, 14.11.08 - 17-бет:
  Дил маек

Белгилүү адабият сынчысы Болот АКМАТОВ:
"Талашып окулчу чыгарманы таланттуулар жаратат"
- Айтыңызчы, базар экономикасы келгенден бери кыргыз дүйнөсүн, адабиятты таануу процессинин абалын сынчы катары кандай түшүндүрө аласыз?
- Бүгүнкү күндө кыргыз адабияты, дегеле кыргыз дүйнөсү биринчи кезекте өзүн тааныш керек болуп турат. Совет мезгилинде биз орус адабияты аркылуу дүйнөгө чыкканыбызга байланыштуу орус адабияты, маданияты бизге классикалык үлгү катары эсептелчү. Азыр бизде жаңы система келгенинен бардык тарабынан жол кенен.
- Демек, жаңыдан түптөлө турган асыл нарктар тууралуу оюңуз кандай?
- Андай болгондо эки нерсени эстөө керек. Биринчиден, батыштын адабиятын алып келип, аны таптакыр табылгыс жаңы нерсе катары карап жатабыз.
Экинчиден, ошол эле учурда улуттун өзүнүн байыркы көрөңгөсүн өздөштүрүү процесси жүрүп келатат . Адабиятты алдыга жылдырабыз десек биз ушул жолду алышыбыз керек. Биз мурун ким элек, кандай болдук, канчалык бийиктикке жеткенбиз?
Биздин "Манасыбызга" теңдеш чыгарма жок да. Дүйнөлүк адабиятты салыштырып караганда дагы биздин эң кенже деген эпосторубуздун деңгээлине жеткен көркөм туунду жок. Муну моюнга алышыбыз керек. Ушулардын бардыгынын идеяларын жокко чыгарып коюп эле, батышты уникалдык нерсе деп тааныганыбыз көп учурап жатат.
- Эгемендүүлүктөн кийинки өзгөрүүлөрдү байкадыңызбы?
- Албетте, совет мезгили кыйрады, адабиятчылардын дээрлик көпчүлүгү эмне жазарын билбей калды. Баягыдай Компартиянын токтому, көрсөтмөлөрү жок калды. Бирди-жарымдары адабияттын тарыхына өтүп кетти, кээ бири саясатка аралашты. Көрсө партия адабиятты саясатташтырып койгон экен. Ошо саясаттан биз бүгүн да кутулалбай, көркөм эстетикабызга кайра келалбай жатабыз. Дагы эле эки маселе турат. Биринчиси, биз элди танып келгендигибиз, "окурмандардын табити начар, билими төмөн, ошон үчүн көптөгөн чыгармаларды түшүнө бербейт" деп. Муну рынок маселеси ордуна коюп койду. Көрсө окурман окуй турган чыгарманы таланттуулар гана жарата алат, биз ошого жетишибиз керек экен.
- Окурман эмне үчүн жаккан чыгармасын тандайт? Жаман жагы кайсы, жакшы жагы кайсы?
- Ал өзүнүн деңгээлиндеги ой-жүгүртүү эмес, ошол улуттук деңгээлдеги ой-жүгүртүүнүн бир системасы жашап жаткандыгын эсибизге албай жатабыз. Ошону чыгарышыбыз керек. Биздин адабият таануубуз бир мезгилде жок болуп калган, капаста калып калган Калыгул баш болгон адабиятыбызды ойготуу менен гана чектелип калганбыз. Андан башка жакка чыга элек. Мисалы, теориялык көптөгөн маселелер турат. Кыргыз эли байыркы эл дейбиз, биздин эрага чейинки экинчи кылымдарда пайда болгон дейбиз, ошондон бери эле бизде адабият жок беле? Болгон да. Мамлекеттүүлүк жашап турган жерде сөзсүз түрдө адабият жашаш керек. Ошондон бери биз эмнеге жетиштик, ортодо жок болуп кеткен актай кылымдардын ичинде эмне бар эле, ушунун баарын иреттештириш керек болуп жатат. Ошо менен кошо кыргыздын өзүнүн көркөм дүйнөсүндөгү эстетикалык нерселерди дагы кайра калыбына келтириш керек. Мисалы, "Манас" жөнөкөй эле бир, эки Манасчынын айтканынан пайда болуп чыга калган жок. Эми ошо Манасты жараткан эл бүгүн кандай абалда? Биздин поэзиябыз кайсы багытка жылыш керек? Биз өткөн көрөңгөдөн эмнени алышыбыз керек дагы, азыркы менен глобалдаштыруу процессин эмнеге синтездешибиз керек? Биздин алдыбызда ушул маселелер турат. Ошондой эле, экинчиси, бизде поэзияны улуу нерсе катары эсептеген экен да, прозаны көркөм чыгармачылыкка чоң даярдык катары карап койгон.
- Мисалы, салыштырып караганда?
- Салыштырып карасак, адабият таануу илиминде биз биринчи поэзиядан баштап изилдей баштайбыз. Поэзия, драматургия, анан проза изилденет. Көрсө прозадан башташ керек экен, прозанын эстетикалык касиети бар. Себеби бала сөздү үйрөнүп, сөздүн маанисин өздөштүрүп, элестетип, анан ыргакты үйрөнүп, андан келип поэзияны түшүнөт экен. Эмне үчүн ушуну адабият теориябызга өзүнчө багыт катары эсептей албайбыз. Ошону эсепке алган күндө биздеги чыныгы көркөм дүйнөнүн фону, терең көркөмдүк мазмуну ачылыш керек. Ошон үчүн биздин адабиятчылардын алдында чоң милдет турат. Баягы орустан көчүрүп келген поэзиянын, же проза менен драматургиянын теориясын эле кайра кайталап, орусчадан кыргызчага коюш керек эмес. Бүгүн бизде кыргыз адабияты калыптандырган көркөм дүйнөнү кайрадан теорияга айландырыш керек.
Экинчи чоң маселе - адабий процесс кайрадан иргелиш керек. Мисалы, Токомбаевдин, Маликовдун, Осмоновдун орду каякта, ошонун бардыгын иргеп, ошол себептен улам тарых кайра жазылыш керек. Ошондо ким фондо калат, ким бери чыгат, ачык болот.
- Бизде алган ордун наамына жараша кеп кылуу процесси күчтүүдөй көрүнөт, буга кандай дейсиз?
- Эми мындай да, мисалы, Какен Алмазбековду алалы, бир дагы орден алган эмес, Жазуучулар союзунун да мүчөсү болгон эмес. Бирок адабияттагы ордун эч ким жок дей албайт.
Байдылда деле сыйдын баарын кийин алды. Учурунда "мунун чыгармачылыгы бүт фольклор экен, кереги жок" дешти эле, "Ашуудан берген отчетум" китебин эл кыздын себине кошуп бере башташкан. Ушунун өзү демек, элдин табити менен адабияттын теориясы эсептешпей жатканы, же экөө эки башка жашап жатканы.
үчүнчүсү - сын. Сын десе эле бирөөнү өлтүрө сындап койгонун айтабыз. Бул сын эмес, кандайдыр бир деңгээлде авантюристтик форма, чындап келгенде сын деген адабияттагы болуп аткан жакшы нерселерди ачып берүү. Жакшыны түшүндүрүү, жамандын кемчилигин көрсөтүү.
- Азыр сын жок калды. Эмне үчүн деп ойлойсуз?
- Бир мезгилде партия иштеп берген теориялар менен бар болчу. Совет мезгилинде сиз деле гезит жагында иштеп калгансыз, билесиз. Эгерде, партиянын токтомуна ылайык бир макаланы көтөрүп келсе сөзсүз түрдө жарыкка чыгаруу керек болчу. Бүгүн ошол деңгээлде ой-жүгүртүүнүн кереги жок. Бизге бүгүн кыргыздын адабиятындагы эң негизги өзгөчөлүктү ачып бере турган Санчы-Сынчыдай, же Калыгулдай, же Толубай сынчыдай адам керек. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп ачык айта турган. Ошол себептен сындын өзүнүн теориясын калыптандырыш керек. Бул кимдин бактысына туш келет ким билет, бирок акырындык менен жүрүп келе жатат. Мисалы, 20-жылдардагы поэзия Алыкул Осмоновду жараткандай эле, сын кимдир бирөөнү адабиятка бериш керек. Бул мыйзам ченемдүү процесс. Бул деген бүгүнкү абалдагы биздеги үчүнчү меселе.
- Жаштарды тарбиялаш керек дегенге кандай көз караштасыз?
- Биздин маегибиздеги төртүнчү маселени сурап жатасыз. Бул өтө зарылдык. Жогоруда айткандай сын жок, адабият түштү дегенибиз менен аны бирөө бизге алып келип бербейт. Жаштарды жакшы чыгармага тарбиялаш үчүн биринчи кезекте китептин чыгышынан тартып окуу иштерине чейин бардык иш-чараларды эсине ала турган мамлекеттик бир программа түзүлүү керек. Биз аны адабият же билим деп айтабызбы, бирок биздин табитибизди бүгүн тарбиялай турган система керек. Альманахтардан тартып, ошол эле мезгилде жаш сынчылардын эмгектерин иреттештирген, андан адабият теориясына негизделген, андан барып адабий процессти ичине алган окуу процессине чейин өсүп жетилген багыт керек болуп турат. Муну Жазуучулар кошуну жөнгө салуу керек.
- Жазуучулар кошунун мамлекеттик каржылоодон алып салуу саясаты туурабы?
- Туура эмес. Себеби жазуучулар кошуну кадимки эле мамлекеттик саясатты уюштура турган уюм. Ал уюм ишке киргизиле баштагандан тартып жаштарды тарбиялоо бир багыты. Жазуучулар кошуну кандай китептерди басмага сунуш кылат, чыгарат, ошого жараша жаштарды тарбиялай алабыз.
- Рынок системасынын келгенинен баштап басмаканалар жеке авторлордун акча каражаты менен гана эсептешип калбадыбы?
- Туура, каалагандар китебин тапкан каражаты менен чыгара берсин. Бирок баары бир Жазуучулар кошуну аркылуу жарыкка чыккан чыгармаларга окурмандар өзүлөрү өзгөчө мамиле кыла баштайт. Мектеп, жогорку окуу жайлары дагы ошентет.
Мамлекетке байланышкан нерсени мамлекет өзү каржылап турат. Мамлекет
жайынча жазып жаткан кишилердин эч кимисине тыюу салбайт. Мисалы, Америкада деле ошондой. Бирок иргелип олтуруп окурман классикалык үлгүдөгү чыгармаларды издеп калат. Биз ошону бералбай жатабыз. Балдарга бере турган жомокторубуз жок болуп жатат. Эмне үчүн жомокторду жазган авторлорду мамлекет каржылабашы керек? Эмне үчүн системалаштырып бербеши керек? Бул эң чоң проблема. Ушул төрт маселени чечсек, анан биздин адабиятыбыз системалуу түрдө улуттук деп атала турган чоң деңгээлге чыгат.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Баткен

Китеп көп, окурман аз
Лейлек райондук китепканасы
1928-жылдан баштап иштеп, ал эми 1979-жылы борборлоштурулган китепканалар тармагы(БКТ) болуп уюштурулган. Учурда 1 райондук, 1 балдар китепканасы жана 21 айылдык филиал-китепканалар маалыматтык борбор катары эл үчүн кызмат көрсөтүп, анда 34 кызматкер эмгектенүүдө. Алардын ичинде 2 жогорку билимдүү, 14 атайын орто, 17 орто билимдүү адистер бар. БКТнын жалпы китеп фондусу-231216 даананы түзөт. Лейлек райондук борбордук китепканасы "Билек" коомдук фондусу менен бирге 2005-жылы "Кыргызстан-Сорос" фондусу жарыялаган "Китепкананын достору" конкурсуна "Китепканаларды калыбына келтирүү-руханий өнүгүүнүн жолу" долбоорун жазып, ал фонд тарабынан жактырылган. Долбоордун негизинде райондук китепканага компьютер принтери менен жана 1000 америка долларына түрдүү багыттагы жаңы адабияттар сатылып алынды.

Үрөн чарбалары көбөйдү, үрөндүн сапатычы...
Баткен облусунда буга чейин
үрөнчүлүк чарбалардын саны 8ди гана түзгөн болсо, 2008-жылдын ичинде кошумча 479 га жер аянты менен дагы 8 үрөнчүлүк чарба уюшулуп, элди сапаттуу үрөн менен камсыздоо аракетин колго алышмакчы. Демек, аймагыбызда үрөнчүлүк чарбалардын саны 16 га өстү. Жалпысынан үрөнчүлүк чарбаларынын 931 га жер аянты бар.

Депозит жаш мугалимге дем берет
Баткен облусунда 117 орун жаш му-
галимдин депозити үчүн берилген. Анын ичинен 17 орун АБР тарабынан 35 жашка чейинки мугалимдерге каралган болсо, калганы министрликтин көзөмөлүндө. Аталган депозитке конкурстук негизде кабыл алынат.
Адегенде аңгемелешүүдөн купулга толгон кадрлар эссе жазышат, өз сабактары боюнча суроолор берилип, билим деңгээли сыналат.
Андан соң педагогикалык-психикалык билими, инновациялык усулдар боюнча чеберчилиги, усулдук казына, көрсөтмө куралдар, буклеттер боюнча бааланат.

"Мендей болбогула"
Баткен облустук музыкалык драма-
театрынын ачылышы абдан эле чоң сыймык. Бирок, райондук маданият үйү менен бир имаратта болгондуктан, алардын кимиси эмне кылып жаткандыгын ажыратуу кыйын. Театр дүйнөсүнө аралашып, жаңылыктарына ортоктош бололу деп, Баткен облустук музыкалык драма театрынын таланттуу жылдыздарынын бири, репетитор жана актриса Анарбаева Жылдызкан эжекебизге кайрылганбыз.
- Баткен облустук музыкалык драма театры жаңыдан түзүлүп жаткандыктан, жаш баладай бирде жыгылып, бирде тура калып жаңы кадамдарын шилтеп жаткан кези. Ошого карабастан, театрлардын республикалык II фестивалына Эгемберди Эрматовдун "Кедейкан" спектакли менен барып катышып келдик. Мен ал жерде хандын кызы Оксананын ролун ойногонмун, эл абдан жакшы кабыл алышты. Быйыл эле Ысык-Көлгө барып, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан "Бетме-бетти" аткарып, атак даңктуу театрлар менен кездешип келдик. "Бетме-бетке" Каныбек Дүйшөналиев режиссерлук кылып, даярдады. Ал жерде Сейденин образын жараттым. Аны ойноо аябай кыйын болду, биз чыныгы профессионал болбосок да, театр чеберлери менен тең тайлашып, көп нерселерди үйрөндүк.
Театр ачылгандан бери чогулткан чыгармачыл тажрыйбаларыбызды топтоп, учурда А. Осмоновдун "Мендей болбогула" аттуу комедиясын даярдап жатабыз. Мен бул жерде комедия менен трагедиянын айырмасы аябай чоң экендигин баса белгилегим келип жатат. Анткени комедияны аткаруу аябай кыйын экен. Буюрса ноябрь ичи бул комедиянын бет ачары болот. Мурдагы режиссерлорубуз үстүртөн багыт беришкен. Калганын өзүм мүмкүнчүлүккө жараша режиссер-репетитор катары аракеттенип даярдап жатам.
Г.ТАЖИБАЕВА,
Баткен облусу