, 25.11.08 - 5-бет:
 Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Торугарт аркылуу темир жол курулат
Кытай 2010-жылга чейин Борбордук Азияга чейин түз байланыштыруучу эки темир жолду курууну пландаштырып жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Цзинхэ-Инин-Хоргос темир жолдору казак темир жолу менен байланыштырылат. Булар тууралуу Кытайда чыгуучу жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Азыркы мезгилде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча алдын алуу иштери башталды. Жаңы темир жол тармагы Түштүк-Синьцзян темир жолунун акыркы Каши станциясынан башталып, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы чегарадан Торугарт ашуусу аркылуу өтүп, андан кийин Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга созулат. Учурда Цзинхэ-Инин-Хоргос темир жолунда көпүрөлөрдүн, туннелдердин курулушу негизинен аяктап, рельсаларды коюу иши башталды. Бул темир жолдун курулушуна 6 млрд.дан ашуун юань жумшалган. Кытай Батышта Казакстандын темир жолу менен кошуу үчүн бул темир жолду узартуу боюнча ишти жүзөгө ашырууну, Хоргостон Сары-Өзөккө чейин темир жолду курууну пландаштырып жатат.

Аялдар менен өспүрүм кыздар абагы ажыратылат
Бул аракет Жаңы жылга чейин соңуна чыгарын Адилет министринин өкүлү Марат Жаманкулов бүгүн билдирди. Мындай иш-чараларды Кыргызстандагы пенитенциардык мекемелердеги өспүрүмдөр абалынын жакшыра башташы катары түшүндүрдү. Ушул тапта түрмөлөрдө аялдар менен өспүрүм кыздар бир кармалып келет.

Азык-түлүк кризисин четтетүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 800 млн. сом бөлүндү
Бул жөнүндө Каржы министри Тажикан Калимбетова билдирди. "Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгын аткаруу негизинде "Агропродкорпорация" түзүлгөн, ал азык-түлүк кризисин четтетүү чараларын көрүүгө тийиш. Корпорациянын түзүлүшү ун, өсүмдүк майы, шекер сыяктуу өткөн жылы байкалгандай азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн баасынын башаламан өсүшүнө жол бербөөгө мүмкүнчүлүк түзөт", - деп белгиледи ал. "Бул корпорациянын максаты ата мекендик айыл чарба товар даярдоочуларын колдоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө республикалык бюджетте корпорацияны каржылоого 800 млн. сом каралган.

Баткенде кыргыз чегарачысынын куралын тажик жарандары тартып алышты
Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбековдун айтымында, 23-ноябрда түштөн кийин Баткен районундагы 2022-чегара бөлүгүнүн аскерлери Кожо-Карым жайлоосунан Тажикстандын кой багып жүргөн алты атуулун Кыргызстандын чегарасынан чыгып кетүүсүн талап кылышканда, алар мындай буйрукка баш ийбей чегарачыларды таш бутага алышкан. Кыргыз чегарачылары эскертме ок чыгарганына карабастан, элүүдөн ашуун тажикстандыктар бир чегарачынын куралын ок кутусу менен кошо тартып алып коюшкан. Азырынча кыргыз чегара кызматына таандык Калашников автоматы Тажикстандын күч органдарында сакталып турат. Учурда бул окуя боюнча кыргыз тарап иликтөө иштерин баштады.

"Элан" ишканасы ачылат
- Кыргызстан, Россия, Германия өлкөлөрүнүн биргелешкен "Элан" ишканасы Кызыл-Кыя шаарында түзүлүүдө. Ишкананы ишке киргизүүдө 4 млн. еврого жакын инвестиция тартылат, ишкана ачылса 200-230 адам иш менен камсыз болот, - деп билдирди Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жай жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Добутов. Ишкана мөмө-жемиш жашылчаларды тоңдуруу жолу менен алардын сактоо мөөнөтүн узартып, экспортко алып чыгат. Ишкананын кубаттуулугу жылына кеминде 7160 тн. жашылчаны, 1610 тн. мөмө-жемишти кайра иштетүүгө ылайыкташтырылат. М.Добутовдун айтымында айыл чарбасынын багбандары үчүн эң зарыл болгон ишкана 2009-жылы пайдаланууга берилет. Мунун натыйжасында Баткен облусунда өндүрүлгөн жашылчанын 20%ын, мөмө-жемиштин 4%ын кайра иштетүүгө шарт түзүлөт.

Бомба бар деген маалымат жалган
Кечээ түшкө таяп тартип коргоо органдарына Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү №70 мектепке бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Мектептеги окуучулардын баары сыртка чыгарылып, иликтей келгенде бул калп болуп чыкканын шаардык унаа инспекциясынын кызматкери Улан Зайнидинов билдирди.

Түндүк Кореянын жаранына кол салган адам кармалды
Бишкектин Жал кичи районунда убактылуу жашап турган КЭДР жараны Ким Че Бокко кол салды деп шектелген кыргызстандык жаранды Бишкек шаардык милициясы кармады. ИИМдин маалыматына караганда Ким Че Бок 17-ноябрдын кечинде көкүрөгүнө бычак жеп ооруканага жеткирилген.

Кечээ интернет-журналистиканын жагдайы талкууланды
Тегерек үстөл "Кыргызстандагы интернет-журналистиканын азыркы абалы: проблемалар жана келечеги" деп аталып, ага депутаттар, эксперттер, журналисттер, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкууну Улуу Британиянын Астана элчилигинин колдоосу менен Бишкек пресс-клубу уюштурду.

Республикада август айынан бери ун арзандады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы саясат жана конкуренцияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, республикабызда бир килограмм буудайдын баасы ноябрь айында 13,2 сомду түздү. Август айынан бери ундун баасынын арзандоо тенденциясы байкалууда. Алсак, ноябрь айында жогорку сорттогу бир килограмм ундун баасы июль айына салыштырмалуу 3,8 сомго,1-сорттогу ундуку -4,8 сомго, 2-сорттогу ундуку- 5 сомго арзандады. Оштогу светофорлорго

Электрогенераторлор коюлду
Ош шаарында электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жатышынан улам жол кыймылын жөнгө салуу максатында Ош ички иштер башкармалыгынын МАИ кызматынын долбоору менен Оштогу Зайнабединова, Мониев, Масалиев, Абдыкадыров атындагы борбордук көчөлөрдөгү светофорлорго Кытайдын электр берүүчү генераторлору орнотулду. Электргенераторлорго кеткен чыгым Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланып, жол кыймылын жөнгө салуу МАИ кызматы тарабынан жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат Ош шаардык МАИ кызматынан алынды.




Аалам алкагында
Россия Кыргызстанга тепловоздорду берет
КМШ өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин жыйынында Латвия, Литва жана Эстония менен "Россия темир жолу" компанияларынын ортосунда "Кыргыз темир жолу" келишимге кол койду, ага ылайык Россиянын темир жолдору Кыргызстанга магистралдык 6 тепловозду 15 жылдык мөөнөткө ижара негизинде берет.

Гвинея-Бисауда абал тынч эмес
Африканын батышындагы Гвинея Бисауда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду. Маалымат агенттиктердин кабарлоосуна ылайык, аскерлерден турган топ өлкөнүн президенти Жуана Бернарду Виейранын үйүн аткылашкан. Президент жабыркаган жок, бирок бир адам набыт болуп, дагы бир нечеси жаракат алды. Гвинея-Бисаунун Куралдуу күчтөр командачылыгы өлкөдөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Буга чейин Гвинея-Бисауда бир нече жолу аскердик төңкөрүштөр болгон.

"Газпром" Украинаны сотко бермекчи
Россиянын "Газпрому" карызын төлөбөгөндүгү үчүн Украинага даттануу менен эл аралык сотко кайрылуу үчүн документтерди даярдады. Бул туурасында "Газпром" башкармасынын төрагасынын орунбасары Александр Медведев билдирди, деп кабарлаган "Интерфакс". Медведевдин айтымында, "Газпромдо" сотко кайрылуучу зарыл документтер бар. Мурда "Газпромдун" расмий өкүлү Сергей Куприянов 2009-жылы келишимсиз Украинага газ берилбей тургандыгын билдирген.

Москва менен Грузиянын тирешүүсү күчөөдө
Грузия роза ыңкылабынын 5 жылдыгын белгилеген жекшемби күнү Орусия менен Грузиянын ортосунда алака дагы салкындай түштү. Грузия бийлиги Михаил Саакашвили менен Польшанын президенти Лех Качиньски түшүп бараткан машиналар орусиялык жана түштүк осетиялык жоокерлер турган бекеттен аткыланды деп кинеледи. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров муну чагым деп баалап, четке какты. Ал эми Михаил Саакашвили ыңкылап майрамына карата сыналгы аркылуу элге жолдогон кайрылуусунда Орусиядан коркунуч болуп турган чакта биригүү керек деп чакырды. 23-ноябрда болсо Грузиянын экс-спикери Нино Бурджанадзе "Демократиялык кыймыл-Бирдиктүү Грузия" аттуу партиясын түзүү курултайын өткөрүп, эмки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экендигин жашырган жок.

Азия-Тынч океандагы лидерлер кризиске каршы бирге турууга макулдашышты
Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдүн лидерлери дүйнөлүк экономикалык кризиске карата чечкиндүү жана ыкчам чараларды көрүүнү макулдашты. Перунун борборунда Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна кирген өлкөлөрдүн кезектеги саммитинде декларация кабыл алынды. Анда азыркы кризис "буга чейин болгон экономикалык кыйынчылыктардын олуттууларынан" деп белгиленет. Саммитке 21 өлкөнүн лидерлери катышып, эркин соода жана өкмөт бөлгөн чыгымдын көбөйтүлүшү кризистен чыгууга жардам берерин айтышты.

НАТО менен Пакистандын ымаласы артууда
НАТОнун билдирүүсү боюнча, өзүнүн Ооганстандагы күчтөрү менен Пакистандын армиясынын ортосундагы кызматташтык "буга чейин болуп көрбөгөндөй мыкты деңгээлде". НАТОнун өкүлү, генерал Ричард Бланшет учурда аскердик операцияларды пландоо жана аткарууда координация бар деп айтты. Генералдын белгилешинче, Ооганстандын Кунар вилайетиндеги эл аралык күчтөрдүн аракеттери жана Пакистан армиясынын коңшу Бажаур аймагындагы согушкерлерге каршы чабуулу да жакшы координацияланууда. Буга чейин бир нече ирээт Пакистан бийлиги өз аймагында америкалык күчтөрдүн ракеталык чабуулдарына нааразылыгын билдирген.