, 21.11.08 - 10-бет:
  Улуулардын нускоосу

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ
Өмүр сабагы
ooo
Баскан жолун танган же аны элес албай унуткан, ага текебердик менен караган киши, баарыдан мурда өз дүнүйөсүн рухи жактан ач калтырат. Өзүн-өзү тарбиялоо, өзүндөгү кемтикти жоюу колунан келбей - жетилдим, көптү билемин деген курулай менсинүүгө алданат.
Туура, окубагандык - акыл-эсти чектери анык. Бирок, ал акыл-эстин уңгу сапатынын чектелиши эмес. Турмушка, болмушка, тагдырга деле кубаныч менен кайгыга, өмүр менен өлүмгө, жакшы жаманга ой жүгүртө баамдоосу миң, миң жылдар мурда эле кишидеги акыл-эси тизгиндеш болгондугу дал ушул кезде анык.
Деле байыртадан бери улам соңку урпакка мурас болуп келаткан ого эле көп уламыш, жомок, дастан, көркөм өнөрлөр, чулу айтылган лакап, макалдар дал мезгилден мезгилге учукташтыгы, мазмундаштыгы менен деле ак, кара, сары түспөлдөгү тукумдарга тең ортоктоштугуна далил.
Тарыхый кырдаалдарга карай өз кезегинде илим-билимди тереңдетип көп тармакта өнөрүн өркүндөткөн элдин кишилери акыл-эс жагынан бөтөнчө төрөлүп, бөтөнчө ой жүгүртпөгөнү, тек акыл-эсти уктатпай ойготуу - үзүрдүү изденүүсү артыкчылыкка жеткирди.
Ошондой эле тарыхый мезгилдерге салыштыра караганда, маселен көчмөндөр ошо өзүнүн көчмөн тиричилигинин ыңгайына шарттуу илим-билимин, өнөрүн өнүктүрдү. Көзгө көрүнбөс Ак сарайларды - адам суктанган көркөмдүктөрдү сөздүн күчү, сөздүн касиети менен курду. Салыштыра караганда алар бири өрдө, бири паста эмес - тизгиндеш.
Эмесе, биздин элдеги: "Акыл ашса - жин" деген накылга күлбөстөн аны калыс баамдап сактана карап, ошо кишидеги касиеттүү АКЫЛ-ЭСти уйкуда көшүлтпөй, ал КАСИЕТтин жыргалын көрөлүчү...
ooo
Илим-билимди, асыл өнөрдү өнүктүргөн акыл-эстүү адам баласы адил күрөшүндө айкөл, камкор, боорукер, кечиримдүү тартып жалпы эле жер балдарына бирдей энчилеш бакыт кушун үндөп келатыр замандан замандарга!
Боору кенен жер-суу деми, ачык тийген Күн нур илеби, алкагы кенен Аалам касиеттери менен жан-жаныбар өмүрү танапташ деген кеменгер элибиз бакытты - канаты талыбас касиеттүү кушка теңеген.
Биз - адам баласы бирибизге бирибиз пейлибизди агартып өмүр көчүн сапардаш узатканыбызда бакыт кушу төрүбүзгө конду. Жергебиз кеңейди. Калайык калк муң билбеди. Дасторкондо ырыс-кешик толуп турду.
Биз - адам баласы пейил бузуп бирибизди бирибиз душман санап менсингенде жергебиз тарыды. Жерибизге кан төгүлдү. Жалпы жан-жаныбардын каргышына калдык. Бакыт кушу төрүбүздөн учту.
Өмүр көчү өзүнүн татаал, катаал сапарында эчен албан сабагын тартты. Ал сабактын таалимин улагандар - оң жолго түштү. Өркөнү өстү. Адам өзүнө да жалпы эле жан-жаныбарга жакшылык арнады.
Замандан замандарга өмүр көчү ушундай оош-кыйыш жолдо келатыр. Өкүнүчтүү жагдай эң акылдуу жаныбар-киши өзүнө өзү оор жүктү артат. Анан:
- Оо, тагдыр! - деп, бактысыздыкты жаандан, жаратылыштан, Кудайдан көрөбүз.
Жаан жерди көгөртүп, жаратылыш асыл байлыгын энчилеп, Кудай пейлибизди агартып келатпайбы!
Биз - адам баласы ошого ак бололу!
Байыркы атам - кыргыз урпагы, кел-келиң дегенде, сен желдей сыздың, куштай учтуң. Агыны катуу дарыядан ат сугардың. Кырк капкалуу Бээжинге от жебеңди ызгыттың. Кел-келиң кеткенде канатың кайрылды. Тулпарың аксады. Жөө бастың кылымдарга.
Отко күйбөс, сууда чөкпөс, жерде чирибес сөз бермети жараткан дастаның даңазалап - дастаның күбө баарына!
Кеменгер ажо бир айтат - төп айтат. Ал айтканы калайыкка жагат.
ooo
Бериде эки миң жылдык өмүр көчүн көз алдыга келтирип:
Кыргыз атанын байыркы урпагы ноочо, сабырдуу, токтоо, кечиримдүү - инсандык касиеттерин бийик, бекем сактагандыгы; өздөрүнүн байыркы бабалары - хундардан жортуулдук ыкманы таалимдеп жана согуш жарактарын өнүктүрүп тегиз атчан уул, кызы от жебе учуруп Борбор Азияны четдушмандардан коргоочусу болгонун бүгүн дүнүйөдөгү боордоштордун башын кошкон бул улуу жыйын - Курултайына маалымдаймын!
Өнөрү өнүккөн: болот эриткен темирчилери, алтын, күмүштөн асыл жасалгаларды иштешкен колунан көөрү төгүлгөн зергер-усталары иштеп чыгарган көркөм буюмдар байыртан бийик бааланганы музейлерде сакталганын аныктаймын!
Ошентип эл аралык карым-катнаштарда да тек бир беткей барбактап осол кетпестен өнөрү өнүккөн эл катары бабаларыбыз күчкө күч кайрып, амалга амал менен жооп айтып мезгилдин талабына
ылайык дипломаттык байланышта коомдук өнүгүшүн билгилик менен өнүктүрүп - зоболосу бийик АСМАНдын, учугун улап көктөй берүүчү ӨМҮРдүн жышаанасы КӨК АСАБАсын көтөрүп ажолук АК ОРДОнун түндүгүн бийиктеди. Уруу биримдиги бекем кездери - улустун тамыры тереңдеди.
Ырас, Абыке, Көбөш эки арам сыяктуулар ичтен ыдырап, биримдикти кетиргенде зоболо тайыды. Ат арыды. Баатыр каза тапты. Толугу бөксөрдү. Калайык мүңкүрөдү.
Уруулар аралык бекем биримдик болгон кезде андай кайгылуу көрүнүштөргө жол берилбеди. Деле байыртан бери ынтымакка ынак кишилерди ич ара таарыныч араласа, алар айыбын моюнга алышып, билги карыялардын алдында не ушундай жыйында деле өз ара ынтымакка келишип, кек сактабаска ишеним антын беришүү - пейилди агартуу элибизде мүнөздүү экенин эске туталы!
Эмесе эл башкарган бийик даражадагы жетекчилерибизден тарта акыл-эстүү ата-энелер, келечектин ээси - улан, кыздар - жалпы калайык-калк ушул бардык түрк тукуму баш кошкон чоң жыйын - Курултайдан баштап кеменгер, кечиримдүү бабаларыбыздын касиеттүү салтын улайлы. Алардын ак пейилин, айкөлдүгүн сабак этели. Кектешип кекейишпейли. Жер-суубуздун көктөшүнө, элибиздин өсүп-өнүп өркүндөшүнө "леп" эткен зыянын тийгизер жорук-жосунду элибизге мүнөздүү токтоолук, топуктуулук, чер жазган шайырдык менен силкип таштайлы!
Айга, жылга созулган дастандарыбыз бизге дем берип келди.
Аска зоону жаңырткан обондорубуз бизге үн берип келди.
Дилибизди агарталы. Пейлибизди кеңейтели.
Дегеле, Умай Эненин колунан насип таткан кездеги наристедеги тазалыкты эске туталы!
Кыргыз атанын тукуму - түрк элдери, улуу биримдигиң улана берсин. Кемтигиң бүтөлсүн, бөксөң толсун. Бабалардын арбагы жылоолоп зоболоң көтөрүлсүн!
Өмүр көчүбүз түбөлүккө байсалдуу болсун! Бар болгула!




  Эскерүү

Мыскал Өмүрканова
Эл алдына чыгып ырдаган биринчи айым
Кыргыз музыка дүйнөсүндө секетбай, күйгөн, ашыктык ырларын көркүнө чыгара аткарган, шаңкылдаган үнү, мукам абазы, шаанилүү сымбаты менен эл жүрөгүнө уюган Мыскал Өмүрканова кыргыз өнөрүнүн өркүндөгөн, гүлдөгөн, ренессанс доору дей турган бактылуу мезгилде жашап, залкар ырчылар, комузчулар, чоорчулар, кыякчылар, манасчылар, дастанчылар менен үзөңгүлөш жүрдү. Кала берсе, Мыскал зайыптар арасынан эл алдына чыгып ырдаган биринчи ырчы. Мыскалдан мурда деле кыргыз элинде ырчы, комузчу, кыякчы селкилер болгон. Бирок, алар заман запкысында, эркектердин үстөмдүгүндө болуп, эл алдына чыга албай, ачык шаңшый албай, көлөкөдө кала берген. Мыскалды үлгү кылып, өткөн замандардын өнөрпоз кыз-келиндерин, зайыптарын кеп кыла турган болсо, тилинен бал тамган жезтаңдай селкилер Балкыкыз, Осмонбек кызы Бурулча, Элебай кызы Айкүмүш, Каптагай кызы Мөкүш, баатыр Белек тукумунан Көкөнөй, Даанакан эске келет.
Мыскал сыяктуу элдин уюткусунан чыккан чебер аткаруучу, нукура ырчы, обончу, композиторлор: Атай Огомбаев, Муса Баетов, Бектемир Эгинчиев, Абдыкалый Темиров, Жумамүдүн Шералиев, Экия Мукамбетов, Канымгүл Досманбетоваларды элдик музыканын классиктери деп баа берүү туура болоор. Адатта, классиктер кыска жана нуска жазат. Аз, бирок образду чыгарат. Атайдын бар болгону үч-төрт гана күүсү, беш-алты гана обону бар. Атап айтканда: "Маш ботой", "Марш камбаркан", "Саадат какты", "Актамак-көктамак" деген күүлөрү, "Ой, булбул", "Күйдүм чок", "Гүл", "Жаштарга", "Эсимде", "Эр Панфилов" деген көөнөрбөс-өлбөс ырлары менен элдик ырлардын устаты, кыргыз музыкасынын классиги болуп калды.
Муса Баетов тууралуу да ошону айтса болот. "Даанышман", "Сагынам", "Ойгоном", "Алма алам", "Кыздар ай", "Окудум борбор шаарынан", "Акзыйнат", "Арпанын АлаТоосунан" деген мыкты ырлары менен ал да элдик музыканын классиги.
Мына ушундай авторлордун сонун ырларын эл алдына ырдап чыккан Мыскал Өмүрканова, Асек Жумабаев, Жапар Чабалдаев азыркы ырчылардан жагымдуулугу, угумдуулугу, колорити менен айырмаланып турат. Алардын аткарган лирикалык ырлары музыканын алтын фондусунда, аларды сагынуу, куса болуу, куштар болуу мезгил өткөн сайын арта берет. Мыскалдын өзүнө гана таандык мукам үнүн кимдин гана уккусу келбесин! Ал аткарган "Алымкан", "Акбермет", "Күлгүн жаш", "Күйдүм чок", "Ой, булбул", "Катка жооп", "Карындаш", "Колхозчунун күйгөнү", "Колхоздогу курбума", "Жүрөгүмдөн", "Ойло, сен", "Түшүмдө", "Эсте, секет", "Кызыл гүл", "Айчүрөктөн канча артык" деген ырлар көп көрүнгөнү менен аз эле, бирок аземдүү, жагымдуу, мазмундуу, угарман кайра-кайра уккусу келген ырлар.

Москвадагы унутулгус күндөр
Мен Мыскал эжени 1958-жылы Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн декадасында көрүп, он күн бирге жүрүп, бирге кызмат кылып, асыл сапаттарын көңүлгө түйүп калган элем. Анда Мураталы, Калык, Атай, Муса, Шаршенден башка залкарлардын баары тирүү. Тигилер саал мурдараак көзү өтүп кеткен экен. Ал декадага катышкан аксакал өнөрпоздор: Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Чалакыз Иманкулов, Саид Бекмуратов, Мыскал Өмүрканова, Алиман Жангорозова, Токтоналы Шабданбаев, Ысмайыл Борончиев, Бектемир Эгинчиев, Турсун Карымшаков, Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбековдорду "Европа" мейманканасына жайгаштырып кызмат кылдык.
"Астория" жана "Арагва" ресторандарынан самоор, чара, чөөгүн, табак, кашык, бычак, айры, чыны, чайнек ташып "Дичь" деген дүкөндөн күнүгө жаңы союлган семиз ириктин тулкусун алып келип, чөөгүнгө салабыз. Эстебес менен Токтосун эт бышырышат. Токтоналы менен Ысмайыл табак жасайт. Мыскал менен Алиман самоор кайнатып, чай куят. Биз, Нарын театрынын директору Мурадил Ибраев экөөбүз арак сунуп, пиво куябыз. Алар колбаса, сыр, салат, балык, бифштекс сыяктуу тамактарды жешпейт. Борщ, щи, солянка ичпейт. Күнүгө бешбармак жешет. Пивону чакалап согот, бирок бири да кызып, мас болбойт. Алар үчүн
атайын мейманкананын алтынчы кабатындагы холду бошоттуруп беришкен. Ортого чоң тегерек үстөл коюп, полго килем төшөп, шайы төшөктөр салышкан. Аксакалдар чечинип, таза дамбал-көйнөкчөн отуруп, чер жазышчу, ырдашчу, тамаша айтышчу, комуз чертишчү. Алар репетиция кылбайт, кийип келген чийбаркут шым-кемзелдери менен кемер курчанып, суусар тебетей, ак калпакчан сахнага чыкканда москвалыктар дүркүрөтө кол чаап тосуп алат. Саякбай "Манас" айтып, Карамолдо кара күү чертип, Саид кыяк тартып, Ыс-майыл менен Токтоналы айтышып, Мыскал "Алымканды" ырдап, бирден гана номер аткарып, арналган автобуска отуруп, кайрадан мейманканага келишет.
Кыргызча кийинген, ак элечекчен Мыскал менен Алиман аксакалдардан ыйбаа кылып, илбериңки, сылык мамиле менен дасторкон жайышат да "ырдап койгула" десе, ырдап беришет. Мыскал эже чечилип секетбай-күйгөндөн таштаганда аксакалдар тердеп, жаштыгын эңсеп, кунт коюп, жашып угушат. Деген менен, Мыскал эже декадалык концерттерде москвалыктарды таңкалтып, кыргыздын ар-намысына жарап, үнүн созолонто кыргыз өнөрүнүн жүзүн көрсөтүп, "Алымканды" дем албай созгондо залдагы көрөрмандар менен угармандар жарылып кете жаздап, овация менен коштоп-кубаттап турганы эсибизде. Эл артисти Мыскал эже Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, декададан кубанычтуу, көңүлдүү кайтты да, кыргыз көрөрмандары менен угармандарына отчёт берип, эл кыдырып гастролдо жүрдү.

(Уландысы бар)