, 04.11.08 - 12-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№83, 04.11.08-ж.
  Кыргыз өнөр адамдарынын Лондондон алган таасирлери

Лондондон Аккуланын өзүн көрдүм
Кебездей төшөлгөн ак булуттун үстүнөн учуп жүрүп олтуруп алыскы альбионго - Лондонго түштүк. Бүгүн да кадимкисиндей күлмүңдөп жылуу жумшак тосуп алды. 1995-жылы көргөндөй Лондон дале таза, көрктөнүп, жаңыланып тургансыйт. Анткени бул өлкөнүн абасы жылуу, жумшак, коопсуз. Күн, түн дебей жалгыз да түндүн бир оокумуна чейин жүрө берүүгө болот. Англияга - Лондонго келгенибиздин себеби кыздарыбыз Гүлнара Касмамбетова, Акчолпон Койчиева, күйөө балам - Арслан Капай уулу "Би-Би-Сиде" иштешет. Бул жолу ошолордун чакыруусу менен бардык.
2004-2005-жылдары болсо Азия өлкөлөрүнүн Кытай, Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн фольклордук чыгармачылык маданий массалык иштерине Соустун чакыруусу менен бардым. Ал жерде "Манас" эпосунан аткардым, кийинки күндөрү университетте жекече жолугушуулар болуп, эпостон жаздырып алышкан. Ошол боюнча "Манас" эпосу кеңири өмүр баяным чагылдырылган китеп чыгуунун үстүндө даярдалып жатат. Бул жолугушуулардан видео тасма алып келип, өткөн жылы (2007-жыл) телеберүү аркылуу берилди. Ал эми Лондондо жөн эле саякаттап, музейлердин не бир табигый жерлерин көрүп бүтө албайсың. Ал жерде алты айдын ичинде көп эле экскурсия жасадык. Черчиллдин үй музейине көзү өтүп кеткен падышалардын, белгилүү адамдардын музейлерине, жаратылышына, деңиздин жээктеринде саякаттадык. Тээ "диназаврлар" жашаган доордогу жаныбарлар музейинде бир укмуш. Кадимки "диназавр"
каардуу үн добушун чыгарып турса көрүп бара жатсаң да кооптонуп өтөсүң. Кыскасы сүрөт музейи, скульптура тарыхый музейлери көп. Ошентип көрө элек кооздук дагы эле бүткөн жок. Эми ал жерди Кыргызстан менен салыштырууга болбойт. Бир дагы жери бузулуп, мусорго толуп жаткан жери жок. Дыйканчылык, чарбалык иштери эрте эле бүткөрүлүп, иштери сапаттуу. Жылкылары бугулар сыяктуу үйүр-үйүр болуп жапайы. Жылкыны мингенге, спортко пайдаланышат экен. Бирок жылкынын этин жебейт экен. Шаары кенен, бул жер айыл го деп айырмаланбайт. Маданияты жетишип, бардык шарты адамдын камкордугу үчүн түзүлгөн. Бул жөнүндө жубайым Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, акын-драматург Асангүл Абдыгулова "Лондонго эргүү" деген ырында төмөндөгүдөй көрсөттү.
Көңүл эргийт көчөлөрдө басканда,
Көпчүлүгү ишке бара жатканда.
Тынчтык берип көңүл бөлүп
тургансыйт,
Каптап жаткан булуттары асманда.

Көрсө шаардын телегейи тең экен,
Орун алган аянты да кең экен.
Ар бир жерде адам үчүн камкордук,
Жарык күйүп жайнап турат берекең.

Ысыганы элдеринин билинбейт,
Дарыяга бутун салып киринбейт.
Бийиктикке лифт менен чыгасың,
Оңтойсуз жер көз алдыңа илинбейт.
Биз барганда Лондондо кыргыздар көбөйүп жатыптыр дебедикпи. Ал боюнча 2007-жылдан бери ЭЛТР менен "Би-Би-Си" биргелешкен "Үч бурчтук" телеберүүсүндө Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелер козголуп, көрсөтүлүп келе жатат. Ошол "Үч бурчтук" телеберүүсүндө Лондондогу кыргыздар эмне менен эмгектенип, кандай жашап жатышкандары жөнүндө көрсөтүшүп, Лондондо кыргыз боз үйүнүн түндүгү көтөрүлүп, кыргыздар үчүн символикалуу биригүү, байланыш болуп жатканына күбө болдук. Кыргыз жергесинде улуу Нооруз майрамдалып жатканда ал жерде "Би-Би-Синин" Орто Азия, Кавказ кызматында иштегендер майрамдашып, жыт чыгарып "алас" айтып майрамдык каада өткөрүштү.
Мен аларга Лондон жөнүндө төмөндөгүдөй төгүп, ырдап бердим:
Англия термеси
Э э, саламатпы, балдарым,
Лондонго келип калганың.
Айта олтургула кыргызда,
Эли-жердин абалын.
Таанытып кыргыз элди деп,
Кыргызда Чыңгыз чыкты деп,
Дүйнөнүн жүзү укту деп,
Кыргыздар турдук мактанып,
Кыргыздын салтын, турмушун,
Эгемендүү кыргыздын,
Жаңылыгы такталып.
"Би-Би-Си" радиосунан,
Таанытып Гүлнар сүйлөдү,
Кыргыз деген эл бар деп,
Кызыктырып дүйнөнү,
Англис менен орусча,
Тилинен болбой күрмөлүү,
Кыргыздын тилин биринчи,
Дүйнө эли укту эми,
Архивде калган сакталып,
Тарыхта калар даңкталып,
Азыр да иштеп жатышат,
Элине кызмат аткарып.
Кыргыз уул-кыздар шаттанып.
Быйыл да келдик Лондонго,
Кыргызстандан аттанып.
Черчиллдин Мекен жерине,
Аралаштым сүйлөштүм,
Тетчердин күткөн элине,
Эбегейсиз бейиштин,
Өткөндөй болдум төрүнө.
Ыраазы болдум биринчи,
Сый күткөн сырдуу элиме.
Учурашып урматтайт,
Түшүнбөсөм да тилине.
Көңүл бөлдүм көбүнө,
Зөөкүрлөнүп жаман иш,
Жасабайт экен көрүнө.
Не кааласаң баары бар,
Төгүлүп турган жер экен.
Ынтымак, бакты, таалайды
Аздектеген эл экен.
Биз окуган билимдин,
Сересине чыгыптыр,
Адамдын жашоо турмушун,
Колдоп билим укугун,
Айрыкча көңүл буруптур.
Мелтирейт Темза дарыя,
Тиктейсиң улам кубана.
Көркөмдөлүп курулган,
Курулуш жагын сураба.
Кыргызга курсак бир үйүн,
Болмокпуз бир топ убара.
Ак пахтадай булуттар,
Асманында топтошуп,
Жарым саат жамгыр себелеп,
Кайра турат токтотуп.
Нөшөрлөп жаан төгүлбөйт,
Күн жайнап чыгат бат эле.
Үшүгөн адам көрүнбөйт.
Кыштын күнү жылаң баш,
Басып жүрөт чалкалап.
Жамгыр боло калганда,
Кол чатырын калкалап.
"Давай" дешип баарысы,
Жашы менен карысы,
Бирин-бири сыйлашып,
Болбойт экен таарынтуу.
Жетишпейт деген болбоптур,
Жакырдык жолун торгоптур,
Жаралгандан бир мыйзам,
Өлкөнүн ишин оңдоптур.
Жинди чалыш жаманын,
Оокат билбес адамын,
Алат экен эсине,
Пенсия берип эки эсе,
Түшүнгүлө оболу.
Ушундай тагдыр туш келген,
Бул кудайдын коногу.
Дүкөндүн ичи болсо да,
Алар жаткан жерде жатышат,
Баскан жерде басышат.
Турмушун ойлоп кыргыздын,
Тызылдап ичим ачышат.
Полицейлер кыдырып,
Ар кайсы жерден таап алып,
Беришет экен тамагын.
Кебетеси байкуш деп,
Бүркөбөйт экен кабагын.
Жетишкен өлкө дегенди,
Ушундан эле карагын.
Тизме менен текшерип,
Тыным албай келишип,
Жумасына мончолоп,
Кам көрүп дем беришип,
Ден соолугун текшерип,
Доктурлар такай көрүшүп...
Муздак жел бетти аймалап,
Көпүрө салып кооздоп,
Темзанын үстүн саймалап,
Электр шамы көрк берип,
Көргөндө адам таң калат.
Ар түрдүү кооз буюмдар,
Заводдордон камдалат.
Пароход, катер тынымсыз,
Жүрүп турат суу менен,
Эки катар автобус,
Элин ташып термеген.
Метросу төрт катар,
Жер алдында жүрөсүң.
Колуңда карта дапдаяр,
Кай участка барарды,
Картадан окуп билесиң.
Тазалыгы ченемсиз,
Тартип бекем сакталып,
Гренич дөңчө жер экен,
Тең ортосу борбору
Жердин огу ал жерде,
Жаралгандан орноду.
Аныкталып тапканы,
Лаборатория текшерсе,
Төрт кылым экен болжолу.
Обсерватория музейи,
Ар бир буюм жарашат,
Келген адам лупадан,
Жылдызды, айды карашат.
Илимдин улуу жолуна,
Бул көрүнүш жол ачат.
Марс, Венера, Жетиген,
Барсам деп жаштар самашат.
Окумуштуулар көп келип,
Тажрыйба жүргүзүп,
Планеталарды санашат.
Күндө жаңы жаңылык,
Жазып эле таратат,
Ушундай экен болжолу,
Биз Лондондо болгону.

Лондондо баарыдан кызыгы, Бишкектен аяш балам Карыбаев Кубанычбек аэропорттон жылкынын карта-чучугун алып өткөнүнө таң калдык. Анткени канча жолу биз алып барсак эле кармап алып салчу. Кыргызстанды, эл-жерди сагынып турганда аяш аталарыма деп ала барган чучукту ооз тийгизгендин өзү эле патриотизм эмеспи. "Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн" деген ушул экен да" деп ыраазы болдук.
Биз көргөн Лондондо дагы бир укмуш, 30 кылым өсүп турган УОИ (Ю) багын көрдүк. Табличкага бул "Улуттун байлыгы" деп жазылып турат. Демек, барган эс алуучулар көрүп турушат экен. Бул бак жөнүндө Асангүл Абдыгулова төмөнкү ырында баяндагысы келди.
Менин багым
30 кылым жалбырагы жашылданып,
Элинин не бир сырын катып алып.
Өсүп турат Лондондо бир түп дарак,
Бейиштин түрүн берип асылданып.

Сыйынып кабар алып карап турат,
Сыры бар "Улуттун байлыгы деп".
Окумуштуулар аныкташып анын
жашын,
"Ю" багынан дарылык дуба алып.

Бак түбү кабаттанып коюуланып,
Ар кылым карыганын моюнга алып.
Түптөнүп бир орунда турса дагы,
Кээ бирде кыйынчылык орун алып.

Көргөнсүйсүң көгөргөнүн турмуш элин,
Жанашкан бутактары жаштын демин.
Королдорго душман колун салса дагы,
Ал жетпеген өңдөнөт дарак чебин.

Ал эми менин бул укмуштар жөнүндөгү баяндамымды кийин тааныштырайын дедим. Азырынча биз барып көргөн Афингтон жергесин "Ак ат" деп коюшат экен. Ал жерде жылкы фермасы бар экен. 16 кылымдай аттын элесин тоо бетинде оюлуп акиташ менен толтурулуп коюптур. Ал жерге сыйынуу катары чоң чепти айланып басып көрүп турушат. Чоң чептин тегереги чоң чуңкур аң. Ал кыдырата суу толтурулуп тосуп турчу экен деп табличкада жазып коюптур. Уламышты улап "Аккула" деген чыгарма жазып бүттүм. Анткени бул чыгарманы Манас эпосундагы баатырдын жарадар атын Британжон деген англиялык чоро аркылуу айыктырып жиберилген болот деп мурда жазып жүрсөм, азыр аны өз көзүм менен көрүп келдим.
Сапарбек КАСМАМБЕТОВ,
төкмө акын, манасчы, жазуучулар кошунунун мүчөсү, "Даңк" медалынын ээси




Бир ырдын тарыхы
"Талды-Суу" кантип жаралган?
Туз-насип буйруп, жайкалган жай айынын этегинде "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде жазуучу Жыпар Исабаеванын "Алыкулду сүйгөн кыз" повестинин башкы каарманы Алтынай Сулайманованын жандай көргөн курбусунун өмүрлүк жары Тенти Тамашаев аксакал менен бирге эс алып, эртели-кеч өткөн-кеткендерден эске түшүрүп, көл кылаалап маектеше калып жүрдүк.
Баскан-турганы тың, азырынча карылыкка анчалык деле алдыра койбочудай болгон, саамайларын жаңыдан гана ак чала баштаган аксакал майдандагы өткөн окуяларды, уруштан кийинки угуттуу күндөрдү эртели-кеч эскерип, чечекейи чеч. Жыл сайын бир маал дал ушул санаторийге келип, бир жылдык ден соолугунун "запасын" топтоп кетет экен. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин туулган айылында, Түп районундагы "Талды-Суу" колхозунун төрагасы болуп узак жылдар эмгектениптир.
Кеп дал ушул Талды-Суу деген сөздөн чыгып кетти. Дал ушундай аталыштагы обондуу ырдын бар экендигин айтып, бир кездерде Кара-Колдо педагогикалык институтта окуп жүргөндө таанышкан белгилүү обончу Эмил Жүзөнов тууралуу сурап калдым. Ошондон кеп учугу уланды.
- "Талды-Суу" колхозунда башкарма болуп жүргөн кезим, - деди Тенти аксакал тээ качанкы өткөн кездерди жагымдуу эскерип, - бир күнү Фрунзеде филармонияда иштеп жүргөн биздин айылдык Эмил Жүзөнов кабинетиме баш багып калды. Артисттердин тобу менен айылга концерт коюп келишээрин, аларды жакшылап сыйлап коюуну өтүндү. Макул дедим. Белгилүү төкмө акын Токтосун Тыныбеков жетектеген артисттердин тобу экен. Концерт ойдогудай өттү. Жалпы эл суранышып, эртеси да концерт тартууламай болушту. Концерт бүткөндөн кийин артисттер биздин үйгө келишип, аларга сый көрсөтүп жаттык.
Сөздөн-сөз чыгып, ырды жана обонду канчалык мөөнөттө чыгаруу тууралуу талаш-тартыш болуп кетти. Көпчүлүгү дароо жаратыш кыйын дегенге токтолушту. "Эгерде кимде-ким тез арада ырын да, обонун да чыгарса, атайын чоң байге беремин", - дедим. Ошо боюнча бир топко чейин отуруп, жат-жатка келдик.
Эртең менен чайга отурганда түндө жаңы ырдын жаралгандыгын кабарлашты. Токтосун Тыныбеков "Талды-Суу" деген ырдын текстин жазып, Эмил Жүзөнов болсо дароо аккардеонун колго алып, чай кайнамчалык убакытта обонун жаратыптыр. Кайсы ырчы кызга, ким экени эсимде жок, ырдатышып, кечинде клубда талдысуулуктарга биринчи жолу ошол обон тартууланган болчу. Залдагылар кызуу кол чабуу менен жылуу тосуп алышкандыгы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал ыр узак жылдар бою эфирде жаңырып, кийинчерээк көп берилбей калды көрүнөт. Күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн жери болбосо да сүйүү менен жүрөгүнүн түпкүрүнөн ыр саптарын жараткан кайран ыраматылык Токомо талдысуулуктар ыраазычылыктарын айтып түгөтө алышпайт. Өзүбүздүн балабыз Эмил Жүзөнов таланттуу эле, аракеттенсе көптөгөн мыкты обондорду жаратмак, негедир ошондон көп өтпөй филармониядан да кетип, айылыбызга көчүп келип, обончулукту таштап салды көрүнөт. Азыр айылга, Түпкө дүкөн ачып, бизнеске өтүп кетти. "Талды-Суу" анын чыгармачылыгынын туу чокусу болуп калган өңдүү.
Д.ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"