, 18.11.08 - 6-бет:
  Президенттин Кайрылуусун - турмушка

Ааламды каржы кризиси каптады, ага туруштук берүү жолдору такталды
Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги башка министрликтер, ведомстволор менен бирдикте Президенттин кайрылуусунда коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча 60 пункттан турган иш-чаранын долбоорун иштеп чыкты. Аны Кайрылуунун маани-мазмунуна, андагы тапшырмаларга
төп келтирдик.
Ал негизги үч блоктон турат. Ага министрликтер менен ведомстволордун сунуштарынын олуттуу
жагдайлары гана киргизилди.

Абалды жеңилдетүүнүн олдору
Биринчи блокко, кыйроого карай
түрткөн тышкы күчтөргө каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу иш-чаралары киргизилди. Экинчи блокто энергетика менен айыл чарба проблемаларын чечүүчү, турукташтыруучу конкреттүү милдеттер бар. Азыркы учурда өлкөбүздүн энергетикалык системасы өтө оор абалда турат. Ушуга байланыштуу бардык гидростанциялардагы суунун жетиштүү деңгээлде топтолушун камсыз кылуу, көзөмөлдөө милдети пайда болду. Экинчиден, энергетиканын түзүлүшүн кайра куруу муктаждыгы жаралды. Айыл чарбасында болсо, биринчи кезекте, азык-түлүк коопсуздугун чечүү керек, муну менен кошо рынок шартындагы кыйроого алып келүүчү коркунучтарды азайтуу жана тармакты башкаруунун принциптерин кайра карап чыгуу боюнча учурдун талабын турмушка ашырышыбыз зарыл. Үчүнчү блоктогу иш-чара планыбыз өлкөбүздүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик башкаруу реформасын заманбап деңгээлге жеткирүү аракеттерин өзүнө камтыйт. Ушул иш-планды жүзөгө ашыруу үчүн айкын сектордогу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүштүк чыгымдарды кескин азайтууга,мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга жетишишибиз керек.
Иш чаралардын аткарылбашы айрым министрликтердин кашаңдыгынан
Президенттин ушул жылдын 10-янва-
рындагы Кайрылуусунда белгиленген тапшырмалар өлкөбүздүн Өкмөтүнүн жыл боюнча иш-аракет планынын негизин түздү. Анда 173 иш-чараны турмушка ашыруу максаты каралган. Мунун 100ү, же болбосо 57 пайызы 9 айдын ичинде бүткөрүлүшү керек эле. КРнын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин бардык облустук мамадминистрациялар, Бишкек, Ош
шаарларынын мэриялары менен эриш-аркак иштөөсүнүн, колдоосунун натыйжасында белгиленген иш-чаралардын кыйласы бүткөрүлдү, өлкөбүздүн 2008 - 2011-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программасы менен стратегиясы даярдалып, кабыл алынды. Бүткүл дүйнөлүк банктын "Бизнести жүргүзүү" боюнча ишмердигине кирип иштөө аркылуу Кыргызстандын Өкмөтү "Реформанын 100 күнү" программасын турмушка ийгиликтүү ашырды. Мунун натыйжасында республикабыз реформа жүргүзүү жагынан 99-орундан 66-орунга түшүп, үчилтик өлкөлөрдүн катарына кошулду. Муну менен кошо КРнын жаңы салык Кодексинин иштелип чыгышы, кабыл алынышы өр таятуучу олуттуу факторлордун бири болуп калды. Мындай олуттуу жетишкендиктер менен кошо өнүгүүгө бөгөт болгон кемчиликтер да бар.
Жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын омоктуу бөлүгүнүн орундатылбай калышы айрым министрликтер менен ведомстволордогу аткаруучу тартиптин төмөндөп кеткендигин далилдеп турат. КРнын Өкмөтү менен Жогорку Кеңешине сунушталуучу укуктук чендик актыларды бекитип берүүнүн кечигип жатышы айрым министрликтер менен ведомстволордун кашаң иштеп жатышына себепкер болууда. 9 мыйзам долбоору иштелип чыкпай, сунушталбай калды. Бир нече гана иш-чараны аткаруучу ведомстволордун да тапшырмаларды так аткара албай жатышы мамлекеттик башкаруунун сапатын төмөндөтүп жатат. Өкмөттүк пландын аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингде 79 иш-чаранын 39у гана араң аткарылганы аныкталды. Азыркы учурда турмушка ашырылуучу иштердин 48 пайызы, же болбосо 39ы иш-чара жакынкы арада бүткөрүлүү деңгээлинде турат. Мунун 15и тынымсыз түрдө, дагы 15и жыл аягына чейин, 9у узак убакыт ичинде аткарылуучу тапшырмалар.
Дүйнөдө баа арзандаса да,
өлкөдө төмөндөбөй жатат
Акыркы айларда мунайзат продуктыла-
ры менен буудайдын арзандоосу тышкы жана ички базарларда жүрө баштады. 24-октябрга карата дүйнөлүк базарлардагы кара алтын товарларынын баасы эки эсеге арзандап, бир баррели 65 долларга, алтын дандын тоннасы 200 долларга чейин түшсө да Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар менен нан азыктарынын баасы кескин төмөндөгөн жок. Бензиндин баасы 12 пайызга, буудайдын арзандап кетишине карабай нан азыктарыныкы 2 пайызга эле төмөндөмүш болду. АКШда бензиндин баасы өткөн жылдын апрель айындагы деңгээлге түштү. Россияда бааны ооздуктоо боюнча чаралар кабыл алынды. Кыргызстанда болсо олуттуу товарлардын бааларына талдоо жүргүзүү, төмөндөтүү жаатында чараларды көрүү зарылдыгы жаралды. Эгерде биз планда каралган иш-чараларды так аткарып, айыл чарба азыктарынын бааларын монополияга каршы жөнгө салууга жетишсек анда баалар азыркыдан кыйла төмөн болмок.
АКШдагы ипотекалык насыя берүү рыногунун кулашынан улам келип чыккан бүткүл дүйнөлүк каржы кризиси барган сайын күчөп, инвестиция берүүчү банктарды кудуретсиздикке туш кылып, фондулук рынокко катышкандарды дүрбөлөңгө салып, катарларын суюлта баштады. Чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен борбордук банктары депозиттерди коргоо жана каржы секторундагы тез сатылып өтүүнү колдоо жаатында омоктуу иш-чараларды жасап жатышат. Россиянын Өкмөтү банк системасын турукташтырууга 1,5 триллион рублди бөлдү. Ири банктарга жардам берүү, депозиттерди коргоо максатында АКШнын Конгресси менен Сенаты Буш-Полсондун 700 миллиард доллар бөлүү жөнүндөгү планын кабыл алып, бекитти.
Акча которуулар азайып, өкмөт токтому аткарылбады
Мындай аракеттер дүйнөлүк каржы ры-
ногундагы кырдаалдын өтө татаал экендигинен кабар берип турат. Бул коркунуч Кыргызстанга да келиши ыктымал. Ички фондулук рыноктун начар өнүккөндүгү гана дүйнөлүк каржы кризисинин өлкөбүзгө куюлуп киришине бөгөт болууда. Бирок, ал республикабыздын экономикасына кыйыр түрдө таасирин тийгизип жатат. Мигранттардын акча которууларынын азайышын, четтик инвестициянын келүү агымы менен атамекендик продукцияга болгон четтик суроо-талаптын кыскарышын, валютаны алмаштыруу курсунун туруксуздугун азыр айкын сезе баштадык.
Энергетикадагы кырдаал татаал бойдон калууда. 1-октябрга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушун 12 млрд. куб метрге жеткизүү жөнүндөгү КРнын Өкмөтүнүн №135 токтомундагы ( 9.04. 2008-ж.) тапшырма аткарылган жок. 1-октябрга карата мындагы суунун көлөмү 9,6 млрд. куб метрди гана түздү.
Өнөр жайы боюнча өсүштүн арымы өткөн жылдагыдан жогорулап, 8,8 пайызды түздү. Мындай өсүш "Кум-Төрдүн" эсебинен камсыз кылынды. Бул ишкананы эсепке албай турган болсок, анда жыл аягында өнөр жайыбызда продукцияны чыгаруунун көлөмүнүн төмөндөй тургандыгы күтүлүүдө.
Электр энергиясын өчүрүү
өндүрүшкө оор сокку урду
Ички дүң жыйымдын өсүш арымы 2
пайызга кыскарды. Курулуш материалдары өндүрүшү, тамак аш азыктары менен тамак ашты кайра иштетүүчү өнөр жайы
сыяктуу бюджетти түзүүчү тармактардын өсүш арымы төмөндөдү. Электр энергиясын берүүнү чектөөнүн кесепетинен кийим тигүү тармагында эле өндүрүүнүн көлөмү 500 миллион сомго кыскарды. Ушул эле себептен улам тамак ашты кайра иштетүү өнөр жайында иштеп жаткан 9 миңден ашуун субъекттердин өндүрүштүк өсүшү биринчи кварталдагыга караганда 9-айда 10,4 пайызга төмөндөдү. Электр энергиясын үзгүлтүктүү берүүнүн кесепетинен Токмоктогу "Интергласс" айнек заводу ЖЧКсынын жоготуусу 101,2 млн. сомду түздү. Мындан тышкары, 2008-жылдын сентябры менен 2009-жылдын март айына чейинки мезгилдеги бюджеттик жоготуулардын 685 миллион сомго чейин жетиши күтүлүүдө.
Энергетика менен айыл чарбасындагы төмөндөөнү биз токтотууга тийишпис. Мындан тышкары курулуштун көлөмү да кыскара түштү. Курулуштун жалпы дүң продукциясынын өткөн 9 айдагы көлөмү мурдагы жылдын тиешелүү мезгилиндегиге караганда 96,1 пайызды түздү. Чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Өкмөтү "Ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча бирдиктүү автоматтык маалымат базасы жөнүндөгү - "Контр - Про" программа" кабыл алган. Бүгүнкү күндө "Контр - Про" программасы 21 маморганды, алардын райондук бөлүмдөрүн өзүнө камтып турат. "Коңгуроо" программасы иштеп жатат. Бул долбоор иштей баштаган апрель айынан тартып текшерүүчү органдардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу 158 телефон чалуулар болуп, анын 49у боюнча жеринде текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Бекер жаткан жерибиз жок,
өнүгүү стратегиясын
иштеп чыктык
Тышкы кыйратуучу таасирлерден
коргонуу максатында 2008 - 2017-жылдарда агрардык сектордогу күч-кубатты арттыруу стратегиясы иштелип чыкты. Муну менен кошо өлкөбүздүн аймактарын 2009 - 2011-жылдарда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасы кабыл алынып, бекитилди. Ушул эле учурда биздин министрлик тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү аймактык саясаттын концепциясы иштелип чыкты. Бул концепциянын түпкүрүндө аймактарды ыкчам түрдө өнүктүрүү, калктын турмуш тиричилигинин деңгээлин жогорулатуу максаты турат.
Өткөн 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча энергосектордогу, айыл чарбасындагы, бааларды жөнгө салуудагы курч кырдаалдарды жөнгө салуу тапшырмасы тиешелүү министрликтерге, ведомстволорго, губернаторлорго, рай-акимиаттарга берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 17-октябрдагы КРнын элине болгон Кайрылуусунда коюлган тапшырмаларды турмушка ашыруу максатында Өкмөттүн иш-аракетинин планы иштелип чыкты. Азыркы учурда дүйнөлүк жана ички экономикалык процесстерге терең талдоо жүргүзүү аракеттери, макроэкономикалык өсүштү камсыз кылуучу антикризистик иш-чаралар тынымсыз түрдө жүргүзүлүп жатат.
Акылбек Жапаров,
Кыргыз Республикасынын
экономикалык өнүгүү
жана соода министри




Кайрылууга карыянын пикири
Курулай убадалар эмес, конкреттүү сунуштар айтылган
Президент Курманбек Бакиевдин элге жасаган Кайрылуусун кунт коюп радиодон угуп, теледен көрүп, кийин гезиттерден окуп, аткарылып жаткан жумуштар менен салыштырып келем. Ар бир Кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүүсүнүн экономикалык, социалдык багыттарын аныктап, ар бир мамлекеттик бийлик бутактарына милдеттерди коюп, мезгил-мезгили менен бири орундалганда
кийинкисин белгилеп, өсүүнүн, жакшы жылыштардын ырааттуу ыргагын жолго коюуда.
Эл өзү көрүп тургандан кийин санап
кагаз бетин толтурбайын, кийинки мезгилдеги калк муктаждыгын чечкен чоң ишканалардын, завод-фабрикалардын ишке кириши жана курулуп жатканы далил. Тонолуп, таланган Ленин заводунун ордуна "Белорусь" тракторун чыгаруу башталгандыгы эле өнөр жай колго алынып, айыл чарбасына көңүл бурула баштаганы эмеспи. Айыл чарбабыздан мол түшүм алууга жетишсек, биз сатып алууга кызыкдарбыз деп Белорусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келген расмий сапарында Президент Курманбек Бакиевге айтпадыбы. Кеп дыйкандардын, фермерлердин мол түшүм, эт, сүт өндүрүшүнө тийиштүү министрликтер мамлекеттик колдоону уюштуруп, жер-жерлерден экспортко чыгара турган азык-түлүктү топтоп, же сатып алып туруктуу жөнөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууда. Сөздөн ишке өткөн учур келди.
Улутубуздун улуу дөөлөтү: тарыхы, тили, руху, наркы, салты, дили, маданияты, коом түзүлүшүндө жана башкаруусунда болгон бай тажрыйбалар колдоого алынып, мамлекеттик саясатка багыт алгандыгын айта кетейин.
"... Азык-түлүк жетиштүү болобу? Кирешелердин туруктуу деңгээли сакталып калабы? Адамдар ушул суроого жооп уккусу келет жана бийликтен реалдуу кадамдарды күтүп жатат". Мамлекет башчысынын элдин мүдөө-талабын, көйгөйүн алдын-ала сезип, түйшүк тартып жатканын, камкордугун баалоо керек. Айыл чарбасын башкаруунун эскирген ыкмалары жарабай калды, алардын дарамети түгөндү, базар шартындагы тобокелчиликти азайта турган жаңы багыт, жаңы ишкердик керектигине талаптын катуу боло турганын эскертти. Ошондуктан агрардык сектордогу башкаруу системасын жаңылоо зарыл.
Кабыл алынган жер жөнүндөгү кодекс, мыйзамдар элдин үмүтүн актаган жок. Тармактык корпорацияларды ирилешкен айылдык кооперативдерди түзүү боюнча Өкмөт, Айыл чарба министрлигинин иштей албагандыгынан айдоо аянттар кысыр калып, коко тикен, таш уйгак, сары чырмоок, кекире басып, чөп да чыкпай калды. Жердин жеке менчикке өтүп, үлүшкө берилиши натыйжа бербей, дан азыктарынын таңкыстыгына туш болдук. Райондордо жоюлуп кеткен айыл чарбаны химиялаштырууну түзүп, аларды жабдуу боюнча чет элдик инвесторлорду тартуу зарыл болуп турат.
Өткөн жылдагы табийгаттын кургакчыл болушу дыйкандарды кооптонтуп койду. 1 гектар аянтка 10 миң сом каражат жумшап, түшүм алалбай, Айылбанктардан алган насыя кредиттерин төлөй албай калышты. Президентибиз азык-түлүк коопсуздугу жер шарын каптай баштаганын, ага туруштук берүүнүн чараларын көрүү милдетин коюп жатат. Ошондуктан азыртан баштап кам көрүп, кайрак жерлерге ысыкка чыдамдуу зыгыр, софлор сыяктуу май өсүмдүктөрүн эгүү үчүн элди көндүрүш керек. "Куру сөз курсак тойгузбайт" дегендей, Президентибиздин Кайрылуусун талкуулоого түкүнчө адам катышты, мынча киши чыгып сүйлөдү деген курулай маалымат пайда бербейт.
Президентибиздин коомдук палата түзүү жөнүндөгү сунушун колдоп, Өкмөт элдин үмүтүн актоого чечкиндүү кадам жасаса деп айткым келет. Кайрылууда сот системасына элдин нааразычылыгы жөнүндөгү ою туура, ал өткөн беш жылда калыптанып калган. Биздин райондук соттун төрагасы А.С.Эргешов кылмыштын алдын алып, болтурбоо максатында мыйзамдарды түшүндүрүү, элдик нарк, салттарды сактоого тынбай калк менен жолугушууларды өткөрүп жатканын коомчулук колдоп жатат. Бирок, биздин райондо он жыл иштеген соттун төрагасы Ж.Дооранов эки жылдан бери сотко тиешелүү болгон үйдү бошотуп бербейт, улуттук кеңеш, судьялар кеңеши райондун ардагерлеринин өтүнүчүнө жардам берет деген ойдобуз.
Ноябидин САЛИЕВ,
Кара-Кулжа районунун ардагерлер
кеңешинин төрагасы