Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ

Өмүр сабагы
Ар бир урпак дүнүйө үчүн тек эрмек.
Жарык дүнүйөнүн ченеминде - биз адам уулдары башка жандуулардан айырмабыз жок. Кайраттансак азуулу арстандайбыз, эмгектенсек, карылуу пилдейбиз. Кыйналсак, кыңшылаган күчүктөйбүз. Оорусак алсыз балапандайбыз. Өлгөнүбүздө жерге житкен курттайбыз...
Не андан башкачабызбы? Өзүбүзгө өзүбүз дөгүрсүй карасак, албетте, бизден улуу, ыйык, бизден күчтүү эч бир жаныбар жок. Ал ырас! Бирок, айкөл дүнүйө бизди антип эркелетпейт. Ал бизди өз таразасына салып экчейт...
А биз ал экчелүүдөн көңүлүбүздү жооткотобуз. Өзүбүздү зор дүнүйөнүн ээсиндей эсептейбиз. Зор, өлбөс, кеменгер өңдөнөбүз. Бирок...
Кыйналганда кыңшыламай, ооруганда балапандай алсыз талпынмай бизге эбактан өнөкөт.

Чыныгы чыгарма жаратуу жазуучу үчүн арып-талып аскалуу ашууну ашуу. Ошондо да, тек кара жал асыйга минип теңселип бастыра бербейт. Антип шайма-шай бастыра берүү үзөңгү боосу алты кабат жолоочунун сапары. Жазуучу, ал антип тизгин каккан жолоочу эмес, ал өмүр бою түйшүк тарткан, азап чеккен эмгекчил адам. Кай кезде биз, жазуучунун эмгегин дыйкандын эмгегине салыштырып калабыз.

Рух дүнүйөгө азык берген көркөм өнөр адабият, илим-билимде дал ошол татымдуулук болбосо, аларды киши дүнүйөсү кабыл албайт. Айтор, адам дүнүйөсү кабыл алынган жана ага жаккан, пайда берген, көңүл көтөргөн, кызыктырган адамдык көп касиеттерди ачып, адамдын жан дүнүйөсүн азыктандырган чыгарма гана чыныгы чыгарма!
- Ошол чыныгы чыгарманы жаратыш үчүн жазуучу, айлап-жылдап камынат, изилдөө жүргүзөт. Ал, тердеп-кургап эмгектенип, азаптанат. Буга жеке таланттын өлчөмү аздык кылат: ага акыл, баамчылдык, кеменгердик, тайманбас эрдик да эриш-аркак! Булардын биринен кемисе, чыгарма жанга жагымдуу татымынан аздыр-көптүр айнып калат.
* * *
Эзелтеден элдик болуп жа-
ралган асыл салттар, жөрөлгөлөр, мүнөздөр, элдик жакшы сапаттар, касиеттер - жеке эле киши акылы, киши иши, киши күчү, киши демилгеси менен жаралбастан, ошол ар бир элдин өмүр өткөргөн жериндеги табияттын жалпы катышы менен жаралган!
Аны тез эле өзгөртө салыш кыйын. Эң зыяндуу.
Деги биздин ушул учурдагы өтөп жаткан иштерибиз келечекте тарыхый зор иштерден болобу? Не мезгил өткөндө бүгүн бизге эң маанилүү болуп көрүнгөн, эң зор болуп көрүнгөн иштер анча маанилүү, анча зор эмес, тек майда-бачек бир окуя болуп... анан ал көөнөп эстен чыгабы?
Бизге бул кездерде зор болуп көрүнгөн окуялардын көбү келечекте тек майда-бачек , тек "андай болбосо деле" адам баласы эч пайда-зыян тартпаган, артыкбаш машакат болуп көрүнөрү анык. Ошентсе да, ошол "майда-бачек" окуялар тарыхка көзгө илешпес катмарын кошору да талашсыз.
Кеп ошол тарых катмарына кошулчу окуя келечекте кандай түстө көрүнөт? Ак түстөбү? Не кара түстөбү? Аны чек коё айтыш кыйын. Себеби, биз бүгүн ак деп көргөн түсүбүз келечектин кишилерине кара болуп көрүнөр. Анткени, алар өз заманынын көзү менен карашат.
Алдын-ала аларга, биз көргөндөй көргүнүң деп өз оюбузду таксак, жумшак айтканда өзүбүздүн али жаштыгыбызды, чалалыгыбызды таанытабыз. Биздин тарых катмарына калтырар иштерибиз тек ойдон чыга калган жолбун, жат жоруктар эмес, эзелтеден элдин дилине, жаратылышына сиңген, ошону менен аны жаңылап, ага эриш-аркак болгон чыныгы пайдалуу иштер, чыныгы асыл, таза иштерди көктөтүп өстүргөн кезибизде гана урпактарга биздин иш жагат. Биз баштаган асыл иштер аларга үлгү.
Адамдагы эң чоң кемчилик - байыртан келаткан ата-бабанын асыл иштерин унутуп салуу. Байыртан келаткан жакшы сабактарды үлгү тутуп аны улантпастан, ар бир урпак дүнүйөгө көз жарган кезинде өз көргөнүн "укмуш" деп ага өзү сыйынып, аны өзү мактап, өзү кубана берүү.
Жер тамырын айныбай улаган геолог алтын кенин табат. Элдин, бабанын асыл тамыры анын эзелтеден түзгөн жакшы үлгүлөрү. Эмесе, биз, бизден соңку урпактар эл тамырын айныбай улап, ага өздөрү тапкан жакшы табылгаларды улай беришсе, Айдан туруп караганда көк-жашыл футбол тобундай көрүнгөн биздин Жерибиз планеталардын эң ыйыгы болот. Ал асыраган жан-жаныбарлар да өмүрлүү болушат. Баарыдан сонуну азыр бирине бири карышкырдай ыркырап көрүнгөн адам баласы - бийик салтты өнүктүргөн, жакшы турмушту куруп алган бейпил, боорукер, көтөрүмдүү, эстүү өскөн асыл тукум болор эле!
О! Ал азырынча биз көксөгөн тилек. Ага жетиш үчүн алдыда миң, миң ашуулар катар. Терең, терең кечүүлөр бар.
Адеп башы - тил!
Мындай деп мындан тогуз
жүз алтымыш жылча мурда биздин жерде өмүрүнүн көбүн өткөргөн Махмуд Кашкары аныктаптыр. Эгерде, миллион не деле жүз миң жыл мурда эки-үч ооз жандуу сөз аныкталса, ал кимдин оозунан чыкпасын, бул кезде жер жүзүндөгү адам баласынын асыл мурасы катары эртеңки өркүндөшүбүзгө чоң салымын кошмок.

... Дал ошол касиеттүү тилге сыйынып алгачкы жазманы мен эркин жазамын. Бул чыгармачылык азапты сезбегендик эмес, тескерисинче ал азапты сөз кудуретине көндүрүп, баш ийдирүү. Эне корксо, кейисе эмчегине сүт келбейт. Не дегенде киши катуу корккондо оозунан кеби түшөт. Элеңдейт. Тантып алат. Демек, элеңдеген жазуучунун дүнүйөсү каармандын дүнүйөсү менен эркин жуурулушабы? Жок. Эне балага берилген сайын эмчегинде сүтү ийигендей - эркин жуурулуш чыгармачылык эргүү илхамга жол ачат. Баамды байытат. Күлүк санаа жандуу сөз бөгөтсүз чубурат.




  Залкарлар баяны

Алтын жаак, жез таңдай Адамдан чыккан жорго элең
(Эшмамбет төкмө жөнүндө учкай кеп)
Эшмамбет жети жашында
жетим калып, он жылдан ашуун Көп ажы деген байдын малын багышып, жаштайынан далай азаптуу күндөрдү баштан кечирип, 1884-жылы он сегиз жаш курагында туулуп-өскөн жергеси Көк-Кашат айылы менен кош айтышып, кышка тарта Калба ашуусун ашып барып, Кетмен-Төбөдө "бел тутаар" адамы - чоң атам Алыке уулу Түнкатардыкына баш маанек тартып туруп калат.
Эшмамбеттин ырчылык өнөрүн баамдаган үй ээси көп узабай аны айтылуу Токтогул ырчы менен тааныштырган экен.
- Анда эмесе, Жолдош аба, залкар акындардын алгачкы ирет жолугушуп, учурашуусуна кезек берсек...
Ошондо Эшмамбет ырчы:
- Түнкатар аба аманбы,
Таластан айтам саламды.
Калбаны ашып мен келдим,
Качканым менин жаманбы?
Агаин Колпоч элибиз,
Көк-Кашат, Кең-Кол жерибиз.
Өгөйлөп турса жетим деп,
Өчпөйбү кайра демибиз.
Өзүмө-өзүм дем берип,
Өйдөдөн ашып мен келдим.
Өзүңүздү бел тутуп,
Шамшыкал жакка сенделип.
Өзүңүз жакшы билесиз,
Бир чети иниң-пендемин.
Акыл насаат уксам деп,
Атайын сизге мен келдим.
Бул олтурган жигитти,
Токтогул ырчы дедиңиз.
Куда-сөөк болот деп,
Кубаттуу чыкты кебиңиз.
Андай болсо чын эле,
Окшоптур биздин демибиз.
Бирок билбейт экенмин,
Кимибиз улуу-кичүүбүз.
Анда Током Эшмамбетке жооп берип ырдап турган жери дейт:
- Түнкатар куда кадырман,
Мен куурайды тергем адырдан.
Эшмамбет сындуу мен дагы,
Жалчылык ишке малынгам.
Ырчылык жагын жаш кезде,
Кыр-кырда жүрүп сагынгам.
Бүгүн деле жаш чагым,
Асманда айдай жаңырган.
Алдыда таалай өмүрдү,
Көрөмүн мен да багымдан.
Көөдөнүмдү күү чалып,
Ээледи бала чагымдан.
Элиме эрмек болсом деп,
Батаны сурайм баарыңан.
Эшмамбет курбум экенсиң,
Тааныштык бүгүн жаңыдан.
Айырмабыз көп болсо,
Бир-эки жаш бар чыгаар.
Ырыңдан байкап турамын,
Сөзүңдө мүрөк тамчы бар.
"Эр чекишпей бекишпейт",
Айтаар сөзүң бар чыгаар, - деп собол таштап токтогон экен акын Током. Андан кийин акындар кайым сабак айтышып, көпкө ырдашып, бири-бирине баа беришип таанышышкан тура. Ошол күндөн тарта эки залкар эгиз козудай ээрчишип, ажырашпай жүрүшкөн деп айтышат. Айтылуу акындардын алгачкы жолугушуусундагы учурашуу ырларынан баамдалып тургандай, экөө тең эле бири-биринин ырчылык дараметтерине түшүнгөндүк менен мамиле кылышкандай туюлат. Элдин айтуусуна караганда Токтогул Эшмамбеттин төкмөлүк жагына баа берсе, Эшмамбет Токтогулдун кол ойнотуп күү черткенин жогору баалоочу экен.
Ошентип эки акын сырдашып да, ырдашып да жүргөндө Итагар жайлоосунда бир чоң тойго катышып калышат. Тойдо "Эсен соргок" деп аталып кеткен бир бай, жайдын саратанында тон кийип алып, ат үстүндө чиренип турганын акындар байкап калышат. Анан, бир чети элге күлкү тартуулашкысы келишкенби, же... Токтогул комузун колго алып, тамашалуу ырын баштаса, Эшмамбет курбалдашынын сөзүн илип алып элге чоң тамаша жазып беришкен дешет:
Токтогул:
- Элеңдебей Эшмамбет,
Эбин таап ырдачы.
Эшмамбет:
- Эбин таап ырдаса,
Эсенди Токо сындачы.
Токтогул:
- Торукашка минген Эсенди,
Токтоо жигит десемби?
Эшмамбет:
- Токтоолугун ким билет,
Тон кийген Эсен кеселби?
Токтогул:
- Торсоюп турат курсагы,
Тоотпойт Эсен кеселди.
Эшмамбет:
- Саратан күндө тон кийсе,
Сары май ичме кеселби?
Токтогул:
- Сары майды көп ичсе,
Сасык күптү десемби?
Эшмамбет:
- Андай болсо ашыкпай,
Айыктыр Токо Эсенди.
Токтогул:
- Тамагын тыйса бул тойдо,
Тамак соо дебе Эсенди.
Эшмамбет:
- Соргоктугун койбосо,
Сорот го дагы неченди, - деп, элди кыраан-каткы күлдүрүшкөн дешет кайран залкарлар. Чындыгында Эшмамбет өткүр, беттегенин бербеген өжөр акын болгон деп айтышат. Ушундан уламбы, Током жаактууга алдырбас "тулкара" деп койчу тура. Кантсе да, эл ичинде Эшмамбетти өзүнөн улуу ырчылар урматтап сыйлагандыктан, алар менен атаандашып айтышыптыр. Андай мамилени Жеңижокко, Токтогулга, Барпыга жана башка ырчыларга жасап келгендигин Коргоол ырчынын - "Улууну сыйлап урматтап, пейли анын кең эле", - деп айткандыгынан байкалып тургансыйт. Ал эми кезегинде Коргоол Токтогул менен Эшмамбеттен таалим алган ырчылардын бири.
- Эми Эшмамбеттин үй-бүлөчүлүк турмушунан да билгендериңизди айта кетсеңиз?
- Ошентип, Токтогул менен Эшмамбет эгиз козудай ээрчишип ырдап жүрүшкөндө, бир жылы... күзгө тарта чоңко уруусунун айылында өткөн бир чоң тойго катышып калышат. Ал тойдо чоңколордун кадырман кишиси Карабай ажы (аны эли "Кара баатыр" деп аташкан экен) Эшмамбеттин таасын ырчылыгын жактырып калат. Кийинчерээк (жыл ооштурбай) Кара ажы (болжолу 1890-1891-жылдары, Эшмамбет атабыз 24-25 жаш курагында) Бүбайша деген кызын эч кандай калыңсыз эле Эшмамбетке алып берген экен. Турмуш кургандан кийин Эшмамбет да чоңколордун айлында туруп калган тура. Эшмамбет ырчы Бүбайшадан бир кыз, эки уулдуу болгон. Кызынын атын Тай деп, улуу баласын Мамыт, андан кийинкисин Анарбек деп койгон. Мына ошол Анарбеги менен жогоруда биз сөз кылган агам Сасыке Тынаалы уулу бир катар жылдары партиялык, советтик кызматтарда бирге иштешип келишкен экен. Бирок, Анарбек 1937-жылы күтүлбөгөн жерден кайтыш болот. Айылдаштары анын кайтыш болгондугун ар кандай жоорушат, бирөөлөр уу берип өлтүрдү десе, айрымдар уу ичип өлгөн дешет. Эшмамбет атабыздын улуу баласы Мамыт болсо Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калыптыр. Айтылуу төкмө ырчы Эшмамбет Байсейит уулу 1926-жылы Кетмен-Төбөнүн Үч-Терек совхозуна караштуу Чечекти жайлоосунан кайтыш болуп, акындын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Ак-Жар деген дөбөгө
коюлган экен.
- Жолдош аба, ушул жерден акындын өлөөр алдында үй-бүлөсүнө калтырган керээзинен да уккандарыңыздан (эсте калгандарынан) айта кеткениңиз да ыктуудай болуп турат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan