, 28.11.08 - 11-бет:
  ТАРЫХ

Кудаяр хандын куулушу, ажо Акаевдин качуусу
(Тагдырдагы окшоштук,
тарыхтагы үндөштүк)
(Аягы. Башталышы гезиттин
№89 санында)
Кудаяр хандын адилетсиздигин ошол
кездеги Оруссия империясынын төбөлдөрү баса белгилеп, аны акыл-эске чакырууга жасалган аракеттерден да эч майнап чыккан эмес. Ага да ОБСЕ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар жакшы эле эскертип келишкенин ким танат? Тескерисинче А. Акаев да акыркы 10 жыл аралыгында калыстыктан тайып, байлык топтоонун айласын издей баштабады беле. Базарлардан тартып майлуу ишканалардын көпчүлүгү үй-бүлөө тарабынан менчиктештирилип, сырттан алынган карыздар кайда жумшалганы билинбей жок болуп жатканы эчен жолу айтылып, канча жолу жазылды. Кумтөр алтын кенинен тартып бардык кен-байлыктар, жерлер үй-бүлөөнүн кызыкчылыгына кызмат кыла баштаганы жашыруун болбой калган. Кошуна мамлекеттердин башчыларынан тартып алыскы Америка жетекчилерине, эларалык уюмдарга чейин Акаевди акыл-эске чакырган учурлар көп эле жолу болгон. Кудаяр хан да өз ээлигиндеги жерлерди бөтөн мамлекеттерге өткөрүп отуруп хандыктын аймагын тарыткан. Андай көрүнүш А.Акаевдин учурунда да жүргөн. Кокон ордосунда ханга кошоматтанган бир ууч ордо төбөлдөрүнүн таасири Кудаяр ханга өзгөчө болгон сыяктуу Акаевдин айланасына да ошондой төбөлдөр топтолушуп мамлекетти сазга батырышкан. Кудаяр хандын жакшы көргөн жубайы ханайым деп аталса, Акаевдин аялы Майрам да канайым деп аталган. Кудаяр хандын өз билгенин бербеген, айтканын аткарткан, каалаганын жасаган Ормонбек деген уулу болгон. Андай уул-кыздардан Акаев да четте калган эмес.
Натыйжада элдин башына түшкөн оор кыйынчылыктар, эзүүнүн адаттан тышкары күчөшү, адилетсиздиктин араанынын жүрүшү, Кудаяр хан жана анын айланасындагы бир ууч ордо төбөлдөрүнүн ырайымсыз аракеттери 1873-1875-жылдардагы элдик көтөрүлүштүн чыгышына алып келген. Элдик көтөрүлүш Аксы, Базаркоргон, Сузак, Өзгөн, Алай аймагынан башталган. Акаевдин бийлигине урулган алгачкы соккулар да Аксы, Сузак, Өзгөн, Каракулжа тараптан башталган. 1875-жылы жазында Кудаяр ханды кулатуунун алдында Наманган, Касан, Анжыян, Өзгөн, Ош шаарлары эл тарабынан ээленип алынган. Элдик толкунду басуу үчүн жиберилген жазалоочу аскерлер алсыз экенин сезишкен. Акаевдин режимин кулатуу алдында да Жалалабад, Ош шаарларындагы облусттук администрациялар эл тарабынан ээленип, аны бошотууга жасалган аракет ишке ашкан эмес. Ошол кездеги тарыхый булактар жазгандай 1875-жылдагы "Ош шаарындагы толкундоолор кыска убакыттын ичинде ордо шаар Коконго жеткен" сыяктуу эле 2005-жылдын март айындагы Жалалабад, Оштогу элдик нааразычылыктардын эпкини тез эле Бишкекке жеткен. Хан болууга макул болгон (Полот хан атанган) Исхак молдодой азаматтар элдик көтөрүлүштүн башында турган. Ошол сыяктуу элдин жүгүн көтөрүп, президент болууга макулдугун берген Курманбек Бакиев Элдик кыймылдын башында турган. 1875-жылы 17-июлдан Кокон шаары курчоого алынгандан тартып эле Кудаяр хандын тегерегиндеги ишенимдүү аскер башчылары менен акыл кошчулары Ыса олуя (Ыса олуя мамлекеттик катчы сыяктуу орунду ээлеп, хандыктын идеологиясын жүргүзгөн) менен Абдырахман аптабаачы сыяктуу жакын адамдары кожоюнун таштай качышкан. Ошол кездеги тарыхый булактарга таянсак 19-июлда Кудаяр хандын уулу Насреддинбек да 5 миң нөөкөрү менен көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кетет. 20-июлда Маргалаңдын беги, бир тууганы Муратбек да элдин эркинен чыга албай аларга кошулууга аргасыз болот. Мындай көрүнүш 24-марттын алдында Бишкекте да болгону жашыруун эмес. Акаевди айланасындагы акыл кошчу, жакын адамдарынын көпчүлүгү ажосун таштай качышкан.
Жыйынтыктап келгенде 1875-жылы 22-июлда элдин күчтүү толкунуна туруштук бере албаган Кудаяр хан орус офицери Д.М. Скобелевдин аз сандагы адамдарынын коштоосунда Оруссия ээлик кылган Кожент шаарын көздөй качат. Түркстан генерал-губернатору фон Кауфмандын жазганы боюнча Кудаяр ханды Кокондон Кожентке чейин эч ким колдоого алган эмес жана ээрчип чыккан адамдардын көпчүлүгү жолдон аны таштап кетип калышкан. Кудаяр хан 24-июлда Кожент шаарына келгенде аны Кокондон коштоп чыккан 5 миң нөөкөрүнөн 643 адам, 80 арабага жүктөп чыккан казынасынан 40 арабасы гана калган. Чогуу келген 643 адамдын 350сү гана куралчан сарбаздары болуп, калгандары аялдар, арабакечтер жана малайлар эле. Көп өтпөй Кудаяр хан Ташкенге, андан Оренбургга жөнөтүлөт. Оренбургда жүргөн учурда ал Москвага барып жашоого уруксат сурап бир нече жолу падышалык төбөлдөргө кайрылган жана ал өтүнүчү канааттандырылган эмес. Ал эми Акаев 24-марттагы элдик толкунга туруштук бере албай оруссиялык тикучак менен үй-бүлөөсүн алып, байлыгын артынып Кантка, ал жердеги аскер учагы менен түз Москваны көздөй качкан. Арадан үч жыл өткөнүнө карабай академик А.Акаев эмнеге өз элинен качканынын чыныгы себебин билгиси келбей, тескерисинче күнөөнү өзүнөн жана өз үй-бүлөсүнөн, өзүн курчап келген бир ууч кошоматчыларынан көрбөй, элди күнөөлөп келет. Өз элинен алигиче кечирим суроого эрки жетпей эси-дарты башкада болуп жүрөт.
Биздин баш каарманыбыз Кудаяр хандын соңку тагдыры да жакшы болбоду. Ал бир жылдай Оренбургда жашап жүрүп, Москвага жашайм деген үмүтү үзүлгөн соң белгисиз тарапка качып кетет. Ал из жашырып, жер кезип, Индия аркылуу 1881-жылдары Меккеге барат. Меккеде бир жылдай жашап, 1882-жылы Стамбулга келет. Мына ушундай жер кезип өлбөстүн күнүн көрүп, карып болуп жүргөндө ал эсине келип элине жасаган күнөөсүн сезип "Оо Жараткан, мени жаратып, 12 жашымда тажы кийгиздиң, 100 миң лашкарга башчы кылдың, башкаларды өлтүргүдөй, күйдүргүдөй күч бердиң. Мен ал дөөлөткө мас болуп, өзүмдөн кетип, сага кулчулук кылбаптырмын. Ошол дөөлөттү алып, эми кедейликти бердиң. Бул кедейлигим тажы кийгенден да артык. Ошол дөөлөткө мас болуп жүргөндө өлүп калсам шорум курумак" - деп Кудайга миң-миң шүгүр кылып жалынат. (Зиябидин Максым, Фаргана хандарынын тарыхы, Бишкек, 2007, 242-бет). Ошентип эли-журтунан тентиген Кудаяр хан академик Акаевге караганда өз күнөөсүн сезип, Жараткандан кечирим сурап жалынат. Өмүрүнүн аягында ал өз жерин, элин, туугандарын, үй-бүлөөсүн, балдарын сагынып, куса болуп жүрүп Ооганстандын Герат шаарынын жанындагы Коррух деген жерде каза болот. Каза болгон учурда анын жанында болгону 100 тиллага жакын акчасы калган. Аны акыркы сапарга узатууда аз сандагы гана адамдар катышып, тууган-уруктары топурак салып куран окуй алган эмес. Мына Кокон хандыгын үч жолу башкарып, үч жолу тактыдан куулган Кудаяр хандын тагдыры. Ал эми үч мөөнөткө шайланып өз элинен куулган академик Аскар Акаевдин тагдыры эмне менен аяктайт аны келечек көрсөтөт. Баса белгилеп кете турган бир жагдай илим-билими Кудаяр ханга караганда өөдө турган экс - ажо Акаев азырынча өз күнөөсүн сезип, элинен кечирим сураганга эрки жетип, даай элек. Тескерисинче элдин канын кызытып, элине күйгөн адам болуп, адилеттикти орнотуу үчүн эми бекер жатпайм деп чамынып жаткан кези.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ




  Жаңы тарыхый роман

Дунгандардын тегин арабдар дешет...
Алматы шаарындагы "Принт" басмасынан 10 миң нускада жарык көргөн филология илимдеринин доктору, профессор, (буга чейин окурман журтчулугуна "Аттила - гунндардын ханы" аттуу 4 томдук тарыхый романы менен белгилүү болуп калган) жазуучу Амангелди Бекбалаевдин "Миңдеген лиге созулган жол, же дунган эли жөнүндө баян" аттуу жаңы тарыхый романы дунган эли тууралуу кеңири социалдык-эпикалык полотнону түзгөн алгачкы адабий чыгарма. Автор жаркын жарык боёк менен XIX кылымдын экинчи жарымында Кытайда болуп өткөн реалдуу тарыхый окуялардын фонунда дунган элинин турмушун кеңири жана таасын чагылдырган.

Артка кайрыла турган бол-
сок, советтик энциклопе-диялык сөздүктөрдө дунган эли тууралуу эки-үч гана сап маалымат бар. Ал эми 1994-жылы англис тилинде жарык көргөн бүткүл дүйнөүк энциклопедияда, "Кытайдын калкынын этникалык курамы" бөлүмүндө расмий статистикага ылайык, кытайлык жана борборазиялык дунгандар жалпы саны 9 млн. адамдан ашуун болгондугуна карабастан, хуэйцзу (дунган хуэйлер, кытайлык дунгандар) калкы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Албетте, дунган элинин тарыхы мурдатан бери эле изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келгендиги ырас. Кээ бир советтик окумуштуу-тарыхчылар, өзгөчө А.Решетов дунгандарды исламды кабыл алышкан кытайлар деп эсептешкен. Дунган элинен чыккан изилдөөчүлөр М.Сушанло, И.Юсупов, А.Калимов жана башкалар тоталитардык социалисттик идеология төбөлчүлүк кылып турган учурда өз эмгектерин жазышкандыктан, башка көз караштарын ачык билдире алышкан эмес. Алар дунгандар өз алдынча улут катары социализмдин учурунда гана жаралган деп далилдешкен.
Совет мезгилинде гана дунгандар кытайлардан чыккан эмес, Кытай пайда болгонго чейин эле исламды кабыл алган тыштан келген улут деген сыяктуу макалалар жарыялана баштаган. Ал эми кээлери жергиликтүү калк менен ассимиляция болгондон кийин пайда болгон улут деп жазышкан. Бул көз карашты колдогондор дунган окумуштуусу М.Имазов, Бээжин университетинин профессору Дин Хун, австралий изилдөөчүсү С.Римская-Корсакова болушкан. Алар Кытайда жана Борбордук Азияда дунгандар арбын жашаган аймактарда болушуп, иликтеп-изилдөөлөрдөн кийин дунганхуэйлердин байыркы бабалары арабдар болушкан деген пикирге келишкен. Дунгандардын түпкү теги монголдор да, түрктөр да, гунндар да болушу мүмкүн деген ойлор да айтылган.
Ошентип, Амангелди Бекбалаевдин романы кадыресе кеңири диапазону жана тарыхый жазылышынын тереңдиги менен айырмаланган алгачкы монументалдуу эмгек. Дунгандар тууралуу жазылган бул тарыхый роман реалдуу каармандардын, дунганхуэйлердин жаркын өкүлдөрүнүн тарыхый фактыларынын негизинде жазылган. Аларга дунган элинин көтөрүлүшүнүн жетекчиси Мухаммед Биянху жана анын көрүнүктүү жан-жөкөрлөрү: Фархат Люхудза, Юсуф Хазрет-Дасыфу жана Мухэмэ Дажен кирет.
Тарыхый романдын дагы бир өзгөчөлүгү чыгарманын негизги сюжети катары эмгекчил кытайлык дунган-мусулмандар көтөрүлгөн кытай-хань тайпиндеринин артынан өлкөнүн эмгекчил калкын катуу эзген мань-чжур-циндик төбөлдөргө каршы күрөшкө чыккан дунган элинин тарыхындагы эң кейиштүү учурдун бири алынгандыгында.
Он беш жыл бою Кытайдын Шэньси, Ганьсу, Цинхай, Синьцзян жана Юньнань өңдүү провинцияларын өрт чалып турду. Көтөрүлүшчүлөр бир катар жеңиштерге жетишкен менен бир нече эсе көп болгон императордук куралдуу күчтөр тарабынан жеңилүүгө дуушар болушту. Дунганхуэйлердин кээ бир бөлүгү учурда экинчи Ата Мекени болуп калган Казакстан менен Кыргызстанга качууга аргасыз болгон. Романдын автору ушул өңдүү тарыхый окуяларды өзөк кылып алуу менен кытайлык дунганхуэйлердин каада-салтын, үрп-адатын, татаал кытай коомундагы социалдык абалын таасын көрсөтө алган. Дунганхуэйлердин этногенез маселесине кайрылганда романдын автору дунгандардын кайдан чыккандыгы тууралуу айтылгандар менен талашып-тартышпастан, жөн гана дунгандар ислам динин кабыл алган кытайлыктардын бир бөлүгү дегенди жокко чыгарып, дунган-хуэйлер өтө байыркы жана бай тарыхы бар өз алдынчалуу улут экендигин ишенимдүү далилдеген.
Чыгарманын адабий каармандары 18-19-кылымдарда жашаган жана эмгектенген реалдуу тарыхый адамдар. Башкы каармандардан тышкары ошол доордун белгилүү дунгандары: чай плантатору жана фабриканты Фазыл Люхудза, Бээжин ЖОЖунун ректору жана окумуштуу Харки Имазе, Кытайдын билим берүү министринин орун басары, жогорку рангадагы кун-фу чебери Смар Ванду өңдүү инсандардын образы окурмандардын кызыгуусун туудурбай койбойт. Өзүнүн тарыхый романында жазуучу Амангелди Бекбалаев дунганзхуэйлердин ислам динине берилгендигин баса белгилөө менен бирге алардын Кытайдын эки миң жылга созулган интеллектуалдык жана коомдук турмушундагы үстөмдүк кылган Конфуцийдин окуусунун маанилүү аң-сезим таасирин баштарынан өткөргөндүгүн да белгилеген.
Дунган элинин көрүнүктүү тарыхчысы Ф.Люхудзяев белгилегендей, окумуштуу А.Бекбалаевдин "Миңдеген лиге созулган жол, же дунган эли жөнүндө баян" тарыхый романы өзүн сыйлаган ар бир дунгандын үстөл үстүндөгү китебинен болуп калууга тийиш, антпесе улуу кытай ойчулу жана тарыхчысы Сыма Цянь айтмакчы, "өзүнүн тарыхын билбеген жана өзү үчүн тийиштүү жыйынтык чыгарбаган эл анын түпкү тегинин үлүшүнө туш болгон азап-тозокту кайрадан башынан өткөрүп калаары анык".
Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттө: А.БЕКБАЛАЕВ