email • архив • редакция  


Алгачкы маек - "Кыргыз Туусуна"
"Бул сыйлык мени саал толкундантты…"
- Ишенбай ага, мына сиз жаңы эле Япониядан учуп келдиңиз. Күн Чыгыш өлкөсүнүн бул куттуу сыйлыгы СССР, КМШ алкагында алгачкы жолу сизге ыйгарылып жатышы кыргыз эли үчүн зор сыймык. Ошол сыйлыгыңыз кут болсун! Эми ушул сыйлыктын сизге ыйгарылышы тууралуу окурмандарга маалымдап кетсеңиз?
- Негизгиси, Япония өлкөсү менен Совет мезгилинен бери кызматташып жүрбөймүнбү. Мага орден ыйгаруу тууралуу ошол жакта - өкмөттө чечим чыгарылып жатканын угуп, "болуптур" дегем, бирок чынымды айтсам, "Эки өлкөнүн ортосундагы алаканын өсүшүнө кошкон чоң кызматы үчүн!" деген биринчи даражадагы орден берилет деп күткөн эмесмин. Бул "Улуу тасмадагы чыгып келаткан Күн" деп аталган I даражадагы орден Япониянын эң жогорку сыйлыктарынын бири экен.
- Өзүңүз айткандай, бул сыйлык сиздин көп жылдык эмгегиңиздин үзүрү болуп жатпайбы, андыктан… кандайдыр толкундануу болдубу?
- Биз убагында кандайдыр сыйлык үчүн, орден үчүн эмес, болгон акыл-эсибизди, эмгегибизди кесипке - ишке жумшап иштегенбиз да. Бирок, бул сыйлык мени саал толкундантты. Анткени, ордендин жети даражасы бар экен. Ошонун биринчи даражадагы орденин Советтер Союзунун жана КМШнын тарыхында биринчи жолу мага берип жатышыптыр. Жоопкерчилигиң да кыйла жогорулап калат экен.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan