, 04.11.08 - 5-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№83, 04.11.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Голландиялык мандалактардын 75 миң тамыры акысыз берилет
Кыргызстандын жараны Алмаз Абеков Билим берүү жана илим министрлигине голландиялык мандалактардын 75 миң тамырын акысыз берүү демилгеси менен чыкты. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мандалактардын тамыры билим берүү мекемелерине - мектепке чейинки мекемелерге, интернаттарга, бардык региондордун мектептерине аймактарды жашылдандыруу үчүн берилет. Голландиялык мандалактардын тамырын берүү жөнүндөгү келишимге бүгүн интернат мекемелердин деректирлеринин катышуусу менен Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова жана Алмаз Абеков кол коюшту.

Жер титирөөдөн жапа чекендер үчүн 85 мобилдүү үйлөр
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусундагы Алай районунун Нура айылында жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн 85 мобилдүү үйлөрдү орнотту. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдысамат Паязов билдирди. Нура айлында орнотулган 85 мобилдүү үйдүн 45и 3 бөлмөлүү жана 40 үйү - 1 бөлмөлүү. "Биздин ведомство бүгүн Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмаларын аткарууну аяктады жана жер титирөөнү башынан өткөргөн айылга мобилдүү үйлөрдү орнотуп берди. Жакында Кызыл-Кыя цемент заводу жаратылыштын бөөдө кырсыгынан жапа чеккендер үчүн 60 курама үйлөрдү берет"- деп айтты А.Паязов.

Балдардын шахматтык мелдеши
Республикалык шахмат клубунун директору Д.Токтогоновдун билдирүүсү боюнча мектеп окуучуларынын каникул күндөрүндө Бишкекте "Алтын күз" аттуу шахмат мелдеши өтүүдө. Жыл сайын өтүүчү бул мелдешке 35тен ашык жаш шахматчылар катышууда. Аталган клубдун имаратында өтүүчү мелдештин алгачкы партиясы кечээ башталды.

Кыргызстанга канзаада Ага Хан келет
Мусулман - исмаилиддердин диний лидери жана өнүктүрүү боюнча Ага Хан уюмунун төрагасы канзаада Ага Хан IV 5-ноябрда Нарында Ага Хан университетинин курулушу жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандын Нарын аймагына келет.

Ноокат окуясы боюнча тергөө иши аяктады
Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, 1-октябрда Ноокатта болгон окуяны тергөө иши аяктады. Массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында 32 адам камакка алынып, алар азыркы мезгилде кылмыш иштин материалдары менен Ош облусунун прокуратурасында таанышууда.1-октябрда Орозо айт майрамы күнү Ноокат районунун акимчилиги таш бараңга алынган. Башкы прокуратуранын маалымдамасында ал окуяга тиешеси бар деп кармалгандар тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" партиясынын тарапкерлери экени белгиленген.

И. Абдыразаковго Япониянын эң жогорку сыйлыгы ыйгарылды
Япониянын эң жогорку сыйлыктарынын бири болгон "Улуу тасмадагы чыгып келаткан Күн" деп аталган орден Ишенбай Абдуразаковго ыйгарылды. Сыйлыкты алуу үчүн белгилүү саясый ишмер Ишенбай Абдыразаков Токиого жөнөп кеткен. Бул тууралуу Ишенбай Абдыразаковдун үйүнөн кечээ кабарлашты. Орденди Ишенбай Абдыразаковго Япония императору Акихито өз колу менен 5-ноябрда тапшырары кабарланууда.

Алты айда бийлик сересинде 149 паракорчулук катталган
Бул тууралуу Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин баяндамасында айтылат. Ага ылайык жең ичинен иш бүтүрмөй менен эң көп жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шугулданат. Билим берүү жана айыл чарба министринде иштегендер да паракорчулукка эң көп жол беришет. Коррупция менен күрөшүү агенттигинин билдирүүсүндө кээ бир мекемелер паракорчулук менен кармалгандар туурасында эч маалымат беришпейт. Аларга ИИМ, Мамлекеттик каттоо, Туризм боюнча агенттиги, Патент кызматы сыяктуулар кирет.

Кыргыз-өзбек чегарасы боюнча сүйлөшүү болду
Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи орун басары Жаныш Курбановдун билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр 28-октябрда башталып, 2-ноябрда аяктады. Бул ирет эки тараптын чегараны аныктоо боюнча комиссиялары Өзбекстандын Фергана облусуна чогулушту. Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасынын узундугу 1395 чакырым келет. Анын 1056 чакырымы аныкталган. Дагы 339 чакырым боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Баткенде дин кызматкерлеринин 80 пайызынын билими талапка жооп бербейт
Облустун аймагында бир облустук казыят, 247 мечит, 1 Ислам институту, 6 медресе, 4 чиркөө жана сыйынуучу жайлар өз иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда 42 мечит каттоодон өтпөй, өз иштерин мыйзамсыз ишке ашырып келүүдө. Мындай маалымат Баткен шаарында өткөн "Диний экстремизмдин алдын алуу жана аны жоюудагы коомчулуктун ролу" темасында өткөн облустук конференцияда айтылды. Конференциянын катышуучулары облустун аймагында диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышынын алдын алуу жана диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө боюнча аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомчулуктун милдеттерин талкуулашты. "Мечит, медреселерде иштешкен имамдардын, мударистердин сапаттык курамын талдап келгенде алардын диний билимдери талапка жооп бербейт. Тактап айтканда, алардын дээрлик 80 пайызы өзүлөрү окуп үйрөнгөндөр болуп эсептелет", - деди облустун губернатору. Мындай көрүнүштөр диний кырдаалды татаалдантуу менен диний иштерге олуттуу мамиле жасоону жана бул чөйрөдө пайда болуп жаткан орчундуу маселелерди чечүүдө мамлекеттин тикеден-тике катышуусун талап кылат.




Аалам алкагында
Армения Азербайжан муназага келишти
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын президенти Серж Саргсян Тоолуу Карабахтын келечеги жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Тараптар жаңжалды эл аралык укуктун негизинде саясый каражаттар менен жөнгө салууга макулдашышты, деп билдирген "Интерфакс" агенттиги.

Грузияда жаңы өкмөттүн курамы бекитилди
Грузиянын парламенти ишембиде 16 добушка каршы 98 добуш менен жаңы министрлер кабинетинин курамын бекитти, деп билдирген Новости РИАсы. Григол Мгалоблишвили башчылык кылган жаңы өкмөттө 4 министр алмашылды. Президент Михаил Саакашвилинин администрациясынын мурдагы башчысы Зураб Адеишвили Ники Гварамиянын ордуна юстиция министри болду; маданият министринин кызматын тышкы иштер министринин мурдагы орунбасары Григол Вашадзе ээледи; Коба Субелиани качкындардын жана көчүрүүнүн иштери боюнча министрдин кызматында Тамара Мартиашвилини алмаштырды, ал эми Самцхе-Жавахети регионунун губернатору Георгий Хачидзе Ираклий Гваладзенин ордуна курчап турган чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын министрлигине дайындалды. Калган министрлер өзүлөрүнүн кызматтарын сактап калышты.

АКШда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү аяктады
Мамлекет башчылыгына талапкерлер: демократ Барак Обама менен республикачыл Жон Маккейн үгүт өнөктүгүнүн эң акыркы күндөрүн шайлоодо жеңип чыгуу үчүн чечүүчү штаттарда өткөрүп жатат. Маселен, Жон Маккейн Пенсильванияда, Барак Обама болсо буга чейинки шайлоодо республикачыга добуш берген Огайо штатында эл менен жолугушууларды өткөрдү. Коомдук пикирди жалпы улуттук сурамжылоонун соңку жыйынтыктарына караганда Обама атаандашы Маккейнден 5-9%га алдыда бара жатат. АКШдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү элдин тикелей добушу аркылуу эмес, 538 адамдан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан аныкталат. Жеңип чыгуу үчүн кеминде 270 добуш талап кылынат.

Императордун сырдуу өлүмү
Кытайдын соңкусунан мурдагы императору Гуансюй мышьяк менен ууландыруудан өлгөн. 1908-жылы өлгөн императордун сөөгүн изилдешкен кытай окумуштуулары ушундай тыянакка келишти, деп билдирген жекшембиде АФП. Гуансюйдун чачтарынан, сөөктөрүнөн жана кийиминен көп сандагы мышьяк табылган, бул императордун өлүмүнүн себеби дал ушул зат менен ууландыруу болгон деп божомолдоого мүмкүндүк берет.

Зилзаланын залалы
"Кызыл Чырым" кайрымдуулук уюмунун билдиргенине караганда, Пакистандагы кубаттуу зилзала болгон аймакка жетишээрлик жардам көрсөтүү үчүн жети жарым миллиондон ашуун АКШ доллары талап кылынат. Аталган уюмдун айтымында, учурдагы эң негизги маселе - бул жер титирөөдөн кийин үй-жайсыз калгандарга кыш кирип кете электе турак-жайларды тез арада куруп берүү. Жума күнү АКШ бул табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам ирээтинде бир миллион АКШ долларын которууну убада кылган. Чордону Балужистан аймагында болгон 29-октябрдагы жер титирөөдөн 215тей адам набыт болгон.

АКШ Ооганстанда аскерин көбөйтөт
АКШ Ооганстанга кошумча он миңдей аскер жөнөтүшү ыктымал. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс билдирип, НАТО Ооганcтандагы аскерлерин көбөйтөөрүнө көзү жетпестигин айтты. Министр Роберт Гейтс Пентагонду 2006-жылы жетектей баштагандан бери өнөктөш НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга дагы кошумча аскер жөнөтүүгө көндүрүп келет. Гейтстин айтымында, эми АКШ гана Ооганстанга кошумча 10 миңдей аскер жөнөтөт шекилдүү. Ошондуктан Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн башка НАТО өлкөлөрү тарабынан күчтөндүрүү өтө олуттуу маселе, антпесе бул жаңжал "Американын гана согушу" өңдөнүп калат дейт Гейтс.

Саддам Хусеиндин яхтасы сатылат
Кезинде Саддам Хусеинге караган, жасалгасы кымбат яхта учурда Франциянын Ницца курортунда турат. Ирак өкмөтүнүн өкүлү Али ал-Даббахтын айтымында, "Оушен Бриз" деп аталган яхта бир нече аптанын аралыгында сатылаары күтүлүүдө. Узундугу 82 метр келген яхтанын тик учак токтоочу жайы, суу алдындагы кайыкка жашыруун түшүп кетүүгө мүмкүндүк берген туннели да бар. Маалыматтарга караганда, анын баасы 35 миллион долларга чейин жетээри күтүлүүдө.

Ингушетиянын президенти алмаштырылды
Орусия президенти Дмитрий Медведев өзүнүн жарлыгы менен ингуш президенти Мурат Зязиковдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту жана республика башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып, аскерий адам Юнус-Бек Евкуровду дайындады. Ал буга чейин Орусиянын аскерий округдарынын биринде штаб башчынын орун басары болуп иштеп келген. Кремль ингуш лидеринин алмаштырылышы боюнча расмий түшүндүрмө берген жок. Байкоочулардын баамында Ингушетия соңку кездери Түндүк Кавказдын кооптуу республикасына айланып, акыркы айларда президент М.Зязиковдун бийлигине нааразылыктар менен катар бийлик жана коопсуздук мекемелеринин өкүлдөрүнө кол салуулардын толкуну күчөгөн.