбүнчө жаштар бул ооруга чалдыгып жатышат. Эгерде жаштарыбыз бул оорунун коркунучтуулугун түшүнүшсө, кандай жолдор менен жугарын билишсе, оорудан сактанып калышат эле. Менимче жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б. жолдор аркылуу бул оорунун кесепети жөнүндө кеңири айтып түшүндүрүү жүргүзүү керек. Бул дагы мыйзамда милдет катары жазылган. Буга Өкмөт атайын каражат бөлүүгө тийиш, бюджеттен бул каражаттын бөлүнүшүн Жогорку Кеңеште карашыбыз керек. Анткени, түшүндүрүү иши көп адамдарды бул жаман илдеттен сактап калууга бөгөт коёт. Тилекке каршы, ага чалдыккандардын саны өсүп эле баратпайбы. Жакында мыйзамдын жер-жерлерде аткарылышын Жогорку Кеңеште карайбыз.
А.И: - Осмонбек Мамбетжанович, саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттыкты сактоого байланыштуу мыйзамдардын аткарылышын планеркада карап, аларды иш жүзүнө ашырууда кандай кемчиликтер болуп жатканы талкууланган. Кезек ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамга келген. Жакын арада ушул мыйзам каралат. Жалпысынан бул мыйзам жакшы иштеп жатат. Бирок, Сиз айткандай жер-жерлерде толугу менен аткарылбай жаткан көрүнүштөр бар. Ал үчүн бул багыттагы иштерди тийиштүү адамдар жакшы жүргүзүп, ошондой эле мыйзамды ишке ашырууда эмне тос-коол, эмне кемчилдиктер болуп жатканын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүү зарыл.
- Эльден, Глобалдык фонд Кыргызстанда кургак учукка, безгекке жана СПИДке каршы күрөшүүгө каражат бөлүп,
атайын долбоорлорду ишке ашырып жатканы белгилүү. Ушул тууралуу айтып берсең?
- Глобалдык фонддон Кыргызстанга гранттардын келиши менен бизде ВИЧ/СПИД эпидемиясынын андан ары жайылышын ооздуктоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биз аялуу топтор менен же баңгилер, секс кызматкерлер, донорлор, абактагылар, жаштар арасында иш алып барабыз. Биздин милдетибиз ВИЧ-инфекциясынын ушул топтордон сырткары чыгып кетишин болтурбоо. Анткени, инфекция бул аялуу топтордон сырткары чыгып кетсе, анда бул процесс абдан татаалдашып, бөгөт коюу кыйын болуп калат. Биринчи кезекте аялуу топтор менен иштешип жатканыбыз ушундан.
Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланыш түзүп жатабыз. Себеби, ЖМК калайык-калкка жарчы, маалымдоочу. Басма сөз, телевидение, радио аркылуу журналисттер калкка анын жугуу жана сактануу жолдорун жөнөкөй тил менен түшүндүрүп беришсе чоң утуш болот. Ар бир адам ВИЧ/СПИД жөнүндө жакшы маалымат алышса, өздөрүн бул коркунучтуу оорудан коргой алышат.
Глобалдык фонд Кыргызстанда антиретровирустук терапияны киргизди. Бул абдан кымбатка турган дарылоо. Ал эми азыр Глобалдык фонддун каражаты аркылуу бул дары менен дарыланууну өз ыктыяры менен каалагандарга дары акысыз берилип жатат. Ошол эле кезде Глобалдык фонд метадон терапиясы программасын да колдоодо.
Жаштар менен иштешүүнү күч алдырдык. Ал үчүн эстрада жылдыздарын, кадыр-барктуу адамдарды жана белгилүү спортсмендерди тартып, жаштар арасында ВИЧ/СПИД боюнча түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз. ВИЧ/СПИД боюнча биздин негизги программаларыбыз ушулар. Мен алдыда бул инфекциянын жайылышын токтотобуз деген ишеничтемин. Анткени, республикабыздын калкы болгону 5 миллиондон ашык. Андыктан, биз жумшап жаткан аракеттер Кыргызстанда ВИЧ/СПИДдин жайылышына бөгөт болот деп ойлойм.
- Айгүл Жапаргазиевна, ал эми Сиздин оюңузча канткенде өлкөбүздө ВИЧ-инфекциясынын жайылышын токтотсок болот?
- Биз элге маалымат жеткирүүдө ЖМКлар чоң роль ойнойт деп айттык. Гезит, журналдарда, телевидение, радиодо үзгүлтүксүз маалыматтар кетсе жакшы болмок. Айылдарга гезиттер жетет экен, радиону эл көп угушат. А телевидениеден бул теманы көп беришпейт. Себеби, обо убактысы абдан кымбат. Дегеле жалпыга маалымдоо каражаттарында бул маселени такай эле чагылдыра беришпейт. ВИЧ/СПИДдин алдын-алуу үчүн биринчи кезекте маалымат иштери жогорку деңгээлде болуш керек. Анткени, ВИЧ/СПИД эмне оору, ал кандай жолдор менен жугат, андан кантип сактанса болорун элибиз абдан жакшы билиши керек. Ошондо гана бул коркунучтуу оорунун андан ары таралышын ооздуктайбыз.
Э.К: - Эң чоң маселе телевидениеге байланыштуу. Бизде даяр роликтер бар. Өгөчө жаштар үчүн атайын жөнөкөй тил менен ролик даярдаганбыз. Аларды ободон кетириш үчүн сөзсүз акча төлөшүбүз керек. Мыйзамда мамлекет обо убактысынын 30 пайызын саламаттыкты сактоо тармагына, анын ичинде ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүгө бөлүүнү караган пункту бар болгонуна карабастан, ал аткарылбайт. Бул убакыт башка нерселерди чагылдырууга жумшалып жатса керек. Ошондуктан, телевидениеге социалдык ролик экенине карабастан дайыма акча төлөйбүз, ушундан улам ал жарнама сыяктуу сезилип, таасири төмөндөй түшөт.
О.А: - Элге жолдорун түшүндүрүү жүргүзө турган Өкмөттүн милдети, элге маалыматты жеткирүү жагын чечип бериши керек. Жогорку Кеңеш эмне кылышы мүмкүн? Жогоруда да айтып кеттим, биз өз укугубузду колдонуп, мыйзам эмне үчүн толук кандуу аткарылбай, эмне үчүн элге түшүндүрүү иштери талаптагыдай жеткирилбей жатканын Жогорку Кеңеште талдап карайбыз.
Э.К: - Быйыл жалпыга маалымдоо каражаттарын колдойлу деген демилге менен чыкканбыз. "Кыргыз Туусунда" "Бардыгы ВИЧ/СПИД жөнүндө" рубрикасынын чыгып жатканы ушул демилгенин бир мисалы, бир жемиши десек болот. Себеби, айрым маалымдоо каражаттары каржылык жактан кыйынчылык тартары жашыруун эмес.
- О.А: - Бул абдан жакшы нерсе. Глобалдык фонддун каражатынын эсебинен жалпыга маалымдоо каражаттарында ВИЧ-инфекциясынын алдын-алуу боюнча долбоор колдоого алынып жатканы эң жакшы. Донорлорго ыракмат, алардын жардамы менен ушундай маселелерди чечип жатабыз. Глобалдык фондго ыраазычылык билдирип, каражаттар ачык-айкын жана натыйжалуу пайдаланылышын каалайм.