, 11.11.08 - 14-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№85, 11.11.08-ж.
  Конкурска

Тамеки чегүү түркүн ооруну чакырат
Вьетнам элинин акындарынын "Оору ооздон кирет, кайгы ооздон чыгат" - деген накыл кеби биздин жашообузга дал келүүдө. Буга түшүнбөгөндөргө "Тамеки сатсаң тор мына, сатып чексең кор мына" - деп тамеки, чылым, насбай чеккендерге каршылыгымды ачык-айкын айткым келет.
Америка ачылганга чейин Ев-
ропа тамеки дегенди таптакыр билген эмес. 1560-жылы Лиссабон сарайынын алдындагы француз элчиси, Жан Нико (никотин ушундан алынган) француз Екатерина Медичиге баш ооруну басуучу касиети бар тамекинин жалбырактарын алып келип берет. Катуу баш оорудан жабырланган канышасы жана анын уулу Франщик белекти абдан кубануу менен алышат. Элчинин кеңеши боюнча алар, кереметтүү таасири бар "өсүмдүктүн" жалбырагынын талкаланган күл майдасын жытташат. Көп убакыт өтпөй бул окуя Парижге, андан соң бүткүл Францияга, кийинчерээк башка өлкөлөргө тарап кетет.
Тамекинин дүйнө жүзүнө оңой-олтоң таралышына эмне себеп? Тамекинин кутусундагы никотин өпкө аркылуу канга жетип, мээнин кан тамырларын кыска мөөнөткө кеңейтип жан сергиген жыргалды пайда кылат. Адам бир саамга көөшүй түшөт, ал аны улам-улам кайталагысы келет, ошентип отуруп тамеки-насбай чегүү адатка айланат.
Бирок никотин - күчтүү уу, адам денесинин андан жабыркабаган бир да мүчөсү болбойт. Ал жогорку дем алуу жолдорунун былжырлуу чел кабыкчасын дүүлүктүрүп, ларингит (тамактын сезгениши), бронхит дарттарын пайда кылат.
Окумуштуулар эсептегендей, тамеки чеккендер өпкөнүн рагынан аны чекпегендерге караганда 7-10дон 15-20 эсеге чейин жабыркашат. Ашказаны жара оорусуна дуушарлангандардын 98% тамеки чеккендер болуп чыкты. Эгерде тамекини таштабаса, ашказандын жара оорусу күч алып, акырындык менен зыяндуу мүнөзгө айланышы ыктымал. Алардын 10-12 пайызында рак пайда болот.
Жогоруда айтылгандардан бир гана жыйынтык чыгарууга болот: тамеки чекпегендер андан алыс болгону жакшы, ал эми аны чегип жүргөндөр: эгер алар өз ден соолуктарын сактагысы келсе, тамекини таштап койгондору эле оң. Айрыкча жаңы чеге баштаган уландар жана балдарга зыяндуу таасирин тийгизет. Азыркы учурда Кыргызстанда көбүнесе эркектер тамеки чегишет, ал эми кийинки учурларда аялдар, өспүрүмдөр, кала берсе кыздар тамеки тартып жүргөндөрү байкалууда. Адатта балдар - кыздар 10-13 жашынан баштап, улууларды же тамеки тарткан жолдошторун туурап чеге башташат. Тамеки чегүү алар үчүн - бул бой жеткендиктин, эрдиктин жана өз алдынчалыктын белгиси катары сезилет.
Алгачкы ирет тамеки чеккенде тамакты ачыштырып, жүрөктү айлантат, жөтөлтүп, башын айланткан жагымсыз сезимдер пайда болот. Организм бул ууга каршылык көрсөтө баштайт, бирок өспүрүм өзүн "эр жетип" калган сыяктуу көрсөткөн аракетин бекемдөө үчүн жагымсыз сезимди жоюп, кайра-кайра чеге берет. Адатта алар "тажрыйбалуу" досторунун таасири астында болушат. Алар мугалимдердин, ата-энелердин, дегеле улуу адамдардын сөзүн укпай, өздөрүн эркин сезишет. Бирөөнүн акылын уккандай биз кичинекей белек дешет, эркек деген тамеки чегет деп түшүнгөнү менен анын бардык жүрүм-турумуна таасирин тийгизет, бой көтөртөт, ар дайым башкалардан артык турган сезимди пайда кылат.
Чындыгында өнүгүп келаткан өлкөлөрдө тамеки тартуу көп болууда, анын ичинде биздин Кыргызстанда да жыл сайын көбөйүүдө. Себеби мурун Кыргызстанда эркектер эле тамеки тарта турган болсо, азыр кыздар арасында тамеки тартуу, пиво ичүү салттуу модага айланып калды. Бул албетте, чоң көйгөйлүү маселе. Себеби генофондду коркунучка алып келип жатканыбызды биз азыртан түшүнүшүбүз керек. Биринчи кезекте медик ак халатчандар тамеки тартууну токтотушубуз керек. Анткени медиктер арасында дагы тамеки тартууга берилгендер көбөйүүдө. Өзгөчө жетекчилер, хирургдар арасында өтө көп. Мындан он чакты жыл мурда экс-министр Н.Касиевдин убагында атайын буйрук чыгарып, медкызматкерлер арасында тамеки тартууга тыюу салынганы эсимде. Чындыгында тамеки чегип, өзүнүн ден соолугуна карабаган медкызматкерлер, бирөө үчүн күйүп-бышып, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө багыт берерине ким ишенет. Ошондуктан, тамеки тартууну медиктер, президенттик жана өкмөттүк аппаратта, министрлик менен ведомстволордо, облрайакимчилик жана жергиликтүү бийлик органдарында иштегендерге, ошондой эле жалпы эле интеллигенция арасында алдын алып, тыюу салуу абзел.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча жер шарында тамеки чегүүдөн ар бир 10-11 секундда бир адам өлүп турат. Жылына мындайлар 3-3,1 миллионго жетет жана бул көрсөткүч дайыма өсүүнүн алдында. Тамеки дүйнөлүк экономикага жыл сайын 200-230 миллиард доллар чыгым келтирет. Бул бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо каражаттарын 2 эсеге чейин көбөйтүүгө жетмек.
Кийинки мезгилде айылдарда ден соолукту сактоо комитеттери түзүлө баштады, биздин айылдардагы 30-35 пайыз жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдөн тамеки чеккендердин эсебинен жылына ар бир үй-бүлө 10-11 миң сом чыгаша таап, мунун кесепетинен жакырчылык дагы көбөйүүдө. Ал эми биздин республикада 1 жылда тамекиден 10000 адам өлүмгө дуушар болот экен, бул негизинен тамекинин залалынан пайда болгон инфаркт, инсульт, жүрөк кан-тамыр жана рак оорулары эсептелет.
Бүгүнкү күндө 20-25 жыл тамеки тарткан эркектин ден соолугун ала турган болсок 32 тиштин 71-74 пайызы чириген, өпкө толук кандуу иштебей энтиктирип турат.Ушул себептүү, медициналык эркин ыкмаларды тоготпой калды жана никотинден кутулуш үчүн башка аракеттерди колдонуу зарыл болууда.
Өзгөчө элге таасирдүү болгон интеллигенциялардын арасындагы тамеки чеккендерди мыйзам, жарлык түрүндө тыюу салмайынча карапайым калк арасында, өзгөчө кыз-келиндер арасында тамеки чегүүгө тыюу салуу кыйын болууда.
Негизин айтканда Ат-Башы районунда жана Нарын облусунда 40 жаштын тегерегинде инсульт, инфаркт оорусунан каза болуу жана жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча республикада биринчи орунда. Ушул себептүү, тамекинин зыяндуулугу кан тамырларды талкалап, шлактарды пайда кылгандыгына байланыштуу биздин райондо "ОЗОН" (О3) менен дарылоо бөлүмү ачылды.
Ат-Башы аймагында мекемелерде тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, рейд уюшула башталды жана арак ичкендер азайып, чылым чеккендер көбөйө башталды. Бул боюнча тиешелүү маалымат жана тамекинин генофондго, улут коопсуздугуна тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрүү, насыят иштери мындан ары да уланмакчы.
Кенжекары ТЕНТИМИШОВ,
Ат-Башы райондук
мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери,
коомдук кабарчы




  Оңдоосуз кат

Дежур чалдар баш көтөрө башташты
Акаев республиканы башкарган он беш жыл ичинде өлкөнү туура жетектей албай, айыл чарбасын, өнөр жайын талкалап, миллионго жакын атуулдардын Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө
кыздарыбыз Крымга, уулдарыбыз Уралга тентип кетишип, өлкөнү 2 млрд. долларга карыз кылып, элдин 80-90%ы жакырчылыкта-кедейчиликте жашашты. Республикада жашаган көп улуттуу элдин, айрыкча кыргыздардын геноцид абалына туш болушуна жер-жерлердеги дежур чалдардын кошкон салымдары өтө чоң болгон.
Анткени, дежур чалдар жок нерсени
бар, болбогонду болду дешип көбүртүп-жабыртышып, "Урматтуу Аскар Акаевич, Сиз эң жакшы президент болдуңуз, элдин турмуш-шарты эң жакшы, эл жерден жана төрт түлүк малдан өтө көп киреше алышып, бардар, бай жашай башташты. Союз мезгилинде да мындай турмуш, өндүрүштүн өсүп-өнүгүүсү болгон эмес эле. Сиздин бийлигиңизди толук колдойбуз, дагы шайлайбыз. Кыргызстанды Сиздей башкара турган башка инсан жок", - дешип, аны көкөлөтүп макташып, республиканы өтө оор абалга жеткирип, анын өлкөгө чыккынчылык кылып качып кетишине себепчи болушкан эле.
Ошол кездеги түштүк аймагындагы калыс сөзүн айталбаган карыялардын айрымдарына мисал келтире кетели. Ош облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, генерал М.Абдрахмановдун башка жылдардагы Акаевди чексиз мактаганын мындай коюңуз, Ошто революциянын толкуну жүрүп, эл көтөрүлүп, миңдеген адамдар губернатордун кеңсесинин эшигиндеги аянтка келишип "Акаев кетсин, бийликти тапшырсын" дешип пикетке чыгып жатышса да (Абдрахманов) телевизордон сүйлөп, "Урматтуу Аскар Акаевич, Сиз эч кандай кабатыр болбоңуз, көп деле киши топтолгон жок. 40-50дөй эле адам бар, алар кечинде тарап кетишет", - деп ошол күндөрү 100гө жакын адамдарга кол койдуруп, Акаевге "Кыргыз Эл Баатыры" берилсин деп кат жөнөткөн болучу.
Ал эми Ноокен районунун дагы бир тургуну Усубалиев аксакал болсо Жалал-Абадда революцияны баштагандар губернатордун кеңсесин ээлеп алганда губернатор жана анын орун басарлары иш орундарын таштап, белгисиз жакка качып кетишип, эл толкуп, саат сайын алардын саны өсүп, "Акаев кетсин, президенттикти тапшырсын" деп революция кульминациялык точкасына жетип турганын көрүп туруп, теледен сүйлөп: "Урматтуу Аскар Акаевич, Жалал-Абад шаары тынч эле. Сиз чочулабай эле коюңуз, чогулган эл эки-үч күн чуулдашып тарап кетишет, азырынча Сизден башка президентке жарай турган, боло турган адам жок" - деп бакылдаган болучу.
Республикадагы бардык карыялардан аша чапканы ала-букалык А.Өскөнбаев болгон эле. 2004-жылы Акаев Жалал-Абадга келип облустук кеңешме өткөргөн мезгилде ал сөз сүйлөп, "Урматтуу Аскар Акаевич, Сиз өлкөнү эң жакшы башкарып жатасыз, Манас ал жомок, чыныгы Манас, кыргыз элинин бактысына туулган Сизсиз. Ошондуктан бүгүнкү кеңешменин катышуучулары А.Акаевичти дагы он беш жылдык мөөнөткө президенттикке шайлоону мен Ала-Бука элинин атынан сунуш кыламын", - деп элдин кыжырын келтирген эле. Анысы аз келгенсип Ала-Букадагы акимчиликтин жыйналыш залында 360 адам катышкан чогулушта А.Өскөнбаев сөз сүйлөп, кыз-келиндерди көзгө илбей: "Урматтуу Аскар Акаевич, кыргыз элинин бактысына бир туулуп калган адам, эми туулбайт, андан урук-тукум алып калыш керек", - деп ураан көтөргөнүн эл уккан.
Март революциясынан кийин Президент болуп шайланган Курманбек Бакиев жолугушууларда алдыдагы аткарыла турган жумуштарды айткандан кийин: "Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылуулары зарыл. Ошондуктан ардактуу аксакалдар бийликти, айрыкча президентти мактабай, тескерисинче жергиликтүү бийликтен тартып, аким, мэр, губернаторлордун, министрлердин, Өкмөттүн жана Президенттин аппаратындагы кызматкерлердин аткарып жаткан иштериндеги кетирилип жаткан кемчиликтерин айтып, адилеттүү сындап, өлкөнүн экономикасынын тез өсүшүнө, айыл чарбасынын, өнөр жайынын, социалдык маселелердин жанданышына, айрыкча өндүрүштүн өсүшүнө жардам көрсөтсөңүздөр эң туура болот деген эле. "Мындан кийин мени мактап-жактагандардын, дежурлардын, дежур чалдардын кереги жок экендигин суранамын", - деп кайрылган болучу. Ошондон кийин эки жыл дежур чалдардын үндөрү басылып калган. "Кар жаады, из басылды" болуп, быйылтан баштап, ошол дежур аксакалдар кайрадан жанданып, баш көтөрө башташты.
Жакында Президент Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырган мезгилинде Кочкор-Ата шаарчасына келип, эл менен жолугушкан учурда баягы Акевди Манастан артык мактаган Усубалиев дагы сөз сүйлөп, К.Бакиевди эски стиль менен өтө мактап жиберди. Өкмөттүн, эң жакшы иштеген аким, мэр, губернаторлордун, ошондой эле Президенттин жасаган иштерин, кыска мезгилде жараткан, жетишкен ийгиликтери жөнүндө так, туура айтууга эмне үчүн болбосун. Ийгилигине жана кетирилип жаткан кемчиликтерге туура баа берүү, ийгиликти жаратуунун негизги стимулу болуп эсептелет. Ал эми Усубалиевге окшоп азыркы Президентти дагы Акаевге окшотуп ашыра мактоонун эч кандай зарылчылыгы жок. Элге жакын, элдин мүдөөсү үчүн күнү-түнү аракеттенип жаткан К.Бакиев ашыра мактоого муктаж эмес.
Президент К.Бакиев август-сентябрь айларында Баткен облусунан башка бардык облустарды кыдырып, эл менен жолугушкан чогулуштарда эски дежур чалдардын кээ бирлери дагы баш көтөрүшүп, сөз сүйлөшүп, көбүртүп-жабыртып, жагымсыз сөздөр менен Президентти макташып, аны ыңгайсыз абалга калтырышты.
Мамлекет башчысы алардын чектен чыккан, негизсиз мактоолоруна муктаж деле эмес. Анын алдыга койгон максаты - эл-журтка ак кызмат кылуу, өлкөнү өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуп, эл ишенимин, элге берген антын актоо болуп эсептелет. Ошондуктан улгайган адамдар, дежур чалдар өмүрлөрүнүн көбү өтүп, азы калган мезгилде эки жүздүүлүктү таштап, өз айылынын, районунун кутмандуу, акылдуу карысы болуп, азыр өтө муктаж болгон жаштарга туура насаат айтып, акыл үйрөтүшсө туура болот эле.
Азыр өлкөбүз туура өсүү жолуна түштү. Өткөн он беш жылда аткарылбаган, жасалбаган иштер аткарылып, өнөр жайы, айыл чарбасы жана жалпы эле өндүрүш жылдан-жылга өсүп, бардык тармактар боюнча чоң ийгиликтер жаралып, көпчүлүк кесипкөй жаштарыбыз иш менен камсыз болушуп, ийгиликке ийгилик кошулуп, жаралып жаткан мезгил. Алдыда турган милдет - өлкөдө саясый туруктуулукту камсыз кылып, жаралып жаткан ийгиликтерди эки эселенген чекке жеткирүү үчүн насаатчы, даанышман, акылгөй, кутмандуу карыларыбыз, байбичелерибиз баш болуп, республикабыздын бүткүл эли, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", биримдик менен калыстыкты туу тутуп эмгектенүү гана күн тартибиндеги эң зарыл маселе болуп эсептелет.
Мырза КЫДЫР,
Кыргыз Республикасынын
улуттук жазуучулар жана
республиканын журналисттер
кошунунун мүчөсү