, 25.11.08 - 4-бет:
  Кытайдан алынып келинген ун Балыкчыга ташылып
жеткирилди, ал кайрадан лабораториялык изилдөөгө өтөт

Жаратылышты коргоо -өзүбүздү коргоо
Кыргыз тараптын төралыгы менен Борбордук Азия өлкөлөрүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын (ТӨМК) корутунду жыйналышы 24-ноябрда Бишкек шаарында өттү.
Бул мамлекеттер аралык комиссиянын ишине Борбордук Азия өлкөлөрүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо министрлери, ЮНЕП, ПРООН, WWF, ГЭФ сыяктуу башка эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.
Жыйналыштын катышуучуларына КРнын Президенти К.Бакиев кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылган: "Урматтуу жыйналыштын катышуучулары! Кымбаттуу меймандар! Мен Сиздер менен меймандос кыргыз жергесинде жолугуп жатканыма кубанычтамын жана Кыргызстандын элинин атынан мамлекеттер аралык комиссиянын мүчөлөрүнө курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы иши үчүн ыраазычылык билдирем.
Бүгүн сиздер бул жерге Борбордук Азияда туруктуу өнүгүүгө жетүү боюнча бирдиктүү мамилелерди талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн чогулдуңуздар.
Жалпы тарыхый, социалдык жана маданий салттары бар бирдиктүү региондук табигый-экономикалык комплексти билдирүүчү биздин мамлекеттердин окшош экономикалык, социалдык жана экологиялык проблемалары бар.
Мамлекеттер аралык комиссиянын ишинин талашсыз сиңирген эмгеги болуп Борбордук Азия аймагынын курчап турган чөйрөнү коргоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруу болуп саналат.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу маселелери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына киргизилген.
2009-жылдын октябрында Бишкек шаарында экинчи Глобалдуу тоо саммити өткөрүлөөрүн жана анда тоолуу өлкөлөрдүн проблемалары талкуулана тургандыгын белгилей кетүү керек. Республикада бул маанилүү эл аралык форумга даярдык башталды жана учурдан пайдаланып, ушул жыйналышка катышып жаткан мамлекеттер аралык комиссиянын мүчөлөрүнө, эл аралык уюмдарга ушул саммитти тийиштүү деңгээлде даярдоо процессинде жана өткөрүүдө биздин күч-аракетибизге колдоо көрсөтүү сунушу менен кайрылам.
Урматтуу жыйналыштын катышуучулары, мамлекеттер аралык комиссиянын иши жалпы максатка жетүүгө - биздин региондун кыйла экологиялык коопсуз жана ишенимдүү келечегин түзүүгө багытталган кызыгдар тараптардын жана катышуучулардын күч-аракеттерин координациялоонун жана интеграциялоонун уникалдуу мүмкүндүгүн билдирет. Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссия мындан ары да Борбордук Азия өлкөлөрүн туруктуу өнүктүрүүнүн экологиялык проблемаларын жана маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүнө ишенем. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев".




Күн тартибинде - социалдык- экономикалык кырдаал
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев администрация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын бөлүм башчылары менен салттуу жумуш-
чу кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндөгү маселе талкууланды.
Мамлекет башчысы андан тышкары, дүйшөмбү күнү экономикалык өнүгүү жана инвестициялар маселеси боюнча кеңейтилген кеңешме өтөөрүн, ага Премьер-министр И.Чудинов баштаган Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү, ошондой эле бизнестин, экономикалык чөйрөдө иш алпарган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышаарын, каралчу маселелердин эң башкылары тобокелчиликтерди жана дүйнөлүк кризистин Кыргызстандын экономикасына тийгизчү таасирин төмөндөтүүнүн жолдору жана ыкмалары жөнүндөгү маселелердин болоорун билдирди.
Өз маалыматыбыз,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Меламиндин жоктугу Москвада аныкталды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттиктин маалыматы боюнча Кытайдан алынып келинген ун азыркы мезгилге чейин Кара-Балтада пломба коюлган вагондордо сакталып келген.
Кара-Балтада эркин изоляцияланган кампанын жоктугуна байланыштуу, бардык ун Балыкчыга ташылып жеткирилди. Ал жерде аталган агенттиктин чоң кампалары бар. Анда толук аныкталганга чейин бул ун төрт пломба коюлуп сакталмакчы.
Азыркы учурда өкмөттүк комиссия анализдердин акыркы натыйжасын күтүүдө. Ушул жумада акыркы жооп алынат. Москва жана Алматы шаарларынын көз карандысыз лабораторияларында өткөрүлгөн анализдер меламиндин да, капров коңузунун да, жок экендигин аныктагандыгын белгилеп кетүү керек.
Эгерде унда башка тамак-аш зыянкечтери болсо, анда ун эленип тазартылат да кайрадан лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлөт.
Мына ошондон кийин гана бул унду сатуу же жок кылуу маселеси толук чечилет.
М.АЛАГУШЕВ




  Стамбул макулдашуусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасы Айтибай Тагаев:
"Түркпа - чыныгы кызматташтыктын жарчысы болот"
2008-жылдын 21-22-ноябры тарыхта калчу саясый окуя катары дүйнө коомчулугуна белгилүү болду. Бул күндөрү бир катар түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламент төрагалары Түркиянын Стамбул шаарында өткөн конференцияда түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясын (ТҮРКПА) түптөө жана анын келечек максаты туурасындагы келишимге кол коюшту.
Түркия, Кыргызстан, Азер-
байжан, Казакстан мамлекеттеринин парламент башчыларынын башын кошкон конференцияга жер шарынын бардык континенттери кызыгуу менен назар салып, бул жыйын дүйнөлүк маалымат каражаттарынын башкы темасы боло алды. Конференцияга КРнын ЖКнин Төрагасы Айтибай Тагаев баш болгон беш депутат менен катар эле анын аппарат жетекчиси да катышып келди.
Буга чейин түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары тарабынан түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуусун жакындаткан уюмун түзүү жөнүндөгү демилгеси айтылган. Ошол демилге тили, дини жана дили жакын өлкөлөр тарабынан колдоо таап, парламент башчылары өз өкүлдөрү менен алгачкы конференцияга чогулушуп, эл аралык алкакта тарыхый жаңы окуя катары бааланган парламенттик ассамблеянын (ТҮРКПА) байсалдуу сапарын баштап беришти.
Стамбул шаарындагы байыркы тарыхый-архитектуралык жасалгасы менен көз жоосун алган "Долмабахче Сарай" комплексинин "Медхал" салонунда өткөн конференцияны Түркия Президенти Абдуллах Гүл ачып, алдыда дагы бир жакшы жөрөлгө башталып жаткандыгын баса белгилөө менен, өзү дагы бул саясый, экономикалык, социалдык жана маданий мааниси бар саамалыкты чын дилинен колдоорун айтып, түрк тилинде сүйлөгөн 200 млн. адамдын башын кошо турган жолго кадам таштоо демилгесин колдогон боордош мамлекеттердин жетекчилерине, парламент башчыларына өз ыраазычылыгын билдирди.
"Сиздер, урматтуу парламент башчылары, урматтуу депутаттар, бүгүн географиялык жайгашуубуздун, ресурстарыбыздын, саясатыбыздын айырмачылыктарына карабай, түрк атанын урпактарын бир уюмга баш коштуруу демилгесин иш жүзүнө ашыруучу документти кол тамгаңыздар менен бышыктаганы чогулдуңуздар. Демек, сиздер бабаларыбыздын жолун улап, келечек үчүн саясый кадамды баштап жатасыздар. Бүгүнкү чечимиңиздер бул - келечектин жемиши", - деген Түркия Президенти Абдуллах Гүл ассамблеяга алгачкы болуп кирген 4 мамлекеттин катары дагы башка түрк тилдүү мамлекеттер менен толукталып, келечекте күчтүү биримдиктин жаралаарына ишеними чоң экенин айтты.
Ал эми сөз учуру келгенде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Айтибай Тагаев КРнын Президентинин, бүтүндөй кыргыз элинин, кыргыз парламентинин атынан өз өнөктөштөрүнө салам жолдоо менен: "Ассамблеянын түзүлүшү менен биз, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди баштагыдан да бекемдеп, өзгөчө келечек үчүн чоң камылга көрүп жатабыз. Биздин мамлекет башчыларыбыз эң бир маанилүү демилгени көтөрүшкөн. Бул саясый, экономикалык, жалпы ресурстук мааниси бар өнөктөштүк тараптардын коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык өнүгүүнүн жарчысы болооруна ишенем", - деди. Ошондой эле Кыргызстандын парламент башчысы жаңыдан кол коюлган Стамбул келишими аймактык атаандаштыктын эмес, чыныгы кызматташтыктын, ынтымактын, өнүгүүнүн жарчысы болушу керек деген пикирин билдирди.
Түрк жергесине болгон иш сапары учурунда Айтибай Тагаев баш болгон кыргыз парламентинин өкүлдөрү Түркиядагы белгилүү Изник көлүнүн жээгиндеги байыркы Изник шаарындагы ХI кылымга
таандык болгон кыргыз жоокерлеринин эрдигинин урматына тургузулган кыргыздардын күмбөзүнө барышып, жоокер бабаларыбыздын арбагына багыштап куран окутуп, күмбөздүн короосуна балаты көчөтүн отургузушту.
Кылымдар бою карт тарыхтын калың катмарында катылып жатып, жакында кайрадан жүзүн ачкан Кыргыздар күмбөзүнүн сыры тарыхта мындайча сыпатталган. Тээ илгерки XI кылымда, селжуктар Жер-Ортолук деңизин карай жылып, Батыш Урум жапырыгы башталган маалда аларга жардамга барган кыргыз калкынан да атайын көмөкчү кол куралган. Ошондо алар, түрктөрдүн кынык уруусунун аскерлери менен бирге, буга чейин эч ким жеңе албаган Изник чебин алууга катышып, алгачкылардан болуп душмандын ооругун жарып өтүп, калаа чебин ээлеген кыргыз жоокерлеринин эрдиги өзгөчө бааланган. Аймактын султаны Орхан Гази айыгышкан кармашта каза тапкан кыргыз жоокерлеринин урматына, өз алдынча күмбөз куруу буйругун берген экен. Андан бери кылымдар тогошуп, доорлор алмашып, 1071-жылы тургузулган күмбөздүн сыры 1994-жылы түрк журналисти Бюлент Язув Баклердин изилдөөсүнөн кийин гана аныкталып, азыр Түркиядагы сыйлуу жерлердин бирине айланган.
Ошентип, түрк тилдүү мамлекеттердин жаңы эл аралык уюму - парламенттик ассамблеясын түзүү демилгеси жүзөгө ашырылды. Эми анын уюштуруу иштери жүргүзүлгөн соң, расмий түрдө ырааттуу иш алпарыла баштайт. Окурмандарга анын жүрүшү тууралуу такай маалымат берип турмакчыбыз.
КРнын ЖКсынын
басма сөз кызматы




Айлыгы төлөнмөйүн, жатаканадан чыгарышпайт
Акыркы кезде Россияда иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарыбыз массалык түрдө Мекенине кайтып жатышыптыр деген кеп тарап жатпайбы.
Чындыгында азыр сезондук иштен мигранттарыбыз кайтып келип жатышса, ошол эле кезде Россияга иштегени кетип жатышкан жарандарыбыздын агымы баягыдай эле болууда. Ал эми жогоркудай сөздүн тарашына туура эмес маалымат себепчи болгон.
Жакында Москва шаарындагы "Энка" компаниясында иштеп жатышкан биздин 20 жараныбыз Россия Кыргызстандын элчилигине караштуу миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамкомитетинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Т.Шаболотовго айлык акыларын толук эсептеп берүүнү жүргүзүү жана жатаканадан чыгарбоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мамкомитеттин өкүлү эмгек мигранттарыбыз иштеп жаткан жерге барып, "Энка" компаниясынын жетекчилери менен жолугушканда, ишканада 11 миң чет элдик кызматкерлер иштешери белгилүү болду. Алардын 400ү Кыргызстандан, курулуш чөйрөсүндө эмгектенишет.
Жолугушуу учурунда 20 кызматкерге жакын арада айлык акыларын төлөп берүү жагы, бул маселе чечилмейинче тамак-ашын камсыз кылуу менен жатаканадан чыгарбай туруу маселеси компаниянын жетекчилиги менен макулдашылды. Миграция жана ишке орноштуруу мамкомитетинин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жумуштан бошогон жарандарыбызды Москва шаарында жана Москва облусунда башка чөйрөлөргө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүдө.
"Энка" компаниясынын жетекчилигинин билдирүүсүндө Москвадагы 3 ири объекттин курулушунун бүткөрүлүшүнө байланыштуу бул объекттерде эмгектенишкен, анын ичинде кыргызстандык кызматкерлердин да иштен бошотулушу күтүлүүдө. Бул жөнүндө компания Москвадагы миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамкомитеттин өкүлчүлүгүнө өз убагында кабарламак болду.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"