, 25.11.08 - 3-бет:
  Кыргызстанда акыркы 9 айда
нан өндүрүү 29634,7 тоннаны түздү

Президенттин кабыл алуулары
Тажикстан менен чегара тастыкталат
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровду кабыл алды.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы мамлекет башчысына өзүнүн Москвага болгон сапары, анын алкагында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Н. Патрушев, ОДКБнын башкы катчысы Н. Бордюжа жана Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын директору К. Ромодановскийлер менен болгон жолугушууларынын жана сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
А. Мадумаров РФнын Федералдык миграциялык кызматынын директору менен болгон жолугушууда көңүл негизинен биздин өлкөлөрдө болуп жаткан миграциялык процесстерге жана Кыргызстандан барган мигранттар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине бурулгандыгын белгиледи.
Н.Патрушев менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын коопсуздук Кеңештеринин аппараттарынын ортосундагы тыгыз кызматташтык жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланган. Ал эми Николай Бордюжа менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ОДКБнын чегиндеги аскердик-техникалык кызматташтыгы жөнүндө сөз болгон.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы мурда мамлекет башчысы тарабынан белгиленген, Кыргызстан менен Тажикстандын чегараларын демаркациялоо жана делимитациялоо маселелери талкуулануучу Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен 25-ноябрда Баткен шаарында өтө турган өзүнүн жолугушуусуна даярдык көрүү боюнча Президент Курманбек Бакиевге маалымат берди.

Күзгү сессияда 64 мыйзам долбоору талкууланды
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери, "Ак жол Элдик партиясы" фракциясынын жетекчиси Азиз Турсунбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Турсунбаев мамлекет башчысына фракциянын парламенттин мыйзам чыгаруу ишиндеги ролу жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, бул жолку сессияда фракция 40 кеңешме өткөрүп, анын жетөө кезексиз өткөн. Кеңешмелерде 103 маселе , ошондой эле 64 мыйзам долбоору талкууланып, анын 52си парламенттин кароосуна коюлган.12 долбоор, анын ичинде энергетика жөнүндөгү мыйзам долбоору профилдик комитеттерге кайра иштеп чыгууга жиберилген. Кабыл алуунун жүрүшүндө "Ак жол Элдик партиясы" фракциясынын ишмердүүлүгүн андан ары жакшыртуу маселелери талкууланды.

"Хизб-ут-Тахрирдин" максаты башка
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев милициянын кезектеги генерал-майор наамын ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары, милициянын полковниги Жеңишбек Жакыповду кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда Ж.Жакыпов аймактагы коомдук-саясый абал туруктуу экендигин маалымдады. Анын айтымында, Ош облусунун Ноокат районунда болгон окуя боюнча сот процесси башталды. ОИИБнин жана РИИБнин кызматкерлери калк арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ж.Жакыповду куттуктап, мамлекет башчысы ИИМдин түштүк аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча мындан аркы ишмердүүлүк да максаттуу жана натыйжалуу болооруна ишенгендигин билдирди.
Ноокат районунда болгон окуяга токтолуп, мамлекет башчысы түшүндүрүү иштерин Ош облусунда гана эмес, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи. "Тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" диний уюмунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алардын көздөгөн максаты салттуу исламдын баалуулуктары менен дегеле дал келбестигин элге түшүндүрүү керек",- деди К.Бакиев.

Ун арзандады, нан кымбат?..
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясы" ААКнын башкы директору Шаршенбек Абдыкеримовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ш.Абдыкеримов мамлекет башчысына мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, уюшулгандан берки эки айдын ичинде Агроөнөржай корпорациясы ун комбинатын ишке киргизгендигин, ал болсо өз кезегинде жергиликтүү базарларда ундун баасынын арзандоосуна шарт түзгөндүгүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда Президент Курманбек Бакиев Ш.Абдыкеримовго жазгы талаа жумуштарынын алдында айылдык товар өндүрүүчүлөргө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды. Андан тышкары, корпорация өз ишинде жергиликтүү чийкизатка негизденген кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө басым жасоого тийиш.

* * *
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Надырбек Турганбаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Н.Турганбаевден дүйнөлүк рынокто нефтипродуктыларга, ошондой эле буудайга болгон баалар кыйла арзандаганына карабастан, жергиликтүү базарларда күйүүчү жана майлоочу майлардын, ундун баасы бир азга гана арзандагандыгынын, ал эми нан азыктарынын баасы болсо мурдагы бойдон калып жаткандыгынын себебин түшүндүрүп берүүнү сурады.
Н.Турганбаевдин айтымында, 2008-жылдын августунан ноябрына чейин дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы 55,2%ке арзандады. Ушуга байланыштуу республикабызда бензиндин баасы төмөндөдү. Дизел отунунун баасы жөнүндө да ушул эле сөздү айтууга болот.
Республикабыздын базарларында нандын жана нан азыктарынын баасынын арзандашы азырынча байкалбайт. Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамагенттик өз ыйгарым укуктарынын чегинде мунун себебин аныктоо боюнча иш жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча 2008-жылдын 20-ноябрында нан өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлүп, наабайканалардын иш графигин эске алуу менен электрэнергиясын өчүрүүнүн графигин өзгөртүүнүн, нан өндүрүүчүлөр үчүн алардын өздөрүнүн каражатынын эсебинен подстанциядан өзүнчө энергия булагын орнотуунун, электр энергиясын керектөө лимитин эсептөөнү нан өндүрүүчүлөрдүн ар бири үчүн өзүнчө жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Президент Курманбек Бакиев мамагенттик ар кандай чечимди кабыл алаарда мамлекеттин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуусу керектигин белгиледи. Дүйнөлүк рыноктогу нефтинин жана буудайдын баасынын төмөндөөсүнө жараша жергиликтүү базарлар күйүүчү-майлоочу майлардын жана ундун баасын арзандатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл.
Маалымат иретинде:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, республикабызда бир килограмм буудайдын баасы ноябрь айында 13,2 сомду түздү. Август айынан бери ундун баасынын арзандоо тенденциясы байкалууда. Алсак, ноябрь айында жогорку сорттогу бир килограмм ундун баасы июль айына салыштырмалуу 3,8 сомго,1-сорттогу ундуку - 4,8 сомго, 2-сорттогу ундуку - 5 сомго арзандады.
Кыргызстанда акыркы тогуз айдын ичинде нан өндүрүүнүн көлөмү 29634,7 тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3013,8 тоннага аз. Нандын жалпы көлөмүнүн 88,4%ы (26204,1тонна) жеке ишкерлер, 4,4%ы (1318,0 тонна) көмөкчү чарбалар, 2,8%ы (839,3 тонна) кичи ишканалар жана 4,3%ы (1273,3 тонна) өнөр жай ишканалары тарабынан өндүрүлгөн.

Окуучулар менен студенттер кышта үшүбөйт
21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованы кабыл алды.
Маектешүүнүн жүрүшүндө И.Болжурова мамлекет башчысына республиканын окуу жайларынын жана мектептердин кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат берип, жер титирөөдөн жапа чеккен Алай районунун Нура айылындагы мектептин педагогикалык жамаатына жана окуучуларына жардам көрсөтүлгөндүгүн айтты.
И.Болжурова ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын, атап айтканда, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссияларынын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.
Президент Курманбек Бакиев министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн, ошондой эле билим берүүнүн электрондук системасын түзүү боюнча донорлор менен иштөөнү караган перспективалык планын колдой тургандыгын билдирди.
Өз маалыматыбыз,
Э.Болжуров (фото)




ОДКБга альтернатива боло турган уюм азырынча жок
17-19-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров расмий сапар менен Россия Федерациясында болду.
Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Н.Патрушев, ОДКБнын башкы катчысы Н.Бордюжа жана Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын директору К.Ромодановскийлер менен сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Кыргыз делегациясы ошондой эле Москва шаарынын Өзгөчө милдет аткаруучу отряды жайгашкан базага жана Космостук жабдыктарды чыгаруучу федералдык мамлекеттик институттун илимий-изилдөөчү унитардык ишканасына барышты. Андан тышкары, Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеңешинин жана ОДКБнын Катчылыгынын аппаратынын түзүлүшү жана системасы менен таанышышты.
Жолугушуу учурунда, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ар кандай деңгээлдеги саясый диалогдор тез-тез болуп тургандыгы биздин эки тараптуу мамилелерге оң таасирин тийгизе тургандыгы белгиленди. Аймактык жана эл аралык орчундуу проблемалар боюнча позициялар такталып, тараптар мындан ары да эки тараптуу да, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын чегинде да ар кандай тармактар боюнча пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Анын ичинде, ОДКБнын алкагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын өнүгүүсү өзгөчө белгиленди.
ОДКБнын башкы катчысы Н. Бордюжа менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап ОДКБнын мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын формалдуу эмес саммитине жана ОДКБнын Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын комитетинин отурумуна даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат алышты. Бүгүнкү күндө ОДКБга мүчө-өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына жооп берген, ОДКБга альтернатива боло турган аскердик-саясый уюм Евразия чөлкөмүндө жок экендиги белгиленди.
Тараптар, ошондой эле, Ысык-Көлдө өткөн ОДКБга мүчө-өлкөлөрдүн жаштарынын патриоттук жана аскерий-спорттук уюмдарынын жыйынынын тарбиялык маанисин жогору баалашты.
К.Ромодановский менен болгон сүйлөшүүлөрдүн учурунда көңүл негизинен Кыргызстандан барган мигранттар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулоого бурулду.
Өз маалыматыбыз





"Үгүт кербенин" уюштуруп туруу керек
22-ноябрда, Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досболдун жетекчилиги астында кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеде "Үгүт кербени" кампаниясы долбоорунун чегинде маданият кызматкерлеринин Нарын жана Баткен облустарына жасаган сапарынын жыйынтыгы чыгарылып, аны өлкөнүн региондоруна андан ары жайылтуу маселеси талкууланды. Кеңешменин катышуучуларынын айтымында, мындай кампанияларды өткөрүү натыйжалуу жана ал эл тарабынан жылуу кабыл алынды.
Нур уулу Досбол бул кампанияны колдоп жана мындан ары да пайдалануу керектигин белгиледи." Анын натыйжалуулугун жана элдин жакшы баасын эске алып, биз "Үгүт кербенин" уюштуруп, башка региондорго да жиберишибиз керек" деди Мамлекеттик катчы.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан "Үгүт кербенинин" курамына депутаттарды, Өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрүн, ошондой эле калктын суроолоруна жеринде жооп беришсин үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, каржы министрликтеринин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кошуу боюнча сунуштар айтылды. Кеңешменин жыйынтыгында жазында мындай кампанияларды республиканын бардык региондорунда уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.Турсунбаев, вице-премьер-министр Э.Ибраимова, Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Д.Эсеналиев, ЖК депутаттары, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, маданият министрлигинин жетекчилери жана Кыргызстандын маданият ишмерлери катышты.

Д.САНЖАРБЕКОВ