, 28.11.08 - 12-бет:
 2007-жылы 293,2 млн. сом
дивиденд түшкөн

Эки жолку Баатыр Т.Акматовдун тажрыйбасы азыр да баалуу
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев даңазалуу малчы, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таштанбек Акматовдун 70 жылдык мааракесине арналган "Агрардык илим - жаңы кылымда" аттуу илимий практикалык конференцияга катышты. Конференция К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетинде болуп өттү.
Биринчи вице-премьерминистр өткөрүлүп жаткан конференциянын маанилүүлүгүн белгилеп, мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу маселеси өлкөбүздүн айыл чарбасынын азыркы этаптагы өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемаларынын биринен болуп санала тургандыгына токтолду.
"Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы чарбада 33 жылдан ашуун чабан болуп иштеген Таштанбек Акматовдун баалуу тажрыйбасы кеңири иликтөөгө жана малчылар арасында таратууга татыктуу", - деди ал. Таштанбек Акматов Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына эки жолу татыктуу болгон. Үч жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Ага СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бир нече жолу СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.
Таштанбек Акматов 1992-жылдан азыркы мезгилге чейин Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун "Ак-Булуң" дыйкан чарбасынын жетекчиси болуп келүүдө.
"Азыркы мезгилде өлкөнүн айыл чарбасынын башкы тармактарынын бири болуп саналган мал чарбасы бир катар оорчулуктарды башынан өткөрүүдө. Акыркы жылдарда чарбалардагы асыл тукумдаштыруу иши начарлап кеткендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Мунун натыйжасында малдын азыктуулугу төмөндөп кетти. Мына ошого байланыштуу азыр малдын азыктуулугун жогорулатуу, малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу маселеси курч турууда. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан эл аралык илимий техникалык конференциянын практикалык мааниси мына ошондуктан өтө маанилүү", - деп Искендербек Айдаралиев өзүнүн сөзүн корутундулады.

М.АЛАГУШЕВ




  Президенттин Кайрылуусун- турмушка

Инвесторлорго ишеним менен үмүт артабыз
Президент Курманбек Бакиев 17-октябрдагы Кыргызстандын элине кайрылуусунда өткөн жылдын жыйынтыктарын талдап, өлкөдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана проблемаларды чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экендигин ишенимдүү билдирди. Президент аткаруу бийлигинин алдына ылдам ишке ашырууну талап кылган, конкреттүү маселелерди койду.

Атап айтканда, Маммүлккомитеттин алдына мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана энергетикалык сектордогу проблемаларды чечүү, фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, калган объекттерди менчиктештирүүнү тездетүү, реформаларды улантуу боюнча милдеттерди койду. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин тездетүү максатында көлөмдүү жумуштар жүргүзүлдү.
Биринчиден, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү жагындагы ченемдик-укуктук база жакшыртылды. Мамлекеттик менчикти башкаруу жана менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамдарга жана Өкмөттүн айрым чечимдерине зарыл өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Экинчиден, 2008-2012-жылдарда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы кабыл алынып, ага мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө жатпаган объекттердин тизмеси жана белгиленген мыйзам тартибинде менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси киргизилген.
Бул менчиктештирүүнүн Программасынын мүнөзүндөгү өзгөчөлүгү Кыргызстандын ири ишканаларын жеке менчикке өткөрүүдө, көбүнчө ишканаларга инвестиция сыйымдуу келип, бир кыйла инвестициялык каражаттарды керектейт. Ошондуктан, биз Кыргызстандын ишканаларына жаңы технологияны киргизгенге жөндөмдүү жана инвестициялык ресурстарга эгедер, потенциалдуу инвесторлорго чоң ишеним менен үмүт артабыз.
2008-2012-жылдарда мамменчикти менчиктештирүү Программасын ишке ашыруу процессинде, мамменчик объекттерди менчиктештирүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу жолу менен менчиктештирүүнүн тунуктугун камсыздоо боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Программаны натыйжалуу ишке ашыруу белгилүү акционердик коомдордун акцияларынын мампакетинин бир бөлүгүн фондулук биржада лицензиялуу соодалоо уюштуруучулар аркылуу сатууну эсепке алуу менен менчиктештирүүнүн жүрүшүн тездетет. Бул өлкөбүздүн экономикасына түз инвестициялардын агылып келишин камсыздайт жана менчиктерди кайра бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырууга, мамлекеттик бюджет үчүн керектүү финансылык каражаттарды алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча активдүү жумуштар жүргүзүлүп жатат. Фондулук рынокто ишканалардын акцияларынын айланышын камсыздоо, фондулук рынокто алардын акцияларын ачык эл алдында сунуштоо менен мамлекеттик ишканаларды акционердик коом формасына өткөрүү боюнча чаралар кабыл алынды. Мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдорду фондулук биржада листинг жол-жобосунан өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө. Азыркы учурда листинг жол-жобосунан алты ири компания: "Кыргызтелеком", "Эсептешүү-Аманат Компания", "Манас" эл аралык аэропорту", "Учкун", "Айыл Банк", "Кыргызнефтегаз" ААКлары өтүштү. Жалпысынан, жүргүзүлүп жаткан чаралар менчиктештирүү процессине мобилдүүлүктү, тездетүүнү, экономикалык максатка ылайыктуулукту камсыздап, ошондой эле ички капиталдын менчиктештирүүгө катышуусуна мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруусун жогорулатуу маселеси өтө манилүү болуп саналат. Маммүлккомитети тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ишканалардын корпоративдик башкаруусун бекемдөө боюнча бир кыйла чаралар көрүлүп жатат. Азыркы убакта республиканын министрликтери сунуштаган талапкерлердин ичинен тандоо өткөрүү, жана жалпы чогулуштарда мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн аларды көрсөтүү механизми колдонулуп жатат.
Талапкерлердин кесипкөйлүк даярдыгы, тийиштүү тармактардагы иш-аракеттериндеги ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасы тандоонун негизги критерийлери болуп саналат. Мындай мамиле тармактык министрликтер жана ведомстволорго ишканалардын проблемаларын терең түшүнүүгө мүмкүндүк берип жана ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт. Мунун тууралыгын акционердик коомдордо мамлекеттин катышуусу кыскарганына карабастан, акционердик коомдордун акцияларынын мампакетинен түшүп жаткан дивиденддеринин көлөмүнүн жылдан жылга көбөйүшү ырастоодо.
Айтсак, эгерде 2005-жылы дивиденддердин түшүшү - 197,4 млн. сом болсо, 2006-жылы - 273,9 млн. сомду, 2007-жылы -293,2 млн. сомду түзгөн. Дивиденддердин түшүү көлөмүнүн көбөйүүсүнүн оң жышааны тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун натыйжасынан улам болду. Ошентип, 2005-жылдан тартып карыздарды дивиденддердин эсебинен өз ара эсептешүү жүргүзүү практикасы токтотулуп, бардык эсептелген дивиденддер республиканын бюджетине которулуп калды.
2006-жылдан баштап Маммүлккомитети акционердик коомдор менен жылдык финансы-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө графиги менен келишим түзүү практикасын киргизген. Эгерде убактысынан өтүп кетсе үстөк айып тартышат. Мындай мамиле өзүнүн ырастоочу жыйынтыктарын берди: акционердик коомдордун көпчүлүгү айып эсептөөлөрү болбосу үчүн жылда дивиденддерин толук төгүшүүдө. Жыйынтыгында 2005-жылдан бери дивиденддер боюнча карыздар жок.
Азыркы күндүн шарттарында өзгөчө көңүл бурууну талап кылып жаткан тармакка - энергетикага токтолуп кетким келет. Азыркы убакка энергия жабдуулардын, өзгөчө төмөнкү чыңалуудагы электр бөлүштүрүүчү тармактын техникалык абалы, жылуулук жана электр энергиясын керектөөнүн эсебинен алуу, компанияларды башкаруу кечиктирилгис ири инвестицияларды тартууну жана натыйжалуу жеке менчик ээсин киргизүүнү талап кылууда.
Электр энергиясын жоготуунун бир топ деңгээли, энергетикалык компаниялардын дебитордук жана кредитордук карыздарынын азайбастан, тескерисинче көбөйүп баратышы чоң чочулоону туудурат. Компанияларда жабдууларды модернизациялоо үчүн финансылык каражаттардын жоктугу абалды ого бетер тереңдетип, менеджмент болсо алардын иштеринин финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн олуттуу жакшыртууга жетише алган жок. Энергетикалык компаниялардагы абалды жакшы жагына өзгөртүү алардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү мүмкүнчүлүгү бар стратегиялык инвесторлорду өз убагында тартуу аркылуу мүмкүн болот.
Азыркы мезгилде төртүнчү - Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексинин жана "Түндүкэлектр", "Бишкекжылуутармагы" акционердик коомдорун өнүктүрүү үчүн аларды менчиктештирүү аркылуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү каралган, "Кыргызэнерго" акционердик коомун менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу Программасынын аяктоочу этабы ишке ашырылып жатат.
Бүгүнкү күндө көз карандысыз баалоо мекемелерди тартуу менен "Түндүкэлектро", "Бишкекжылуутармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин жана Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексинин наркы аныкталды. "Түндүкэлектр" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин 80,49%ы, баштапкы наркы 4817,5 млн. сом, же 135,7 млн. АКШ долларын түзөт.
"Бишкекжылуутармагы" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин 80,49%ы, баштапкы наркы 1758,6 млн. сом, же 48,3 млн. АКШ долларын түзөт. Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексинин рыноктук баасы 11438 млн. сом же 314,1 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн объектилерди бир пакет менен бир стратегиялык инвесторго менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алды.
2008-жылдын 18-ноябрында Маммүлккомитети белгиленген тартипте "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" гезиттери аркылуу "Түндүкэлектр", "Бишкекжылуутармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакетин жана Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексин сатуу боюнча инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат кабарлоосун жарыялады.
Инвестициялык конкурстун негизги шарттарында объектилерди сатып алган тарап беш жыл ичинде 367 млн. АКШ долларынан кем эмес көлөмдөгү инвестиция салуусу, макулдашылган мөөнөт ичинде тарифти жогорулатпоо, тарифти укук берилген мамлекеттин органы менен түзүү, ишканалардын 2516,7 млн. сом суммасындагы карыздарын (чет элдик кредит жана бюджеттик ссуда боюнча) жабуу боюнча милдеттенмени аткаруу ж.б. талаптар көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгында, Маммүлккомитетинин иш-аракеттеринин түпкү максаты мамлекеттик мүлктү натыйжалуу колдонуу болуп саналаарын белгилеп кетким келет.

Турсун ТУРДУМАМБЕТОВ,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы




  ТИМ билдирет

Пайдалуу жолугушуулар
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер айым менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун 2008-жыл боюнча (АКШда бюджеттик жыл сентябрда аяктады - С.Э.) жыйынтыгын чыгарышып, 2009-жылдагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.
* * *
Министр Э.Карабаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Архитектуралык көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Тилял Али Мухаммед Хури менен жолукту.
Э.Карабаев Кыргызстан БАЭ менен кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берерин белгилеп, Т.Хури мырзага Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, мейманды инвестиция салууга ыңгайлуу Кыргызстан экономикасынын артыкчылыктуу тармактары менен тааныштырды.
Өз кезегинде Тилял Али Мухаммад мырза соода-экономикалык чөйрөлөрдө кыргыз-эмират алакасын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өз салымын кошо тургандыгын айтты.

Ж.Азылов
ЕСте да элчи
Кыргыз Республикасынын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) өлкөлөрүндөгү, Франциядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын Европа Союзундагы (ЕС), НАТОдогу жана ЮНЕСКОдогу миссияларынын жетекчиси Жыргалбек Азылов Евросоюз комиссиясынын президенти Х.М.Баррозуга ишеним грамотасын тапшырды.
Аземде тараптар КР менен ЕСтин карым-катнашынын азыркы ахыбалын жана келечегин талкуулашты, эки тараптуу байланышты күчөтүү максатында КРнын Президенти К.Бакиевдин Евросоюз институттарына сапарын уюштуруу маселеси козголду.
Жолугушууда, ошондой эле соода-экономикалык алаканы жандандыруу, кыргыз авиаташуучуларын ЕСтин "кара тизмесинен" алып таштоо боюнча биргелешип аракеттенүү, аймактык интеграциялык кызматташуу маселелери көтөрүлдү.
Х.М.Баррозу мырза Кыргызстандын саясый жана экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү аракеттерин мындан ары да колдой тургандыгын баса белгиледи.

Жаш музыканттардын өнөрү
22-ноябрда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси К.Мамбеталиев Казакстандын жана Өзбекстандын элчилери менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданиятын жайылтуу боюнча кезектеги чараны уюштурду.
Улуу Британиянын королдук музыка академиясында өткөн бул классикалык музыка концерти Европалык реконструкциялоо банкынын Борбор Азия иштери бөлүмүнүн директору Масару Хонманын жана анын жубайы, музыкант Никако Ватанабенин демөөрчүлүк колдоосунда өттү.
Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Улуу Британияда окуп жүрүшкөн жаш музыканттарынын классикалык чыгармаларды аткарышына британ коомчулугу чоң баа беришип, чын дилден колдоо көрсөтүштү. Концертке кыргызстандыктардан скрипач Жумаш Дурусалиев катышты.

С.ЭСТЕБЕСОВ