И.Ахунбаев өз өмүрүндө 15 миңге жакын адамга
операция жасап, өмүрүн сактап калган экен

Бир кылымды кучагына камтыган эки күн
Атамдын баскан жолун Ломоносовдун өмүр жолуна салыштырышты
Атам Иса 17 жашында ушул
кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тору-Айгыр айылынан чала сабат, а балким сабатсыз эле Бишкекке, андан ары Ташкентке чейин жөө-жалаңдап жетип, билим алсам деп эңсеген максатына чыйыр салган. Бөлөк эл, бөлөк жерде, жөлөк-таягы жок, ачка-ток тиричиликтин кыйынчылыгына тушугуп, өмүрүнүн он жылын өткөргөн. Адегенде медтехникумда фармацевт адистигин алып, удаа институттун дарылоо факультетин аяктаган. Кылымды кучагына камтыган мааракесинде сүйлөгөн адамдар атамдын тагдырын орустун улуу окумуштуусу Ломоносовдун өмүр жолуна окшоштурушту. Менимче бул туура салыштыруу. Ломоносов дагы Россиянын түндүгүндөгү балыкчылык менен жан баккан кичинекей хутордон Москвага жөө-жалаңдап келип, илимдин туу чокусун багындырбады беле. Менин атама да ошондой тагдыр туш болуп отурбайбы. Бишкек шаарында өткөн салтанатка орус академиктерин жетектеп келген дүйнө элине таанымал кардиохируг Лео Бокерия өзүнүн докладында атамды Россияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаган Ванилюгага теңештирди.
Мээрим Исаев,
окумуштуунун уулу,
профессор
Зор окумуштуу
Иса Коноевич Ахунбаев 1964-
жылы Орто Азия жана Казакстан республикаларында биринчи болуп адамдын жүрөгүнө операция жасаган. Кыргызстанда медицина илиминин биринчи доктору, биринчи профессору, Улуттук илимдер Академиясын түптөгөн биринчи президенти, дүйнөлүк илимий конференцияларга бир нече жолу катышып, доклад менен чыгып сүйлөгөн, операция жасап кесиптик практикалык тажрыйбасы менен ой бөлүшкөн белгилүү кардиохирург, коомдук ишмер жана зор окумуштуу. Эхиноккок, богок ооруларын изилдеп, илимий ачылыш жасаган.
Кыдыкбек ИСАЕВ,
Ысык-Көл облусунун губернатору
Тору-Айгырдын элине таазим
Ала-Тоо койнунда, анын орто
сунда жайгашкан көздүн карегиндей мөлтүрөгөн Ысык-Көлдүн кылаасындагы Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген Иса абабыздын торколуу тоюн белгилеп отурабыз. Ал кишинин артына калтырып кеткен илимий жана кесиптик иштери, өрнөктүү касиети албетте, торуайгырлык туугандардын үмүтүнө, каалоо-тилегине байланыштуу. Акылман адам да, эр адам да өзүнө күч-касиетти өзүнүн туулган жеринен, бир тууган элинен алат. Ошол себептүү Иса абабыздай касиеттүү адамга кубат берип, уядан учурган Тору-Айгырдын элине таазим кылам, ыраазычылыгымды билдирем жана ушундай жакшылыгыңардан айырбай, Алла Таалам колдоп жүрсүн деп жакшылык каалап кетемин".
Бейшебек АКУНОВ,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Гиппократтын антына бекем турган
Эрезеге жетип, өз турмуш
жолуна чыйыр салган күндөн, ичер суусу түгөнүп, чын дүйнөгө өтүп кеткенче Иса Коноевичтин жүрөгү медицина деп гана согуп турганына тан беремин. Анын дем алган абасы, ичкен суусу, жылынган деми - медицина болгон. Каргашалуу ошол күнү да үй-бүлөсү: жубайы, кыз-күйөөсү менен туулуп өскөн айылы Тору-Айгырга, күйөө баласынын ата-энеси, кара чечекей кудасы жашаган Чоң-Кеминге келип, агайын-тууганга учурашып, жайма жай эс алып жүргөн. Кеч кирип, түн кучагында жаткан айылга кабар жетти. Андагы Фрунзе шаарына республиканын бир түпкүрүнөн жүрөгүнөн катуу ноокастаган адамды алып келиптир, операция жасабаса өмүрү кылдын учунда турат дешти. Түндүн бир оокумуна карабай, казан толо кайнап турган баглан козунун этин таштап шашылыш жөнөдү. Үй-бүлөсү, куда сөөгү эч нерсе дей албады. Оорулуу дегенде убакыт менен эсептешпей, ичкен ашына карабай тургандыгын жакшы билишкендиктен каршылык көрсөтө алган жок. Кыштын аяздуу караңгы түнүндө ошентип шаарга жетпей автокырсыкка учурап, жубайы, кыз-күйөөсү менен караңгы түндүн таң атканын көрбөй, 15 миңдеген адамдын өмүрүн сактап калган операция столуна жетпей, шум ажалдын торуна чалынып, кесибинен кийинки эч бир кыйбас адамдары менен чогуу дүйнө салган...
Марат МАМБЕТОВ,
саламаттык сактоо
министри
Куугунтук
Иса атабызды айылыбыздын
ыйык адамы катары сыйлайбыз. Мына жүз жылдыгын өткөрүп жатабыз. Тору-Айгыр элинин төбөсү көккө жетип кубанып отурабыз. Айылыбыз эки уруудан тараган. Бокотой менен Барак. Көл жээгин көрккө бөлөп тигилген 60тан ашык боз үйдүн 25и биздин айылдын эли жакта. Муну баса белгилеп айтып жатканым бекеринен эмес. Жүз жылдыгы белгиленип жаткан адам жеке эле Тору-Айгыр элине эмгек сиңирген адам беле? Бүткүл кыргыз элине, ал тургай дүйнө элине чейин атагы чыккан адам эмес беле. Ушул кезге чейин артынан сая түшкөн куугунтуктун запкысын тартып келди. Көзүнүн тирүүсүндө да, өлгөндөн кийин да эмгеги бааланган жок. 67 жаш курагында каза болду. 50, 60 жылдыгы белгиленген жок. Кыргыздар ушундай эл эмеспизби. Тирүүсүндө барктабайбыз, өлгөндөн кийин күйгөн болобуз. Атабыз о дүйнө кеткенден кийин да катуу куугунтуктун торунан чыга алган жок. Өлгөндөн кийинки үчүнчү, төртүнчү, жетинчи жылы торуайгырлыктар чуу көтөрүп, бийлик башчыларына кайрылдык. Эң кур дегенде бир көчөнүн атын бергиле деп. Жооп болгон жок. 70, 80, 90 жылдыктарында ооз ачышкан жок. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши үч жолу чечим, медакадемиянын жамааты эки жолу кайрылуу кабыл алды. Өзү түптөп, башкарган медакадемияга аты ыйгарылсын деп. Мына быйылкы жылы да айылыбыздын 850 тургуну кол койгон кайрылуубузду Президентибизге жөнөттүк. Ырас, минтип атайын өкмөттүк комиссия түзүп, бир кылым убакыт өткөрүп, бир жолу юбилейин өткөрүп жатабыз. Буга ыраазыбыз. Медакадемияга атын берди. Атабыз көз жумгандан берки өткөн 33 жыл биздин айыл элинин күткөн үмүтү ушул эле.
Керимбек МАМБЕТОВ,
Тору-Айгыр айылынын тургуну, ардагер
***
Жүз жылдыктын экинчи күнү
2008-жылдын 25-сентябрында, Кыргыз медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин аты ыйгарылгандыгы жөнүндө жарлыкка Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин кол койгондугу жөнүндө улуттук телеберүүдөн маалымдалды. Академиянын алдында анын бийик айкели тургузула турган болду. Бул бүткүл кыргыз элинин үзүлгөн үмүтүн улаган кубанычы болду.
Кудайберген ИСАЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР, Кыргыз Республикасынын журналисттер кошунунун мүчөсү




  Ааламга аттанчу жол - айылдан башталат

"Эчкиликтин Кара-Тоо, Кара-Тоо боорун ойдурдум..."
Талас районунда Арал деген
айыл бар. Кичинекей эле, бирок кут даарыган ушул айыл таланттардын айылы. Алымкул менен Эстебестей, Замирбектей тоо булбулдары ушул айылдан өсүп чыккан. Мына ушул өнөр ээлеринин кичи мекени болгон Аралдын касиеттүү жер экендиги айтылуу "Манас" эпосунда да кездешет. Жогоруда аталган агаларын ээрчий чыккан төкмө акын Аалы Туткучов айылы тууралуу сыймыктануу менен сүрөттөп бергенине таянсак, анын айлында касиеттүү булак бар. Кудум мүрөк суусундай касиеттүү ошол булактан ууртаган адам ойго бай, сөзгө чечен чыгат дейт.
- Бирок ал булактын кайсы жерде жайгашканы белгисиз. Ошондуктан Арал айылынын тургундары илгери үмүт кылып, ар кимиси өз үйүнүн жанында аккан булакты ыйык тутуп, керемет булак катары эсептеп келишет, - дейт өзү да ошол булактан ичип чоңойгондой, оозунан ыры куюлган Аалы акын, булак тууралуу ишенимин ушинтип бекемдейт:
- "Манас" эпосунун экинчи бөлүгү "Семетейде" "Каныкейдин жомогунда" Каныкейдин Семетейге:
- Эчкиликтин Кара Тоо,
Кара Тоо боорун ойдурдум.
Үч миң кой кенен батчудай,
Ичин казып чойдурдум,
Үстү түшүп кетет деп,
Кара жер басса айкөлүм,
Бөөдө чирип кетет деп,
Алтындан түркүк койдурдум.
Жыттанып ичи кетет деп,
Эптүүлүктү билгиздим.
Аягынан айкөлдүн ,
Бир таман суу жүргүздүм, -
деп Таласты сүрөттөп берген жери бар. Ошол Эчкилүү-Тоо так биз айтып жаткан айылдын маңдайында көк тиреген зоо болуп турат. Ал зоонун түбүндө Талдуу-Булак деген өзөн бар. Божомолдор боюнча Манас атабыздын сөөгү ошол жерде коюлган. Айкөл Манастын 1000 жылдыгында аны тартканы барган телеберүүнүн кызматкерлери кызыктай табият кубулушуна учурашкан. Тасмага тартар кезде кайдан-жайдан сур булут пайда болуп, мөндүр төгүп жиберген. Эми ошо өзөнгө жакын бир булак чыгат. СССР убагында геологдор келип изилдешип, 15 мамлекеттин ичинен аны "эң таза булак" деп табышкан. Кийин кандайдыр бир себептер менен булак иштетилбей калган. Демек, Эчкилүү-Тоодогу Каныкей сүрөттөгөн бир таман суу ушул булак болсо керек. Ал эми Эчкиликтин кара тоосу - Эчкилүү-Тоонун өзү.
Аалы өзү да ушул ыйык булактан кана ичкен. "Акындардын айылынан чыккан" деген эле сөз ага бир топ жоопкерчиликти жүктөп койгондой. Акындын тагдыры менен таланты өзүнүн элинин тагдыры менен энчилеш, бактысы менен үзөңгүлөш, кайгысы менен шериктеш.
Соңку убактарда бет келгенде эле төгүлүп, нөшөрдөй жааган ырлары элге аттын кашкасындай таанымал болуп калган Аалы Туткучовдун чоң аталары убагында эркин күрөшкө түшүп, эл башкарып болуш болуп турушкан, комуз черткен адамдар болушкан. Тайлары да ыр-күүгө шыктуу адамдардан эле. Дагы бир кызыгы, акындын ата-бабалары бардыгы тең бир туугансыз жалгыз балдардан болушкан.Чоң атасынын атасы Туткуч төрөлгөндө ата-энеси ырымдап: "Ушул бала жалгыз болбой, казанды кармаган туткучтай экөө болсунчу,"-деп атын Туткуч коюушуптур. Бирок анткени менен деле ал киши да жалгыз болгон экен. Анын баласы Турсунбек да жалгыз болуп, анан Турсунбектен 9 уул-кыз тарап, Аалы ошол 9дан тараган неберелерден. Өз атасы Төкөмбай уулу төрөлгөндө жакшы ниет кылып, атын Аалы койгон. "Орустарда "ө" тамгасы жок эмеспи, баламдын аты ошондо Аалы Токомбаев болуп катталып калат. Аалы Токомбаевдей жазуучу болсо, элимдин сыймыгы болот", - деп ниеттениптир.
Кереметтүү, сейрек учуроочу төкмөлүк өнөрдү медер тутуп, ошол өнөр үчүн бүткүл кудуретин сайып коюп, акындык таланттын түйшүгүн күнү-түнү бирдей тартып келе жаткан замандашыбыз, табият-тагдырынан белекке алган төкмөлүк талантын тарбиялап, өстүрүп кете алды. Аалы азыр белгилүү акындардын катарында.
- Жаңы ырдап чыгып жүргөндө аз толкунданчумун, улам өсүп, эл улам бийиктикти талап кылган сайын толкундоо, сүрдөө күчөйт экен, - дейт Аалы. Чынында эле акындык өтө кылдаттыкты талап кылган өнөр.
- Бир жолу, жаңы чыгып келе жатканыбызда Азамат экөөбүздү Ысык-Көл жергесинде, төкмө акын Майра эл алдына алып чыкканы эсимде, - дейт Аалы эми артына кылчайып, - Майра акын сөз баштап эле: "Жаш кулундарды алдыңарга алып чыктым", - деп ырдаса, мен:
- Азамат, чыктың мени
ээрчип,
Мен чыктым сени ээрчип,
Эки кулун бир чыктык,
Майра деген бээни ээрчип, - деп жиберип жатпаймынбы! Залдагы эл уу-дуу болуп эле күлүп калышты. Жаш экенбиз да, тажрыйбабыз жок экен. Болбосо, ойго келген нерсени акылга салып, жан-дүйнөңдө тегирменден өткөрүп туруп анан ырдаш керек экен да! Ошентип Майра эжени таарынтып алгам.
Улутубуздун, биздин элдин энчисине туш келген төкмөлүк өнөрүбүздүн бөксөрбөс куржунун ушинтип, Аалыдай жаш муундар толтуруп келишет. Бирок кандай болгон күндө да, биздин улуттук искусствобуздун төл бермети, жүзү болгон төкмөлүк өнөр бу тапта мезгилибиздин оомал-төкмөл дүйнөсүндөй болуп, өзүнүн өсүү жолунан улам аксап, баары бир бөксөрүп бараткандай сезилет. Андыктан элибиздин көркөм казынасынын эртеңкисине, айрыкча акындык, төкмөлүк салтыбыздын ырааттуу өсүшүнө астейдил камкордук көрүү - ар бир инсандын ыйык парзы экендигин унутпашыбыз керек.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Санат ЖУМАКАДЫРОВА,
"Кыргыз Туусунун" практиканты













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan