, 07.11.08 - 8-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№84, 07.11.08-ж.
  Журналисттик окуялар

Дөңгөлөк жагып жылынуу
Ар бир мезгилдин көйгөйү, реформалары, каармандары бар. Ошонун бардыгын кыргыз журналистикасы тарыхтын күзгүсү катары чагылдырып келе жатат. Доордун, мезгилдин талабы, арымы менен тең жарышкан журналисттер турмуштун кайнаган чордонуна сүңгүп кирип, турмуштун, жашоонун талылуу жерлерин жазуу аркылуу тарыхый учурдун бүткүл ички касиетин сүрөтчүдөй таамай тартып койгон учурлар бар. Кээ бир жагдайларда журналист туш болгон турмуштук үзүм да мезгилдин маңызын, өзгөчөлүгүн, адамдардын аң сезиминин деңгээлин, коомдук өндүрүштүк мамилени өзөктүү кылып көрсөтүп койгон учурлар арбын. Буга мисал катары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу кызматкери Кемел Тойбаевдин командировкага барууларындагы бир үзүм окуяны келтирсек болот.
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети малды кыштатуунун абалын аныктоо, кемчиликтерди тактоо, алдыңкы тажрыйбаларды чагылдыруу тапшырмасын гезитке берет. Туш-тушка журналисттер жөнөтүлөт. Кемел байкебиздин энчисине Ат Башы районунун Ак Сай, Арпасына чейинки аймак тиет. Партиянын Нарын обкомунун биринчи катчысы аны өзү тосуп алып, жанына өзүндө иштеген кишини кошуп, Кытай жакка жиберет. Ат Башыга кире бериш жерден чегарачылар тосуп, документтерди, районго барууга уруксаты барбы же жокпу текшере баштайт. Аксакалыбыз паспортун Нарындагы конок үйгө таштап койгон экен. Ат Башыга жиберүү, жибербөө маселеси териштириле баштайт. Коштоп жүргөн жооптуу киши Нарын обкомуна чейин телефон менен чыгып, обкомдун жетекчисин буктурманын күзөт башчысы менен сүйлөштүрөт. Буга чегарачылар ынабай, Кемел Тойбаевдин ким экендигин тактап берүү өтүнүчүн республиканын КГБсына жөнөтүшөт. Ал жактан жооп келе электе райкомдун башчысы келип калат. Анын сөзүнө да күзөттөгүлөр макул болбой, "устав боюнча гана иштейбиз, сиз маа десеңиз Усубалиев болуп калыңыз, паспортуңуз жок болсо тосмодон өткөрө албайбыз" - деген жоопту беришет. Бир сааттан ашуун убакыт өткөндөн кийин Бишкектин КГБсынан К.Тойбаевдин кайсы жерде жашаары, иштээри, командировкага кайсы күнү чыкканы, кайсы жерден тамак ичкени, паспорту Нарын шаарынын конок үйүндө жатканы саат, мүнөтүнө чейин так көрсөтүлгөн жооп келет. Кемел байкени өткөрүү, өткөрбөө жагы тосмонун жетекчилигине дайындалат. Алеки заматта чегара кызматынын жетекчиси келип, обкомдун, райкомдун өтүнүчүн эске алып 4 күндүк мөөнөткө Ат Башыга жиберилет. Бул талапты көзөмөлдөө жагы бир майорго дайындалат.
Ак Сай менен Арпага бара жатканда автомашина бузулуп калат. Кыш. Асман тиреген тоолор, түздүктөр белден келген калың карды жамынып, ак борошо уруп, карагайга тартылган зымдар улуп, суук сөөк-саакты какшатат. Жылыныш үчүн запас дөңгөлөктү жагышат. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык артка чегинип, кылчылдатып үшүткөн ызгаар суук жумшара түшкөнсүдү. Дөңгөлөк күйүп бүттү. Кайрадан караңгылык чүмкөп алып, катуу суук бети-башты жалмап, шамал этек-жеңди булкат. Кабинага кире качышса ал жактагы суук тыштагыдан кем эмес. Кантип тоңуп өлбөй тирүү калуу керек? Акылдашып отуруп "УАЗ-69" автомашинасынын төрт дөңгөлөгүн жагып жылынмай болушат. Бири дөңгөлөктү чечип, экинчиси бактан бензин куюп алып жаткан учурда эки көздүү жарык көрүнөт. Ал Ак Сай менен Арпага ун, таттуу, кийим-кече жеткирип бараткан рабкооптун жүк ташуучу машинеси тура. Үшүп өлөбүз го деп коркуп тургандар энелери эркек бала төрөгөндөй сүйүнгөнүн айтпа. Автодүкөндө ысык чай, жылуу төшөк...
Бузулуп калган "УАЗды" сүйрөтүп алышып көздөгөн жерге жетишет. Чабандын жылуу үйү үшүп калгандарга бейиштин төрүндөй сезилет. Үй ээси да меймандос экен. Тердеткен ысык сорпо, беш бармак. Жашоо ушунусу менен керемет.
Алыскы кыштоолордогу топозчулар менен субай мал баккандарды кыдыргыча арадан беш күн өтүп кетет. Аскердик кубаттуу жаңы машинаны минип Кемел байкени көзөмөлдөө милдетин алган баягы майор келет. Ал анын унаасы менен Нарын шаарына жылуу, жумшак жетип алды.
Журналистиканын мындай түйшүктүү күндөрүн К.Тойбаев дежур болуп жүргөндө далай жолу тартты. Анда саясый ката кетсе бырчылдатылып "баш кесилип" турган кез. Көздүн күчү менен майын кетирип гранканы, анан полосаны окумай, коргошун менен куюлган саптарды версткалоо учурунда оошуп кетмейлерди кайра ордуна салмай. Ушундай жооптуу дежурлук мезгилинде кызматкерлер тарабынан оркойгон ката кетет. Кыргызстандын КП БКсынын пропаганда жана агитация бөлүмүнөн катуу жаза чарасын көрүү талабы редакцияга берилет. Редактордун орун басары Кемел байкени чакырып: "Сен профкомдун төрагасы эмессиңби, ошого байланыштуу ката кетиргендерге жумуштан статья менен чыгарылсын деген чара көр" деген буйрукту берет. Териштирүү учурунда КПСС Борбордук Комитетинен келген расмий материалдын кеч келгендиги, аны которгондо Кыр ТАГ ката кетиргендиги, ага кошул -ташыл болуп грамматикалык каталардын кеткендиги аныкталат. Профкомдун мүчөлөрү биринчи орунбасар берген тапшырманы аткармак түгүл, корректорлорду коргогон, материалдардын кеч келиши, КырТАГдын туура эмес которушу тууралуу кемчиликтерди белгилеген, күнөөлүүлөргө жылуу-жумшак жаза берген чечимин чыгарат. Муну негизинде редактор күнөөлүүлөрдү кызматтан бошотуу чечимин кабыл ала албай калат.
Кемел Тойбаев "Советтик Кыргызстан" гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы, гезиттин өнөр жай, советтик курулуш бөлүмдөрүнүн кабарчысы, бөлүм башчысы болуп он жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенди. Ардактуу эс алуудагы устатыбыздын кызы Кундуз азыр "Чүй баяны" гезитинде жооптуу кызматта иштейт. 4 уулу ички иштер органдарында кызмат өтөшүүдө. Журналистиканын оор түйшүктөрүн баштан кечирген карыя бүгүнкү күндө байбичеси Калбүбү менен кол кармашып, уул-кыздарынын сый-урматына бөлөнүп турган кези.

Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттө: Кемел Тойбаев.




  Улуу Октябрь социалисттик революциясына 91 жыл

Октябрь революциясы тартуулаган орошон ийгиликтер
Улуу Октябрь социалисттик революциясынын ишке ашкандыгына туптуура 91 жыл болду. Мындан 91 жыл мурда В.И.Ленин башында турган большевиктер падышанын Кышкы сарайын штурм менен алышып, эзилгендерди азаттыкка чыгарып, бардык адамдар үчүн улутуна, расасына, жынысына, социалдык абалдарына карабастан теңдикти орнотуп, келечекте коммунизмди куруу же аркы дүйнөдө делинип жүргөн бейишти ушул дүйнөдө эле камсыз кылууну максат кылган саясый түзүлүштү орнотушкан.
Улуу Октябрь социалисттик революциясы ишке ашкан күн мурдагы советтик мезгилде негизги мамлекеттик майрам болуп келди. Анын кандай кеңири масштабда жана элдин кеңири массасынын катышуусунда белгиленип келгендигин азыркылар болбосо да мурдагы муундардын өкүлдөрү жакшы билишет. Анткени, алар өздөрү андай салттанаттуу майрамдардын катышуучулары жана уюштуруучулары болушкан. Албетте, мурдагы муундардын өкүлдөрүнүн көпчүлүгү ал салтанаттарды жылуу, жарык маанайда гана эскеришет. Анткени, Улуу Октябрь социалисттик революциясы ишке ашкан күн, андан кийинки 74 жылга созулган советтик мезгил алардын, ата-бабаларыбыздын тарыхтарынын, өмүрлөрүнүн айрылгыс, ошол эле мезгилде эң динамикалуу жана романтикалуу бөлүктөрүнөн.
Тарыхтын эч качан өзгөрүлгүс бир гана мыйзамы бар, ал дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе жок, бардык нерсе өзгөрүлүп турат деген жыйынтык. Мурдагы союз урап, СССР таркагандан кийин дүйнөнүн калктарынын көпчүлүк бөлүгүндө, анын ичинде мурдагы союзга кирген республикаларда Улуу Октябрь социалисттик революциясына карата мамиле диаметриалдуу карама-каршы жагына өзгөрүлдү. Мурда аны "адамзаттын бактысына жаралган улуу күн" деп жараналап келишкендердин арасында адамзаттын тарыхындагы эң чоң катастрофа катарында жарыялап, СССРдин негизги символу болгон орок менен балканы фашисттик свастикага салыштыргандар да болушту. Кайра куруунун мезгилинде, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, Октябрь революциясынын, советтик мезгилдин тарыхтары жөнүндө эмне деген гана инсуниациялар айтылбады, кандай гана чындыктар да, тарыхка эч кандай тиешеси жок апыртмалар да жазылбады. Орустун кайсыл бир белгилүү саясатчысы айткандай, биз өз тарыхыбыз менен душмандарыбыздай эле согуштук. Бирок, Улуу Октябрь социалисттик революциясын ишке ашырган өлкө анын жемиштерин танып, кыйраткан менен анын идеяларын тарыхтан өчүрө алган жок. Биздин оюбузча адамзат жашап турганда аны өчүрө да албайт. Эмне үчүн мындай көз карашта экендигибизди гезитибиздин ушул жылдын 20-майындагы № 36-санына жарыяланган "Коммунисттик идеологиянын триумфалдык жеңишке жетишүүсү мүмкүнбү?" деген макалабызда колубуздан келишинче аргументтештирип жазганбыз. Октябрь революциясынын идеалдары мурдагы союзга кирген республикаларда мамлекеттин расмий идеологиясынан алынып ташталып, ал чектелген чөйрөдөгү инсандардын гана саясый позицияларына айланган менен ал дүйнөлүк деңгээлдеги таасирин төмөндөткөн жок. Анткени, дүйнөнүн калкынын төрттөн бир бөлүгүнө жакыны дагы деле коммунисттик идеологиянын жетекчилигинде жашашат жана иштешет. Кытайдын жана Вьетнамдын жетекчилери мурдагы союздун жетекчилигиндей Октябрдын, өз өлкөсүнүн тарыхтарын аёосуз ревизиялашып, мурдагы лидерлеринин бирин калтырбай жаманатты кылышып, дүйнөлүк коомчулукка шылдың болуп, акырында улуу державаны таркатып жиберип, жаңы системаны курганга киришип, өз элдерин трагедияларга, оор сыноолорго кабылтышпай эле, эволюциялык жол менен эле коммунисттик идеологияны рыноктук шарттарга ылайыкташтырып алышты. Алар да Мао Цзе Дундун, Хо Ши Миндин ж.б. жетекчилеринин кетирген катачылыктарын өз мезгилинде сындашты, бирок чектен чыгып, өз тарыхтары менен согушушкан жок.
Ырас, Октябрь революциясы өз бийлигин орноткондо, андан кийинки мезгилдерде, өзгөчө 1931-1933- жана 1937-1939-жылдарда аябагандай чоң кемчиликтерге жол берилди. Ал убактагылардын апыртылып кеткендери да аз эмес, бирок көбү чындык. Бирок, кемчиликтерин, катачылыктарын анын жетишкендиктери менен салыштырганда ийгиликтери, адамзаттын прогрессивдүү тарыхын алга жылдыруудагы орду басымдуулук кыла тургандыгын ачык эле айтышыбыз керек. Октябрь революциясы өзүнүн аймактык бүтүндүгүнөн ажырап, жок болуп бараткан ондогон этносторду прогресске күчтөп айдап киргизип,аймактарын чектеп берип, кат-сабаттарын жоюп, кадрларын даярдап, учурдун цивилизациясына кошту. Эгерде Октябрь революциясы болбогондо азыркы Борбордук Азиядагы мамлекеттердин бири да түзүлмөк эмес. Кыргыздын түштүктөгүлөрү өзбектерге, кыпчактарга, тажиктерге ассимиляцияланып, чүйлүктөрдүн, ысык-көлдүктөрдүн бардыгы Нарындан ары куулуп, жакшы жерлердин бардыгын келгиндер биротоло ээлеп алышмак. Чындыгын айтыш керек, Октябрь революциясынын алдында биз бирдиктүү этнос катарында жок болуунун алдында турганбыз. Демек, биздин Октябрь революциясына акаарат айтып, аны жамандаганга кымындай да моралдык укугубуз жок. "Малды семиртсе оозду майлайт, адамды семиртсе, оозду кандайт" дегендей тарыхый жакшылыкты билбеген маңкурттардан болбошубуз керек.
Кеңири масштабдан алганда Улуу Октябрь революциясы адамзаттын тарыхындагы теңсиздик, эзүү, зордук-зомбулук сыяктуу көрүнүштөрдүн бардыгын бир жолу биротоло четтетүүгө багытталган геотектоникалык деңгээлдеги социалдык жарылуу болгон. Ошондуктан аны эзилгендер гана эмес, прогрессивдүү көз караштагы ак сөөктөр да колдошкон. Октябрь революциясы 1917-жылы бир гана өлкөдө ишке ашкан менен, бирок анын таасири бүткүл дүйнөгө тийген. Өндүрүштүн, капиталдын ээлери өндүрүүчүлөр менен болгон мамилелерди түп тамырынан кайра карап чыгып, алардын эмгек акыларын көбөйтүп, социалдык шарттарын жакшыртууга, кесиптик кошундардын талаптары менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Бекеринен революциянын алгачкы өлкөсүнүн мамлекеттик туусуна Чикагодогу демонстрацияда атылган жумушчулардын желектеринин түстөрү негиз кылынып алынган эмес.
Бир сөз менен кыскартып айтканда, канча мезгил өтпөсүн Улуу Октябрь революциясы адамзаттын тарыхындагы көп идеялары реалдуу турмушка шайкеш келбей калса да социалдык чоң бурулуш жасап, прогрессти алга жылдырууга эбегейсиз чоң таасирин тийгизген эпохалдуу факт бойдон кала берет.

Бакай ЧИЛТЕГИН