Американы апааттан Обама алып калабы?

Барак Хусейн Обама
Америка Кошмо Штаттарынын 44-президенти Барак Хусейн Обама 1961-жылы 4-августта Гавайа штатынын борбору Гонолулу шаарында туулган. Анын атасынын туулуп өскөн жери Кения. Болочоктогу президенттин атасы жаш кезинде мал кайтарган, кийин контрактылык негизде Кенияда окуганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан грант аркылуу АКШга экономист болом деп келип, ал жерде антропологияны үйрөнүп жаткан Стэнли Энн Данхэм деген ак түстөгү кыз менен таанышып, көп өтпөй ага үйлөнөт. Барак Обама эки жашка чыкканда атасы Энн Данхэм менен ажырашып, Кенияга кетет. Ал жерде Өкмөттүн аппаратына экономист болуп ишке орношот.

Келечектеги президент алты
жашка толгондо апасы Индонезиялык студентке турмушка чыгат. Ал апасы, карындашы жана өгөй атасы Лоло Соэторо менен Индонезияда төрт жыл болуп, Джакартадагы мамлекеттик мектептердин биринде окуйт. Гавайага кайрылып келгенден кийин таятасы менен таенесинин колунда өсөт. Барак Обама 1979-жылы Гонолулудагы эң мыкты деген мектептердин бирин аяктагандан кийин Лос-Анджелестеги колледжге тапшырып, көп өтпөй Колумбия университетине которулуп, аны 1983-жылы аяктайт. Мектепте окуп жүргөндө ал баскетбол ойногонду жакшы көргөн, ал окуган мектептин курама командасы бир ирет штаттын чемпиону да болгон.
Университетти аяктагандан кийин Барак Обама эл аралык Бизнес корпорациясынын финансылык маалыматтар бөлүмүндө редактор болуп иштейт. Андан кийин 1985-жылы Чикагодогу чиркөөлүк кайрымдуулук топторунун биринде иштөөгө өтөт. Мына ушул жерде иштеп жүргөндө адамдардын турмуштарын жакшыртуу үчүн саясатта жана мыйзам чыгарууда өзгөрүүлөр болушу керек экендигин түшүнөт.
Обама 1988-жылы Гарвард университетинин укук мектебине тапшырат. Ал 1990-жылы университеттин эң беделдүү басылмасынын биринчи кара түстөгү редактору, андан кийин Гарвард юристтеринин клубунун биринчи кара түстөгү президенти болот. Обама 1991-жылы окуусун аяктагандан кийин Чикагого кайрылып келип, адвокаттык ишке киришет. Ал өз ишинде көбүнчө дискриминациянын курмандыктарын коргойт, ошол эле мезгилде Чикаго университетинде конституциялык укук боюнча сабак берет, демократиялык партиянын штабында да иштейт. Барак Обама 1993-2004-жылдарда негизинен Чикаго университетинде окутуучулук милдетти аткарат. 1997-2004-жылдары демократиялык партиядан Иллинойс штатынын сенатында өкүл да болгон.
2000-жылы Обама өкүлдөрдүн Палатасына шайлоого катышып, бирок азыркы конгрессмен Бобби Рашуга утулуп калган. Ал эми штатта сенатор болуп жүргөндө демократтар менен гана эмес, республикалык партиядагылар менен да активдүү кызматташкан. Ал 2002-жылы АКШнын Иракка кол салуусун айыптаган.
Барак Обаманын ысмы 2004-жылы 29-июлда Демократиялык партиянын съездине кайрылуу менен сүйлөгөндөн кийин АКШнын
коомчулугуна кеңири белгилүү болгон. Обаманын ал сөзү телевидениеден түз алып көрсөтүлгөн. Ал андагы сөзүндө америкалыктарды мамлекет жаңыдан түзүлүп жаткандагы алгачкы баалуулуктарга кайрылып келүүгө, АКШны "ачык мүмкүнчүлүктөрдүн" өлкөсүнө айландырууга чакырган. Ал 2004-жылдагы шайлоодо алты атаандашын ишенимдүү жеңип, Иллинойс штатынан АКШнын сенатына сенатор болуп шайланат. Обама АКШнын тарыхындагы сенатка шайланган кара түстөгү бешинчи сенатор болуп саналат.
Харизмалык сапаттары аябай күчтүү, чечендиги жагынан айырмаланган Барак Обама тез эле АКШнын маалымдоо каражаттарынын сүймөнчүгүнө айланып, экрандарды, басылмалардын негизги беттерин ээлеп алат. Анын тез эле популярдуу болуп кетүүсүнө жалпыга маалымдоо каражаттарынын кошкон салымдары абдан чоң. 2006-жылдын аягынан тартып Барак Обама эксперттер тарабынан президенттикке талапкер катарында карала баштаган. 2007-жылдын башталышынан Барак Обама Демократиялык партиянын фавориттеринин ичинен сенатор Хиллари Клинтондон кийинки экинчи орунда турган.
2008-жылдын 10-февралында Иллинойс штатынын Спрингфилд шаарында Барак Обама президенттикке талапкерлердин катарына кошула тургандыгын жарыялайт. Ал ошондон бери Джордж Буштун ички, тышкы саясатын тынбай сындап келе жатат. Шайлоо алдындагы жарышта Хиллари Клинтонду артка калтырды. Аны АКШдагы кара түстөгүлөр, метистер гана эмес, ак түстөгүлөрдүн да басымдуу көпчүлүгү колдошуп, 4-ноябрда Президент болуп шайланды. Бул шайлоо Американын тарыхындагы эң кымбатка турган шайлоо болду. Атаандаштар орто эсеп менен ар бир добуш үчүн 8 доллардан сарпташты. Обаманын шайлоо фондуна 1,3 миллиард доллар жыйналса, алар негизинен үгүттүк клиптерди тартууга, электрондук жана басылма каражаттарынан убакытты, орундарды сатып алууга жумшалган. Анын шайлоо фондусуна каражат жыйноого Голливуддагы киножылдыздары абдан чоң жардам көрсөтүшкөн.
Барак Обама эки китептин автору, маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда азыр үчүнчүсүн жазууда. Аялы Мишель Робинсон Обама кесиби боюнча юрист. Малиа, Саша деген эки кызы бар. Барак Обама өзүнүн биринчи байлыгы, жетишкендиги катарында үй-бүлөсүн эсептесе, саясый карьерасын экинчи ийгилиги катарында карайт.
Барак Обамадан эмнелерди күтсө болот?
Азыр дүйнөнүн саясый жаа-
тындагы эксперттери, байкоочулары, ошол эле учурда АКШнын шериктештери гана эмес, башка негизги өлкөлөрдүн жетекчилери да Барак Обаманын өмүр жолун, саясый карьерасынын башаттарын иликтешип, дүйнөдөгү негизги экономикалык, аскердик державанын мындан аркы тышкы саясаты кандай багыттарда өнүгө тургандыгын божомолдошууда. Барак Обама президенттикке ат салышуунун жарышы башталганга чейин дүйнөлүк коомчулукка кеңири белгилүү болгон эмес. Демек, АКШнын мындан аркы тышкы саясаты кандай болот? Ал биздин мамлекетке эмнелерди берет, же бизге кандай зыяны тийиши мүмкүн?" деген маселе кайсыл өлкөнүн жетекчисин болбосун ойлондурбай койбойт. Ал эми АКШга өтө жакын мамиледе болгондорду жана аны менен чыр-чатактардын абалында турган мамлекеттердин жетекчилерин эки эсе көбүрөөк түйшөлтүүдө. Алсак, Барак Обама президент болуп шайланары менен Ирандын президенти Махмуд Ахмадинеджад эки өлкөнүн ортосундагы кризисти жөнгө салуу боюнча ага чоң катын жолдоптур. Барак Обама ал катта көтөрүлгөн маселелерди жардамчылары менен биргеликте дыкат үйрөнүп жаткандыгын маалымдады. Бирок, "Ирандын ядролук согуш куралына ээ болуусуна биз эч качан макул болбойбуз" деп кесе айтты.
АКШ Билл Клинтондун тушунда экономикалык кайра жаралууга туш болуп, акчасын кай жакка жумшаарын билбей калса, кичи Джордж Буштун убагында тышкы саясатта да, ички саясатта да кризистин тилкесине кирди. Иракка каршы согуш жарыялап, Саддам Хусейндин режимин, өзүн кошо жок кылган менен, ал өлкөдө тынчтыкты камсыз кыла алган жок. Шейиттер менен сунниттерди кайраштырып, курд сепаратизмин ойготуп алды. Афганистанда талибдерди талкалап, Хамид Карзайды бийликке койгон менен бул өлкөдө да ички чыр-чатактар жөнгө салына элек. Чын-чынына келгенде Хамид Карзайдын бийлиги Кабулду жана анын айлана тегерегин гана көзөмөлдөйт. Ал эми өлкөнүн калган аймактарына уруулардын жетекчилери билермандык кылышат.
Дж. Буштун убагында өлкөнүн ички карызы, бюджеттин таңсыктыгы астрономиялык суммага жетип, дүйнөлүк финансылык кризис да башталды. АКШнын дүйнөдөгү аброй, бедели да мурдагы мезгилдерге салыштырганда кыйла төмөндөй түштү. Мына ушулардан улам АКШда жакында жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөдө Дж.Буш Американын тарыхындагы эң начар беш президенттин бири деп табылды.
Барак Обама өлкөдөгү мына ушундай оор кризистик көрүнүштөрдүн фонунда Ирактан, Афганистандан АКШнын аскерлерин кыска мөөнөттүн ичинде чыгарып кетип, ал жерлерде тынчтыкты камсыз кылып, өлкөнүн экономикалык, финансылык абалын оңдоого убада кылгандыгы үчүн бийликке келди. Анын шайлоо алдындагы негизги урааны "Америка өзгөрүүлөргө муктаж, аны мен аткарам" деген постулат болду. Дж.Маккейндин утулгандыгынын себеби - Американын шайлоочулары аны Джордж Буштун партиялаш орун басары катарында гана карашты. Эгерде ал шайланып калса, анын ички, тышкы саясаты Буштукунан эч нерсеси менен
айырмаланбайт деп эсептешип, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү сунуш кылган Барак Обамага артыкчылык беришти.
Албетте, убада берүү оңой, бирок аларды жүзөгө ашыруу жеңил-желпи нерсе эмес. Эгерде АКШ Ирактан, Афганистандан аскерлерин чыгарып кетсе, ал жерлерде баш аягы көрүнбөгөн жарандык согуштар башталышы, эртең эле Ирактагы бийликти Саддам Хусейндин тарапкерлери, ал эми Афганистандагы бийликти талибдер ээлеп алышы да мүмкүн. АКШ Ирактан, Афганистандан аскерлерин чыгарбаса, саясый атаандаштары Барак Обаманы жалганчы катарында жарыялашат. АКШга ички финансылык кризисти жөнгө салуу башка айрым өлкөлөрдөгүдөй анчалык оор кыйынчылыкка турбайт. Американын экономикасы, финансысы мындай кыйынчылыктардын далайын баштан өткөрүп, бардыгынан жеңүүчү, мурдагысынан да кубаттуу болуп чыгып келген.
Ал эми Барак Обаманын тышкы саясатына келе турган болсок, ал Польшага, Чехияга ракеталарга каршы куралдарды жайгаштыра тургандыгын билдирди. Анын тышкы саясаттагы позициясы Дж.Буштукунан да катаалыраак болсо болот, бирок андан жеңил, жумшак болооруна ишенүү кыйын. Анткени, анын шайлоо алдындагы жакын кеңешчилери З.Бзежинский, М.Олбрайт, Э.Хоук сыяктуу саясатчылар болушкан. Алардын баары тышкы саясатта катаал позицияны карманып, АКШнын дүйнөгө үстөмдүгүн бекемдеп, арттыруунун жактоочулары гана болуп келишкендиги белгилүү. Демек, Барак Обама менен тил табышып кызматташуу Россиянын жетекчилиги үчүн жеңилге турбайт. Барак Обама демократтардын салтын карманса Россия менен мамилелерди өтө татаалдантууга да барбайт, эгерде Грузиянын тегерегиндеги жаңжал өтө курчуп кетсе, Россияга карата экономикалык, технологиялык санкцияларды киргизиши мүмкүн, бирок ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өтө жакшыртууга да умтулбайт. Ага анын артында турган З.Бзежинский менен М.Олбрайт жол бербейт.
Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, Борбордук Азияда ушундай аталышта республика бар экендигин Барак Обама чала бучук болсо да уккан болушу керек. Америкадагы адистерден башкалар адатта саясый, экономикалык таасирлери төмөн мамлекеттердин бар жогуна деле кызыгышпайт. Расмий маалыматтарга ылайык, АКШдагылардын жармысынан көбү өздөрүнө кошуна Мексиканын президенти ким экендигин деле билишпейт. АКШнын биз менен болгон мамилелерин мурда мамкатчынын жардамчысынын деңгээлиндеги мамчиновниктер аныктап келишсе, мындан ары деле ошондой болот.
...Ошентип Барак Обама АКШ үчүн чоң кыйынчылыктар пайда болуп турганда бийликке келди. Согушчан, чыр-чатакчыл республикачылардан жадап бүткөн америкалыктар Обаманы мессиялык (куткаруучу) милдеттерди аткара турган инсан катарында аябагандай чоң үмүттөр менен президенттикке шайлашты. Ал үмүттөрдүн жармысын иш жүзүнө ашыруу да жаңы президент жана анын командасы үчүн жеңил болбойт.
Даярдаган
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan