, 11.11.08 - 8-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№85, 11.11.08-ж.
 "Мен ал меморандумга кол койгон эмесмин жана бул
документтеги саясый жүрүштөрдү колдобойм", - дейт Т.Касымбеков

Кыргыз эл баатыры, эл жазуучусу
Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ:
"Муштум деген курал, кимдер менен согушушат?"
(Башталышы 1-бетте)

- Социализмге чоң баа берип мактап жатасыз. Бирок, анын мезгилинде "Сынган кылыч" романыңызды чыгара албай улутчул аталып, куугунтукка алынганыңызды кандай дейсиз?
- Ага жеткирген менин туугандарым, теңтуштарым, калемдештерим, ж.б. адамдар. Ал мени көрө албаган, мендей кылып жаза албаган ошолордун эле кыдың-кудуң жоруктары. Эч качан аны мезгилге же адамзаттын жогоруда айтылган жакшы идеясына кошпойм. Ал жөн эле көрө албастыктын айынан жасашкан көр туугандардын айгайынан болгон.
- Демек, ошол мезгилге таарынычыңыз жок?
- Эч кандай.
- Ушул жерден жубайы, жакын жүрүп жакшы билген адам катары мен дагы кыстырма айтып коёюнбу? (Сөзгө жазуучунун жубайы Элмира жеңе кошулду)
- Айтыңыз.
- Мына ушул адамдын тереңдигин, бийиктигин, тарыхка калыс баа берип, башкалардай жамандабай, бир кезде куугунтукка алынышына себеп болгондордун аттарын атап, аларга теңелбегендигинен эле бул кишинин адамгерчилигин көрүп жатасыз. Экөөбүздүн жашыбыздын айырмасы 35 жаш. Мен ар дайым айтам. Бул кишинин адамгерчилиги терең. Мына бул алмадай баш бүткүл кыргыз, түрк тарыхын батырган өзүнчө эле баа жеткис энциклопедия. Ушул иш бөлмөсүндө сүйлөшүп олтуруп кээде күндүн кандай кеч кирип, кандай таң атканын билбей калабыз. Көп нерсени үйрөндүм, алдым. "Сынган кылычты" чыгара албай запкы көргөнүңүз деп айтып жатпайсызбы. Баарыбыз билебиз. Ошого жеткирген адамдарды жамандап бир акаарат келтирбеген кенендиги таң калтырат.
Сөз эркиндиги, адам укугу деп айтылбаган сөз калбаган акыркы мезгилде да бир маалымат каражатына ошол кишилердин аттарын атап жамандабады. Жумушсуз калып, нан таба албай калган ошол күндөрүн ичине катып, сиз берген суроолорго жооп бербей буйтактатканынан, кимдер экенин айтпай жалпылаганынан кечиримдүү айкөлдүгү, улуулугу көрүнүп турбайбы. Кээ бир жазуучу жолдоштор бар, көзү тирүү жүрөт. Аны айтсак ушак болуп кетет, же болбосо таарынып калышат. Алар деле 70тен ашып калышты. Өзү менен удаалаш келаткан эле инилери, үкөлөрү. Ошолор айтып жатпайбы: "Ой, Төлөгөн "Сынган кылыч" деп жазды, кылыч сынчу беле?",- деп акылы жетпей айтып жатпайбы. А бул киши кылычтын сынганын жазган эмес, койгон эмес. Кылыч сынганы жөнүндө айтылбай, сынган кылычка теңеген кыргыз элинин тагдыры билдирилген. Өздөрүнүн алдары жетпейт, тарых жазганга, казганга. Алы жеткен кишини көрө алышпай, ушу мына 80 жашты таяды, дагы эле ушу күнгө чейин жаман сөз ээрчийт. Тереңдиги деп жана айткан жерим, нечендеген көзү тирүүсү да бар, өтүп кеткени бар ошолорду: "Мага момундай жамандык кылды эле, бүгүнкү күндө мындай дегим келет" деп бир айтпаган тереңдигин баалайм. Мына кандай тартип, кандай күч, керемет. Жаман адамды да оңдоп жатпайбы бул киши. Тим эле түздөп жатпайбы.Бул кишинин жанында туура эмес иш жасап албайын деп өзүң уяласың.
Андан ары Төлөгөн агай сөздү өзү алып, оюн андан ары улады.
- Бир күнү мени партиядан чыгарабыз деп калышты. Ал дагы өзүмдүн жакын абамдын чатагынан чыкты. Ошондо Турдакун Усубалиевдин жардамчысына кабыл алсын деп сурандым. Келсин дептир. Барып тырхый романдагы берилген ойдун максаттарын түшүндүрдүм. Ал дагы өз оюн, мен дагы өз оюмду айтып, сүйлөшүү катуу, олуттуу болуп, кадимкидей айтыштык. Эң акырында Турдакун Усубалиевич менин абалымды оңдоого, туура баа берүүгө макул болду. Ошол менин чыгармачылыгымды, жанагы ушак сөз, мезгилдин, адамдардын катасы тууралуу айтып ынандырдым. Ал киши орун басары Карыпкуловго автор карап чыксын деген тапшырмасын берди. Ал киши да жакшы адам эле. Тынчыгандай болуп эле, кайра бул маселе көтөрүлдү. Партиялуулукту караганда Аалы Токомбаевдин кыйындыгын кара, кыдырата карап чыгып: "Коммунист бул бала, партиянын мүчөсү, азыр партиялык маселени карайбыз. Мына бул олтургандар бүт эле партиянын мүчөлөрү десе, парт билети бар кишини партиядан чыгарабыз деп, ага мүчө эмес кишилерди чогултуп алыпсыңар го" дегенде Түгөлбай Сыдыкбеков аксакал баш болгон көп адамдар чыгып кетишти. Ошентип кайра-кайра каралып, акыры Турдакун Усубалиев көрсөтмө бергендей партиядан чыгарылбай, "автор кайра карап чыксын" деп чечилди. Кийин пленумга да коюлуп, жогоруда айтылгандай "автор кайра карап чыксын" деген бүтүмгө келишкен.
- Ошондо автор: "Макул, кайра бир карап чыгайын" дептир. Турдакун Усубалиев: "Орустарды катуу берип коюпсуң, мынчалык кайра-кайра чогулушка түшүп, куугунтукка алынбай, бир сыйра кайра карап чыкчы" дегенин эске алып, анча-мынча оңдоолорду киргизгенге аргасыз болдук. Ушакчылар күзүр кылып асылган, китепке кошулган:
Алланын сөзүн үйрөткөн,
Алтын бешик терметкен,
Апамды алдың. Сен дүйнө - деген ырындагы Алланын деген сөздү Актын деп алмаштырыптыр.
- Ак деген деле Алла деген сөз, - деп Элмира жеңе өз кошумчасын айтып, сөзгө аралашты, - Мына ошол жерди Сиз унутуп жатасыз. Сиздин жазып койгонуңуз, мага айтып бергениңиз боюнча эстетип айтып жатам. Ошондон кийин "Сынган кылычты" кайра басып чыгарууга уруксат берилип, 80 миң нуска менен чыгат. Үч айдын аралыгында бирөө да калбай тарап кеткен. Ошол мезгилде 80 миң нуска менен бир дагы жазуучунун китеби чыккан эмес экен. Мына "Сынган кылыч" эчакта эле ошол жылдары баатырлыгын алып койгон. Туурабы атасы?
- Ооба, ошондой болгон.
- Мен дагы филологмун. Бул киши мага: "Элмира, жашым келип калды, Алланын колундабыз. Кокус ары карап кетемби, ооруп каламбы, мобуреки мен өмүр бою жыйнаган тарыхый изилдөөлөрүмдү, архивди сага өткөрүп берейин. Менин унутканым болсо, сен эскертип колуңа ал" дегенинен айрым айтылбай калгандарды жазганыңыз, мага айтканыңыз боюнча мындай эле деп сөзгө аралашып, эскертип жатканым ошондон. Тогуз жыл бул киши мени окутуп койду. Мен бир институтту бүтүп койдум. Бул кишиден турмуштун окуу жайынан, сабагынан өттүм. Туурабы, атасы?
- Туура.
- Бул гений улуу кишиден Асылбек деген тукум бар. Сүннөт той өткөргөнбүз. Өзүңүз көрүп тургандай меймандар олтурушат, дагы келишет. Бош эмес болсок да, кишиден уруксат сурабай, макулдук албай, өздөрү билип жазып койгондуктары тууралуу айтсам аябай кыжаалаттанганынан, кой эскиртпейин деп "Кыргыз Туусуна" телефон чалып, көз карашыбызды айтканыбыздын, журналистти чакырганыбыздын себеби ошондон. Чындыкты эл билсин. Антпесе эл арасында: "Жаш аял муну таптакыр кеңкелес кылып бүтүрдү. Ары сүйрөйт, бери сүйрөйт" деген сөз тараган. Бул жалганды да дуулдаткан ушакка айландырып жиберишпесин. "Ачык саясат" гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековго телефон чалып, силердин жыйыныңарга катышпаса, меморандумуңарга кол койбосо, макулдук бербесе деле өзүңөр калп жерден кол койгондордун катарына Төлөгөн Касымбеков деп кошуп коюпсуңар десем: "Бүгүн гезит чыгып жатат, эртең бала жөнөтөйүн" дейт. Жиберсе, калп айтпаса, аларга да, силерге айтчу көз карашыбызды айтып беребиз. Бул жерде кайсыл жазуучу турат. Аваңар өзүнүн агымы, жолу менен жүрөт. Бийликтин, мансаптын, байлыктын да кереги жок. Биздин байлыгыбыз эле ден соолук, балабыздын жыты, анан эле өзүбүздүн кесибибизди ардактайбыз. Экөөбүз тең кесиптеш филологбуз. Китебибиз байлыгыбыз. Мындан башка биздин эчтекебиз жок. Эл кандай айтса, айта берсин.
- Төлөгөн ава, жубайыңыз көрсөткөн бул "Ачык саясат" гезитине "Оппозиция бир муштумга бирикти" деген билдирүү жасаган материалда саясатчылардын катарында сиздин фамилияңыз жүрөт, өз каалооңуз менен болгонбу же булар макулдук албай эле киргизип коюшканбы?
- Муну Элмира окуп, көрсөткөнүнөн билип олтурам. Эч кандай буга макул эмесмин. Эч ким ушундай болуп жатат деп кеңеш, макулдук сурап кайрылган эмес. Таң калып, жаман болдум. Президент Курманбек Бакиев менен мамилем жакшы. Элдин кызматында жүргөндөр менен мен эч качан ары-бери дешпейм. Эгер түшүнсө колуман келген акылымды айтып коём. Азыр мага сындап бийлик талашкыдай же кошомат жасап бир нерсе өндүргүдөй зарылчылык деле жок. Ким болсун, оюм болсо аксакал катары калыс сөзүмдү түз өзүнө айта турган деңгээлдемин.
- Негизи оппозицияга көз карашыңыз кандай?
- Ушул мезгилде оппозиция деген чыкпадыбы. Ушу бир мезгилдин ичинде беш-алтыга бөлүнүп, элди ары тартып, бери тартып дүргүткөнү туура эмес. Тикелешпей, түпкүлүгүндө жеке кызыкчылыктарын ойлошпой эл тарапта турган туура чечимге ай тегерек олтуруп кеңешишип,туура жыйынтыкка келишсе болбойбу. Тарыхты карасак улуу, көп кыргыз бийлик талашуудан тикелешип, биринин жүйөөлүү сөзүн бири укпагандан азайып, ууч эле эл калбадыкпы. Мага оппозициянын лидерлеринин мени жок жерден кошуп койгондору аз келгенсип, меморандумга кол коюшкандыгын жарыялаган материалга "Оппозиция бир муштумга бирикти" деп билдиришкени жакпады. Муштум деген курал, кимдер менен согушушат? Сөздү абайлап колдонуш керек. Эмне алар муштум болуп өз элине согуш ачуу үчүн түйүлүштүбү. Сөзүбүздү туура, оң сүйлөп, дилибизди таза кармасак. Бүгүнкү кыйчалыш мезгилде элдин бүтүндүгү, келечек жашоосу ар бир эл башчысы болом деп өздөрүн эсептегендердин, интеллигенциянын моюнуна жүктөлгөндүгүн сезишсе. Кудайдан жакшылык тилеп, жакшы жолду бассак. Кылымдарды карыткан тээ байыркы улуу кыргыз эли нарктуу көчүн улап, кең келечекке ээ болоруна ишенем.

УТРКнын башкы директору М.А.Эшимкановго
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору К.С.Молдокасымовго
"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору С.М.Садыковго
"Кабар" маалымат-агентчилигинин баш мүдүрү Н.А.Идиновго
"Агым" гезитинин башкы редактору К.Т.Айдаровго
"Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Б.Назаралиевге
"Аалам" гезитинин башкы редактору Ш.Медетбековага
"Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Б.Жээнбековго
Оппозиция кабыл алган "Меморандумга" кол койгон саясый партиялардын жетекчилерине

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жана саясый партиялардын жетекчилери, менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө.
Жакында оппозициялык маанайдагы саясый партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, ар кандай кыймылдар тарабынан кандайдыр бир "Меморандум" кабыл алыныптыр. Бул мамлекетибиздеги оппозициялык күчтөрдүн бириккени, алардын алдындагы саясый кадамдары тууралуу документ экен. Ага менин - Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун атынан кимдир бирөө кол коюп койгону капа кылды.
Аталган иш кагазын уюштургандардын арасында саясатчылар, мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер ж.б. жүрөт. Мени ошондой даражадагы инсандардын мындай адепсиздикке барганы кыжырлантат. Мен ал документ менен таанышпай туруп кантип кол коймок элем. Эмне, кыргыз журтчулугунун галстук тагынып, элдин атынан сүйлөп жүргөн ошол жигиттери ар кандай иш кагазына колун койдура турган жаранды ири алдыда мындай иш-чара менен тааныштырыш керек деген элементардык түшүнүктү унутуп калыштыбы? Же бул улууну урматтабай эле каалагандай пайдаланабыз деген сөзбү?
Кадырлуу, аталган документти даярдаган саясый партиялардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо кызматкерлери Сиздерден бул ишти иликтеп, мындай адепсиздикти коомчулукка билдирип коюуңуздарды өтүнөм! Мен бул "Меморандумга" эч качан кол койгон эмесмин жана бул документтеги саясый жүрүштөрдү колдобойм.

Урматтоом менен
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ
10.11.08. Бишкек

Маектешкен
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"