, 25.11.08 - 8-бет:
  Карегимде БАТКЕН

Кабарчыбыз Баткен облусунун аймагындагы чегара меселелерине байланыштуу суроолор облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор М.Жумабеков менен маек курган экен. Анда ошол маектешүү сиздердин назарыңызда.
Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Маратбек ЖУМАБЕКОВ:
"Кошунаң тынч өзүң да тынч"
- Маратбек Жумабекович, өлкө башчысы Курманбек Ба-киев Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруп келет. Жалал-Абад, Ош облустарында жетекчилик кызматтарда болуп келдиңиз, Баткендин башка аймактардан өзгөчөлөнгөн айырмачылыгын байкай алдыңызбы?
- Биринчиден, Баткен жаңыдан түзүлгөн он жылга жетпеген тарыхы бар жаш облус. Жол, транспорт, байланыш коммуникациялары, ички инфраструктурасы өнүкпөй унутта калган аймак болгон. Облус болуп түзүлгөндөн кийин деле жарытылуу көңүл бөлүнбөгөн. Албетте, Президентибиз Курманбек Бакиев өлкө башчысы катары бардык облустар үчүн бирдей кам көрүп келет. Анын ичинде Баткен облусуна сиз айткандай өзгөчө кам көрүшүнүн негизги себеби, төмөндөгүчө деп билемин. Кыргызстан Тажик Республикасы жана Өзбек Республикасы менен чектешип тургандыктан, чөлкөмдөгү геосаясый абалы Кыргызстандын башка аймактарынан Баткен облусун кескин түрдө өзгөчөлөнтүп турат. Бул абал облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элибиздин күндөлүк жашоосуна өз кедергесин тийгизбей койбойт.
Кошуна өлкөлөрдүн чегара, бажы кызматынын бекеттери аркылуу өтүүдө элибиз кыйынчылык тартып келгени анык. Бул айрыкча борбордон келген жарандарыбызга, чет элден келген конокторго же туристке сезилээрлик байкалат. Бул көрүнүш региондун экинчи айырмачылыгы деп билемин. Чегара маселеси бекеттердин өтүүдө гана эмес, чарбалык иштерди жүргүзүүдө да кедергесин тийгизип келген. Чегара аймактарында калктын саны өсүп жаңы конуштар пайда болууда. Мындан улам элдин жерге, сууга болгон муктаждыгы да улам жогорулоодо. Бул маселелер Кыргызстан элине жаңылык эмес. Мындагы проблемалар бүгүн гана чыга калган жок, бул тээ Союздун мезгилинен бери 20-30 жылдап топтолгон маселелер. Мунун үстүндө такай иштөөдөбүз. Жасалып жаткан жумуштар тууралуу кеп кезеги келгенде сөз кылаарбыз. Эң негизгиси, быйылкы жылы жасалып жаткан иштер буюрса келээрки жылдан өз үзүрүн берет деген ишеничтемин.
- Баткендеги чегара маселелерин чечүү максатында комиссия бир топ жылдан бери иштөөдө, анын бүгүнкү күнгө карата жыйынтыгы барбы? Аймактын элинин көңүл көйгөйүндөгү маселе болгон чегара такталып бүткүдөйбү?
- Мамлекетибиздин чегарасын тактоо жана толук чектөө иштери эки мамлекеттин макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык делимитация жана демаркация иштери боюнча түзүлгөн паритеттик комиссияга жүргүзүүгө юридикалык толук ыйгарым укугу тапшырылган. Чегара аймактарынын бүгүнкү абалы жана ал жердеги проблемалар жөнүндө токтолуп өтсөм, Баткен облусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун 9 району, Өзбек Республикасынын Фергана облусунун 6 району менен чектешет. Анын алгачкы натыйжалары тууралуу мага белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, мамлекеттер боюнча бөлүп айтсам, Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чегаранын узундугу 384,11 км түзөт. Облустун аймагында делимитация иштери Өзбек Республикасы менен 2001-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптуу мамлекеттер аралык комиссиялардын жолугушуусу 75 жолу болуп өттү. Натыйжада, облус боюнча мамлекеттик чегаранын 280,5 километри эки тараптуу макулдашылып жазылды, анын ичинен 256,93 километри пленардык кеңешменин отурумунда бекитилген. Ошол эле учурда тактала элек участоктор бар, анын узундугу 103 километрди түзөт.
Кыргыз Республикасы, анын ичинен Баткен облусу менен Өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо жумуштарынын кечеңдеп жатышынын негизги себептери болуп, мурда эки мамлекеттин ортосунда мамлекеттик чегараларды иликтеп, тактап чыккан паритеттик комиссиялардын түзгөн материалдарынын мыйзам ченемдүү эки тараптан тең акырына чейин тийиштүү инстанцияларда ратификация болбогондугу эсептелет.
- Ал эми Тажикстан менен чегара маселеси кандай чечилүүдө? Бул өлкө менен да проблемаларды чечүүдө жогорудагыга окшош маселелер бар окшойт.
- Туура айтасыз. Бул маселеде да эки мамлекеттердин ортосундагы чегараны тастыктай турган юридикалык күчкө ээ болгон материалдардын жоктугу көп талаш-тартыштарды пайда кылууда. Баткен облусу менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегаранын жалпы узундугу 673,7 км ди түзөт. Бүгүнкү мезгилге чейин мамлекеттик чегараны делимитациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиялар 19 жолу жолугушуп, жыйынтыгында 673,7 км чегаранын тоо кыркалары аркылуу өтүүчү 237 километри эки тараптуу макулдашылып, жазылып бүттү, же 35,2% түзөт. Такталып бүтө элек аралык 436,7 километрди түзөт жана бул аймактар негизинен интенсивдүү дыйканчылык жүргүзүлүп жаткан эки эл жыш жайгашкан аймактар болуп саналат. Чегара линиялары жарандарыбыздын үй салган участогун бөлүп өткөн учурлар да жок эмес.
Азыркы мезгилде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо, тактоо маселелеринде көп кыйынчылыктар кездешүүдө. Бүгүн эртең чечилет дегенден алыспыз, себеби, "жети өлчөп, бир кескен" принцип бул жерде эң ылайыктуу мамиле экендиги айтпаса да түшүнүктүү болор. Канткен күндө да, бул маселелер акырындык менен чечилет деген ойдомун.
- Маратбек Жумабекович, чегара кыйынчылыгына байланыштуу айрыкча жол маселесин чечүүдө, облус эли ашар ыкмасында Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолун куруу боюнча чоң демилге менен чыккандыгы белгилүү. Бүгүнкү күндө жолдун бүткөрүлүшү кандай натыйжа берүүдө?
- Мен алгач тактап кетсем, ашар жолу менен шагыл төгүп жолдун оңдоп-түзөө иштерин гана бүткөргөнбүз. Натыйжада, мурда беш
сааттык жол эки саатка кыскарды. "Жолу оңолгондун иши оңолот" - демекчи Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолун реабилитациялоо
боюнча элдик демилге менен башталган ашар жолун өлкө башчысы Курманбек Салиевич өзү колдоп, келип кеткендиги тууралуу кабарыңыз бардыр. Натыйжада, биринчи этабына Өкмөттөн 100 миллион сом бөлүнүп, узундугу 100 километр жолдогу тоо таштарды жардырып тегиздеп, шагыл төшөлүп, полотносун түптөө толук аяктаган. Мунун натыйжасында Бишкектен автоунаа менен ташылып келген жүктүн көлөмү өстү, ыңгайлуу шарттын түзүлүшү өнөр-жай, курулуш, эл керектөөчү жана азык-түлүк товарларынын арзандашына таасирин тийгизди.
Бизге келген инвестициянын көлөмү эки-үч эсе өстү. Демек, жолдун жакшырышы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин турмуш шартынын жакшырышына түздөн-түз таасир эте алды. Азыркы учурда аталган жолго мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылга 100 миллион сом акча бөлүнүп жол, транспорт, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан алгачкы 10 километрине асфальт төшөлүүдө. Ошондой эле, айланма жолдун Сох дарыясынан өткөн Зарташ айылына жакын жерде сметалык баасы 68 миллион сомдук, стратегиялык жактан маанилүү жаңы чоң көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, Премьер-министр Игорь Витальевич келип көрүп, ыраазы болуп кетти. Көтөрүмдүүлүгү 80 тонналык көпүрө учурда пайдаланууга берилип, элдин кызматында.
Ал эми Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын айланып өтүүчү узундугу 24 километр жолдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул жол курулушу да сапаты жагынан да дүйнөлүк деңгээлден кем калбаган болот. Аталган участокто жумуштун көпчүлүк бөлүгү бүткөрүлдү. Натыйжада Лейлек району, Сүлүктү шаарынын калкы Бишкекке өзүбүздүн эгемен жолубуз аркылуу каттай баштады. Жакыңкы эле күндөрдө Дүйнөлүк банктын, Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкынын өкүлдөрү облусубузда болуп, Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу боюнча жеринде таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Буюрса, келерки жылдан баштап Оштон Исфанага чейинки дүйнөлүк стандарттагы, сапаттуу жолдун курулушунун башталышы боюнча келишимге кол коюучу күн да алыс эмес.
- Ал эми кошуна элдер менен болгон мамилеңиздер кандай болууда? Чегара көйгөйлөрү элдердин ынтымагына таасирин тийгизген жокпу?
- Кошуна элдер менен болгон ынтымак бул биздин эң негизги жетишкендигибиз. Элдердин бири-бирине болгон сый-урматы, ынтымагы кылымдарды карыткан тарыхы менен баалуу. Эл арасында бузукулардын чыгышына эл өзү да, жергиликтүү бийлик да жол койбойт. Ар кандай чыр-чатактын алдын алып, же болбосо себебин иликтеген соң меселени чечүүгө реалдуу кадамдарды жасап жатабыз. Бир эле мисал Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айылдарынын эли жазында малын жайытка айдаганда Тажикстандын Ворух анклавын аралап айдап өтүп келишкен.
Чоң анклавда 35 миң калк жашайт. Натыйжада малын жоготуп издегендер айыл аралап, эл ичинде жакшысы болот, жаманы болот демекчи араздашкандар көбөйгөн. Облуска жаңыдан жетекчи болуп келгенде эл менен жолугушуумду кайсыл айылда социалдык чыңалуу жогору, шарты катаал болсо ошол жерде жолугушуудан баштагам.
Жергиликтүү эл менен болгон ошондой бир жолугушуумда айыл аксакалдары маселе койду эле
"Айылдан айдап өткөндө бирден экиден малыбыз жоголуп жатат", - деп. Бул маселе боюнча бир топ уюштуруу иштерин жүргүздүк. Учурда Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү узундугу 11 километр Ак-Сайдан Тамдыкка кеткен мал айдаганга жарактуу жол салынып жатат. Бул да болсо чегара региондоруна кам көрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ишке ашып жаткандыгынын айкын мисалы.
Элдердин ынтымагын бекемдөөдө достук, соода-сатык, экономикалык байланыштарды күчөтүү боюнча Президент Бакиев Курманбек Салиевичтин кошуна өлкөлөргө болгон расмий сапарынын алкагында, региондор аралык карым-катнаштарды өнүктүрүүдө мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде иш алып баруудабыз. "Кошунаң тынч өзүң да тынч" - дейт элибизде. Ынтымак, биримдик бар жерде кандай гана талаш маселе болбосун чечүүгө кудуретибиз жетет. Элдердин ынтымагына, достугуна эч кандай чегара, бажы бекеттери тоскоол боло албайт. Фергана өрөөнүндөгү региондор аралык Өзбекстан, Тажикстан менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүп келүүчү маданий, музыкалык достук фестивалдарын элдердин ынтымагын бекемдөөнүн мыкты үлгүсү катары айтсак болот.
- Маратбек Жумабекович, маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат. Чегарадагы Баткен элине майтарылбас эрк, кажыбас кайрат жана тынчтык каалайбыз.
- Сизге да рахмат. Мезгилдин күрөө тамырын кармаган журна-листтерге, жаңылыктын жарчысы болгон гезитиңиздерге ийгилик каалаймын.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
Мамажан БЕРДИШЕВ




Бир сөздү улам уккандан эл деле тажайт
"Биздин алдыбызда оппозиция өкүлдөрүнүн бир эле шылтоо менен элди улам кайрадан көтөрүүгө жасаган бардык аракеттерин токтотуу милдети турат", - деди Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков. Талас облусунда "Революциялык комитет" тарабынан уюштурулган "Жалпы улуттук чогулуштун" өтүшү тууралуу АКИпресс агенттигине берген түшүндүрмөсүндө.
- Таласта өткөн оппозиционерлердин чогулушу жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?
- Биринчиден, биз элге ыңгайлуу болуш үчүн стадионду сунуш кылдык. Ал эми, экинчиден, биз элдин оппозицияны кандай деңгээлде колдой тургандыгын билдик. Эң башкысы, чогулуштун эч кандай чыр-чатаксыз өтүшүнө аракет жасадык.
- Турсунбай Бакир уулунун 18-декабрда Таласта оппозициялык чогулушту дагы бир жолу өткөргүсү келгендигине кандайча карайсыз?
- Биринчиден, ошол күнү анын сунушун эч ким колдогон жок. Экинчиден, биз оппозиционерлердин ой-пикирлерин уктук. Улам-улам эле бир эле пластинканы коё бергендин эч кандай деле мааниси жок деп ойлойм.
- Бул жолку чогулуш тынч өттү. Эгерде, оппозиционерлер дагы бир жолу чогулуш өткөрүшсө, Түптөгү окуя кайрадан кайталанбайбы?
- Кептин чордону мында. Бүгүнкү күндө Таластын эли азыркы оппозициянын аракеттерин бир добуштан колдошпойт. Көпчүлүгү элдин тынчтыгы кайрадан бузулушу мүмкүн деп тынчсызданышууда. Биздеги туруктуулуктун жоктугунан бардык инвесторлор чочулап турушат. Мына ошондуктан төөбурчактын баасы көтөрүлбөй турат. Оппозиция тарабынан кандай сунуш киргизилсе да, биз атүгүл аны карап да койбойбуз.
Биз алардын айткандарын уктук. Ушинте беришсе Түптөгү окуя кайрадан кайталанышы мүмкүн. Мына ошондуктан биздин алдыбызда бир эле шылтоо менен элди кайрадан көтөрө берүүгө жасаган оппозициянын аракетин токтотуу милдети турат.
М.АЛАГУШЕВ
Т.Бакир уулун колдогон эмес
Айыл өкмөтүнүн башчысы Турсунбай Бакир уулунун иш-аракетин колдогондугу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кечээ Баткен облусундагы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абазжан Мадазимов АКИ-пресс агенттигине билдирди.
Эске салып кетээрибиз,
экс-акыйкатчы Т.Бакир уулу Мотуев менен бирге өткөргөн каршылык акциясын карапайым адамдар гана эмес, ошондой эле айыл өкмөт башчылары жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы колдоду деп билдирген.
"Кечээ намаз окуу учурунда Ош-Исфана жолунда жайгашкан биздин мечитке Турсунбай Бакир уулу өзүнүн кишилери менен келип, мечиттеги адамдарды үгүттөшүп, аларды Кызыл-Кыя шаарындагы стадионго чакырышты. Алар мусулмандар кошунун түзүү, ага бийликтин өкүлдөрү да кирээри тууралуу айтышты", - деди ал.
"Мен жергиликтүү мамлекеттик бийликтин мыйзамдуу өкүлү катары мечитте митингди өткөрүүгө тыюу салдым жана Турсунбай Бакир уулу мечитти саясый максатта пайдаланууга тыюу салынган мамлекеттик мыйзамды бузуп жатат деп эскерттим. Мен ага үгүттөөгө тыюу салгандан кийин ал мага: "Капа болуп каласың", - деген сөздү айтып, коркута баштады. Ошентип, Турсунбай Бакир уулун айыл өкмөтүнүн башчысы колдоду деген сөздүн болушу да мүмкүн эмес", - деп билдирди А.Мадазимов.
Р.ЖЕТИГЕНОВ