, 25.11.08 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ
Өмүр сабагы
Ок өтпөйт.
Отко күйбөйт.
Суукка тоңбойт
Тийген жери оңбойт.
Бу эмине, Ымаке?

Э, ок өтпөсө,
Отто өрттөнбөсө,
Суук тоңдурбаса,
Тийген жерин оңдурбаса.
Айыбыңды ачык айткан
Ак сөз - ал, куутумшук бала.
ЁЁЁ
Киши тайгак жолдо өмүр
өткөрөт. Ал канча тайгак болсо, өмүр ошончо кызык. Бүгүн күңүрт күн эртең ачык. Бүгүнкү ырыскы канчалык ачуу болсо, эртеңкиси ошончо ширин. Эзелки түзүлүштүн өзүнчө оңу, терси болгон. Ал качан сонун болсо, киши кургур бат семирген жаныбар. Жылкыдан беш бетер куйрукту сыртка салып тескейде мойнор кесири бар.
ЁЁЁ
Таланттуу тарыхчы тарыхта
изи калбаган окуяны так
баамдайт".
ЁЁЁ
Эмесе мындай: адам бала-
сы акыл-эстүү жаныбар деген түшүнүк эс тартканымдан бери көңүлүмдө турду. Ал менин кыйындыгымдан, же акылдуулугумдан эмес, биздин элдин
байыркылыгынан, сөзгө маани бергенинен келди. Элибиз сөз, кеменгерлик, даанышмандык ж.б. касиеттер жөнүндө тээ атам замандан бери ой толгоп, таштан, темирден, башка бузулбас заттардан заңгыраган ак сарайларды салбаганы менен, сууга салса чөкпөгөн, өрткө салса күйбөгөн рухий мунарасын түзгөндүгүнүн себеби бар экен. Ал - сөзгө берген маани. Куйма кулак болот, куюп алат уккандарын. Анан ал уккандарын ойлонот, таасир алат, бул боконосу ката элек баланын болоор алдынан келген кабар.
ЁЁЁ
Акылман да, акмак да, чечен
да, ырчы да ким-кимиси болсун катышуу, биринен бири үлгү алуу, сабак алуу, үйрөнүү менен кесиби такшалат. Мына ушунун баары эриш-аркак өнүгө турган нерсе. Кыргыздар биз кызык элбиз. Биз баатырбыз, эр Манастын тукумубуз, айкөлбүз, кечиримдүүбүз, меймандоспуз деп элибизди мактайбыз. Ырас, акыбыз да бар. Бирок ошого тете толгон кемчиликтерибиз да бар. Кээде бирибизге-бирибиз канат-бутак болуп колдошуу жокко эсе.
ЁЁЁ
Акын табиятынан мактанчаак,
алып учма болот. Анткени поэзиянын кудурети ошондой, эл дайыма көңүлүңдү көтөрүп жүрөт, элиртет. Мен аңгеме, повесть, ал эми романды айтпай эле коёюн, жазганда кадимкидей дыйканча тердеп, арка талып, эмгекке көп күч зарптаймын. Кара сөздүн дүйнөсү ушундай. Алар ошол себептен токтоо келишет окшойт. Ыр жазганда кадимки акындарча канаттуу атка минип, чыгармачылык эргүүгө берилип кетем. Деги эле менин поэзиядан көңүлүм калган эмес. Ал менин иштеримдин алтын учугу. Себеп: драмада, прозада да поэзия бар. Анын нуру аларга күч берет. Элестерди, каармандардын ички толгонууларын ача келгенде, ашыктык темасына кайрылганда поэзия жазуучуну элиртип турат.
ЁЁЁ
Орустун окумуштуусу Кисе-
лев: "Кыргыздар атаандашына аркасын салбаган жоокер эл. Байыртан өзүлөрү сыяктуу чакан улуттардын кыйырын, алдуу сандуулардан сактап келген кыраандыгы бар экендигин бир топ тарыхый документтер далилдеп турат", - деп жазган кайсы бир эмгегинде. Чындыгында эле болуп-толуп, жоокерликтин жылдызы жанып турган маалында да кайран кыргыздын аң-сезиминде кимдир-бирөөнүн жерин басып, элин олжолоп алуу максаты жаралбаптыр.
ЁЁЁ
Башат - булак.
Суунун жер-
ден кайнап чыккан көзү. Ошондуктан башаттан чыккан суу эң тунук. Ошондой эле жаш кезинен жакшы менен жаманды ажырата билүү, киши өз ички дүнүйөсүн ошо бала чагынан таза сактап келүү.
Канаттууга таш ыргытуу, уя бузуп жумуртка сындыруу таш боордук - жаман. Уяны коргоо, балапанды аяш боорукердик - жакшы. Ата-эненин тилин албай кишилердин көзүнчө тентектениш бейадептик - жаман. Ата-энеге колкабыш этип, адеп сактоо - жакшы. Калп айтуу, өз курбусун алдоо, жалкоолонуш, кежирлениш - жаман. Чын айтуу, кишиге ак пейил болуу жакшы...
Айтор, жакшылык кишинин кишилик касиетин ачар оң сапаттар, оң иштер, оң мүнөз, жорук-жосун, оң талап, жакшы үмүт. Булар дайым кишинин көңүлүн көтөрөт. Максатын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Бала кезинен жакшы нерселерди өзүнө үлгү эте билген кишинин колуна ал жакшылык дайыма шам-чырак карматат.
Ар кандай жамандык кишинин кишилик касиетин качырат. Кишилик наамын булгайт. Бала кезинен жалкоо, ууру, ушакчы, алдамчы, таш боор, ач көз болуу сыяктуу терс жана жаман нерселерди өз боюна дүйнөсүнө үйүр кылган кишини ал жаман сапаттары аны акыры пас этет. Көңүлүн чөгөрөт, үмүтсүздүккө батырат. Акыры жамандык кишини ыплас жолдо карайлатып салат.
Киши өзүн ошондой ыплас жолдо карайлатпас үчүн бала кезинен өмүр бою жакшы эмине, жаман эмине дегенди ар дайым ичкен ашындай көңүлүндө тутуп, өз башындагы кемчилигин көрө билип: "Э, мен бир жолу калп айттым эле, жаман болду. Э, оройлук эттим эле, уят болдум", - деп өз кемтигин көрө билгенде киши өзүн-өзү тарбиялай алат.
Өзүн-өзү тарбиялай билген киши өзүндөгү кем-кетигин тез жоёт. Оң жолдо жүзү жарык, иши ийгиликтүү. Ошентип өзүн-өзү тарбиялай билүү - тарбиянын эң жугумдуусу жана туурасы.
Мейли бала, мейли чоң киши болсун, ошо жаш кезинен, өзүн-өзү тарбиялай билбесе, ага чет тарбия анча жугумсуз. Жакшы айтылган сөз кулак сыртында калат. Баягы: "Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы" деп элдин айтканында эле чоң чындык бар.




  Эскерүү

Мыскал Өмүрканова
(Башталышы гезиттин
№88 санында)
Эл кыдыргандагы
бир элес
1959-жылы филармониянын директору жана көркөм жетекчиси композитор Акмат Аманбаев башчылык кылган элдик музыканы жыйноочу фольклордук экспедиция Тянь-Шань облусун кыдырып, Ат-Башыга барганыбызда Ысмайыл Борончиев жетекчилик кылган концерттик бригада ошол райондо жүргөн экен. Мен ал кезде искусство иштери боюнча башкы башкарманын начальнигинин орун басары элем. Акмат Аманбаев филармониянын жетекчиси болгондуктан, бизди кечкисин концерт коюлган айылдарга чакыртып алышчу. Концерттик бригадада М.Өмүрканова, Т.Шабданбаев, Ы.Борончиев, М.Үмөталиев, Ж.Чабалдаев, М.Козубекова, Б.Кулболдиев, К.Үкүбаев, Борбодоев бар экен.
Концерттен кийин конок кылган үйдө кой союлуп, арак-шарап куюлуп, айыл активдери сүрөөнгө алып, концертте ырдабаган ырларды ырдатышчу. Мыскал "Ойло, сен", "Эсте, секет", "Жүрөгүмдөн", "Катка жооп", "Колхоздогу курбума" деген күйгөн ырларын, Мыктыбек "Айдаралы жөргөлөк" сыяктуу куудул ырларын, Жапар "Барчын менен калтарды", Токтоналы "Солтонун солкулдагын", Ысмайыл Кочкордон чыккан "Зууракан сулуусун" ырдаганда, отургандар өмүрү укпаган обондорго балкып, жыргалга батып отурганы эсибизде. Анда азыркыдай телевизор, кол телефондор жок, атүгүл четки райондордо радио түйүндөрү да тартыла элек. Активдер өзгөчө Мыскалды ырдатышып, таң аткыча, эт бышкыча тамашага батышчу.
Андан соң концерттик бригада Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорун кыдырып кетишти. Чаекке барганда, канча кылган менен өзгөчө өнөр жандуу эл эмеспи, жумгалдыктар: "өзүбүздүн эжебиз, өзүбүздүн кызыбыз келди" дешип чоң кубаныч менен кучак жая тосуп алып, айрыкча Мыскал эжени алаканга салып көтөрүп алышты. Кыргыз эли Мыскал эжени ушунчалык сүйөт экен, бир койгон жерге экинчи күнү да концерт койдурушуп, кетирбей, график, маршрутту бузуп, туулган айылына агылып барып, кой союп, боорсок бышырып, кымызын ташып, конок кылып жатышты. Элдин суроо-талабын, өтүнүчүн кыйбай Мыскалдын концерттик бригадасы планды ашыгы менен орундатып, Беш-Терек, Миң-Куш, Көк-Ой, Көкө-Мерен, Кызыл-Ой, Тунук, Суусамыр өрөөнүн, Кызарт, Башкууганды, Кызыл-Туу, Таш-Дөбө, Дыйкан, Кайырма, Соң-Көл аймагын бүт кыдырышты.
Кыргыз жериндей жер болорбу! Кыргыз тоолору керемет! Мына, ушул ырыскысы ташып жаткан, мал киндиктүү керемет жерди мекендеген берекелүү элге булбулдай сайраган, торгойдой таңшыган кыздар, колунан көөрү төгүлгөн уздар, татынакай келиндер, шайдоот жигиттер шайкеш келгенде көркүнө көрк кошуп, тоолор кулпуруп турат эмеспи! "Өзүмдүн өскөн жеримден өнөрлүү сонун калк көрдүм" дегендей, Жумгал өрөөнү башынан эле таланттарга бай. Жумгал аймагы дүйнөгө атагы чыккан кыргыздын Отеллосу - Муратбек Рыскуловду, кыргыздын Раймондасы - Бүбүсара Бейшеналиеваны, кыргыздын Жульеттасы - Таттыбүбү Турсунбаеваны, кыргыздын Чолпону - Чолпон Жаманованы берген.
Баркталбай
кеткен таланттар
Мына, ошол Жумгал аймагынан чыккан Мыскал Өмүрканованын өнөрү Орто Азия менен Казакстанда кезикпеген уникалдуу көрүнүш. Анын үнү, аткаруусу, репертуары кайталангыс, өзүнчө дүйнө. Мезгилинен эрте соолуган гүлдөрдөй аталган залкарлардын көбүнүн өмүрү кыска болду. Мыскалдын жылдызы искусство асманында алтымышынчы жылдарга чейин жаркырап турду. Качан таланттуу адамдарды өткөрө сыйлаган, адабият менен искусство инсандарын баалай билген, аларга аяр мамиле кылган кыраакы жетекчилер И.Раззаков менен А.Казак-баев кызматтан кеткенден кийин Мыскалдын өмүр шамы бүлбүлдөп барып өчтү. Жеке эле Мыскал эмес, А.Казакбаевдин ордуна келген маданият министри кандайдыр өзүнө жакпай калган Анвардын да, Таттыбүбүнүн да, Бакендин да, Чолпондун да, Салиманын да үнүн өчүрдү.
"Элге берген куруттан мени кандай куруттуң" дегендей татыктуу наамын албай, эки бөлмөлүү квартирага жетпей, жарытылуу өмүр сүрбөй Ж.Чабалдаев, К.Досманбетова, К.Үкүбаев, Б.Кулболдиев, Ж.Кожакметов, С.Бекмуратова, С.Чечейбаева, А.Аманбаев дагы-дагы толуп жаткан бир катар өнөр инсандары дүйнөдөн эртерээк өтүп кетишти.
Чыгармачыл өнөр адамдарына берилчү квартираларды министрлердин орун басарлары, бөлүм башчылары, БКнын кызматкерлери, театрлардын директорлору, администраторлор ж.б. келип-кетчү адамдарга бөлүштүрүштү. Адам тагдырын чече турган орунга жетекчи кадрларды тандаганда өтө билгичтик менен, кыраакылык менен тандоо керек эле. Аталган инсандар тирүүсүндө гана эмес, өлгөндө да барк алынган жок. М.Өмүрканова, А.Куттубаева, Т.Турсунбаева, А.Тулеев, Ж.Чабалдаев, С.Чечейбаева, К.Досманбетова жана башкалар азыркы депутаттар, бизнесмен алып сатарлар коюлуп жаткан Ала-Арча көрүстөнүнө эмес, кайда коюлганы белгисиз. Телевизорго тарттыралы деп алардын мүрзөлөрүн, күмбөздөрүн издеп, таппай келишет.
Ал эми, бир мекемеде 18 жыл, 24 жыл башкаруучу болуп жылбай иштедик деген, арбын пенсия алган, элиталык үйлөрдө жашаган, жетиштүү турмушта магдырап жаткандар так ошол өнөр адамдарынан руханий-эстетикалык рахат алып, "алардай болобу" деп, жыргатып салгансып уялбай, башы жерге кирип кетпей, мактап калганына таңкаласың. Кайран гана Мыскал, Таттыбүбү, Анвар, Бакен тоталитардык системада партиялык функционерлердин курманы болгону кимге жашырын?