, 21.11.08 - 17-бет:
 "Кыргыз Туусунун" кат куржунунан

Көңүлдөгү көп көйгөй
Массалык маалымат каражаттарынан билгенибизге караганда Кыргызстанда чиновниктердин кызматтык автоунааларынын күйүүчү майларына, алардын ремонтуна жана айдоочуларына эмгек акы болуп бюджеттен жылына 650 млн. сом жумшалат экен. Анан да чиновниктер ар бири 70-80 миң долларлык автоунааларды минип жүрүшөт. Ал эми республикабызда жети облус бар, алардын чиновниктерине дагы жылына жүздөгөн миллион сом акча кетсе керек.

Союз убагында Кыргызстан союздук бюджеттен каржыланып, гүлдөгөн республика болуп турганда да бир гана Ош облусу болуп, калган райондор республикага баш ийчү. Ушул облустарды кыскартуудан эле канчалаган акча үнөмдөлмөк.
Мындан төрт-беш ай мурда жашоо минимуму 2800 сом болсо, баалардын жогорулаганынан улам азыр 3800 сом да жетпейт. Ал эми пенсия, пособиелерибиз жашоо минимумунун деңгээлине жакынкы он жылда жетерине да ишенүү мүмкүн эмес. Ошол эле учурда кычыраган кышта көмүрсүз жашоого болбойт. Анын тоннасы октябрь айына чейин 4 миң сомдон, жакшысыныкы 5 миң сомдон да жогору. Бул түндүк региондордогудан кыйла кымбат.
Неберем М.Эргешованын күйөөсү Санкт-Петербургда иштөөдө. Ага баруу үчүн неберемдин паспортун алмаштыруу керек болду. Райондун паспорт столунда Бишкекке жөнөтүңүз дешкен. Кырк беш күндөн кийин паспорт каттоого алынбагандыктан, чет элге чыгуучу паспорт берүүдөн баш тартылган жооп келди. Мына ушул маселени чечиш үчүн бирөөдөн 6 миң сом карызга алууга туура келди. Ушундай маселени Оштон эле чечүүгө болбойт беле?
Жакында Россиянын Тюмень облусундагы Ноябрск шаарында он жылдан бери иштеп жаткан окуучум Б.Султанов менен сүйлөшүп калдым. Анын айтуусу боюнча жүз миңдей калкы бар бул шаарда мурдагы СССРдин республикаларынан келишкен эмгек мигранттары көп иштешет. Ошол эле учурда бизден барган мигранттарга жакшы мамиле жасалат экен. Башкалар Россиянын жарандыгын алуу үчүн үч жылдан кем эмес жашоого тийиш болушса, биздикилерге төрт-беш айдан кийин эле ушундай мүмкүнчүлүк берилет. Ошондон улам Россия менен мамилени жакшыртуу зарыл деп ойлойм.
Эми кеп Президенттин демилгеси менен ачылган "дыйкан" базарлары жөнүндө болсун. Талааларда иштерин бүтүрө алышпай шашышкан дыйкандар алып келген продукцияларын ортомчулар дүңүнөн сатып алышат да, ар бир килосуна 20-25 сомдон кошуп сатып, пайда табышууда. Мына ушундай чайкоочулар менен аёосуз күрөш зарыл.
Учурда болгону 5 миллион калкы бар өлкөбүз өзүн буудай менен камсыздай албай жатат. Азыркыдай саясат боло берсе, он жылда да камсыздай албайбыз. Бир жарым миллиард калкы бар Кытай бизге тиричилик товарларынан тышкары ун, эт, күрүч, жумуртка, сарымсак баш болуп мөмө-жемишинен бери сатууда.
Мына ушундай көрүнүштөр качанга чейин улана бермекчи?!
Абдураим МАНАСОВ, Рахманалы УМАРОВ,
Араван району,
Төбө-Коргон айылы




"Кыргыз Туусу" гезитине
Алдамчыларга эскертип койгулачы
Ош облусунун эмгегинен таанылган белгилүү адамдарын "Атактуу атуулдар" деген китепке киргизебиз деп ЖЧК "АI-Hasib" агенттигинин директору Дастан Маткадыров менен түзгөн келишим боюнча ар бир киши 2450 сом төлөп, бирден нуска алмак. Биз Кара-Кулжа районунан Гүлүйпа Ибраимова жана мен башкалардай эле 2007-жылдын июль айында тийиштүү 2450 сомду ар бирибиз Айгүл Абдразаковага төлөгөнбүз. Китеп чыгаруучулар 2007-жылдын июль айынын акырына чейин китепти чыгарып берүүгө милдеттенишкен. Убадаларына турушпай бир жылдан кийин гана чыгарышып, тарката башташыптыр. Өзгөн районундагыларга берип, кара-кулжалыктарга беришпеди. Өзгөндүк Жалалидин Кармышаков дагы ашыкча 5 китеп алам деп ар бирине 500 сомдон жалпы 2500 сом төлөсө, жеткирбей дагы качып жүрүшөт экен. Берген телефондоруна чалсак,уюлдук жана иш телефондору такыр албайт. Бишкекке барганда даректери боюнча барсак иш орундарында жок, таппадык. Айла кетип,жалганчылардын эсине гезит аркылуу эскертели деп сиздерге кайрылганым.
Токойлук ОМОРКУЛОВ,
СССРдин жана
Кыргыз ССРинин
эл агартуусунун отличниги,
КРнын эмгек сиңирген
мугалими,
Эмгек даңкы
орденинин ээси,
Кара-Кулжа району





Маданиятты айылдан дагы үйрөнөлү
Баарыбыз эле шаар маданияттуу деп айтабыз.
Бирок, шаардын маданияттуу жагы да бар, маданиятсыз жагы да бар экен. Бир эле көргөнүмдү айтайын. Автобуска түшүп калсам ушунча маданиятсыз элдерди көрдүм. Бирөө шортикчен, бирөө трусачан, бирөө штанчан, бирөө дагы ... эмнечен. Эми эмне, жылаңач жүрүп калышабы? Кыздар киндиктерин көргөзүп бет алдыңда турушат! Ушу да маданиятпы? Мада-
ниятты айылдан дагы үйрөнөлү.
Мамет БАРЧЕКЕЕВ,
Казарман айылы




Ардагер мугалим ардагер агайы тууралуу
Агайларым менен сыймыктанам
"Мугалим - мөмөлүү дарак" - деп эл ичинде бекеринен айтылбаптыр. Анткени, ошол мөмөдөн даам таткандар өзүнүн организмин керектүү заттар менен толуктап, узак жашоого, өмүр жолун улоого ынанымдуу сапарын улайт эмеспи.
Адамдын терең билим алуусуна, дүйнө таануусуна мугалимдин ролу чоң экендигин баса белгилөөбүз зарыл. Атап айтканда "А" тамгасын таанытуу менен "Ата", "Апа", "Ата Мекен", "Аалам" деген ыйык сөздөрдү алгачкылардан болуп үйрөткөн да биздин ардактуу агай-эжекелерибиз.
Ушул жерде дүйнөлүк маданияттын, адабияттын, философиянын корифейи Чыңгыз Айтматов айткан кереметтүү мындай сөз жүрөккө из калтырат. "Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз",- дейт. Абдан мазмундуу, жөндүү, моюнга алаарлык сөз.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында жарык көргөн "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" гезиттеринен, мугалимдер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессорлору А.Осмонкулов, А.Сыдыков агайлардын мамлекеттик сыйлык алганын окуп, өзүм сыйлык алгандай сүйүндүм. Ошол замат кечки саат он бирге карабастан агайым Аскар Осмонкуловго телефон чалып куттуктадым. Эки агайым тең мени окуткан. Мен ошон үчүн сыймыктанып, бул агайлардын эмгегин жазып, элге жетки-рейин дедим.

Аскар Осмонкулов 1926-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында туулган. Орто билимге ээ болгондон кийин Фрунзе педагогикалык институтун 1947-жылы ийгиликтүү аяктап, Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районундагы Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде кыргыз тил, адабият мугалими, директору болуп иштеген. Сабакты абдан кызыктуу, жакшы берүүчү. Өзү созулган, катуу айтпаган, сылык сөздүү, жүрүм-туруму өтө жөнөкөй, бирок, салабаттуу эле. Биз абдан сыйлачубуз. Кээде балдар өз ара агайдын сабак бергенин, басканын туурап, ошондой болсок дечүбүз. Биз 10-классты бүткөндөн кийин агай Ноокат районуна эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Ош облустук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.
1961-1977-жылдары "Мектеп" басмасыннын бөлүм башчысы, директору, "Эл агартуу" журналынын редактору болуп эмгектенди. Ошол учурда мен Өзгөн райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегендиктен "Эл агартуу" журналын райондогу мугалимдерге бүт жаздырчумун, анткени анда республикадагы алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасы кеңири басылчу. Ал өзү журналга жазылуу убагында райондорго барып, мектептердин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүп, журналдын максатын кеңири түшүндүрчү. Ошондой эле мугалимдердин ой-пикирин, сунуштарын угуп, журналдын кийинки сандарында чагылдырчу.
1974-жылдан тартып, (1983-1988-жылдары орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда, азыркы БГУда) кафедра башчысы, декан, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы, декан, ректордун мамлекеттик тил боюнча орун басары кызматтарында иштеп, филолог студенттерге дарс окуп, практикалык сабактарды өтүп келе жатат.
1966-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, 1975-жылы доцент, 1981-жылы профессор, 1996-жылы педагогика илимдеринин доктору деген илимий наамдарга жетишти. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001-жыл), быйыл "Даңк" медалы менен сыйланды.
Аскар агай 84 жашка келсе дагы өз кайратынан, демилгесинен кайта элек. Педагогикалык жигери өр карай тартып, ардагерлик акыл сезими күндөн-күнгө өсүүдө. Сыйлыгыңыз кут болуп, ден соолугуңузга кубат, демилге кошсун демекчибиз.
Расулберди МАМЕТОВ,
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын
эл агартуусунун
отличниги,
Өзгөн району




Кабатырланган казак жээн, Камбар-Атадан аянбаган Гүлнур Сатылганова
Өзбекстандын Ташкент облусуна караштуу Бостандык районунда жашаган казак жээндин оппозициядагы кыргыз тагаларынан суранычы.
Мен өткөн жылы май айында Ташкент облусунун Паркент районундагы Кыргыз- Айыл деген жеринде жашаган карындашымдын үйүнө барып калдым. Эртеси бир кой алып, он чакты киши болуп Сүрөн-Ата мазарына бардык. Бизден кийин Бостандык районунан казак туугандар да барып калышты.
Алар менен өз ара сүйлөшүп олтуруп менин эки балам Бишкектен окуп, кыргыз жарандыгын алышып, ошондон кийин 2000-жылы Бишкекке көчүп барганымды айттым. Казак зыяратчыларынын бири кыргызга жээн экен. Ал Кыргызстандагы оппозициянын апрель айындагы тополоңдору жөнүндө сурап калды.
Мен ал жөнүндө өз пикиримди айттым. Жээн болсо митингди казак телевидениесинен көрүп оппозициячылардын тополоңуна нааразы болгонун айтты. Анткени, анын казак тагалары: "Президентти беш жылга шайлагандан кийин мөөнөтү бүткөнчө тынч койбойсуңарбы, Акаевди жаман деп бошоттуңар, эми экинчи президентиңер да жаман болдубу? Коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын элдеринин алдында кыргыз элинин аброюн жерге тебелебегиле", - деп айтышыптыр.
Анан буларды кагаз бетине түшүрүп, Кыргызстандын гезиттеринин бирине берүүнү суранды. Ал эми өткөн жылдын апрель айындагы окуяда өзүн мыкты алып жүргөн генерал Б.Ногойбаевдин агасын жакшы тааныйт элем. Мен ичимден Бейшеналы абама, анын жубайына кыргыз эли, Ата Мекени үчүн күйгөн бала тарбиялаганы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирдим.
Өзбекстандын тарыхында аты калган бир адам жөнүндө айта кетейин. Ташкент облусунун Орто-Чыйырчык районундагы "Полярная звезда" колхозунун төрагасы болуп улуту корей Ким Пен Хва иштеген. Ал эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Согуш жылдарында үй-бүлөсү менен жыйнап-тергенин курал чыгаруу үчүн фондго төлөп берген.
Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу Президент К.Бакиевдин демилгеси менен жүрүп жатат. Бул кыргыз элинин тарыхый курулушуна таланттуу ырчы Гүлнур Сатылганова 200 миң сом акча кошту жана куруучуларга бекер концерт коюп берди. Бул кызыбыздын аты да Кыргызстандын тарыхында түбөлүк жазылып калмакчы. Ата Мекенин чын жүрөгүнөн сүйгөн ушул кызды тарбиялаган ата-энесине алкыш. Г.Сатылганованын таланты мындан ары да ташкындап, өз элине кызмат кыла берүүсүнө батамды бермекчимин.
Кыргыздын акчалуу жигиттери да бул демилгени колдошсо жакшы болмок. Анан да элибиздин турмушу жакшы болушу үчүн тынчтык керек. Бекеринен "Бир күн уруш болгон үйдөн, кырк күн береке качат" - деп айтылбаган. Кыргызстаныбыздын келечеги кандай боло тургандыгы жөнүндө суроого жакшы болот деп жооп бермекчимин.
Арипбай ПАРДАБАЕВ,
Ташкент облусунун
Бөкө районунан
көчүп келген
ардагер мугалим,
Бишкек шаары
P.S. Мен бул аксакалды 1980-жылдан бери жакшы билем. Кыргыздын намысын Өзбекстанда өмүр бою талашып келген инсан. Өзбекстандагы кыргыз мектебинде мугалим, мектептин директору болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Өз улутуна күйгөн чыныгы уул-кыздарды тарбиялап өстүрдү. Учурда бала-чакасы менен Кыргызстанга көчүп келип, орун-очок алып жашап жатышат. Кыргыздын келечегине күйгөн ушундай аксакалдарыбыз көп болсун демекчибиз.
К.МОЛДОКАСЫМОВ