, 07.11.08 - 3-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№84, 07.11.08-ж.
 9 айдагы өсүштүн жай жүрүшү өкмөт жыйынында талкууланды

Министрликтердин моюн толгоосу, Өкмөттүн өктөм токтому
Ушул жылдын январь - сентябрь айларындагы экономикалык өсүштүн арымы өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге караганда кыйла жайлап калды. Мунун түпкү себеби эмнеде? Экономикалык өсүштү турукташтыруунун кандай жолдору бар? Ушундай омоктуу 4 маселе Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында өткөн өкмөт жыйынында каралды.

Ушул жылдын 9 айында эко-
номикалык өсүш 6,6 пайызды гана түздү. Бул 2007-жылга салыштырганда 1,8 пайызга төмөн дегенди билдирет. Мындай төмөндөө кырдаалы айыл чарба продукцияларынын көлөмүнүн төмөндөшүнөн, курулуштун солгундашынан, өнөр жай продукцияларынын мурдагыдан кыйла аз чыгарылышынан, чекене соода жүгүртүүнүн өсүш арымынын кыскарышынан, энергосектордогу абалдын начарлашынан улам жаралып жатканы Өкмөттүн отурумунда аныкталды.
Өлкө экономикасынын өсүш арымынын жайлап калышына АКШдагы ипотекалык рынокту насыя пул менен жөлөп-таёо пирамидасынын кулоосунан улам жаралган дүйнөлүк каржылык кризис да кыйыр түрдө өз таасирин тийгизип жатат. Чет мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан банк системаларын колдоо, депозиттерди коргоо боюнча мурда болуп көрбөгөндөй иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатат.
Эл аралык каржы кризиси өлкөбүздүн банк системасындагы туруксуздукту жаратышы, валюталардын алмаштыруу курстарынын баш-аламандыгына алып келиши, ошондой эле инвестиция менен капиталдын агып киришинин кескин кыскарышына, эмгек мигранттарынын акча которууларынын азайышына туш кылышы мүмкүн. Ушул факторлор экономикалык өсүштүн мындан да жайлап калышына түртөт. Мына ушуга байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттердин, бюджеттик уюмдардын каражаттарынын жана салымдардын сакталышын коргоого, коркунучтардан аман алып чыгуучу системаны чыңдоо, көзөмөлдүк талаптарды катуулатуу зарылдыгы пайда болду.
Баалардын өсүп жатышы да Өкмөттү тынчсыздандырууда. Алсак, жыл башынан тартып тамак-аш азыктары менен алкоголдук эмес ичимдиктер - 116,1, нан азыктары, акталган таруу, конок, күрүч - 122,9 ун - 115, эт 112 пайызга кымбаттады. Азык-түлүк эмес товарлардын баасы 111,4 пайызга өстү. Мунун ичинен кийим менен бут кийимдер - 104, бензин - 121,3, дизелдик май 154,2 пайызга өйдөлөдү. Калкка кызмат көрсөтүү жаатында да акылар өстү. Кымбаттоо саламаттык сактоодо - 112,4, транспортто - 136,2, турак жайда 125,5 пайыз болду. Экономикалык өнүгүү министрлигинин божомолу боюнча, эгерде жумшартуучу чаралар көрүлбөсө тартыштык жылдын аягында 22 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу баага тиешелүү азыркы кырдаалга талдоо жүргүзүү, аларды жөнгө салуунун жолдорун, мүмкүнчүлүктөрүн табуу керек. Өкмөттүн отурумунда каралган негизги маселенин өзөгүн ушул абалдан чыгуунун жолун табуу аракети түздү.
Өкмөт мүчөлөрү энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалды да көз жаздымында калтырышпай, элди кыйнаган бул маселени чындыкка жараша талкууга алышты. Өткөн 9 айдын ичинде 2007-жылдын 9 айындагыга караганда электр энергиясы 20 пайызга өндүрүлгөн. План боюнча 12 миллиард куб суу Токтогул суу сактагычына топтолууга тийиш болсо, 9,6 миллиард куб эле суу топтоого жетишилди.
Электр энергиясын өчүрүүнүн кесепетинен технологиялык процесстер үзгүлтүккө учурап, тигилген буюмдардын көлөмү төмөндөдү. Бул тармактагы мүмкүнчүлүктөр 500 миллион сомдук продукцияга пайдаланылбай калды. Мындай жоготуулар тамак-аш азыктарын иштеп чыгаруучу тармакта да бар.
Экономиканы өнүктүрүү боюнча 2008-жылдагы Өкмөттүн аракетинин планына мониторинг жасалып, анда коюлган тапшырмаларды министрликтер менен ведомстволор 85 пайызга гана аткарганы аныкталды. Аракеттенүү планына республикадагы макроэкономикалык кырдаалды турукташтыруу, инфляциянын өсүшүн токтотуу, берилген тапшырмаларды сапаттуу, так аткаруу боюнча механизмдер киргизилген. Ушуга байланыштуу тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашыра албай калган министрликтердин аты-жөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча токтомунда ачык көрсөтүлдү.
2008-жылдагы иш-аракеттеринин планын толук аткарбагандыгы үчүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, Билим жана илим, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары, Тышкы иштер, Каржы министрликтеринин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин, Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча агенттиктин жасап жаткан иштеринин канааттандырарлык эмес экендиги кабыл алынган токтомдо баса белгиленди.
Өкмөттүн ушул отурумунда экономиканын ар кыл тармактарындагы өнүгүүнүн мүнөзү, экономикалык өсүшкө жолтоо болуп жаткан проблемалар, бөгөттөр талкууга алынып, кемчиликтерди жоюунун жолдору, ыкмалары, мүмкүнчүлүктөрү, багыттары аныкталып, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн күчтүү жана чабал жактары такталды.
Отурумда Өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнө (2009 - 2011 жылдардагы) толуктоолор, кошумчалар киргизилди. Бул Президенттин Жаңы экономикалык саясатты түзүү жөнүндөгү демилгесинин негизинде жана өнүгүүнүн дүйнөлүк тенденциясынын начарлашынан, республикабыздагы өсүштүн арымдарынын төмөндөй түшүшүнөн улам мурда иштелип чыгып кабыл алынган бул маанилүү документке өзгөртүүлөр киргизилди.
Өкмөттүн отурумунда КРнын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы Кайрылуусунда коюлган тапшырмаларды аткаруу, 2007-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү КРнын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү маселелер талкууланды.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү С.АЙЫЛЧИЕВдики




ТИМ билдирет
n Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Карабаев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Ирандын соода министри С.М.Мирказеми менен жолукту.
Э.Карабаев ирандык компаниялардын Кыргызстанда бир катар маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатканын атап өттү.
Министрлер эки тараптуу кызматташууну мындан ары да күчөтүүнүн маңыздуулугун белгилешти.
n 4-ноябрда министр Э.Карабаев БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, Ашгабат шаарындагы Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун директору Мирослав Йенч менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда коопсуздук маселелери жана министр тарабынан борборго мындан мурдараак сунушталган долбоорлор талкууланды.
n4-5-ноябрда Бишкекте мамлекеттик, жарандык
коомдун жана өкмөттүк эмес уюмдардын террорго каршы ишмердигинин бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга арналган "Мамлекеттик бийликтин, жарандык коомдун жана бизнес чөйрөнүн терроризмге каршы күрөштөгү өнөктөштүгү" деп аталган аймактык конференциясы өттү.
Ага Борбордук Азиядагы коопсуздук кызматтарынын, КРнын парламентинин, бизнес чөйрөлөрдүн, жарандык коомдордун, өкмөттүк эмес уюмдардын, ошондой эле тышкы иштер министрлигинин, ОБСЕнин, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.
n 4-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясы королдугунда элчилигинин уюштуруусу менен Кыргыз Республикасынын эгемендигинин он жети жылдыгына арналган салтанаттуу азем болду. Ага королдуктун мамлекеттик түзүмдөрүнүн, коомдук уюмдарынын, ишкер чөйрөсүнүн жана Эр-Рияд, Жидда шаарларында тиркелген дипломатиялык, эл аралык миссиялардын жетекчилери, королдуктун жана башка өлкөлөрдүн жарандары болгон этникалык кыргыздар, өзбектер, түркмөндөр, "Кыргызстандын достору" клубунун мүчөлөрү катышышты.
Аземге урматтуу мейман катары Эр-Рияд шаарынын мэри, жогорку мартабалуу принц доктор Абдель Азиз бин Айяф аль-Мукрин келип, жакшы каалоолорун айтты.
Элчилик аземге катышуучуларга араб жана англис тилдеринде жазылган Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү буклеттерди таратты.
n Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Рүстенбеков Армениянын Кыргызстандагы элчиси Василий Казарян менен жолукту. Тараптар Кыргызстан менен Армения өкмөттөрүнүн ортосундагы эки марта салык салууну болтурбоо, киреше жана мүлк салыгынан баш тартууга жол бербөө жөнүндөгү Макулдашууга кол коюуга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле Армениянын элчиси декабрь айында Спитактагы зилзаланын 20 жылдыгына карата иш чаралар өтө тургандыгын кабарлады.
С.ЭСТЕБЕСОВ




Агын суунун көбөйүшү электр көйгөйүнөн арылтууда
Октябрь айы электр энергетикалык кризистен чуулгансыз жана саясый тирешүүсүз эле чыгуу мүмкүнчүлүгү бар
экендигине ишеним
арттырды деп эсептейт экономикалык саясат боюнча эл аралык серепчи Базарбай Мамбетов.
"Октябрда Нарын дарыясынын бассейнинде жаан-чачын өткөн жылдагыдан арбын болду жана Токтогул суу сактагычындагы суунун агып келиши көп жылдык орточо нормага бир кыйла жакындады. Бир айдын ичинде 720 млн. куб. сууну гана өзүбүздүн керектөөбүз үчүн коё берип, Токтогул бассейнинде 9,5 млн. кубдай сууну сактап калды. Бул жакшы көрсөткүч. Ал эми Бишкек ТЭЦинин кошумча иш аткарышы 3-
ноябрдан баштап кезектетип өчүрүүнү токтотууга шарт түздү", - деди ал.
Ал жарыкты кезектетип өчүрүү суунун тартыш учурунда тиешелүү көлөмдү сактоого жана суу сактагычтан тийиштүү чен-өлчөмдө сууну агызууга шарт түздү деп эсептейт. Демек, эми биз кыштан ойдогудай чыга алабыз.
"Эми бөлүштүрүүчү тармактар энергия акысын убагында төлөбөгөндөрдүн жарыгын дареги боюнча өчүрүп, электр керектөөчү тармактарда тартипти сактоосу зарыл", - дейт Б.Мамбетов.
Ал корутундулагандай, бийлик тарабынан бекитилген лимит туура жана райондор бул лимиттен чыкпоого тийиш.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ